# 27-берене. Дары каражаттарын дүңүнөн сатуу

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 13 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5251/edition/1638/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000627/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 27-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-27

---

1. Дары каражаттарын импорттоо (ташып келүү) жана/же дүңүнөн сатуу менен алектенген фармацевттик уюмдар өз ишин лицензиясы болгондо жана талаптагыдай өндүрүштүк жана/же дистрибьютордук практиканын эрежелерине ылайык жүзөгө ашырат.

2. Дары каражаттарын өндүрүүчүлөр, ошондой эле дары каражаттарын импорттоо (ташып келүү) жана/же дүңүнөн сатуу менен алектенген фармацевттик уюмдар дары каражаттарын төмөнкүлөргө берүүгө укуктуу:

1) фармацевттик иш жүргүзүүгө лицензиясы бар жеке жана юридикалык жактарга;

2) саламаттык сактоо уюмдарына, алардын уставдык ишин жүзөгө ашыруу үчүн;

3) илимий-изилдөө уюмдарына, алардын илимий-изилдөө иштери үчүн, билим берүү мекемелерине - алардын билим берүү максаттары үчүн;

4) Министрлер Кабинети белгилеген тартипте социалдык мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик уюмдарга;

5) медициналык иш жүргүзүүгө лицензиясы бар жеке жана юридикалык жактарга;

6) өзгөчө кырдаалдар учурунда жеке жана юридикалык жактарга, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча;

7) кайрымдуулук ишин жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик эмес (коммерциялык эмес) уюмдарга, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча, ага дары каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө маалымат берүү менен.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-28)
