# 6-берене. Дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптери

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 13 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5251/edition/1638/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000627/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 6-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-6

---

Жарандардын саламаттыгын сактоого багытталган дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз дары каражаттарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана аларды рационалдуу пайдалануу жолу менен жарандардын ден соолугун чыңдоо;

2) фармацевттик ишти туруктуу жана ак ниет жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук базаны түзүү;

3) фармацевтика өнөр жайын туруктуу өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана дары каражаттарынын ата мекендик өндүрүшүн колдоо;

4) дары каражаттары жөнүндө ишенимдүү маалыматтын жеткиликтүүлүгү;

5) дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салуу боюнча талаптагыдай жөнгө салуу практикасынын принциптерин сактоо;

6) талаптагыдай жөнгө салуу практикасынын принциптерин сактоонун негизинде мамлекеттик жөнгө салуунун ачыктыгы жана отчеттуулугу;

7) дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө жеткиликтүү баа саясатын түзүү.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-7)
