# 35-берене. Ташып келүүгө тыюу салынган дары каражаттары

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 13 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5251/edition/1638/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000627/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 35-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-35

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагына төмөнкүлөрдү ташып келүүгө тыюу салынат:

1) өндүрүүчү өлкөдө же донор өлкөдө каттоосу жок учурда гуманитардык максаттар үчүн арналган катталбаган дары каражаттарын;

2) сапатсыз жана/же фальцификацияланган дары каражаттарын;

3) жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен жана жараксыз абалга келген дары каражаттарын.

2. Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү учуруна карата жарактуулук мөөнөтүнүн аякташы төмөнкүдөй болгон дары каражаттарын ташып келүүгө тыюу салынат:

1) жарактуулук мөөнөтү 3 жылдан аз болгон дары каражаттары үчүн - бүткүл жарактуулук мөөнөтүнүн үчтөн биринен азы калса;

2) жарактуулук мөөнөтү 3 жана андан көп жыл болгон дары каражаттары үчүн - 12 айдан аз калса.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн жобосу ушул Мыйзамдын 19-беренесине жана 34-берененин 5-бөлүгүнө жайылтылбайт.

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-34)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-36)
