# 19-берене. Дары каражаттарын мамлекеттик каттоого тийиштүү болбогон дары каражаттары

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 13 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5251/edition/1638/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000627/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 19-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-19

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөр мамлекеттик каттоого жатпайт:

1) Министрлер Кабинети аныктаган тартипке ылайык дарыканаларда даярдалган дары препараттары;

2) мамлекеттик каттоо үчүн арналган дары каражаттарынын үлгүлөрү;

3) дары каражаттарынын стандарттык үлгүлөрү;

4) радиациялык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте түздөн-түз саламаттык сактоо уюмдарында даярдалган радиофармацевттик дары каражаттары;

5) фармацевттик субстанциялар;

6) дары өсүмдүк чийки заты;

7) жекече пайдалануу үчүн жеке адамдар тарабынан ташып келинген дары каражаттары;

8) көргөзмө үлгүлөр катары пайдалануу үчүн арналган дары препараттары;

9) клиникага чейинки жана клиникалык изилдөөлөр (сыноолор) үчүн арналган препараттар.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-20)
