Зергер айылдык кеңешинин «Жергиликтүү бюджетке түшкөн кошумча каражаттын эсебинен кээ бир статьяларды каржылоого алуу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин жетинчичакырылыштагы кезексиз тогузунчу сессиясы 2022-жылдын 27 апрели №41 Жергиликтүү бюджетке түшкөн кошумча каражаттын эсебинен кээ бир статьяларды каржылоого алуу жөнүндө Зергер айылдык кенешинин кезексиз тогузунчу сессиясы “Финансы,экономика,бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын жана айыл өкмөтүнүнүн жергиликтүү бюджетке түшкөн кошумча каражаттын эсебинен кээ бир статьяларды каржылоого алуу жөнүндө сунушун угуп талкуулап чыгып токтом кылат:
1. Зергер айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетине кошумча киреше салыгынан 272,4 мин сом, КБФнын аренда акысынан 100,0 мин сом жергиликтүү бюджетине кошумча каражат түшкөндүктөн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 6-декабрь 2021-жылдагы №547 жарлыгында айыл чарба багытындагы алынуучу жер салыгынан бошотуу каралгандыктан,алты айдын жыйыынтыгы менен 163,0 мин сом жер салыгынын эсебинен кыскартылсын.Баардык кошумча киреше 209,4 мин сомго белгиленип,төмөндөгү тармактарга каржылоого алынсын.башкаруу тармагынын 2214 статьясына 14,7 мин сом,2215 статьясына 194,7 мин сом.
2. Токтомдун аткалышын көзөмөлдөө жагы “Финансы,экономика,бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага:
Б.Келдибаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.