# 22-берене. Дары каражаттарынын сапатын баалоо

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 13 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5251/edition/1638/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000627/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 22-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-22

---

1. Дары каражаттарынын сапатын баалоо өлкөгө ташылып келинген же өлкөдө өндүрүлүп жаткан Дары каражаттарынын мамлекеттик реестрине киргизилген дары каражаттарынын конкреттүү серияларынын (партияларынын) сапаты сапат/спецификация/фармакопея боюнча ченемдик документтин талаптарына шайкештигин аныктоо максатында жүзөгө ашырылат.

Гуманитардык жардам линиясы боюнча ташылып келинген дары каражаттарынын сапатын баалоо ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. Дары каражаттарынын сапатына жүргүзүлгөн баалоонун жыйынтыктары боюнча саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан дары каражатына тиешелүү корутунду берилет. Дары каражаттарынын сапатын баалоо арыз ээсинин каражатынын эсебинен акы төлөөнүн негизинде жүргүзүлөт.

2. Дары каражаттарынын сапатына баалоо жүргүзүүнүн, сапатына баалоо жүргүзүүдөн бошотуунун тартиби, сериялык контролдон бошотуу критерийлери, ошондой эле дары каражаттарынын сапатына баалоо жүргүзүүгө болгон төлөмдүн өлчөмүн аныктоо Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

3. Ташылып келгенде сапатын баалоодон өтпөгөн дары каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып чыгууга же Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипке ылайык жок кылынууга тийиш.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-23)
