32-берене. Фармацевттик инспекция
Күчүндө · 03.11.2025 редакциясы · 5-глава
1. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган дары каражаттарын жүгүртүү субъекттеринин иши талаптагыдай фармацевттик практикалардын эрежелерине шайкештигин баалоо, ошондой эле дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө ушул Мыйзамда белгиленген талаптардын жана эрежелердин сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө максатында фармацевттик инспекция жүргүзөт.
2. Дары каражаттарын жүгүртүү субъекттеринин иши талаптагыдай фармацевттик практикалардын эрежелерине шайкештигин баалоо боюнча фармацевттик инспекция арыз ээсинин (инспекциялануучу субъекттин) каражаттарынын эсебинен акы төлөөнүн негизинде жүргүзүлөт.
Талаптагыдай фармацевттик практикаларга шайкештигине фармацевттик инспекция жүргүзүү үчүн акы төлөмүнүн өлчөмүн аныктоо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Талаптагыдай фармацевттик практикалардын эрежелерине шайкештик саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлгөн фармацевттик инспекциянын жыйынтыгы боюнча тиешелүү документ берүү менен ырасталат. Дары каражаттарын өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун талаптагыдай өндүрүштүк жана дистрибьютордук практикалардын эрежелерине шайкештигин фармацевттик инспекциялоо үч жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт. Талаптагыдай фармацевттик практикаларга шайкештигине фармацевттик инспекция жүргүзүүнүн эрежелери Министрлер Кабинети тарабынан же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен бекитилет.
3. Дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү талаптардын жана эрежелердин сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө сапатсыз, фальцификацияланган, жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен, жараксыз абалга келген дары каражаттарынын келип түшүүсүн же жүгүртүүдө жүрүүсүн болтурбоо жана аларды өз убагында алып коюу максатында жүргүзүлөт.
Фармацевттик иштин субъекттери тарабынан дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү талаптардын жана эрежелердин сакталышын контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн тартиби, анын ичинде дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө дары каражаттарынын үлгүлөрүн рыноктон тандап алуунун жана алардын сапатын контролдоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн талаптары алектенген ишинин түрүнө ылайык талаптагыдай фармацевттик практикага шайкештиги жөнүндө колдонуудагы сертификаты бар фармацевттик уюмдарга жайылтылбайт, буга төмөнкүдөй учурлар кирбейт:
- дары каражаттарынын рыногунан үлгүлөрдү алган;
- дары каражаттарын жүгүртүү субъектисинин арызы боюнча;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабы боюнча.
Берененин тексти 03.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
32-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000627/st-32" title="32-берене - Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>