# 24-берене. Дары каражаттарын өндүрүү

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 13 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5251/edition/1638/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000627/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 24-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-24

---

1. Дары каражаттарын өндүрүүнү жүзөгө ашыруучу субъекттер өз ишин лицензиясы болгон учурда жана талаптагыдай өндүрүштүк практиканын эрежелерине ылайык уюштурат.

Дары каражаттарын өндүрүүнүн талаптагыдай өндүрүштүк практикасынын талаптарына шайкештиги дары каражаттарын жүгүртүү субъекттеринин ишинин талаптагыдай фармацевттик практиканын эрежелерине шайкештигин баалоо боюнча фармацевттик инспекциянын жыйынтыктары боюнча саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү документ (сертификат) менен ырасталат. Дары каражаттарын өндүрүүчү талаптагыдай өндүрүштүк практиканын эрежелеринин талаптарына дары каражаттарын өндүрүүнүн шайкештигин ырастоочу документти (сертификатты) алгандан кийин, Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте үч жылда бир жолудан кем эмес ирет талаптагыдай өндүрүштүк практиканын талаптарына шайкештигин ырастоо максатында дары каражаттарын өндүрүүгө фармацевттик инспекция жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.

2. Клиникага чейинки (клиникалык эмес) жана клиникалык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүүгө, мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырууга арналган дары каражаттарын, ошондой эле экспортко арналган дары каражаттарын кошпогондо, Кыргыз Республикасында мамлекеттик каттоодон өтпөгөн дары каражаттарын өндүрүүгө тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-25)
