Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
28-берене. Дары каражаттарын чекене сатуу жана берүү
Күчүндө · 03.11.2025 редакциясы · 5-глава
1. Дары препараттарын чекене сатуу, анын ичинде Интернет түйүнү аркылуу электрондук чекене сатуу лицензиясы болгон учурда жана талаптагыдай дарыкана практикасынын эрежелерине ылайык дарыканалар аркылуу жүзөгө ашырылат.
Дарыкана пункту, көчмө дарыкана пункту жана дарыкана күркөсү дарыкананын түзүмдүк бөлүмдөрү болуп саналат, калкка дары менен жардам көрсөтүүнү жакындатуу максатында уюштурулат жана өз алдынча иштей албайт. Дарыканалардын, дарыкана пункттарынын жана дарыкана күркөлөрүнүн иштөө критерийлери жана талаптары, анын ичинде алардын аймактык жайгашуусу Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Интернет түйүнү аркылуу баңги жана психотроптук дары препараттарын электрондук сатууга тыюу салынат.
3. Рецепт менен берилүүчү дары препараттарын чекене сатуу врачтын рецеби боюнча гана жүзөгө ашырылат.
4. Дарыкана уюмдары жок алыскы, жетүүгө кыйын жана аз калктуу пункттарда дарыкана пункттарын ачуу тартиби, дары препараттарын сатуу шарттары, медициналык билими бар адамдарга мындай дарыкана пункттарында иштөөгө уруксат берүү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Саламаттык сактоо уюмдарынын түзүмдүк бөлүмдөрү болуп саналган дарыканалардын дары препараттарын берүүсү саламаттык сактоо уюмдарынын талаптары (өтүнмөлөрү) боюнча, ушул саламаттык сактоо уюмдарындагы бейтаптарга түздөн-туз медициналык жардам көрсөтүү үчүн жүзөгө ашырылат. Саламаттык сактоо уюмдарынын дарыканаларында дары препараттарын кабыл алуу, сактоо, эсепке алуу жана берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 03.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-сентябры № 572 "Кыргыз Республикасында дары каражаттарына рецепт жазуу тартибин бекитүү жөнүндө жана аларды берүү…Постановление · 08.09.2025 · № 572
- КР Министрлер Кабинетинин 08.09.2025-жылдын № 572 токтомуПостановление · 08.09.2025 · № 572
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000627/st-28" title="28-берене - Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>