# 21-берене. Фармакологиялык көзөмөл

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 13 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5251/edition/1638/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000627/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 21-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-21

---

1. Дары препараттарынын коопсуздугун, дары препараттарынын "пайда-тобокелдик" катышына баа берүүдө бардык өзгөрүүлөрдү өз убагында аныктоону камсыз кылуу, пайда тобокелдиктен ашкан учурда дары препараттарын колдонууну камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана жайылтуу максатында саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана каттоо күбөлүктөрүнүн ээлери фармакологиялык көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген фармакологиялык көзөмөлдүн талаптагыдай практикасынын эрежелерине ылайык жүргүзүшөт.

2. Каттоо күбөлүгүнүн ээси Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана/же расмий жүгүртүлүп жаткан дары препараттарын фармакологиялык көзөмөлдөө тутумунун уюштурулушун жана иштешин фармакологиялык көзөмөлдүн талаптагыдай практикасынын эрежелерине ылайык камсыз кылууга милдеттүү.

3. Фармакологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-22)
