# 28-берене. Дары каражаттарын чекене сатуу жана берүү

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 13 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5251/edition/1638/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000627/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 28-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-28

---

1. Дары препараттарын чекене сатуу, анын ичинде Интернет түйүнү аркылуу электрондук чекене сатуу лицензиясы болгон учурда жана талаптагыдай дарыкана практикасынын эрежелерине ылайык дарыканалар аркылуу жүзөгө ашырылат.

Дарыкана пункту, көчмө дарыкана пункту жана дарыкана күркөсү дарыкананын түзүмдүк бөлүмдөрү болуп саналат, калкка дары менен жардам көрсөтүүнү жакындатуу максатында уюштурулат жана өз алдынча иштей албайт. Дарыканалардын, дарыкана пункттарынын жана дарыкана күркөлөрүнүн иштөө критерийлери жана талаптары, анын ичинде алардын аймактык жайгашуусу Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2. Интернет түйүнү аркылуу баңги жана психотроптук дары препараттарын электрондук сатууга тыюу салынат.

3. Рецепт менен берилүүчү дары препараттарын чекене сатуу врачтын рецеби боюнча гана жүзөгө ашырылат.

4. Дарыкана уюмдары жок алыскы, жетүүгө кыйын жана аз калктуу пункттарда дарыкана пункттарын ачуу тартиби, дары препараттарын сатуу шарттары, медициналык билими бар адамдарга мындай дарыкана пункттарында иштөөгө уруксат берүү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

5. Саламаттык сактоо уюмдарынын түзүмдүк бөлүмдөрү болуп саналган дарыканалардын дары препараттарын берүүсү саламаттык сактоо уюмдарынын талаптары (өтүнмөлөрү) боюнча, ушул саламаттык сактоо уюмдарындагы бейтаптарга түздөн-туз медициналык жардам көрсөтүү үчүн жүзөгө ашырылат. Саламаттык сактоо уюмдарынын дарыканаларында дары препараттарын кабыл алуу, сактоо, эсепке алуу жана берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-29)
