# 15-берене. Фармацевттик ишти жүргүзүү укучу

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 13 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5251/edition/1638/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000627/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 15-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-15

---

1. Жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутумунун чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына ылайык алынган лицензиясы бар болгондо фармацевттик ишти жүргүзүүгө укуктуу.

Жеке жактар, анын ичинде жеке ишкер катары катталгандар жогорку фармацевттик билими же орто фармацевттик билими бар болгондо фармацевттик ишке лицензия ала алышат. Эскертүү: Орто фармацевттик билими бар адистер даяр дары каражаттарын сатууга гана укуктуу).

2. Фармацевттик ишти уюштурууга, анын ичинде тиешелүү материалдык-техникалык базанын, персоналдын квалификациясынын жана квалификациялуу персоналдын санынын болушуна талаптар Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

3. Фармацевттик ишти лицензия албастан жүзөгө ашырууга тыюу салынат.

4. Фармацевттик ишти лицензиясы жок жүзөгө ашырган субъекттер Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жана кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-16)
