# 33-берене. Дары препараттарынын жарнамасын (таркоосун) контролдоо

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 13 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5251/edition/1638/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000627/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 33-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-33

---

1. Катталган дары препараттарын жарнамалоо ушул Мыйзамда каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жарнама чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Жалпыга маалымдоо каражаттарында врачтын рецеби жок берилүүчү, катталган дары препараттарын жарнамалоого жол берилет.

3. Врачтын рецеби боюнча берилүүчү, бейтаптын өз алдынча колдонуусу үчүн арналбаган катталган дары препараттарын жарнамалоого медициналык жана фармацевттик кызматкерлер үчүн арналган адистештирилген басылмаларда, ошондой эле медициналык же фармацевттик көргөзмөлөр, семинарлар, конференциялар жана башка ушул сыяктуу иш-чаралар өткөрүлүүчү жерлерде гана жол берилет.

4. Дары препараттары жөнүндө жарнаманы жайгаштыруу (таратуу) жарнама берүүчүдө Министрлер Кабинети белгилеген тартипке жана критерийлерге ылайык жүргүзүлгөн жарнамалык материалды экспертизалоонун жыйынтыктары боюнча оң корутунду болгондо гана жүргүзүлөт.

Дары препараттарын жарнамалоодо каттоо күбөлүгүнүн номери жана анын берилген датасы көрсөтүлөт.

5. Жарнаманы жайылтуу ыкмасына жана каналына карабастан тараптар (жарнама берүүчү, жарнама таратуучу) жарнама чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун эске алууга тийиш. Дары препараттарынын жарнамасы бул маалыматтын жарнамалык мүнөзүнө жана колдонуу боюнча нускама менен таанышуу же адистердин консультациясын алуу зарылдыгына көрсөтмөнү камтууга тийиш.

6. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) Кыргыз Республикасында катталбаган дары каражаттарын жарнамалоого;

2) рецепт менен берилүүчү дары каражаттарын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарнамалоого;

3) дары препараттарынын үлгүлөрүн жарнамалоо максатында таратууга;

4) дары препаратынын жарнамасын дары каражаттарын дайындоого, пайдаланууга жана берүүгө тиешеси жок жерлерде жана уюмдарда жайылтууга жана жайгаштырууга;

5) дары препаратынын жарнамасын транспорт каражаттарында жана коомдук транспорттун аялдамаларында жайгаштырууга;

6) дары каражаттарынын тышкы жарнамасын жайгаштыруу;

7) балдар үчүн арналгандарын кошпогондо, дары препараттарын жарнамалоо үчүн балдарды тартууга, алардын элестерин жана үндөрүн пайдаланууга;

8) контролсуз өзүн-өзү дарылоого жол бербөө үчүн врачтын же фармацевттин образын, медициналык униформадагы адамдардын элестерин пайдаланууга, медицина жана фармацевтика кызматкерлерин жарнамага тартууга, белгилүү адамдардын, окумуштуулардын, адистердин, айыгып кеткен бейтаптардын жана алардын туугандарынын пикирлерине шилтеме жасоого;

9) жарнамада жыныстык жол менен жугуучу ооруларды, онкологиялык, психикалык ооруларды, жүрүм-турум бузулушун (ооруларын), коркунучтуу жугуштуу ооруларды, ВИЧ-инфекцияларды, СПИДди, кургак учукту, кант диабетин дарылоонун ыкмаларын көрсөтүүгө;

10) жарнамада илимпоздордун, саламаттык сактоо адистеринин, ошондой эле мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын дары каражаттарын колдонууга жана (же) дайындоого кызыктыруучу сунуштарына шилтеме кылууга;

11) жарнамада дары препараттарын уникалдуу, эң коопсуз жана эң натыйжалуу катары көрсөтүүгө;

12) дары препаратынын коопсуздугу жана натыйжалуулугу анын табигый келип чыгуусу менен шартталгандыгын ырастоого;

13) жарнамаланган дары препараты менен дарылоонун натыйжалуулугу кепилденет, дары препаратын колдонуу кошумча таасирлердин өрчүүсү менен коштолбойт деген божомолдорду жасоого;

14) жарнамада дары препаратына түздөн-түз тиешеси жок маалыматтарды келтирүүгө;

15) дары препараттарын дарыканалардан сатып алууда аларды белек катары сунуштоого;

16) медициналык колдонуу боюнча нускамада камтылбаган дары препараттарын колдонуу көрсөтмөлөрүн көрсөтүүгө.

Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын экспертизасынан өткөн жарнама текстин бурмалоого тыюу салынат. Дары каражаттарынын жарнамасында башка дары каражаттары менен салыштырууну камтыбоого, дары каражаттарынын курамы, даярдоо ыкмасы, керектөөчүлүк касиеттери, наркы (баасы), колдонуунун болжолдуу натыйжалары, изилдөөлөрдүн жана сыноолордун жыйынтыктары сыяктуу мүнөздөмөлөрүнө карата керектөөчүлөрдүн ишенимин кыянаттык менен пайдаланып, аларды адаштырууга тийиш эмес.

7. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган дары препаратын жүгүртүүнү белгиленген тартипте чектөө жөнүндө чечим кабыл алган учурда жарнама берүүчү жарнаманы таратууну дароо токтотууга милдеттүү.

8. Фармацевттик ишти жүзөгө ашырууда фармацевттик уюмдар (алардын өкүлдөрү, ушул уюмдардын атынан иш жүргүзгөн башка жеке жана юридикалык жактар) тарабынан төмөнкүдөй аракеттердин түрлөрүнө жол берилбейт:

1) белгилүү бир дары каражаттарын дайындагандыгы жана бергендиги үчүн медициналык кызматкерлерге финансылык сыйакы же материалдык же материалдык эмес мүнөздөгү ар кандай башка стимулдарды берүүгө же сунуштоого;

2) оюн-зоок, эс алуу, эс алуу жайына баруу акыларын төлөөгө;

3) максаты белгилүү бир дары каражаттарын дайындоого же сунуштоого жараша медициналык кызматкерлер тарабынан материалдык пайда алуу болуп саналган макулдашууларды түзүүгө, конкурстарды, акцияларды же ушул сыяктуу иш-чараларды уюштурууга;

4) дары каражаттарын белгиленбеген үлгүдөгү, ошондой эле дары каражаттары жөнүндө жарнамалык мүнөздөгү маалыматтарды камтыган кагаздарга жазып берүүгө.

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-34)
