# 7-берене. Дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүнүн мамлекеттик жөнгө салуу тутумундагы электрондук башкаруу

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 13 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5251/edition/1638/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000627/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 7-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-7

---

1. Дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу тутумундагы электрондук башкаруу ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө жүзөгө ашырылат.

2. Санариптик маркалоонун негизинде каттоо, каттоону ырастоо, каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү, Дары каражаттарынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү, дары каражаттарынын сапатын баалоо, дары каражаттарын ташып келүү (импорттоо), дары препараттарын дүң жана чекене сатуу, фармацевттик инспекциялоо жана аларга байкоо жүргүзүлүшүн камсыз кылуу жол-жоболорунда электрондук башкарууну киргизүү милдеттүү болуп саналат.

3. Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген дары каражаттарынын электрондук (маалыматтык) маалыматтар базасын түзүү жана жүргүзүү, ошондой эле дары препараттарына байкоо жүргүзүү толук автоматташтырылган шарттарда жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-8)
