# 10-берене. Дары каражаттарын иштеп чыгуу (ойлоп табуу)

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 13 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5251/edition/1638/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000627/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 10-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-10

---

1. Дары каражаттарын иштеп чыгуу (ойлоп табуу) жаңы комбинацияларды же жаңы фармакологиялык активдүү заттарды издөөнү, алардын касиеттерин андан ары изилдөөнү, фармацевттик иштеп чыгууну жана сапатты контролдоо усулдарын иштеп чыгууну, дары каражаттарын клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөрдү (сыноолорду) жана дары препараттарын клиникалык изилдөөлөрдү (сыноолорду), ошондой эле дары каражаттарын өнөр жай өндүрүшүнүн технологияларын иштеп чыгууну камтыйт.

2. Дары каражатын иштеп чыгуучунун (ойлоп табуучунун) укугу Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен корголот.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-11)
