# 1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети

- Документ: [Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 13 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5251/edition/1638/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000627/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө, 1-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-1

---

Социалдык маанилүү продукцияларга кирүүчү жана адамдын ден соолугуна, өмүрүнө зыян келтирүү мүмкүндүгүнөн улам спецификалык товар болуп саналуучу, ташууда, сактоодо, өндүрүүдө, даярдоодо, сатууда, жок кылууда жана утилдештирүүдө өзгөчө контролдоону талап кылуучу дары каражаттарын жүгүртүүгө байланыштуу келип чыккан мамилелер ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети болуп саналат. Ушул Мыйзам дары каражаттарын жүгүртүүчү субъекттердин ишинин укуктук негизин түзөт, Кыргыз Республикасында дары каражаттарын жүгүртүүгө бирдиктүү талаптарды белгилейт, анын ичинде дары каражаттарын иштеп чыгууга, дары каражаттарын клиникага чейинки (клиникалык эмес) жана клиникалык изилдөөлөргө (сыноолорго), өндүрүүгө, даярдоого, алардын сапатын, натыйжалуулугун, коопсуздугун баалоого, дары каражаттарын сатууга жана дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү башка аракеттерге байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салат.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000627/st-2)
