# Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 16-январындагы № 17 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 16-январындагы № 17 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 16.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000533>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5249/edition/1434/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000533.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 16-январындагы № 17 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (16.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000533

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2024-жылдын 16-январы № 17

"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000533/st-1)

"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 22-октябры, № 109) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 7-берененин 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын катышуусу менен социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын иштеп чыгат жана коллегиянын жактыруусуна киргизет, аны аткарууну уюштурат жана Министрлер Кабинетине отчет берет;";

2) 11-берененин 1-бөлүгүнүн 8-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 30-беренеде:

1-бөлүктө ", ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык түзүлүүчү райондук кеңештер" деген сөздөр алып салынсын; 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

4) 31-берененин 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

5) 35-берене күчүн жоготту деп таанылсын;

6) 38-беренеде:

2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын; 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Жергиликтүү кеңештердин ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына жүктөлөт.";

7) 40-берененин 7-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

8) 70-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000533/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 19-январындагы № 5 (3558) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2023-жылдын 29-ноябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
