# 18-берене. Дары каражатын мамлекеттик каттоо жөнүндө каттоо күбөлүгү

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 13 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5251/edition/1638/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000627/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 18-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-18

---

1. Дары каражаттарын каттоо Министрлер Кабинети бекиткен тартипте дары каражатын мамлекеттик каттоо жөнүндө каттоо күбөлүгүн (мындан ары - каттоо күбөлүгү) берүү менен ырасталат.

2. Мамлекеттик каттоодон биринчи жолу катталган дары каражатына 5 жыл өткөндөн кийин, анын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү ырасталган учурда, дары каражатын мамлекеттик каттоо жөнүндө мөөнөтсүз каттоо күбөлүгү берилет.

3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, каттоо күбөлүгүнүн колдонулушун токтото туруу жана токтотуу Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-19)
