# 13-берене. Дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү талаптагыдай жонго салуу практикасы

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 13 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5251/edition/1638/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000627/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 13-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-13

---

1. Дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салуу Министрлер Кабинети тарабынан же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык башка келишимдер менен бекитилүүчү талаптагыдай жөнгө салуу практикасынын эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Талаптагыдай жөнгө салуу практикасынын эрежелери Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тиешелүү колдонмолорунун же Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин алкагында кабыл алынган жөнгө салуу практикасынын башка эквиваленттүү колдонмолорунун (стандарттарынын) базасында иштелип чыгат.

3. Дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салуу талаптагыдай жөнгө салуу практикасынын эрежелерине ылайык сапатты камсыз кылуу тутумун ишке киргизүү жана кармап туруу шарттарында жүзөгө ашырылат.

4. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сапатты камсыз кылуу тутумун киргизет жана жылына бир жолудан кем эмес ирет саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына баалоо жыйынтыктарын жарыялоо менен талаптагыдай жөнгө салуу практикасынын талаптарына жана принциптерине ылайыктуулугуна болгон сапатты камсыз кылуу тутумун баалоо жүргүзөт.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-14)
