# 37-берене. Дары каражаттарын колдонуунун натыйжасында адамдын ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 13 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5251/edition/1638/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000627/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 37-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-37

---

1. Дары каражаттарын колдонуунун натыйжасында адамдын өмүрүнө же ден соолугуна келтирилген зыяндын орду дары каражатын өндүрүүчү (даярдоочу) тарабынан толтурулат, эгерде төмөнкүлөр далилденсе:

1) дары каражаты дары каражатын медициналык колдонуу боюнча нускамага (кошумча баракчага) ылайык максаты боюнча колдонулса жана зыяндын себеби сапатсыз өндүрүлгөн дары каражаты болсо;

2) дары каражатын өндүрүүчү тарабынан чыгарылган дары каражатын медициналык колдонуу боюнча нускамада (кошумча баракчада) камтылган так эмес маалыматтан улам ден соолукка зыян келтирилсе.

2. Эгерде ден соолукка зыян сактоо, ташуу, дүңүнөн жана/же чекене сатуу эрежелерин бузуунун натыйжасында жараксыз абалга келген дары каражаттарын колдонуунун натыйжасында келтирилген болсо, зыяндын ордун толтуруу тиешелүүлүгүнө жараша дүңүнөн же чекене сатууну жүзөгө ашырган субъект тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Эгерде ден соолукка зыян дары каражатын туура эмес же ыксыз дайындоонун натыйжасында келтирилсе, зыяндын ордун толтуруу саламаттык сактоо уюму же жекече иштеген медициналык кызматкер тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Эгерде дары каражатын жок кылуу эрежелерин бузуунун натыйжасында адамдын өмүрүнө же ден соолугуна, айлана-чөйрөгө зыян келтирилсе, зыяндын ордун толтуруу мындай бузууларга жол берген юридикалык жак тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Дары каражаттарын колдонуунун натыйжасында адамдын ден соолугуна жана өмүрүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу жарандык мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-38)
