15-берене. Фармацевттик ишти жүргүзүү укучу
Күчүндө · 03.11.2025 редакциясы · 4-глава
1. Жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутумунун чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына ылайык алынган лицензиясы бар болгондо фармацевттик ишти жүргүзүүгө укуктуу.
Жеке жактар, анын ичинде жеке ишкер катары катталгандар жогорку фармацевттик билими же орто фармацевттик билими бар болгондо фармацевттик ишке лицензия ала алышат. Эскертүү: Орто фармацевттик билими бар адистер даяр дары каражаттарын сатууга гана укуктуу).
2. Фармацевттик ишти уюштурууга, анын ичинде тиешелүү материалдык-техникалык базанын, персоналдын квалификациясынын жана квалификациялуу персоналдын санынын болушуна талаптар Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Фармацевттик ишти лицензия албастан жүзөгө ашырууга тыюу салынат.
4. Фармацевттик ишти лицензиясы жок жүзөгө ашырган субъекттер Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жана кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
Берененин тексти 03.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000627/st-15" title="15-берене - Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>