# 29-берене. Сатууга жана берүүгө тыюу салынган дары препараттары

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 13 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5251/edition/1638/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000627/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 29-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-29

---

1. Дары препараттарын чекене сатууга жана берүүгө төмөнкү учурларда тыюу салынат:

1) дарыканалардан, дарыкана пункттарынан, көчмө дарыкана пункттарынан жана дарыкана күркөлөрүнөн тышкары;

2) рецепт менен берилүүчү дары препаратын рецептсиз;

3) жараксыз абалга келген, сапатсыз, фальцификацияланган, жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткенде.

2. Гуманитардык жардам катары Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген дары каражаттарын дүңүнөн жана чекене сатууга тыюу салынат.

Байкоого алынууга тийиш болгон дары каражаттарын санариптик код түшүрбөстөн жана дары каражаттарын көзөмөлдөө системасында каттабастан дүңүнөн жана чекене сатууга тыюу салынат.

3. Саламаттык сактоо уюмунун түзүмдүк бөлүмү болуп саналган дарыкананын дары препараттарын чекене сатуусуна тыюу салынат.

4. Дарыканаларга жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жеке адамдардан алар мурда сатып алган дары каражаттарын кабыл алууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-30)
