# Кеңеш айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-августундагы "Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кеңеш айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-августундагы "Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 18.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000613>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23007/edition/1608/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кеңеш айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-августундагы "Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө" токтому (18.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000613

---

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кеңеш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XXVII-сессиясы

2023-жылдын 18-августу № 1

“Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 04-апрелиндеги ПЖ № 87 Жарлыгы менен бекитилген Жобонун 2-бөлүгүнүн 10п жана “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамына негиз кеңеш айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XXVII-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

1. Айылдык Кеңештин төрагасын шайлоо боюнча Кеңеш айылдык Кеңешинин эсептөө комиссиясынын жыйынтыгыжактырылсын.

2. Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагалыгына 14 (он төрт) добуш алып, кайрадан колго салынып, депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон Канполотов Шергазы Мураталиевич жеңүүчү болуп табылып, төрага болуп шайлансын.

3. Мыйзамдуулугун кароо, текшерүүдөн өткөрүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн юристи М.Каиповко жүктөлсүн.

4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.

5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төраганын орун басары

Э.Усенбаев
