# 26-берене. Дары каражаттарын маркалоо

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 13 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5251/edition/1638/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000627/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 26-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-26

---

1. Дары каражаттарын маркалоого талаптар, санариптик маркалоону кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталат.

2. Дары каражаттарын санариптик маркалоонун тартиби жана ага карата талаптар Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. Көмөк көрсөтүүчү мамлекеттин эл аралык медициналык-санитардык түзүлүштөрү жана эл аралык санитардык-эпидемиологиялык бригадалары өзгөчө кырдаалдар жана/же аскердик кагылышуулар келип чыкканда жабыркаган калкка медициналык кызмат көрсөтүүдө түздөн-түз пайдаланууга ниеттенген дары каражаттарына ушул мамлекеттин мыйзамдарына ылайык маркалоонун башка системасы уруксат берилет.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-27)
