# 9-берене. Дары каражаттары жөнүндө маалымат

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 13 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5251/edition/1638/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000627/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 9-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-9

---

1. Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган, ошондой эле убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар дары каражаттарынын коопсуздугу, натыйжалуулугу жана сапаты жөнүндө толук жана анык маалыматты алууга укуктуу.

2. Купуя маалыматты кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген же Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн дары каражаттарын жүгүртүүнүн бардык этаптары жөнүндө кайсы маалымат болбосун жарандарга жеткиликтүү болууга тийиш.

3. Врачтын рецебисиз берилүүчү дары препараттары жөнүндө маалымат жарыяларда, адистештирилген жана жалпы басма сөз басылмаларында, дары препараттарын медициналык колдонуу боюнча нускамаларда, дары каражаттарын жүгүртүү субъекттеринин башка басылмаларында камтылышы мүмкүн.

4. Врачтын рецеби боюнча берилүүчү дары препараттары жөнүндө маалыматты медицина жана фармацевтика кызматкерлерине эсептелген адистештирилген басылмаларда гана жайгаштырууга жол берилет. Дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүнүн адистерине арналган дары каражаттары жөнүндө маалымат монографиялар, маалымдамалар, илимий макалалар, конгресстердеги, конференциялардагы, симпозиумдардагы, илимий кеңештердеги докладдар, ошондой эле дары каражаттарын медициналык колдонуу боюнча нускамалар түрүндө берилиши мүмкүн.

5. Дары препараттарын дайындоодо, сатып алууда, берүүдө жарандар медицина жана/же фармацевтика кызматкеринен дары препаратын талаптагыдай колдонуу жөнүндө маалыматты алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-10)
