# 20-берене. Кыргыз Республикасынын дары каражаттарынын мамлекеттик реестри

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 13 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5251/edition/1638/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000627/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 20-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-20

---

1. Кыргыз Республикасынын Дары каражаттарынын мамлекеттик реестри (мындан ары - Дары каражаттарынын мамлекеттик реестри) Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген дары каражаттарын эсепке алган расмий электрондук документ болуп саналат.

Дары каражаттарынын мамлекеттик реестрине төмөнкүлөр киргизилет:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында катталган дары препараттары, анын ичинде дары препараттарынын курамына кирген фармацевттик субстанциялар;

2) дарыканаларда дары препараттарын даярдоо үчүн фармацевттик субстанциялар;

3) ташып келүүгө жана каттоосуз медициналык колдонууга убактылуу уруксат берилген дары препараттарынын атайын тизмесине кирген дары препараттары.

2. Дары каражаттарынын мамлекеттик реестринде жазуулар жүргүзүлгөн датасын жана убактысын көрсөтүү менен реестрдеги жазууларды өзгөртүүлөрдүн персоналдаштырылган тарыхы сакталат. Дары каражаттарынын мамлекеттик реестринен маалыматтарды өчүрүүгө жол берилбейт.

3. Дары каражаттарынын мамлекеттик реестрин түзүү жана актуалдуу абалда кармоо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн расмий сайтында Дары каражаттарынын мамлекеттик реестрине туруктуу ачык-айкын жетүүнү камсыз кылат.

4. Дары каражаттарынын мамлекеттик реестрин түзүүнүн тартиби жана жүргүзүүнүн эрежелери саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-21)
