# 36-берене. Кыргыз Республикасынын аймагына дары каражаттарын ташып келүүгө укуктуу жактар

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 13 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5251/edition/1638/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000627/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 36-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-36

---

Кыргыз Республикасынын аймагына дары каражаттарын төмөнкүлөр ташып келе алат:

1) өндүрүш максаттары үчүн дары каражаттарын өндүрүүчүлөр;

2) дары каражаттарын импорттоо (ташып келүү) менен алектенген фармацевттик уюмдар;

3) дары каражаттарын даярдоо максатында дары каражаттарын даярдоого укугу бар дарыканалар;

4) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты болгондо дары каражаттарын иштеп чыгуу, изилдөө, коопсуздугун, сапатын, натыйжалуулугун контролдоо үчүн илимий-изилдөө уюмдары, жогорку билим берүү уюмдары, дары каражаттарын өндүрүүчүлөр;

5) дары препаратынын конкреттүү партиясын ташып келүүгө саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты болгондо конкреттүү бейтаптын жашоо көрсөткүчтөрү боюнча медициналык жардам көрсөтүү үчүн менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары;

6) радиациялык коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык медициналык жардам көрсөтүү максатында радиофармацевттик дары препараттарын даярдоо үчүн менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары;

7) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик программалар боюнча же гуманитардык жардам линиясы боюнча дары каражаттарын ташып келүүнү жүзөгө ашыруучу уюмдар;

8) жеке колдонуу үчүн жеке адамдар;

9 чет өлкөлүк уюмдардын - каттоо күбөлүктөрүн кармоочулардын жана/же дары каражаттарын өндүрүүчүлөрдүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү (филиалдары) же ишенимдүү адамдары каттоо жана/же экспертизалоо максатында;

10) саламаттык сактоо чөйрөсүндө программаларды/долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдеринин алкагында дары каражаттарын ташып келүүнү жүзөгө ашыруучу уюмдар.

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-37)
