# Эсептердин бирдиктүү планы жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмо (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 10-Б буйругуна ылайык)

- Толук аталышы: Эсептердин бирдиктүү планы жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмо (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 10-Б буйругуна ылайык)
- Актынын түрү: Единый план счетов и Руководство
- Номери: 10-П
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000528>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230000528/edition/1431/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000528.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эсептердин бирдиктүү планы жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмо (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 10-Б буйругуна ылайык) (28.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000528

---

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-ж. “28” \_\_\_12\_\_\_ № 10-Б буйругуна тиркеме

Эсептердин бирдиктүү планы жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмо

1. Жалпы жоболор

1. Бул Колдонмодо төмөнкү терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:

1) акча каражаттары – ушул колдонмонун максаттары үчүн акча каражаты деп Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган эсептердеги акчалай каражаттарды, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын эсептериндеги жана чет өлкөдөгү акчалай каражаттарды, бюджеттик мекемелердин кассаларындагы акча каражаттарын түшүнөбүз;

2) акча агымы (агылып келүүсү, агылып кетүүсү) – акча каражаттарынын белгилүү бир мезгилдин ичинде көбөйүшү (агылып келүүсү), азайышы (чыгышы) же өзгөрүшү (агымы);

3) туруктуу эсептер – ЭБПнын экономикалык сегментинин 4-бөлүмүндөгү активдеринин, 5-бөлүмүндөгү милдеттенмелеринин жана 6-бөлүмүндөгү таза активдеринин бухгалтердик эсептери. Туруктуу эсептер белгилүү бир датага карата өтмө калдыктын болушу менен мүнөздөлөт;

4) убактылуу эсептер – ЭБПнын экономикалык сегментинин 1, 2 же 3-бөлүмдөрүнүн акчалай түшүүлөрүнүн жана чыгымдарынын бухгалтердик эсептери, ошондой эле 7 жана 8-бөлүмдөрдөн чегерилген кирешелеринин жана чыгымдарынын эсептери. Убактылуу эсептер кандайдыр-бир туруктуу эсептердин өзүнчө бир ачылышы болуп эсептелгендиги менен мүнөздөлөт. Алсак, 7 жана 8-бөлүмдөрдөгү чегерилген кирешелердин жана чыгымдардын эсептери таза активдер бөлүмүндөгү финансылык натыйжанын туруктуу эсебинин ачылышы болуп саналат, ал эми 1, 2 жана 3-бөлүмдөрдөгү акчалай түшүүлөрдүн жана чыгымдардын эсептери - активдердеги акчалай каражаттардын эсептеринин ачылышы болуп саналат. Ошондуктан убакылуу эсептер туруктуу эсептердин калдыгын эсептөө үчүн тиешелүү туруктуу эсептерге “жабылат”. Убактылуу эсептердин өздөрүнүн өтмө калдыгы болбойт;

5) киреше – отчеттук мезгилдин ичинде экономикалык пайдалардын же сервистик потенциалдын дүң түшүүлөрү, мында бул түшүүлөр таза активдердин көбөйүшүнө алып келет, буга ээлеринин салымына байланыштуу көбөйгөн таза активдер кирбейт;

6) чыгымдар – бул отчеттук мезгилде активдердин чыгышы же керектелиши түрүндө экономикалык пайдалардын же сервистик потенциалдын кыскарышы же таза активдерди кыскартууга алып келе турган милдеттенмелердин келип чыгышы, буга ээлеринин пайдасы үчүн бөлүштүрүүгө байланыштуу активдер кирбейт;

7) түшүүлөрдүн администратору – Кыргыз Республикасынын бюджетине жана Социалдык фондго төлөнүүчү салыктардан, жыйымдардан жана башка төлөмдөрдөн түшкөн кирешелерди администрациялоочу (мыйзамдарда белгиленген салыктардын жана жыйымдардын жыйналышына жана алардын туура эсептелишине, толук жана өз убагында төлөнүшүнө контролдукту жүзөгө ашыруучу) мамлекеттик бийлик органы;

8) бирдиктүү казыналык эсеп – Борбордук казыналыктын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган борборлоштурулган банктык эсеби, анда республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин акча каражаттары топтолот, бюджеттик мекемелердин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин кассалык аткаруу боюнча операциялары чагылдырылат;

9) акчалай каражаттардын контролдук эсеби - акчалай каражаттардын эсеби, андан төлөмдөр жүргүзүлөт же ЭБПнын экономикалык сегменттеринин 1, 2 же 3-бөлүмдөрүнүн эсептери боюнча эсепке алына турган акчалай каражаттарды чегерүү жүргүзүлөт. Акчалай каражаттардын контролдук эсептерине ЭБПнын экономикалык сегменттеринин 41111 110 “Бирдиктүү казыналык эсеп”, 41122 110 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарындагы учурдагы эсептер” жана 41122 120 “Чет өлкөлүк коммерциялык банктардагы учурдагы эсептер” сыяктуу элементтери таандык кылынат;

10) активдер – өткөн окуялардын натыйжасында бюджеттик мекеме тарабынан контролдонуп турган жана бюджеттик мекеме алардан экономикалык пайдалардын агымын күтүп жаткан ресурстар;

11) милдеттенмелер – бюджеттик мекеменин өткөн окуялардын натыйжасында келип чыккан милдеттенмелери, аларды жөнгө салуу бюджеттик мекемеден экономикалык пайдаларды камтыган ресурстардын чыгып кетишине алып келиши керек;

12) таза активдер – бюджеттик мекеменин баардык милдеттенмелерин чыгарып салгандан кийин, бюджеттик мекеменин активдеринде калган үлүш;

13) чегерүү методу – эсепке алуу методу, анда операциялар же башка окуялар алардын жасалыш фактысы боюнча (акча каражаттары алынган же төлөнгөн учурда эмес) таанылат. Ошондуктан операциялар жана окуялар өздөрү таандык болгон мезгилдеги финансылык отчеттордо таанылат. Чегерүү ыкмасы боюнча тааныла турган элементтер: активдер, милдеттенмелер, таза активдер, кирешелер жана чыгымдар болуп саналат;

14) кассалык метод – бухгалтердик эсептин методун билдирет, бул метод операцияларды жана башка окуяларды акчалай каражаттардын түшүшүнө же төлөнүшүнө жараша тааныйт;

15) орду толтурулуучу нарк – акчаны генерациялоочу активди сатуунун таза наркынын жана аны андан ары пайдаланууда орду толтурула турган сумманын эң чоң мааниси;

16) сатуунун таза наркы – адаттагы иш процессиндеги сатууга же алмашууга байланыштуу болжолдуу чыгымдар чыгарылып салынгандан кийинки сатуунун күтүлгөн баасы.

2. Ушул Колдонмо мамлекеттик бюджеттен каржыланган баардык уюмдар, анын ичинде Казыналык (мындан ары текст боюнча – бюджеттик мекемелер) тарабынан Эсептердин бирдиктүү планын колдонуу тартибин белгилейт. 1 – 7-тиркемелерде Эсептердин бирдиктүү планы келтирилген.

3. Эсептердин бирдиктүү планы (мындан ары – ЭБП) өзүнө 7 сегментти камтыйт:

- Казыналык идентификациялык код (мындан ары – KИК);

- Бюджеттер;

- Каржылоо булактары;

- Программалар;

- Ведомстволук классификация;

- Функционалдык классификация;

- Экономикалык классификация.

4. ЭБПнын ар бир сегментине белгилүү бир сандуу белги менен уникалдуу код ыйгарылат:

- “КИК” сегменти Борбордук казыналыкты жана төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн жооптуу болгон аймактык башкармалыкты (мындан ары текст боюнча - АБ) белгилөө үчүн арналган. Сегмент өзүнө алты белгини камтыйт. Коддун алгачкы үч саны кайталанат жана накталай эмес эсептешүүнүн бөлүгү катары казыналык системанын өзүн аныктайт. 1-тиркемеде КИК сегментинин коддорунун тизмеси келтирилген;

- “Бюджеттер” сегменти чарбалык операцияларды бюджеттик системанын белгилүү бир деңгээлине же бюджеттен тышкаркы фонддорго бекитип берүү үчүн пайдаланылат. Сегмент үч орундуу код менен белгиленген беренелерди камтыйт. 2-тиркемеде “Бюджеттер” сегментинин коддорунун тизмеси берилген;

- “Каржылоо булактары” сегменти ушул операциялар каржыланып жаткан булактарды бюджеттик мекемелердин кайсы болбосун операцияларына бекитип берүү үчүн пайдаланылат. Ушул сегменттин беренелери өз кодунда эки разрядга ээ болот. 3-тиркемеде “Каржылоо булактары” сегментинин коддорунун тизмеси берилген;

- “Ведомстволук классификация” сегменти бюджеттик мекемени (анын ичинде кирешелердин администраторун) же анын ушул операция таандык болгон ведомствого караштуу мекемелерин белгилөө үчүн арналган. Сегмент беш орундуу код менен белгиленген беренелерди өзүнө камтып турат. 4-тиркемеде “Ведомстволук классификация” сегментинин коддорунун тизмеси берилген;

- “Функциялык классификация” сегменти операцияларды коомдук иш-аракеттин түрлөрү боюнча классификациялоого арналган. Сегмент беш орундуу код менен белгиленген беренелерди өзүнө камтып турат. 5-тиркемеде “Функциялык классификация” сегментинин коддорунун тизмеси берилген;

- “Программалар” сегменти операцияларды конкреттүү программага таандык кылууга арналган. 6-тиркемеде “Программалар” сегментинин коддорунун тизмеси берилген;

- “Экономикалык классификация” сегменти кассалык ыкманы жана чегерүү ыкмасын пайдалануу менен операцияларды бухгалтердик эсептин кабыл алынган принциптерине ылайык каттоо үчүн арналган. Сегмент сегиз орундуу код менен белгиленген беренелерди өзүнө камтып турат. 7-тиркемеде “Экономикалык классификация” сегментинин коддорунун тизмеси берилген.

5. ЭБПнын ар бир сегментинин иерархиялык деңгээли болот, ал деңгээл кыйла төмөнкү деңгээлдеги маалыматты кыйла жогорку деңгээлге жалпылоо үчүн арналган. Иерархиянын кийинки (кыйла жогорку) деңгээлин белгилей турган цифралардын саны бирге же андан ашык санга азаят.

6. Төмөндөгү таблицада ЭБПнын сегменттери боюнча иерархиянын бардык деңгээлдери берилген, ар бир деңгээлди билдирген цифралардын саны көрсөтүлгөн:

ЭБПнын сегментинин аталышы

Деңгээлдердин аталышы

Цифралардын саны

1

Казыналык идентификациялык код

Система

3

Облустар жана шаарлар

4

Аймактык башкармалыктар

6

2

Бюджеттер

Бюджеттердин түрлөрү

1

Бюджеттик системанын деңгээлдери

2

Административдик-аймактык бөлүштүрүү деңгээлинде бюджеттердин баш ийүүсү

3

3

Каржылоо булактары

Булактардын түрлөрү

1

Каржылоо булактары

2

4

Ведомстволук классификация

Министрлик,ведомство

2

Ведомстволук Бөлүм Резерв

3

4

5

5

Функциялык классификация

Бөлүм

3

Топ

4

Функциялар

5

6

Программалык классификация

ПР коду МЕ коду

3

5

7

Экономикалык классификация

Бөлүм

1

Категория

2

Топ

3

Топчо

4

Эсеп

5

Элемент

8

2. ЭБПнын экономикалык сегментинин түзүмү

7. ЭБПнын экономикалык классификациясынын сегменти бюджеттик мекемелердин (анын ичинде Казыналыктын) операцияларын эсепке алуу үчүн арналган түзүмдөшүлгөн элементтердин тизмеси болуп эсептелет. Экономикалык классификациянын деңгээлдерин түзгөн ар бир элементтин жана жогоруда турган беренелердин эң төмөн деңгээлде 8 белгиден турган, өзүнүн аталышы жана сандык символу (коду) бар. ЭБПнын экономикалык сегменти өзүнө 8 (сегиз) топко бөлүнгөн элементтерди камтыйт:

- 1 цифрасы менен башталган экономикалык сегменттин бөлүмү бюджеттик мекемелер жана администраторлордун кирешелердин түшүүлөрүн алуу менен байланыштуу акчалай түшүүлөрдү (агылып келүүлөрдү) эсепке алуу үчүн арналган. Акчалай түшүүлөрдүн элементтери убактылуу болуп саналат жана ар бир күндүн аягында алар боюнча жүгүртүүлөр Бирдиктүү казыналык эсепке же акчалай каражаттардын башка контролдук эсебине жабылат. Бул бөлүмдүн элементтеринде эске алынуучу маалымат андан ары бюджетти аткаруу боюнча отчетторду түзүү үчүн колдонулат;

- 2 цифрасы менен башталган экономикалык сегменттин бөлүгү бюджеттик мекемелердин чыгымдары менен байланыштуу болгон акчалай төлөмдөрдү ( агылып кетүү) эсепке алуу үчүн арналган. Акча агымынын элементтери убактылуу болуп саналат жана ар бир күндүн аягында алар боюнча жүгүртүүлөр Бирдиктүү казыналык эсепке же акчалай каражаттардын башка контролдук эсебине жабылат. Бул бөлүмдүн элементтеринде эске алынуучу маалымат андан ары бюджетти аткаруу боюнча отчетту түзүү үчүн колдонулат;

- 3 цифрасы менен башталган экономикалык сегменттин бөлүгү бюджеттик мекемелердин активдери жана милдеттенмелери менен операциялар боюнча акча каражаттарынын түшүшүн да, акчалай төлөмдөрдү да эсепке алуу үчүн арналган. Акчалай түшүүлөрдүн элементтери убактылуу болуп саналат жана ар бир күндүн аягында алар боюнча жүгүртүүлөр Бирдиктүү казыналык эсепке же акчалай каражаттардын башка контролдук эсебине жабылат. Бул бөлүмдүн элементтеринде эске алынуучу маалымат андан ары бюджетти аткаруу боюнча отчетту түзүү үчүн колдонулат;

- 4 цифрасы менен башталган экономикалык сегменттин бөлүгү активдерди эсепке алуу үчүн арналган. Активдердин элементтери боюнча калдыктар андан ары Финансылык абал жөнүндө отчетту даярдоо үчүн колдонулат;

- 5 цифрасы менен башталган экономикалык сегменттин бөлүгү милдеттенмелерди эсепке алуу үчүн арналган. Милдеттенмелердин элементтери боюнча калдыктар андан ары Финансылык абал жөнүндө отчетту даярдоо үчүн колдонулат;

- 6 цифрасы менен башталган экономикалык сегменттин бөлүгү таза активдерди эсепке алуу үчүн арналган. Таза активдердин элементтери боюнча калдыктар андан ары Финансылык абал жөнүндө отчетту даярдоо үчүн колдонулат;

- 7 цифрасы менен башталган экономикалык сегменттин бөлүгү таанылган кирешелерди эсепке алуу үчүн арналган. Бул элементтер убактылуу болуп саналат жана ар бир айдын аягында алар боюнча жүгүртүүлөр таза активдердин эсептерине жабылат;

- 8 цифрасы менен башталган экономикалык сегменттин бөлүгү чегерилген чыгымдарды эсепке алуу үчүн арналган. Бул элементтер убактылуу болуп саналат жана ар бир айдын аягында алар боюнча жүгүртүүлөр таза активдердин эсептерине жабылат.

8. Бухгалтердик жазууларды каттоодо милдеттүү тартипте ЭБПнын баардык сегменттери (КИК, бюджеттер, каржылоо булактары, функциялык классификация, ведомстволук классификация жана экономикалык классификация), “Программалар” сегментин кошпогондо, колдонулушу зарыл.

9. ЭБПнын экономикалык сегментинде бухгалтердик жазууларды каттоо элементтер боюнча жүргүзүлөт.

10. Бюджеттик мекемелер ЭБПнын ар бир сегментинде, анын ичинде экономикалык сегментте, коддордун туура тандалышы үчүн жоопкерчилик тартышат.

3. Эсептердин бирдиктүү планынын экономикалык

сегментинин баяндалышы

§ 1. 1-бөлүк “Кирешелер”

11. 1 цифрасына башталган ЭБПнын экономикалык сегментинин “Кирешелер” бөлүгү салыктык жана салыктык эмес кирешелерге карата акча каражаттарынын түшүүлөрүн эсепке алуу үчүн арналган. Баардык кирешелер эсепке алуунун кассалык методун колдонуу менен таанылат. Бул бөлүктүн элементтери убактылуу болуп саналат жана каржылоо булагынан жалпысынан көз карандысыз мамлекеттик башкаруу секторунун балансын түзүүдө 41111110 “Бирдиктүү казыналык эсеп” элементине “жабылат”. Бул элементтер бир дагы бюджеттик мекемеде бюджеттик каражаттар боюнча өзүнчө баланста эсепке алынбайт жана баардык мамлекеттик башкаруу секторунун деңгээлинде гана балансты түзүүдө катышат. Бөлүктүн атайын, эсептик жана депозиттик каражаттарга таандык болгон элементтери өзүнчө бюджеттик мекеменин балансын түзүүдө 41111110 “Бирдиктүү казыналык эсеп” элементине “жабылат”.

12. “Кирешелер” сегменти кирешелердин төмөнкү категорияларын камтыйт:

- 11 - салык кирешелери;

- 12 - социалдык муктаждыкка төгүмдөр/чегерүүлөр;

- 13 – алынган расмий трансферттер;

- 14 - салыктык эмес кирешелер.

Кирешелердин ар бир категориясы кирешелер тобунан турат. Кирешелер топчолорунун кодун андан ары деталдаштыруу тийиштүү эсептер жана элементтер боюнча жүргүзүлөт.

13. Элементтин коду эки белгиден турат жана акциздик товарлардын, казылып алынган пайдалуу кендердин жана пайдалуу казындылардан алынуучу товардык продукциянын, жер казынасынан алынуучу (табылуучу) жер астындагы суулардын, ошондой эле жаратылыш ресурстарын пайдалануу үчүн ижара акысы топторунун кодун көрсөтөт.

14. Акциздик товарлардын топтору боюнча элементтердин коддору Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарлардан акциз салыгынын (1142) түшүүсүн эсепке алууда колдонулат.

15. Казылып алынган пайдалуу кендердин жана пайдалуу казындылардан жер казынасынан, алган (табылган) жер астындагы суулардан алынган товардык продукциянын ,элементтердин коддору жер казынасын пайдалануу үчүн салыктардын түшүүсүн эсепке алууда колдонулат (1144).

16. Калктуу конуштарда, жайыттарда, айыл жанындагы жайыттарда, интенсивдүү пайдалануу зонасындагы жайыттарда жана алыскы жайыттарда ижарага берилген жерлердин топтору боюнча элементтердин коддору жаратылыш ресурстарын пайдалануу үчүн ижара акысынын түшүүсүн эсепке алууда колдонулат (1415).

17. “Салык кирешелери” категориясы (11). Салыктардын классификациясынын схемасы салык салуу объектиси менен аныкталат. Бул классификациянын категориясы кирешелердин төмөнкү топторунун түшүүсүн карайт:

- 111 ˗ кирешеге жана пайдага салыктар;

- 113 ˗ менчикке салыктар;

- 114 ˗ товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө салыктар;

- 115 ˗ эл аралык соода жана тышкы операция үчүн салыктар;

- 116 ˗ башка салыктар жана жыйымдар.

18. Салык жана бажы мыйзамдарынын колдонуудагы ченемдерин бузгандыгы үчүн жана конкреттүү салыктарга байланыштуу салынган айыптар, туумдар жана санкциялар ошол салык менен эсепте бирге чагылдырылат.

Юридикалык жана жеке жактар тарабынан жол берилген укук бузуулар үчүн төлөнүүчү айыптар “Салыктык эмес кирешелер” 14-категориясында “Айыптар” элементи (14311110) боюнча эсепке алынат.

19. “Кирешеге жана пайдага салыктар” тобу (111) өзүнө эки топчону камтыйт:

- 1111 “Кирешеге жана пайдага салыктар”;

- 1112 “Атайын режимдер боюнча салыктар”.

20. 1111 “Кирешелерге жана пайдага салыктар” топчосундагы 11111 “Кыргыз Республикасынын резиденти - жеке жактардан алынуучу киреше салыгы” эсеби боюнча төмөнкү түшүүлөр эсепке алынат:

- жумуш берүүчү (уюм, ишкана, мекеме) жалданган жумушчунун кирешесинен которуучу киреше салыгы (11111100), бул учурда жумуш берүүчү салык агенти катары чыгат, бюджетке салыкты кармайт жана которот;

- салык төлөөчү - жеке жактардын кирешелерин жана мүлкүн декларациялоодо календардык жылдын жыйынтыгы боюнча төлөй турган бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы (11111200).

11112 “Кыргыз Республикасынын резидент эмес жактарынын кирешесине салык” эсеби боюнча дивиденддер жана пайыздар, камсыздандыруу төлөмдөрү, автордук гонорарлар түрүндө, аткарылган иштер жана көрсөтүлгөн кызматтар боюнча алынган жана Кыргыз Республикасындагы булактан алынган резидент эмес жактардын башка кирешелеринен жеке жана юридикалык жактардын-Кыргыз Республикасынын резидент эместеринин кирешелеринен салыктын түшүүлөрү эсепке алынат (11112100). 11113 “Пайдага салык” эсеби боюнча юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин пайдасына салык салуунун жалпы шарттарына ылайык пайдага салыктын (11113100), пайыздарга салыктын (11113200), ошондой эле тоо-кен ѳндүрүүчү компаниялардын кирешесине салыктын (11113300) түшүүлөрү эсепке алынат.

21. Атайын салык режими боюнча алынуучу салыктарды эсепке алууда чагылдыруу үчүн 1112 “Атайын режимдер боюнча салыктар” топчонун коддору колдонулат. Бул топчодо төмөнкүдөй эсептер колдонулат: бирдиктүү салык боюнча түшүүлөр (11121), патенттин негизинде салык (11122), майнинг салыгы (11124), салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча салык (11125), электрондук коммерциядан салык (11126), оюн-зоок ишине салык (11127), өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык (11128).

11121 “Бирдиктүү салык боюнча түшүүлөр” эсеби өзүнө 11121100 “Бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы” жана 11121200 “Үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келинүүчү товарларга бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы” элементтерин камтыйт. 11122 “Патент негизинде салык” эсеби 11122100 “Милдеттүү патенттин негизинде салык”, 11122200 “Патенттин негизинде салык” элементтеринен турат. 11124 “Майнинг салыгы” эсеби 11124100 “Майнинг салыгы” элементин камтыйт. 11125 “Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча салык” эсеби 11125100 “Чекене сооданын негизинде салыктын салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча салык” элементин камтыйт. 11126 “Электрондук коммерциядан салык” эсеби 11126100 “Электрондук коммерциядан салык” элементин камтыйт. 11127 “Оюн-зоок ишине салык” эсеби өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 11127110 “Казино оюн-зоок ишине салык”;

- 11127120 “Компьютердик симуляторлордун оюн автоматтарынын оюн-зоок ишине салык”;

- 11127130 “Букмекердик конторанын оюн-зоок ишине жана тотализаторго салык”;

- 11127140 “Онлайн казинолордун жана электрондук (виртуалдык) казинолордун оюн-зоок ишине салык”.

11128 “Өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык” эсеби 11128100 “Өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык” элементин камтыйт.

22. 1113 “Категориялар боюнча бөлүштүрүлбөй турган салыктар” топчосу 11131“Кумтөрдүн дүң кирешесине салык” эсебин, 11131100 “Кумтөрдүн дүң кирешесине салык” жана 11131200 “Кумтөрдөн Кыргыз Республикасынын минералдык ресурстар базасын өнүктүрүүгө жылдык сумма” элементтерин өзүнө камтыйт, анда “Кумтор ГОЛД Компани” ЖАКнан түшкөн салыктарды эсепке алуу жүргүзүлөт.

23. “Менчикке салык” тобу (113) өзүнө эки топчону камтыйт:

- 1131 “Мүлккө салык”;

- 1132 “Жер салыгы”.

24. 1131 “Мүлккө салык” топчосу “Кыймылсыз мүлккө салык” (11311) жана “Кыймылдуу мүлкө салык” (11312) эсептерине бөлүнөт.

11311 “Кыймылсыз мүлккө салык” эсеби төмөнкү элементтерден турат: 11311100 “Турак жайга же жайга мүлк салыгы”, 11311200 “Турак жай эмес имаратка жана жайга мүлк салыгы”, 11311300 “3-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык”. 11312 “Кыймылдуу мүлккө салык” эсеби төмөнкү элементтерден турат: 11312100 “Юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына мүлк салыгы” жана 11312200 “Жеке жактардын транспорттук каражаттарына мүлк салыгы”.

25. 1132 “Жер салыгы” топчосу 11321 “Жер салыгы” эсебин өзүнө камтыйт жана төмөнкү элементтерге бөлүнөт: 11321100 “Жанаша, короо жай жана багбанчылык-огород жер участокторуна мүлк салыгы”, 11321200 “Айыл чарба жерлерине тиешелүү жерлерге мүлк салыгы”, 11321300 “Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерге мүлк салыгы”.

26. “Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө салыктар” тобу (114) өзүнө үч топчону камтыйт:

- 1141 “Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө жалпы салыктар”;

- 1142 “Акциз салыгы”;

- 1146 “Жер казынасын пайдалануу үчүн салыктар”.

27. 1141 “Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө жалпы салыктар” топчосунда төмөнкүдөй эсептерге бөлүнөт:

- 11411 “Кошумча нарк салыгы” эсебинде Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө кошумча нарк салыгынын түшүүсү (11411100), ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинүүчү товарларга кошумча нарк салыгынын түшүүсү (11411300), үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларга кошумча нарк салыгынын түшүүсү (11411400), чет өлкөлүк уюмдардын электрондук кызматтарына кошумча нарк салыгынын түшүүсү (11411500), салык агенти тарабынан кармалуучу кошумча нарк салыгынын түшүүсү (11411600) эсепке алынат;

- 11412 “Сатуудан салык” эсебинде товарларды сатып өткөрүүдө, жумуштарды аткарууда жана кызмат көрсөтүүдө юридикалык жактар жана жеке ишкерлер тарабынан төлөнгөн салык эсепке алынат. Эсепке алуу үчүн 11412100 элементи колдонулат.

28. 1142 “Акциз салыгы” топчосунда Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү же сатып өткөрүлүүчү товарларга акциз салыгы боюнча түшүүлөрдү (11421), ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген товарларга акциз салыгын (11423) жана үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген товарларга акциз салыгын (11424) эсепке алуу жүргүзүлөт. 11421490 жана 11423490 “Башка акциздик товарлар” элементтери акциздик товарлар боюнча акциз салыгы боюнча карыздардын түшүүлөрүн эсепке алуу үчүн каралган, эгерде мындай учурлар орун алган болсо, бул Кыргыз Республикасынын жаңы Салык Кодексине ылайык алынып салынган.

11423 эсебинде Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинүүчү товарлардын акциз салыгын элементтер боюнча эсепке алуу жана чагылдыруу жүргүзүлөт. 11424 эсебинде үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинүүчү товарлардын акциз салыгын эсепке алуу жана элементтер боюнча чагылдыруу жүргүзүлөт.

29. 1146 “Жер казынасын пайдалануу үчүн салыктар” топчосунда бонустардын (11461) жана роялтинин (11462) түшүүлөрү эсепке алынат. Бул топчого мамлекеттик башкаруунун башка органынын жеке менчигинде болгон кендерден пайдалуу кендерди, казылып алынуучу отундарды жана кен чыгуучу башка орду толтурулбоочу ресурстарды казып алууга салыктар кирет.

30. “Эл аралык соодага жана тышкы операцияларга салыктар” тобу (115) Бажы биримдигинин бажы аймагына товарларды ташып келүүдө алынуучу кошумча нарк салыгынан жана акциз салыгынан башка бажы төлөмдөрүн өзүнө камтыйт.

31. 1151 “Бажы төлөмдөрү” топчосуна төмөнкү эсептер кирет:

1) 11511 “Ташылып келинген продукциядан бажы төлөмдөрү” эсеби өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 11511200 “ЕАЭБге кошулуу жѳнүндѳ келишимге ылайык тѳлѳнгѳн жана чегерилген атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар” – булар бажы иши чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана ЕАЭБге мүчѳ ѳлкѳлѳрдүн эл аралык келишимдерине ылайык белгиленүүчү бажы органдары тарабынан алынуучу алымдардын түрлѳрү;

- 11511400 “ББТ ставкалары боюнча тѳлѳнгѳн жана ЕАЭБге кошулуу жѳнүндѳ келишимге ылайык чегерилген ташып келүүдѳгү бажы алымдары”, бул элементте ЕАЭБге кошулгандан кийин ташып келүүдѳгү бажы алымдарынан түшкѳн акча каражаттарынын эсеби жүргүзүлѳт;

- 11511500 “Бажы алымдарынын, салыктардын бирдиктүү ставкалары боюнча бажы тѳлѳмү”;

- 11511600 “Жыйынды бажы тѳлѳм ү”.

Жогоруда аталган коддорго жеке пайдалануу үчүн бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларга жана транспорт каражаттарына карата жеке жактар тарабынан тѳлѳнгѳн бажылык тѳлѳмдѳр кирет;

2) 11512 “Ташып чыгарылган продукциядан бажы төлөмдөрү” эсеби өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 11512100 “Экспорттук бажы алымы (ташып чыгуудагы бажы алымы)” - товарларды экспорттоодо мамлекет тарабынан алынуучу бажы алымы;

- 11512200 “Экспорттук сезондук бажы алымы” - мында белгилүү бир мезгилге товарларды ташып чыгарууну ыкчам жөнгө салуу үчүн белгиленген ташып чыгаруудагы бажы алымы эсепке алынат;

3) 11513 “Бажы жыйымдары” эсеби бажы кызматтарын көрсөтүү боюнча ар кандай иш-аракеттерди аткаргандыгы үчүн юридикалык жана жеке жактардан бажы органдары тарабынан алынуучу акчалай төлөмдөрдү эсепке алуу үчүн арналган. Мындай түшүүлөрдү эсепке алуу үчүн төмөнкү элементтер каралган:

- 11513100 “Чет элдик авто ташуучулардан жыйымдар”, мында чет элдик авто ташуучулар тарабынан атайын уруксаты жок Кыргыз Республикасынын аймагынан үчүнчү мамлекеттердин аймагына же үчүнчү мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына жүктөрдү ташуу үчүн жыйымдардын түшүүсү эсепке алынат;

- 11513200 “Бажылык тариздөө үчүн жыйымдар”, товарларды жана транспорт каражаттарын декларациялоодо бажылык тариздөө үчүн бажы органдары тарабынан алынуучу жыйымдардын түшүүлөрү эсепке алынат;

4) 11514 “Башка бажы жыйымдары жана төлөмдөрү” эсеби өзүнө 11514100 “Башка бажы жыйымдары жана төлөмдөрү” элементтин камтыйт;

5) 11515 “ЕАЭБге мүчѳ башка ѳлкѳлѳрдүн эсебине чет ѳлкѳлүк валютада которуу токтотулган бѳлүштүрүлгѳн ташып келүүлөрдөгү бажы алымдары” эсебинде казыналыктын эсебине түшкѳн жана ЕАЭБге мүчѳ мамлекеттерге бѳлүштүрүлгѳн, бирок аларды ЕАЭБге мүчѳ мамлекеттердин эсебине которуу токтотулган акча каражаттарынын эсеби жүргүзүлѳт. Мындай түшүүлөрдү эсепке алуу үчүн төмөнкү элементтер каралган:

- 11515100 “Казакстан Республикасынын чет ѳлкѳлүк валютадагы эсептерине которуу токтотулган бѳлүштүрүлгѳн ташып келүүдөгү бажы алымдары”;

- 11515200 “Беларусь Республикасынын чет ѳлкѳлүк валютадагы эсептерине которуу токтотулган бѳлүштүрүлгѳн ташып келүүдөгү бажы алымдары”;

- 11515300 “Россия Федерациясынын чет ѳлкѳлүк валютадагы эсептерине которуу токтотулган бѳлүштүрүлгѳн ташып келүүдөгү бажы алымдары”;

- 11515400 “Армения Республикасынын чет ѳлкѳлүк валютадагы эсептерине которуу токтотулган бѳлүштүрүлгѳн ташып келүүдөгү бажы алымдары”;

6) 11516 “Башка ЕАЭБге мүчѳ ѳлкѳлѳрдүн чет ѳлкѳлүк валютадагы эсептерине которулган бѳлүштүрүлгѳн ташып келүүдөгү бажы алымдары” эсеби. Мындай түшүүлөрдү эсепке алуу үчүн төмөнкү элементтер каралган:

- 11516100 “Казакстан Республикасынын чет ѳлкѳлүк валютадагы эсебине которулган ташып келүүлөргө бѳлүштүрүлгѳн бажы алымдары”;

- 11516200 “Беларусь Республикасынын чет ѳлкѳлүк валютадагы эсебине которулган ташып келүүлөргө бѳлүштүрүлгѳн бажы алымдары”;

- 11516300 “Россия Федерациясынын чет ѳлкѳлүк валютадагы эсебине которулган ташып келүүлөргө бѳлүштүрүлгѳн бажы алымдары”;

- 11516400 “Армения Республикасынын чет ѳлкѳлүк валютадагы эсебине которулган ташып келүүлөргө бѳлүштүрүлгѳн бажы алымдары”;

- 11516500 “Кыргыз Республикасынын эсебине которулган ташып келүүлөргө бѳлүштүрүлгѳн бажы алымдары”;

7) 11517 “Үчүнчү ѳлкѳлѳргѳ карата атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу жѳнүндѳ протоколго ылайык чет ѳлкѳлүк валютада эсепке которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар” эсеби өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 11517100 “Казакстан Республикасынын чет ѳлкѳлүк валютадагы эсебине которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар”;

- 11517200 “Беларусь Республикасынын чет ѳлкѳлүк валютадагы эсебине которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар”;

- 11517300 “Россия Федерациясынын чет ѳлкѳлүк валютадагы эсебине которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар”;

- 11517400 “Армения Республикасынын чет ѳлкѳлүк валютадагы эсебине которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымда”;

- 11517500 “Кыргыз Республикасынын эсебине которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар”.

11516 жана 11517 эсебинде Кыргыз Республикасынын казыналыгынын эсебине түшкѳн бажы алымдарын бѳлүштүргѳндѳн кийин ЕАЭБге мүчѳ мамлекеттерге которулган акча каражаттарынын эсеби жүргүзүлѳт;

8) 11518 “Казыналыктын эсебине түшүүчү такталбаган суммалар” эсеби өзүнө 11518100 “Казыналыктын эсебине түшүүчү такталбаган суммалар” элементтин камтыйт.

32. 1152 “Ташып келүүдөү бажы алымдары” топчосунда - ЕАЭБге мүчѳ мамлекеттер тарабынан Кыргыз Республикасына бѳлүштүрүлгѳн жана которулган бажы алымдары боюнча акча каражаттар эсепке алынат.

11521 “ЕАЭБге кошулуу жѳнүндѳ келишимге ылайык мүчѳ мамлекеттерден түшүүчү ташып келүүдөгү бажы алымдары” эсеби. Мындай түшүүлөрдү эсепке алуу үчүн төмөнкү элементтер каралган:

- 11521100 “Казакстан Республикасынан түшүүчү ташып келүүдөгү бажы алымдары”;

- 11521200 “Беларусь Республикасынан түшүүчү ташып келүүдөгү бажы алымдары”;

- 11521300 “Россия Федерациясынан түшүүчү ташып келүүдөгү бажы алымдары”;

- 11521400 “Армения Республикасынан түшүүчү ташып келүүдөгү бажы алымдары”.

11522 “Ташып келүүдөгү бажы алымдарын бѳлүштүрүүдѳн суммаларды которуу боюнча мүчѳ мамлекеттер тарабынан милдеттенмелерди ѳз убагында аткарбагандыгы үчүн түшкѳн пайыздар” эсби. Мындай түшүүлөрдү эсепке алуу үчүн төмөнкү элементтер каралган:

- 11522100 “Ташып келүүдөгү бажы алымдарын бѳлүштүрүүдѳн суммаларды которуу боюнча Казакстан Республикасы тарабынан милдеттенмелерди ѳз убагында аткарбагандыгы үчүн түшкѳн пайыздар”;

- 11522200 “Ташып келүүдөгү бажы алымдарын бѳлүштүрүүдѳн суммаларды которуу боюнча Беларусь Республикасы тарабынан милдеттенмелерди ѳз убагында аткарбагандыгы үчүн түшкѳн пайыздар”;

- 11522300 “Ташып келүүдөгү бажы алымдарын бѳлүштүрүүдѳн суммаларды которуу боюнча Россия Федерациясы тарабынан милдеттенмелерди ѳз убагында аткарбагандыгы үчүн түшкѳн пайыздар”;

- 11522400 “Ташып келүүдөгү бажы алымдарын бѳлүштүрүүдѳн суммаларды которуу боюнча Армения Республикасы тарабынан милдеттенменлерди ѳз убагында аткарбагандыгы үчүн түшкѳн пайыздар”.

11523 “ЕАЭСтин бажылык аймагы боюнча бажылык транзиттин бажылык жол-жоболоруна ылайык товарларды ташууда бажы органдарына берилүүчү бажы алымдарын, салыктарды төлөөнү камсыздоонун эсебинен өндүрүп алынган акча каражаты” эсеби. Мындай түшүүлөрдү эсепке алуу үчүн төмөнкү элементтер каралган:

- 11523100 “Казакстан Республикасынан түшүүчү бажы алымдарын жана салыктарды төлөөнү камсыздоонун эсебинен өндүрүп алынган акча каражаты”;

- 11523200 “Беларусь Республикасынан түшүүчү бажы алымдарын жана салыктарды төлөөнү камсыздоонун эсебинен өндүрүп алынган акча каражаты”;

- 11523300 “Россия Федерациясынан түшүүчү бажы алымдарын жана салыктарды төлөөнү камсыздоонун эсебинен өндүрүп алынган акча каражаты”;

- 11523400 “Армения Республикасынан түшүүчү бажы алымдарын жана салыктарды төлөөнү камсыздоонун эсебинен өндүрүп алынган акча каражаты”.

11524 “Үчүнчү ѳлкѳлѳргѳ карата атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу жѳнүндѳ макулдашууга ылайык тѳлѳнгѳн атайын демпингге каршы жана компенсациялык алымдар” эсеби. Мындай түшүүлөрдү эсепке алуу үчүн төмөнкү элементтер каралган:

- 11524100 “Казакстан Республикасынан түшкѳн атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар”;

- 11524200 “Беларусь Республикасынан түшкѳн атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар”;

- 11524300 “Россия Федерациясынан түшкѳн атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар”;

- 11524400 “Армения Республикасынан түшкѳн атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар”.

11525 “Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүү суммаларын которуу боюнча мүчө-мамлекеттердин милдеттенмелеринин өз учурунда аткарбай калууларынан түшкөн пайыздар” эсеби. Мындай түшүүлөрдү эсепке алуу үчүн төмөнкү элементтер каралган:

- 11525100 “Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча Казакстан Республикасынын милдеттенмелеринин өз учурунда аткарбай калууларынан түшкөн пайыздар”;

- 11525200 “Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча Беларусь Республикасынын милдеттенмелеринин өз учурунда аткарбай калууларынан түшкөн пайыздар”;

- 11525300 “Атайын, демпингге каршы жана компесациялык алымдарды бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча Россия Федерациясынын милдеттенмелеринин өз учурунда аткарбай калууларынан түшкөн пайыздар”;

- 11525400 “Атайын, демпингге каршы жана компесациялык алымдарды бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча Армения Республикасынын милдеттенмелеринин өз учурунда аткарбай калууларынан түшкөн пайыздар”.

11526 “Чет өлкөлүк валютадагы эсептерге которуу токтотулган бөлүштүрүлгөн атайын, демпингге каршы жана компесациялык алымдар ” эсеп-чот. Мындай түшүүлөрдү эсепке алуу үчүн төмөнкү элементтер каралган:

- 11526100 “Казакстан Республикасынын чет өлкөлүк валютадагы эсептерине которуу токтотулган бөлүштүрүлгөн атайын, демпингге каршы жана компесациялык алымдар”;

- 11526200 “Беларусь Республикасынын чет өлкөлүк валютадагы эсептерине которуу токтотулган бөлүштүрүлгөн атайын, демпингге каршы жана компесациялык алымдарды бөлүштүрүү токтотулд”;

- 11526300 “Россия Федерациясынын чет өлкөлүк валютадагы эсептерине которуу токтотулган бөлүштүрүлгөн атайын, демпингге каршы жана компесациялык алымдар”;

- 11526400 “Армения Республикасынын чет өлкөлүк валютадагы эсептерине которуу токтотулган бөлүштүрүлгөн атайын, демпингге каршы жана компесациялык алымдар”.

33. 116 “Башка салыктар жана жыйымдар” тобунда Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго ылайык жокко чыгарылган республикалык жана жергиликтүү салыктардын түшүүлөрүн эсепке алуу жүргүзүлөт:

- 11611100 элементинде республикалык бюджеттен каржылануучу бюджеттик уюмдардын атайын каражаттарына салыктар жана республикалык бюджетке тиешелүү башка жокко чыгарылган (жоюлган) салыктар эсепке алынат;

- 11611200 элементи боюнча акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү үчүн жана чекене сатуудан салык, курорттук салык, мейманкана салыгы, жарнамага салык, жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик уюмдардын атайын каражаттарына салык, эгерде мындайлар бар болсо, эсепке алынат;

- 11611300 элементи боюнча салык карызын жоюунун эсебинен финансылык эмес активдер түрүндө алынган түшүүлөр эсепке алынат.

34. 12 “Социалдык камсыздоого жана социалдык муктаждыкка төгүмдөр/чегерүүлөр” категориясы төмөнкү топтордон турат:

1) 121 “Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандырууга төгүмдөр/чегерүүлөр”. Бул топто милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төмөнкү түшүүлөрү эсепке алынат:

- 12111110 “Пенсиялык фондго, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү”;

- 12111120 “Полистер боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү (Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунан тышкары)”;

- 12111130 “Юридикалык жак болуп түзүлбөгөн дыйкан (фермер) чарбаларынын камсыздандыруу төгүмдөрү”;

- 12111140 “Чакан жана орто ишкердик субъекттерине камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча кийинкиге жылдырууларды/бөлүп төлөөлөрдү берүүдөн түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрү”;

- 12111210 “Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү”;

- 12111220 “Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду боюнча полистер боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү”;

- 12111230 “Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонд боюнча чакан жана орто ишкердик субъекттерине камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча кийинкиге жылдырууларды/бөлүп төлөөлөрдү берүүдөн түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрү”.

2) 122 “Социалдык фондунун башка кирешелери”. 122 “Социалдык фонддун башка кирешелери” тобунда төмөнкүлөр эсепке алынат:

- 12211100 “Пенсияларды төлөө үчүн капиталдаштырылуучу суммалар” - иш берүүчү жоюлган (банкрот болгон) учурда пенсияларды, жөлөкпулдарды жана компенсацияларды дайындоо жана төлөө үчүн арналган капиталдаштырылуучу каражаттардын түшүүсү эсепке алынат;

- 12211200 “Регресстик талаптарды коюунун натыйжасында иш берүүчүлөрдөн жана жарандардан өндүрүлүүчү каражаттар” - Социалдык фонд тарабынан төлөнгөн жана кайтарылууга тийиш болгон каражаттарды өндүрүү боюнча Социалдык фонд тарабынан коюлган регресстик доолор боюнча акча каражаттарынын түшүүсү эсепке алынат;

- 12211900 “Социалдык фонддун башка кирешелери”, негизги категорияларга кирбеген кирешелер, ошондой эле камсыздандырылган адамдар боюнча маалыматтар базасын жүргүзүү, иштеп чыгуу жана аны актуалдуу абалда кармап туруу үчүн түшүүлөр.

35. 1222 “Социалдык фонддун кирешелери боюнча пайыздар” топчосуна 12221 “Социалдык фонддун кирешелери боюнча пайыздар” эсеби кирет жана 12221100 “Социалдык фонддун кирешелери боюнча пайыздар” элементтин камтыйт.

36. 1223 “Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун башка кирешелери” топчосуна 12231 “Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун башка кирешелери” эсеби кирет жана 12231100 “Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун башка кирешелери” элементин камтыйт.

37. 123 “Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башка кирешелери” тобу, 1231 “Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башка кирешелери” топчосу өзүнө 12311 “Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башка кирешелери” эсебин камтыйт. Мындай түшүүлөрдү эсепке алуу үчүн төмөнкү элементтер каралган:

- 12311200 “ММК полисин берүүдөн түшүүлөр”;

- 12311300 “Келишимдик милдеттенмелерди тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн саламаттык сактоо уюмдарынан соттук жана соттук эмес тартипте өндүрүлүп алынган каражаттар”;

- 12311400 “Сот чечими боюнча зыяндын ордун толтуруу суммасын кошкондо, материалдык, административдик, жазык жоопкерчилигинин чараларын колдонуунун натыйжасында алынган каражаттар”;

- 12311500 “Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин каражаттарын мыйзамсыз же максатсыз пайдалануунун натыйжасында өндүрүлүп алынган каражаттар”;

- 12311700 “Кайрымдуулук фонддорунан, эл аралык уюмдардан жана чет өлкөлүк жарандардан түшкөн каражаттар”;

- 12311900 “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка кирешелер”.

Бюджеттин бул категориясы Социалдык фонд жана ММКФ тарабынан гана пайдаланылууга тийиш, жана бардык булактардан Социалдык фондго жана ММКФга бардык төгүмдөрдү эсепке алат. Ал ошондой эле кызматчылардан түшкөн каражатты эсепке алууну, алардын атынан жумуш берүүчүлөр тарабынан жана жеке эмгектик иш менен алектенген адамдар тарабынан киргизилген суммаларды камтыйт.

38. 13 “Алынган расмий трансферттер” категориясы. Гранттар трансферттер (милдеттүү эмес) же мамлекеттик мекемелер тарабынан адатта мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктеринен же эл аралык уюмдардан, башка мамлекеттердин өкмөттөрүнөн алынган каражаттарды акысыз берүү болуп саналат.

Бул категория ошондой эле теңдештирүүчү жана максаттуу трансферттерди кошо алганда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилүүчү трансферттерди да камтыйт. Чет мамлекеттердин өкмөттөрүнөн, ошондой эле эл аралык уюмдардан алынган гранттар капиталдык же учурдагы катары классификацияланышы мүмкүн.

39. 13 “Алынган расмий трансферттер” категориясы төмөнкү топтордон турат:

- 131 - чет өлкөдөн алынган трансферттер;

- 133 - Мамлекеттик башкаруу секторунун трансферттери.

40.1311 “Чет мамлекеттердин өкмөттөрүнөн түшкөн трансферттер” топчосунда, 13111 “Чет мамлекеттердин өкмөттөрүнөн түшкөн трансферттер” эсебинде төмөнкүлөр эсепке алынат:

- 13111100 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине учурдагы чыгымдарды жүргүзүү үчүн чет мамлекеттердин өкмөттөрү берген трансферттер;

- 13111200 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө капиталдык чыгымдарды жүргүзүү үчүн чет мамлекеттердин өкмөттөрү берген трансферттер.

41. 1312 “Эл аралык уюмдардан түшкөн трансферттер” топчосунда, 13121 “Эл аралык уюмдардан түшкөн трансферттер” эсебинде төмөнкүлөр эсепке алынат:

- 13121100 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан учурдагы чыгымдарды жүргүзүүгө арналган эл аралык уюмдардан алынган трансферттер (гранттар, демөөрчүлүк жардам) эсепке алынат;

- 13121200 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан капиталдык чыгымдарды жүргүзүүгө арналган эл аралык уюмдардан алынган трансферттер (гранттар, демөөрчүлүк жардам) эсепке алынат.

42. 133 “Мамлекеттик башкаруу секторунун трансферттери” тобунда 1332 “Жергиликтүү бюджеттерге трансферттер” топчосунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бюджеттер бекигенден кийин ченем актылары кабыл алынган учурда, республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге каралган трансферттер эсепке алынат, ага ылайык жергиликтүү бюджеттердин чыгашасы көбөйөт же кирешеси азаят, тийиштүү сумма республикалык бюджеттен компенсацияланат.

Эсепке алуу үчүн 13321 “Жергиликтүү бюджеттерге трансферттер” эсеби белгиленген жана төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 13321100 “Теңдештирүүчү трансферттер”. Теңдештирүүчү трансферттер - бул жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин жана керектөөлөрүнүн деңгээлинин ортосундагы финансылык ажырымды жабуу үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар;

- 13321200 “Максаттуу трансферттер”. Максаттуу трансферттер – бул белгилүү бир максаттарга бюджеттин бир деңгээлинен башка бюджетке берилүүчү каражаттар;

- 13321300 “Жергиликтүү бюджеттин деңгээлдеринин ортосундагы максаттуу трансферттер”.

43. 1333 “Мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктери тарабынан республикалык бюджеттен алынган каражаттар” топчосу төмөнкү эсептерден турат:

1) 13331 “Социалдык фонд тарабынан республикалык бюджеттен алынган каражаттар” - бул эсеп Социалдык фонддун бюджетинин киреше бөлүгүндө республикалык бюджеттен бөлүнгөн ассигнованиелердин түшүүлөрүн төмөнкү элементтер боюнча түзүү үчүн Социалдык фонд үчүн арналган:

- 13331100 “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын базалык бөлүгү”;

- 13331210 “Бийик тоолуу шарттарда иштегендиги үчүн жеңилдетилген пенсиялар”;

- 13331220 “Алыскы жана жетүүгө кыйын жерлерде иштегендиги үчүн жеңилдетилген пенсиялар”;

- 13331230 “Көп балалуу энелерге жана тубаса майып балдардын энелерине жеңилдетилген пенсиялар”;

- 13331300 “Калктын айрым категориялары үчүн пенсиялар”;

- 13331400 “Аскер кызматкерлеринин пенсиялары”;

- 13331500 “Аскер кызматкерлеринин курман болуусунда, майыптык алуусунда мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу”;

- 13331610 “Электр энергиясы үчүн пенсияга компенсациялык төлөмдөр”;

- 13331620 “Чернобыль АЭСте авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандарга, эмгектен мертинүү боюнча компенсациялык төлөмдөр”;

- 13331630 “Баткен облусунун чек ара аймактарында жашаган пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр”;

- 13331700 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кабыл алуунун натыйжасында түзүлгөн Социалдык фонддун бюджетинин кошумча чыгымдарын же кирешелеринин жоготууларын компенсациялоо”;

- 13331800 “Пенсияларга үстөк акылар”;

2) 13332 “Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан республикалык бюджеттен алынган каражаттар” эсеби өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 13332100 “Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандырууга республикалык бюджеттен алынган каражаттар”;

- 13332210 “16 жашка чейинки балдарды милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар”;

- 13332220 “Пенсионерлерди милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар”;

- 13332230 “Социалдык жөлөкпул алуучуларды жана бала кезинен майып адамдарды милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар”;

- 13332240 “Баштапкы кесиптик окуу жайлардын окуучуларын, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын студенттерин, 21 жаш куракка толгонго чейин орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын студенттерин милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар”;

- 13332250 “Калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызматында расмий катталган жумушсуз жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар”;

- 13332260 “Мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерин, мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлерин, офицерлерди, прапорщиктерди милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар”;

-13332300 “Соттун чечимдерин аткаруу боюнча компенсацияларды төлөө үчүн республикалык бюджеттен алынган каражаттар”; -13332900 “Республикалык бюджеттен алынган башка каражаттар”.

44. 1334 “ММКФга камсыздандыруу төгүмдөрү” топчосу 13341 “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр тарабынан төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрү” эсебин өзүнө камтыйт жана төмөнкү элементтерди карайт:

- 13341100 “Жумуш берүүчүлөр тарабынан төлөнүүчү милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү”;

- 13341200 “Жеке ишкерлер тарабынан төлөнүүчү милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү”;

- 13341300 “Юридикалык жакты түзбөстөн дыйкан (фермердик чарбалар) тарабынан төлөнүүчү милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү”;

- 13341400 “Айыл чарба кооперативдери тарабынан төлөнүүчү милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү”;

- 13341900 “Негизги категорияларга кирбеген милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү”.

45. 1335 “Социалдык фонддун бюджетинен алынган каражаттар” топчосу 13351 “Социалдык фонддун бюджетинен алынган каражаттар” эсебин камтыйт. Мындай операцияларды эсепке алуу үчүн 13351100 “Социалдык фонддун бюджетинен милдеттүү медициналык камсыздандырууга алынган каражаттар” элементи каралган.

46. 1336 “Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен алынган каражаттар” топчосу 13361 “Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен алынган каражаттар” эсебин камтыйт. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен алынган каражаттарды эсепке алуу үчүн 13361100 элементи каралган.

47. 14 “Салыктык эмес кирешелер” категориясы төмөнкү топтордон турат:

- 141 - менчиктен жана пайыздардан кирешелер;

- 142 - товарларды сатуудан жана кызмат көрсөтүүдөн кирешелер;

- 143 - айыптар, санкциялар, конфискациялар;

- 144 - гранттардан тышкары, ыктыярдуу трансферттер;

- 145 - дагы башка салыктык эмес кирешелер.

48. 141 “Менчиктен жана пайыздан кирешелер” тобу, 1411 “Пайыздар” топчосу 14111 “Депозиттер боюнча пайыздар” эсебин камтыйт жана төмөнкүдөй элементтерден турат:

- 14111100 - бул элементте Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында жайгаштырылган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин эсептеринде турган каражаттардын калдыктарына чегерилүүчү пайыздар эсепке алынат;

- 14111200 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жайгаштырылган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин депозиттери боюнча пайыздар”;

- 14111300 - бул элементте Социалдык фонддун убактылуу эркин акча каражаттарын коммерциялык банктарда, МБК, КРУБ ноталарында кыска мөөнөттүү депозиттерге жайгаштыруудан түшкөн пайыздар эсепке алынат;

- 14111400 - бул элементте Социалдык фонддун жана Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондунун коммерциялык банктардагы эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыгына эсептелген пайыздардын түшүүлөрү эсепке алынат;

- 14111500 - бул элемент Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондунун каражаттарын эсепке алуу үчүн гана колдонулат. Пенсиялык топтоолордун каражаттарын депозиттерге, мамлекеттик баалуу кагаздарга, кыргыз эмитеттеринин облигацияларына, ипотекалык баалуу кагаздарга жайгаштыруудан пайыздар эсепке алынат;

- 14111600 - жайгашкан мамлекеттин коммерциялык банктарындагы Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери тарабынан жайгаштырылган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин депозиттери боюнча пайыздарын эсепке алуу үчүн каралган;

-14111700 «Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча берилген мөөнөтүн узартуу үчүн пайыздар”.

49. 14112 “Берилген бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча пайыздар” эсебинде төмөнкүлөр эсепке алынат:

- берилген бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча пайыздар, ошондой эле жергиликтүү бюджеттерден берилген кредиттер боюнча пайыздар (14112100);

- мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктеринен берилген ссудалар жана кредиттер боюнча пайыздар (14112200).

50. 1412 “Дивиденддер жана пайда” топчосу 14121 “Дивиденддер” жана 14122 “Пайда” эсептерин камтыйт.

14121 “Дивиденддер” эсебинде төмөнкүлөр эсепке алынат:

- акциялардын мамлекеттик, муниципалдык пакетине чегерилген дивиденддер түрүндө алынган кирешелер (14121100);

- Социалдык фондго таандык болгон ишканалардын акциялары боюнча дивиденддер (14121200);

- Финансылык эмес активдердин эсебинен акциялардын мамлекеттик, муниципалдык пакеттери боюнча чегерилген дивиденддер түрүндө алынган кирешелер (14121300).

14122 “Пайда” эсебинде төмөнкүлөр эсепке алынат:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан алынган пайдадан чегерүүлөр (14122100);

- Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын пайдасы (14122200).

51. 1415 “Ижара акы жана ресурстарды колдонуу жана иштетүү үчүн жыйымдар” топчосунда 14151 эсебинде пайдалуу кен чыккан жерлерди жана казылма отундардын кендерин издөө, чалгындоо, иштетүү жана пайдалануу укугу үчүн жыйымдар, ошондой эле жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акча каражаттары, анын ичинде пайдалуу казындылардын же казылма отундардын кендерин чалгындоо жана иштетүү, издөө-баалоо иштеринин натыйжасында оң баа алган пайдалуу казындылардын кендеринин өнөр-жайлык маанисин аныктоо максатында ишке ашырылуучу изилдөөлөрдүн жана иштердин жыйындысы үчүн жыйымдар эсепке алынат. Мындай түшүүлөрдү эсепке алуу үчүн төмөнкү элементтер каралган:

- 14151100 - пайдалуу казындылардын кендерин же/жана казылма отундарды иштетүү укугу үчүн, анын ичинде аукциондук жана конкурстук жер казынасын пайдалануу объекттерин, ошондой эле жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс жана/же аукционго катышуу үчүн катышуучулар (төлөөчүлөр) тарабынан төлөөгө тийиш болгон жыйымдар эсепке алынат.

- 14151200 - Кыргыз Республикасында пайдалуу казындылардын кендерин издөө жана/же чалгындоо жана /же иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдар эсепке алынат.

14152 эсебинде табигый ресурстарды пайдалануу үчүн жыйымдар жана төлөмдөр, анын ичинде жер, токой жана суу фонддорун пайдалануудан түшкөн кирешелер эсепке алынат. Мындай түшүүлөрдү эсепке алуу үчүн төмөнкү элементтер каралган:

- 14152100 - калктуу конуштардагы жердин ижарасы үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14152200 - жайыт жерлерин мал жаюуга пайдалануу үчүн жыйымдар эсепке алынат;

- 14152310 - айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын жана чыгымдардын ордун толтуруудан республикалык бюджетке төлөм эсепке алынат;

- 14152320 - токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана зыяндарынын ордун толтуруудан республикалык бюджетке төлөм эсепке алынат.

Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруудан республикалык бюджетке акы төлөө. Айыл чарба жерлерин айыл чарба багытындагы, токой, суу фондунун жана запастагы жерлердин категорияларынан айыл чарбалык жана токой чарбалык өндүрүшкө байланышпаган жерлердин башка категорияларына же чарба жеринин түрлөрүнө которууда (трансформациялоодо) “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык жоготуулардын жана алынбай калган пайданын наркынын суммасы төлөнүп берилет. Айыл чарба жана токой чарба жоготууларынын ордун толтуруудан түшкөн каражаттар республикалык бюджетке, алынбай калган пайданын ордун толтуруудан түшкөн каражаттар - жергиликтүү бюджетке түшөт;

- 14152400 - алынбай калган пайданы ордун толтуруудан жергиликтүү бюджетке төлөм эсепке алынат;

- 14152500 - жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкесинде жана жол боюндагы тилкеде жайгашкан жер участокторун ижарага берүүдөн төлөм эсепке алынат;

- 14152600 - айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануу үчүн ижара акысы эсепке алынат;

- 14152700 - өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин, козу карындарды жана мамлекеттик токой фондун пайдалануу үчүн жыйымдар эсепке алынат;

- 14152800 - суу ресурстары жана суу обьекттерин пайдалануу үчүн төлөм эсепке алынат;

- 14152900 - жогоруда келтирилген классификациянын элементтеринде каралбаган жаратылыш активдерин пайдалануу үчүн башка төлөмдөр кирет.

14153 “Курчап турган чөйрөнү булгагандык үчүн жыйым” эсеби өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 14153100 - курчап турган чөйрөнү булгаган үчүн жыйымдар эсепке алынат;

- 14153200 - керектөөчүлүк касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетүүгө тийиш болгон сымап камтыган буюмдарды өндүрүүчүлөрдөн, импорттоочулардан түшүүлөр эсепке алынат.

52. 142 “Товарларды сатуудан жана кызмат көрсөтүүдөн кирешелер” тобунда, 1421 топчосунда ижара үчүн акы эсепке алынат.

14211 эсебинде мүлктү ижарага берүү үчүн акы эсепке алынат. Мүлктү ижарага берүү үчүн акы мамлекеттик менчик болуп саналган жайларды, имараттарды, жана курулмаларды (14211100) жана муниципалдык менчикти (14211200), ошондой эле башка мүлктү (14211900) ижарага берүүдөн түшүүлөр болуп бөлүнөт. Ижара акысы ижара тууралуу мыйзам талаптарына ылайык түзүлгөн келишимде каралган тартипте жана шартта бул мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижарачы тарабынан төлөнөт. Коммуналдык кызматтарды төлөө ижара тууралуу келишимде каралган тартипте ижарага берүүчүлөрдүн эсебине котрулат. Башка мүлктүн ижара акысынын түшүүлөрүнө, мисалы жабдуу же инвентарь, транспорттук каражаттар жана башкалар үчүн ижара акысы кирет. 14212 эсебинде материалдык эмес активдердин ижарасы үчүн акы эсепке алынат жана 14212100 элементин өзүнө камтыйт, ал радиожыштыктар спектринин тилкесин пайдалануу укугу үчүн конкурс өткөрүүдөн түшкөн каражаттарды эсепке алуу үчүн колдонулат.

53. 1422 “Жыйымдар жана төлөмдөр” топчосунда төмөнкү эсептер каралган:

1) 14221 “Төлөмдөр” эсеби төмөнкү элементтерди өзүнө камтыйт:

- 14221300 - мамлекеттик лотереяларды өткөрүүдөн түшүүлөр эсепке алынат;

- 14221400 - кулак биркаларын сатуудан түшүүлөр эсепке алынат;

- 14221500 - мөөнөттүү аскер кызматынын ордуна берилүүчү кызмат жана жыйын түрлөрүн өткөндүгү үчүн жыйымдар эсепке алынат;

- 14221600 - байланыш тармагын өнүктүрүүгө чегерүүлөр эсепке алынат;

- 14221700 - радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия алуу үчүн тооруктардын (аукцион, конкурс) жыйынтыгы боюнча радиожыштык спектрин пайдалануу, номерлөөнүн бөлүнгөн ресурсу үчүн алынуучу жыйымдар эсепке алынат;

- 14221800 - баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка тиричилик буюмдарын сыноо, талдоо жана эн тамга коюу үчүн жыйымдар эсепке алынат;

-14221900 - бюджеттик классификациянын жогоруда келтирилген элементтеринде каралбаган акча каражатарын эсепке алуу жүргүзүлөт;

2) 14222 “Алымдар”, мында алымдар - бул тийиштүү мамлекеттик органдар - сот, нотариат же башка атайын ыйгарым укуктуу органдар тарабынан белгилүү бир иш-аракеттерди аткарууда жана юридикалык мааниси бар документтерди берүүдө өндүрүп алуучу акчалай жыйым.

Алымды төлөөчүлөр болуп жеке жана юридикалык жактар эсептелет. Мындай түшүүлөрдү эсепке алуу үчүн төмөнкү элементтер каралган:

- 14222100 - бул элементте Кыргыз Республикасынын жаранына паспорт жана Кыргыз Республикасынын жаранына жалпы жарандык паспорт берүү үчүн мамлекеттик алым эсепке алынат;

- 14222200 - бул элементте юстиция органдары тарабынан өндүрүп алынуучу мамлекеттик алым эсепке алынат, анын ичинде:

а) нотариалдык конторалар жана нотариалдык аракеттерге ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жасагандыгы, ошондой эле нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөсүн (дубликатын) бергендиги үчүн;

б) жарандык абалдын актыларынын жазууларына өзгөртүүлөр, толуктоолор, оңдоолор жана калыбына келтирүүлөр киргендигине байланыштуу жарандык абалдын актыларын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү жана күбөлүктөрдү жарандарга кайтадан берүү үчүн;

- 14222300 - бул элементте мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайра кароо жөнүндө даттануулардан тышкары, сотко берилген доо жана башка арыздар менен даттануулардан, ошондой эле сот тарабынан документтердин көчүрмөлөрүн берилгендиги үчүн сот органдары тарабынан өндүрүлүп алынуучу мамлекеттик алым эсепке алынат;

- 14222400 - интеллектуалдык менчик объекттерине өзгөчө укук берүү, салттуу билимдер, патентке ишеним берилген өкүлдөрдү аттестациялоо жана каттоо үчүн патенттик жана башка алымдардын, жыйымдардын түшүүлөрү эсепке алынат. Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жайлык үлгүлөрдү, селекциялык жетишкендиктерди патенттөөдөн, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын каттоо, товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдалануу укугун берүү үчүн түшүүчү акча каражаттарын эсепке алуу жүргүзүлөт;

- 14222500 “Декларациялоодо нотариалдык аракеттерди жасоо үчүн алынуучу мамлекеттик алым”;

- 14222600 - бир чарба жүргүзүүчү субъектте чет өлкөлүк жумушчулар үчүн белгиленген лимиттин чегинде жана белгиленген лимиттен ашык чет өлкөлүк адиске, ошондой эле жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адистерге, чет өлкөлүк жеке ишкерлерге жумушка уруксат берүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары жумушка орноштурууга байланыштуу ишке укук үчүн мамлекеттик алым эсепке алынат;

- 14222710 - лицензияланууга тийиш болгон ишкердик иш менен алектенүүнү каалаган жарандар жана жеке менчиктин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү бардык субъекттер тарабынан төгүлүүчү лицензия берүү үчүн мамлекеттик алымдар эсепке алынат;

- 14222720 - автомобиль жана суу транспорту чөйрөсүндө лицензияларды жана уруксаттарды берүүдө мамлекеттик алымды алуудан түшкөн каражаттар эсепке алынат;

- 14222800 - ишкердик иштин жана анын натыйжаларынын милдеттүү мамлекеттик талаптарга шайкештиги, инвестициялык жана башка документтерди милдеттүү түрдө макулдашуу жөнүндө ар кандай документтерди, маалымкаттарды, сертификаттарды, уруксаттарды берүүдөн түшкөн мамлекеттик алымдар эсепке алынат;

- 14222900 - башка мамлекеттик алымдар эсепке алынат.

3) 14223 “Бир жолку декларациялык төлөм” эсеби өзүнө 14223100 “Бир жолку декларациялык төлөм” элементин камтыйт.

4) 14224 “Жыйымдар” эсебинде мамлекет тарабынан белгиленген жана бир жолку мүнөздөгү, мамлекеттик органдар тарабынан кызмат көрсөтүүлөр үчүн милдеттүү акчалай төгүмдөр эсепке алынат. Мындай түшүүлөрдү эсепке алуу үчүн төмөнкү элементтер каралган:

- 14224110 - Мамлекеттик каттоо үчүн жыйымдар, анын ичинде атайын продукцияларды, юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик (салыктык, эсептик) каттоо, ошондой эле аларды кайра каттоо үчүн, ишин токтотууну мамлекеттик каттоо үчүн, эсептик каттоо, эсептик каттоодон чыгаруу, жеке ишкерлерди мамлекеттик каттоо үчүн, кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо үчүн, кыймылдуу мүлк күрөөсүн мамлекеттик каттоо үчүн, транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо , ошондой эле аларды кайра каттоо үчүн жыйымдар эсепке алынат. Аны менен бирге баалуу кагаздарды чыгарууну мамлекеттик каттоо үчүн жыйым эсепке алынат;

- 14224120 - автомототранспорттук каражаттарды каттоо үчүн жыйымдар эсепке алынат;

- 14224200 - калктуу конуштардын таштандысын/калдыктарын чыгаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген жыйым эсепке алынат;

-14224300 - атайын жабдылган жана бөлүнгөн жерлерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген автотранспортту парковкалоо жана токтотуу үчүн жыйымдар эсепке алынат; -14224410 - алкоголдук продукцияны дүң жана чекене сатууга лицензия алган субъекттерден этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти ишке ашыруу үчүн жыйымдар эсепке алынат; -14224420 - өндүрүү жана жүгүртүүгө лицензия алган субъекттерден этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти ишке ашыруу үчүн жыйымдар эсепке алынат; -14224510 - транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана өлчөө, жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорттук каражаттарды өткөрүү үчүн жыйымдар; жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн жыйымдар, автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар боюнча өтүү үчүн жыйымдар эсепке алынат;

- 14224520 - транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүү үчүн жыйым эсепке алынат;

- 14224600 - апостиль коюу үчүн жыйымдар эсепке алынат;

-14224700 - баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдарга ылайык баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун квалификациялык күбөлүгүн алуу үчүн жыйымдар эсепке алынат;

- 14224800 - товардык кампаларды жана кампа күбөлүктөрүн жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдарга ылайык, товардык кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине каттоо жөнүндө күбөлүктү берүү үчүн жыйымдар эсепке алынат;

- 14224900 - жогоруда келтирилген элементтер боюнча каралбаган жыйымдар эсепке алынат.

54. 1423 “Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр” топчосунда “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын реестрине ылайык алынган мамлекеттик органдардын жана мекемелердин кирешелери чагылдырылат. Мындай түшүүлөрдү эсепке алуу үчүн төмөнкү эсептер каралган:

1) 14231 “Медициналык кызматтар” эсеби өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 14231100 - амбулатордук деңгээлде (фельдшерлик-акушердик пункттар, үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, үй-бүлөлүк медицина борборлору, жалпы дарыгерлик практика борборлору, улуттук, облустук жана республикалык борборлор) Мамлекеттик кепилдиктер программасында көрсөтүлгөн көлөмдөгү консультативдик-диагностикалык жардам үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14231200 - амбулатордук деңгээлде (дарылоо процедураларын дайындоо, рецепттерди жазуу, пациенттерге медициналык документтерди жана сунуштарды берүү) дарылоо иш чараларын жүргүзүү үчүн Мамлекеттик кепилдиктер программасында каралган көлөмдөн ашыкча түшүүлөр эсепке алынат;

- 14231300 - медициналык-санитардык жардам менен жарандарды камсыздоо боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программасында көрсөтүлбөгөн стационарды алмаштыруучу бөлүмдөрдө медициналык жардам көрсөтүү үчүн түшүүлөр эсепке алынат;

- 14231400 Мамлекеттик кепилдиктер программасында көрсөтүлгөн көлөмдөн тышкары адистештирилген стационарларда (терапевдик, педиатрдык, хирургиялык, акушер-гинекологиялык профилдеги жана башка) медициналык жардам көрсөтүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14231500 - Мамлекеттик кепилдиктер программасынын каржылоо көлөмүнөн ашыкча көрсөтүлүүчү, алар алган кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын төлөөдө жарандардын катышуусу катары түшкөн каражаттар эсепке алынат;

- 14231600 - Мамлекеттик кепилдиктер программасында көрсөтүлгөн көлөмдөн ашыкча стамотологиялык жардам көрсөтүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14231700 - табыштамалар жана келишимдер боюнча дезинсекциялык, дезинфекциялык жана дератизациялык чараларды жүргүзүү үчүн түшүүлөр чагылдырылат;

- 14231800 - медициналык жардамдын жогорку технологиялык түрлөрүн көрсөтүү үчүн төлөмдөр (белгиленген квотадан тышкары) эсепке алынат;

- 14231900 - бюджеттик классификациянын жогоруда келтирилген элементтеринде каралбаган медициналык кызматтар үчүн башка төлөмдөр эсепке алынат;

2) 14232 “Билим берүү жана маданий кызмат көрсөтүүлөр” эсеби өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 14232100 - Мамлекеттик окуу жайларда (жогорку, атайын орто жана кесиптик-техникалык окуу жайларында) контракттык окутуу үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14232200 - жалпы билим берүүчү мектептердин бүтүрүүчүлөрүн өзгөчө үлгүдөгү документтерди алууга талапкерлерди тестирлөөдөң өткөрүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат .

- 14232300 - кесиптик-техникалык окуу жайлардын окуучулары даярдаган продукцияны сатуудан түшүүлөр, ошондой эле жатаканаларда, мейманканаларда жашоо үчүн төлөмдөр чагылдырылат;

- 14232400 - мектепке чейинки жана мектеп мекемелери тарабынан окуу программаларын тереңдетип окутуп үйрөтүү үчүн кошумча сабактар, ийримдер түрүндө кошумча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14232500 - окутуу программаларын, семинарларды, конференцияларды уюштуруу жана өткөрүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат.

- 14232600 - Жогорку окуу жайга чейин, жогорку окуу жайдан кийин жана кошумча билим берүү үчүн түшүүлөр эсепке алынат;

- 14232700 - театралдык постановкаларды, атап айтканда: спектакль, балет, опера, цирк программасы, концерттик программа ж.б. көрсөтүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14232800 - маданият мекемелерине, маданият чөйрөсүндө залдарды жана жайларды, маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин жабдууларын, инвентарларын берүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14232900 - бюджеттик классификациянын жогоруда келтирилген элементтеринде каралбаган билим берүү жана маданий кызмат көрсөтүүлөр үчүн башка төлөмдөр эсепке алынат;

3) 14233 “Социалдык кызмат көрсөтүүлөр” эсеби өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 14233100 - Мамлекеттик программалардын, өкмөттөр аралык жана башка расмий макулдашуулардын алкагында жумуш издеген Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн чет өлкөдө ишке орношууга көмөк көрсөтүү үчүн түшүүлөр эсепке алынат;

- 14233200 - чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана иштөөгө уруксат берүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14233300 - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын Интернет-журналына илимий макалаларды жарыялоо үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14233400 - жолугушуулар үчүн жогорку ыңгайлуулуктагы бөлмөлөрдү берүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14233500 - Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ден соолугун чыңдоо үчүн санаториялык-курорттук жолдомолорду берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр эсепке алынат - медициналык көрсөткүчтөргө ылайык 1-топтогу майыптуулугу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коштоп жүргөн адамга – 50% женилдик, 2-топтогу майыптуулугу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коштоп жүргөн адамга - 50% женилдик, 3-топтогу майыптуулугу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коштоп жүргөн адамга - 30% жеңилдик берилет;

- 14233600 - Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине ылайык, врачтын жолдомосу боюнча майыптуулук тобу жок муктаж жарандарга, белгиленген тизмектерден тышкары протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоо жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр эсепке алынат;

- 14233900 - бюджеттик классификациянын жогоруда келтирилген элементтеринде каралбаган социалдык кызматтар үчүн башка төлөмдөр эске алынат;

4) 14234 “Каттоо, маалымкаттарды, күбөлүктөрдү жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана дубликаттарын берүү кызматтары” эсеби өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 14234100 - байланыш жабдууларына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө, ошондой эле радио жыштыктагы нурланууну берүүчү же жогорку жыштыктуу электромагниттик толкундардын булагы болуп саналган башка техникалык каражаттарга шайкештик сертификатын берүү үчүн түшүүлөр чагылдырылат;

- 14234200 - аскерге милдеттүүлөргө, мөөнөттүү жана контракттык кызматтардагы аскер кызматчыларына, прапорщиктерге жана офицерлерге аскердик-каттоо документтеринин дубликаттарын берүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14234300 - Окумуштуулук даражаны ыйгаруу жөнүндө дипломду жана окумуштуу наамын ыйгаруу жөнүндө аттестатты берүү, чет мамлекеттер тарабынан берилген окумуштуулук даражаларды ыйгаруу жана окумуштуулук наамдарын ыйгаруу жөнүндө документтерди нострификациялоо жана илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды кайра аттестациялоо үчүн түшүүлөр чагылдырылат;

- 14234400 - маалымкаттарды, күбөлүктөрдү, дубликаттарды, ишеним каттарын жана полистерди берүү үчүн түшүүлөр чагылдырылат;

- 14234500 - эл аралык стандарттын талатарына ылайык лабораториялардын, продукцияны сертификаттоо боюнча органдардын, персоналдын жана башкалардын компетенттүүлүгүн тастыктоо үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14234600 - сертификаттарды берүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14234700 - апостиль коюу боюнча кызмат көрсөтүу үчүн төлөө эсепке алынат;

- 14234900 - каттоо, маалымкаттарды, күбөлүктөрдү жана башка документтерди берүү боюнча классификацияланбаган кызмат көрсөтүүлөр үчүн башка төлөмдөр эсепке алынат;

5) 14235 “Изилдөө, талдоо, баалоо жана эксперттөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр” эсеби өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 14235100 - табыштамалар жана келишимдер боюнча дезинфекциялык каражаттардын активдүүлүгүн аныктоо үчүн төлөм эсепке алынат;

- 14235200 - өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында, аңчылык жерлеринде жана мамлекеттик токой фондунун жерлеринен тышкары жерлерде өнөр жайлык таштандыларга, агын сууларды жана жер ресурстарынын булганышына пландан тышкары лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана пландан тышкары токой аңчылык куруу илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн түшүүлөр чагылдырылат;

- 14235300 - Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттарынын, стандартташтыруу эрежелеринин жана стандартташтыруу жаатындагы сунуштардын, уюмдардын стандарттарынын долбоорлорун экспертизадан өткөрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен Тематикалык пландан тышкары окуу китептеринин, окуу-усулдук колдонмолордун жана дидактикалык материалдардын кол жазмаларын экспертизадан өткөрүү жана башка экспертизалар үчүн төлөмдөр эсепке алынат. Ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын социалдык-укуктук мүнөздөгү суроо-талаптары боюнча, өтүнмөлөр жана маалымат келишимдери боюнча жумушчу зонанын абасын изилдөө (санитардык-химиялык изилдөөлөр) жана башка изилдөөлөр үчүн төлөмдөр эсепке алынат. Жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча криминалистик, инженердик-техникалык, экономикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү ж.б.;

- 14235400 - жалпы билим берүүчү уюмдардын окуучуларынын жалпы башталгыч, негизги жалпы, орто (толук) жалпы билиминин билим деңгээлин тестирлөө жүргүзүү, жеке жактар үчүн кыргыз тилин билүү деңгээлин баалоо жүргүзүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14235500 - өсүмдүктөргө, топурак кыртышына, сугат сууларына пестициддердин жана агорхимикаттардын калдыктарынын болушуна, ошондой эле алардын стандарттарга жана техникалык шарттарга ылайыктуулугуна химиялык талдоо жүргүзүү, а/ч товар өндүрүүчүлөрүнүн табыштамалары боюнча жер кыртышында азык заттардын жана гумустун болушуна мониторинг жүргүзүү, айыл чарба жерлерин, бак-дарактарды, өсүмдүктөрдөн алынуучу продукция менен иши байланыштуу болгон ишканаларды жана чектеш аймактарды изилдөө, жеке жана юридикалык жактардын табыштамалары боюнча үлгүлөрдү алуу жана лабораториялык экспертизаларды жүргүзүү менен (энтомологиялык эксперттөө, гербологиялык эксперттөө, фитопатологиялык экспертиза) карантиндик обьекттерди аныктоо, үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14235600 - экспорттоодо ветеринардык коштоочу документтерди берүү менен клиникалык кароо жана термометрия, жана экспорттоодо малдан алынуучу азыктарды жана чийки заттарды, тоюттарды, тоют кошулмалаларын, ветеринардык дары каражаттарын жана препараттарды кароо үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14235700 - өтүнмөлөр жана келишимдер боюнча тамак-аш продукцияларынын генетикалык модификацияланган булактарын табуу үчүн санитардык-химиялык, токсикологиялык, микробиологиялык, радиометрикалык экспертизалардын изилдөөлөрүнөн түшкөн акча каражаттары эсепке алынат;

- 14235800 - жеке жана юридикалык жактардын табыштамалары боюнча ветеринардык дары каражаттарынын натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна экспертиза жүргүзүүдөн түшкөн акча каражаттары жана Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жана республиканын аймагына ташылып келинүүчү дары-дармек каражаттарына ветеринардык экспертизадан түшүүчү акча каражаттары эсепке алынат;

- 14235900 - изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертизалоо боюнча классификацияланбаган кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр кошулат;

6) 14236 “Маалымат берүү жана басма сөз кызматтарын көрсөтүү” эсеби өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 14236100 - диссертациялардын авторефераттары жана диссертациялар боюнча маалыматты берүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14236200 - статистикалык байкоолорду жүргүзүү, статистикалык маалыматтарды берүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14236300 - маалыматты издөө, тандоо жана берүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14236400 - илимий-техникалык адабияттын көчмө көргөзмөлөрүн уюштуруу, музей коллекцияларын көргөзүү, экскурсовод менен экспозициялар жана көргөзмөлөр боюнча экскурсия уюштуруу үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14236500 - документтерди убактылуу пайдаланууга берүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14236600 - жарандарды документтештирүү жана документтерди тариздөө үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

-14236700 - жер казынасы жөнүндө геологиялык жана башка маалыматтарды камтыган документтер, ошондой эле аларды пайдалануу менен түзүлгөн маалыматтык продуктулар үчүн төлөмдөн түшкөн акча каражаттары эсепке алынат;

- 14236800 - Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканалардан илимий-техникалык адабиятты жана документацияларды сканерлөө жана көчүрмөлөө үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14236900 - маалымат берүү жана басма сөз боюнча классификацияланбаган кызмат көрсөтүүлөр үчүн башка төлөмдөр эсепке алынат;

7) 14237 “Коопсуздукту жана сактоону камсыз кылуу” эсеби өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 14237100 - зыянкечтерге каршы химиялык жана биологиялык иштетүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14237200 - карантиндеги продукттарды, каражаттарды жана имарат жайларды зыянсыздандыруу үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14237300 - карантиндик изолятордо жаныбарларды кармоо үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14237400 - товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык коштоо үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14237500 - документтерди даярдоо, кабыл алуу жана сактоо үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14237600 - келишимдер боюнча обьекттерди кайтаруу жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14237700 - оңой тутануучу, таасири күчтүү, уулуу заттарды коштоо үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14237800 - арыз берүүчүнүн демилгеси боюнча документтерди, ошондой эле мекемелер үчүн иштердин жеке жана тармактык номенклатурасын мамлекеттик сактоого өткөрүп берүүгө даярдоо үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14237900 - коопсуздукту жана сактоону камсыз кылуу боюнча классификацияланбаган кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

8) 14238 “Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү” эсеби өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 14238100 - суу пайдалануучуларга суу берүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14238200 - өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын обьекттерине баруу үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14238300 - жыгач жана көчөт материалын сатуу үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14238400 - эл аралык патенттик классификация боюнча теманы классификациялоо үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14238500 - эл аралык патенттик классификация, универсалдуу ондук классификация боюнча теманы классификациялоо, УДК боюнча диссертациялардын (макалаларды) авторефераттарын индекстөө үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14238600 - бакча курулмаларын орнотуу жана пайдалануу үчүн схеманын картасын иштеп чыгуу үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14238700 - суу алдындагытехникалык, суучулдук иштерди жана дайвингди уюштуруу жана жүргүзүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14238800 - иш-чараларды форматтан тышкары өткөрүү жана уюштуруу үчүн төлөм эсепке алынат;

- 14238900 - Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын Реестрине ылайык башка кызмат көрсөтүү түрлөрү боюнча классификацияланбаган кызматтар үчүн башка төлөмдөр эсепке алынат;

9) 14239 “Башка түшүүлөр” эсеби өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 14239100 - жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн түшкөн акча каражаттары эсепке алынат;

- 14239200 - биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөр эсепке алынат (эл аралык институттардан демөөрчүлүк жардам);

- 14239300 - жеке өндүрүш товарларын сатуудан түшкөн каражаттар эсепке алынат;

- 14239400 - мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер тарабынан келишимдик негизде берилүүчү ведомстволор аралык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм эсепке алынат;

- 14239500 - ченемдик укуктук актыларга ылайык белгиленген жогору жана төмөн турган мекемелердин чегерүүлөрү эсепке алынат;

- 14239700 - бирдиктүү төлөөчү системасында медициналык жана башка кызмат көрсөтүүлөр үчүн түшүүлөр эсепке алынат;

- 14239900 - бюджеттик классификациянын жогоруда келтирилген элементтеринде каралбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү категориясына караштуу дагы башка түшүүлөр эсепке алынат.

55. 143 “Айыптар, туумдар, санкциялар, конфискациялар” тобунда, 1431 “Айыптар, туумдар, санкциялар, конфискациялар” топчосунда 14311 “Айыптар, туумдар, санкциялар, конфискациялар” эсеби каралган. Ал төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 14311110 - юридикалык жана жеке жактар тарабынан жол берилген укук бузуулар үчүн төлөнүүчү айыптар эсепке алынат;

- 14311120 - айыптарды өз учурунда төлөбөгөндүгү үчүн акча каражаты эсепке алынат;

- 14311130 - Мамлекеттик салык кызматынын айыптары эсепке алынат;

- 14311140 - Мамлекеттик салык кызматынын айыптары боюнча туумдар, финансылык санкциялар эсепке алынат;

- 14311150 - жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген салмак габариттик параметрлеринин жол берилген ченемдерин сактабагандыгы (ашыргандыгы) үчүн айыптар эсепке алынат;

- 14311200 - КР Кылмыш-жаза кодексинин “Контрабанда” 204-беренеси боюнча сот чечими менен белгиленген контрабандалык укук бузуулардын жана (же) кылмыш жасоолордун куралы же предмети болуп саналган предметтерди сатуудан түшкөн кирешелер эсепке алынат;

- 14311300 - фискалдык жана укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн оперативдүү иш чараларга ылайык, ошондой эле мүлктү мамлекеттин пайдасына конфискациялоо жөнүндө соттун чечимдерине ылайык конфискацияланган, ээси жок жана ээсиз калган мүлктү сатуудан түшкөн акча каражаттары түшүүлөрү эсепке алынат;

- 14311410 - жүргүзүлгөн контролдук-көзөмөлдөө иш-чаралардан түшүүлөр эсепке алынат, аларга жеке жана юридикалык жактар мыйзамда белгиленген финансылык жол-жоболорду бузганда, кол коюлган макулдашууларды, келишимдерди жана мамлекеттик милдеттенмелерди аткарбай учурда мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өндүрүлүп алынуучу каражаттар кирет. Мисалы, Эсептөө палатасынын жазма буйругуна ылайык бюджеттик каражатты максатсыз пайдалануу жана казыналык системасынан сырткары чыгымдоо фактылары боюнча, макулдашуулар, келишимдер же дагы башка мамлекеттик милдеттенмелер бузулган учурда, ошондой эле монополияга каршы мыйзамдарда белгиленген жөнгө салуу талаптарынан четтегенде жана фискалдык жана укук коргоо органдары тарабынан документалдык текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган финансылык бузууларда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан өндүрүп алынуучу айыптык санкциялар;

- 14311420 - “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун алкагында, аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен катталган жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуулар үчүн өндүрүлгөн айыптар эсепке алынат;

- 14311430 - “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен катталган жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн өндүрүлгөн айыптарды өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн акча каражаттары эсепке алынат;

- 14311500 - бул элементте Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген өзгөчө ири өлчөмдөгү экономикалык кылмыштар боюнча келтирилген зыяндын ордун толуктоо эсепке алынат.

Экономикалык кылмыштарга укукка каршы, жеке пайда табуу үчүн, мамлекетке, ишкердикке, жарандарга материалдык зыян келтирүүчү, жазык-жазалануучу кылмыш жосундарынын жыйындысы кирет, алар легалдуу экономикалык иштин алкагында жана аны жамынып жасалат;

- 14311600 - жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине, мамлекеттик токой фондуна жана козу карындарга келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча, ошондой эле курчап турган чөйрөнүн булганышына, жаратылыш жана суу ресурстарынын түгөнүшүнө, адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө чыныгы коркунуч туудурган жаратылыштын экологиялык системасынын бузулушуна, кыйрашына алып келген аракеттер үчүн төлөмдөр эсепке алынат;

- 14311700 - жерлердин бузулушунун натыйжасында пайда болгон айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу боюнча түшүүлөр эсепке алынат;

- 14311800 - жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна келтирилген залалдын жана зыяндын ордун толтурууну эсепке алууга арналган;

- 14311900 Коррупциялык кылмыштарга байланыштуу жазык иштери боюнча зыяндын ордун толтурууданн түшкөн каражаттар эсепке алынат.

Коррупциялык кылмыштарга төмөнкү белгилер мүнөздүү:

- жазык-жаза жосунунун тиешелүү субъектисинин болушу, аларга Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында жана ченемдик мүнөздөгү сот практикасында функциялары жазылган кызмат адамдары кирет;

- субъекттин кызматтык абалы менен коомдук коркунучтуу жосундардын байланышы, ээлеген кызматынын же кызмат ордунун кызыкчылыктарына карабастан, өзүнүн түз милдеттеринен чегинүү;

- субъектте пайда көрүү мотивинин милдеттүү түрдө болушу;

- атайылап кылмыш жасоо.

56. 1432 “Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айыптар жана туумдар” топчосу 14321 “Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айыптар жана туумдар” эсебин өзүнө камтыйт, эсепке алуу үчүн төмөнкү элементтер каралган:

- 14321100 “Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында жана толук эмес которуу үчун чегерилген туумдар жана айыптар”;

- 14321200 “Милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында жана толук эмес которуу үчүң чегерилген туумдар жана айыптар”.

57. 144 “Мамлекеттик сектордун бирдиктерине ыктыярдуу трансферттер жана гранттар” тобу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке же юридикалык жактардан мамлекетке, бюджеттик мекемелерге каражаттарды кайтарымсыз түрдө өткөрүп берүүсүнүн башка формаларын камтыйт.

1441 “Мамлекеттик сектордун бирдиктерине ыктыярдуу трансферттер жана гранттар” тобу өзүнө төмөнкү эсептерди камтыйт:

- 14411 “Учурдагы” эсеби жана 14411100 “Мамлекеттик сектордун бирдиктерине учурдагы ыктыярдуу трансферттер жана гранттар” элементи учурдагы чыгымдарды (КР бюджетинин чыгымдар классификациясында каралган) жабуу үчүн жеке же юридикалык жактардан түшүүчү демөөрчүлүк жардамды эсепке алат;

- 14412 “Капиталдык” эсеби жана 14412100 “Мамлекеттик сектордун бирдиктерине капиталдык ыктыярдуу трансферттер жана гранттар” элементи капиталдык чыгымдарды (активдер жана милдеттенмелер менен болгон операциялар боюнча классификацияда каралаган) каржылоо үчүн жеке адамдардан жана юридикалык жактардан келип түшкөн демөөрчүлүк жардамды эсепке алат.

58. 145 “Дагы башка салыктык эмес кирешелер” тобу - 141ден 144кө чейинки топторго бөлүнбөгөн бардык башка салыктык эмес кирешелерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан бюджетке акча каражаттарынын түшүүсүн камтыйт.

14511 “Дагы башка салыктык эмес кирешелер” эсеби өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 14511110 “Мамлекеттин пайдасына айлантылган кирешелер”, бул кирешелерге бюджетке келип түшкөн, жана кандайдыр бир башка категориянын курамында эсепке алынбай турган каражаттар кирет, мында алар туруктуу негизде же бир жолку төлөм түрүндө болбогон түшүү мүнөзүнө ээ. Мындай төлөмдөр жана түшүүлөргө: кандайдыр бир себептер менен кайтарылган өткөн жылдардагы каражаттар, эл аралык долбоорлор жабылганда же дагы башка мекемелер жоюлганда пайдаланылбай калган акча каражаттарынын калдыгы, металл сыныктарын жана макулатураны тапшыруудан түшкөн каражаттар, “финансылык эмес жана финансылык активдерди сатуу” деңгээлдерине таандык болбогон жана ал боюнча эсепке алынбаган негизги фонддорду сатуудан түшүүлөр, ошондой эле мамлекеттик бюджеттин кирешеси катары квалификацияланбаган жана алардын түшкөн күнүнөн тартып 2 ай өткөнчө талап кылынбаган каражаттар кирет;

- 14511120 “Экономикалык мунапыс боюнча мамлекеттин пайдасына айлантылган кирешелер”, аларга бюджетке кошумча акчалай түшүүлөрдүн булагы катары бюджетке түшкөн каражаттар - экономикалык кылмыштардан келтирилген зыяндын ордун толтуруудан, легалдаштыруудан кийин мурда жашырылган кирешелер боюнча түшүүлөр кирет, алар башка эч кандай категориянын курамында эсепке алынбайт, ошол эле учурда, туруктуу негизде эмес түшүүлөр мүнөзүнө ээ;

- 14511130 - финансылык эмес активдердин эсебинен мамлекеттин пайдасына айлантылган кирешелер эсепке алынат;

- 14511200 - бул элемент боюнча чет элдик валютаны улуттук валютага конвертациялоодон келип чыккан пайда, б.а. казыналыктын валюталык эсептери боюнча операцияларды жүргүзүүдө жана аларды андан ары эсепке алууда , ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери тарабынан чет өлкөлүк валюталарды конвертациялоо боюнча операцияларды жүргүзүүсүндө келип чыккан курстук айырма эсепке алынат. Зыян тарткан учурда төлөмдүн суммасы минус белгиси менен эсепке алынат;

- 14511400 - жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдөн акча каражаттарынын түшүүлөрү эсепке алынат. Төлөөчү болуп катталган жерине карабастан пайдалуу казындылардын кендерин (көмүрдү, сымапты, минералдык жана термалдык сууларды жана курулуш материалдары катары, анын ичинде курулуш материалдар өндүрүшүндө чийки зат катары пайдаланылуучу пайдалуу казындыларды кошпогондо) иштетүүнү (казып алууну) ишке ашыруучу, жана кен казып алуунун жайгашкан орду боюнча облустардын, райондордун өнүктүрүү фонддоруна жана тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге чегерүүнү жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жак болуп саналат;

-14511900 - “Башка салыктык эмес кирешелер” өзүнө төмөндөгүдөй, башка категориялардын курамында аларды классификациялоо үчүн толук маалыматтар жетищсиз болгон кирешелерди камтыйт, ошондой эле буд деңгээлге алуучу тарабынан эки ай мөөнөт ичинде тактоолорду жана аныктоолорду талап кылган түшүүлөр кргизилиши мүмкүн (аныкталбаган түшүүлөр). Төлөмдүн таандыктыгы аныкталгандан кийин, каражаттар тиешелүү деңгээлде чагылдырылат. 14512 “Пенсиялык топтоо каражаттарынын түшүүсү” эсебине өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 14512100 - “МТПФга башкаруучу компаниялардан пенсиялык топтоо каражаттарынын түшүүсү”. Камсыздандырылган адамдарга пенсиялык топтоо каражаттарын төлөө үчүн башкаруучу компаниялардан Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна түшкөн пенсиялык топтоо каражаттар эсепке алынат;

- 14512200 - “МТПФга мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордон пенсиялык топтоо каражаттарынын түшүшү”. Пенсиялык топтоо каражаттарын төлөө үчүн мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордон Мамлекеттик топтоо пенсиялык фондуна түшкөн пенсиялык топтоо каражаттары эсепке алынат.

59. 14521 “Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан бюджетке акча каражаттарынын түшүүсү” эсеби 14521100 “Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан бюджетке акча каражаттарынын түшүүсү” элементин өзүнө камтыйт. Каражаттар Кыргыз Республикасынын Президенти аныктаган Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибине ылайык бюджетке которулат.

60. Эсепке алуу регистрлеринде бухгалтердик жазуулар элементтер боюнча жүргүзүлөт. Эсепке алуунун кассалык методу боюнча таанылган салыктык жана салыктык эмес кирешелердин түшүүсү 1 “Кирешелер” бөлүмүнөн акчалай агып келүүлөрүнүн тийиштүү элементтеринде дебет боюнча 7 “Кирешелер” бөлүмүнөн эсептелген кирешелердин тийиштүү элементтери менен корреспонденцияда чагылдырылат.

61. Бирдиктүү казыналык эсептеги калдыкты эсептөө үчүн, акча түшүүлөрүнө тиешелүү болгон бардык элементтер тийиштүү акча каражаттарынын контролдук эсебине (элементине) (41111110 “Бирдиктүү казыналык эсеп”, 41122110 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарындагы учурдагы эсептер” жана башкалар) жабылат.

62. Төмөндө акчалай агып келүүлөрдүнүн жана убактылуу элементтерди жабууга карата бухгалтердик жазуулардын мисалдары келтирилген:

№

Операция

Дебет боюнча элемент

Кредит боюнча элемент

1

Салык агенти төлөөчү киреше салыгынын түшүүсү

11111 100 Салык агенти төлөөчү киреше салыгы

71111 100 Салык агенти төлөөчү киреше салыгы боюнча кирешелер

2

Этил спиртине акциз салыгынын түшүүсү

11421 110 Этил спирти

71421 110 Акциз салыгы боюнча кирешелер –этил спирти

3

Жергиликтүү бюджеттерге теңдештирүүчү трансферттердин түшүүсү

13321 100 Теңдештирүүчү трансферттер

73311 100 Жергиликтүү бюджеттерге теңдештирүүчү трансферттер боюнча кирешелер

4

Капиталдык чыгымдар үчүн берилген бюджеттик ссудаларга жана кредиттерге карата пайыздык кирешелердин түшүүсү

14112 100 Берилген бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча пайыздар

74112 100 Бюджеттик ссудалар, кредиттер жана баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер

5

Чет мамлекеттердин өкмөттөрүнөн бюджеттик мекемелерге трансферттердин түшүүсү

13111 200 Капиталдык

73111 200 Чет мамлекеттердин өкмөттөрүнөн капиталдык трансферттер боюнча кирешелер

6

Бирдиктүү казыналык эсепке акчалай агыпкелүүлөрдүн убактылуу элементтерин жабуу– бюджеттик каражаттар

41111 110 Бирдиктүү казыналык эсеп

11111 100 Салык агенти төлөөчү киреше салыгы 11421 110 Этил спирти 13321 100 Теңдештирүчү гранттар 14112 100 Берилген бюджеттик суудалар жана кредиттер боюнча пайыздар 13111 200 Капиталдык 14311 110 Айыптар

Атайын каражаттар боюнча бухгалтердик жазуулар

7

Стоматологиялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын түшүүсү

14231 600 Стоматологиялык жардам көрсөтүү үчүн акы

74231 600 Стоматологиялык кызмат көрсөтүү акысы боюнча кирешелер

8

Колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык жогоруда турган уюмга медициналык стоматологиялык кызмат көрсөтүү үчүн алынган акы боюнча атайын каражаттардын бөлүгүн которуу

74231 600 Стоматологиялык кызмат көрсөтүү акысы боюнча кирешелер

14231 600 Стоматологиялык жардам көрсөтүү үчүн акы

9

Айыптар боюнча акынын түшүшү

14311 110 Айыптар

74311 110 Айыптар боюнча кирешелер

10

Лицензия берүү акысынын түшүшү

14222 700 Лицензияларды берүү үчүн мамлекеттик алым

74222 700 Лицензияларды берүү үчүн мамлекеттик алым боюнча кирешелер

11

Автоунааны токтотуу үчүн акынын түшүшү

41121 110 Касса

74224 300 Автотранспортту парковкалоо жана автотоктотмо үчүн жыйымдар боюнча кирешелер

12

Автоунааны токтотуу үчүн алынган акчалай каражаттарды БКЭке которуу

14224 300 Автотранспортту парковкалоо жана автотоктотмо үчүн жыйымдар

41121 110 Касса

13

Бирдиктүү казыналык эсепке акчалай агып келүүлөрдүн убактылуу элементтерин жабуу– атайын каражаттар

41111 110 Бирдиктүү казыналык эсеп – атайын каражаттар

14231 600 Стоматологиялык жардам көрсөтүү үчүн төлөө 14311 110 Айыптар

14224 300 Автотранспортту парковкалоо жана автотоктотмо үчүн жыйымдар

§ 2. 2 -бөлүк ЭБПнын экономикалык сегментинин “Чыгымдары”

63. ЭБПнын экономикалык сегментинин 2 санына башталган “Чыгымдар” бөлүмү чыгымдарга карата акчалай төлөмдөрдү (агылып кетүүлөрдү) эсепке алуу үчүн арналган. Бул бөлүмдүн элементтери убактылуу болуп саналат жана өзүнчө бюджеттик мекеменин балансын түзүүдө бюджеттик каражаттарга карата бул элементтер боюнча таза жүгүртүүлөр таза активдер 61113 100 “Мамлекеттик бюджеттен каржылоо” элементинде “жабылат”. Жалпысынан мамлекеттик башкаруу секторунун балансын түзүүдө бюджеттик каражаттарга таандык болгон бул бөлүмдүн элементтери 41111110 “Бирдиктүү казыналык эсеп” элементине “жабылат”. Атайын, эсептик жана депозиттик каражаттарга таандык кылынган бул бөлүмдүн элементтери, өзүнчө бюджеттик мекеменин дагы жана жалпысынан мамлекеттик сектордун дагы балансын түзүүдө 41111110 “Бирдиктүү казыналык эсеп” элементине “жабылат”.

64. 21 “Кызматкерлердин эмгек акысы” категориясына Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык кызматчыларга эмгек акы төлөө боюнча чыгымдар кирет. Кызматчылардын эмгек акысы отчеттук мезгилдин ичинде аткарылган иши үчүн, өздүк каражаттардын эсебинен капиталды топтоо менен байланышкан иштерди кошпогондо, акчалай формада мамлекеттик кызматчыга төлөнүп берилүүгө тийиш болгон толук акыны билдирет. (Ошол эле четтетуу эмгек акысынын бардык субкатегорияларына карата колдонулат) Бул категорияга эмгек акы (211) жана социалдык камсыздандыруу программаларына жумуш берүүчүлөр тарабынан кызматчылардын атынан жүргүзүлүүчү социалдык муктаждыктарга төгүмдөр/чегерүүлөр (212) кирет.

65. Кызматкерлердин эмгегине акы төлөө кызматкер тиешелүү мезгилдин ичинде аткарган иши үчүн жумуш берүүчүдөн алууга укуктуу болгон акчалай же натура түрүндөгү акынын өлчөмү жана жумуш аткарылыганына жараша же ал аяктагандан кийин аванс түрүндө төлөнө турган акы менен аныкталат.

66. 211 “Эмгек акы” тобу, социалдык муктаждыктар үчүн төгүмдөр/чегерүүлөрдөн (212) тышкары мамлекеттик кызматчыларга жумуш берүүчүлөр тарабынан жүргүзүлүүчү бардык төлөмдөрдү камтып турат. Ал акчалай формадагы төлөмдөрдү камтыйт. Аталган топко кызматчылардын эмгек акысынан чыгарып салуу жолу менен төлөнүүчү социалдык муктаждыктарга төгүмдөр/чегерүүлөр да киргизилет.

Эмгек акыга кызматкерлердин жумушка орношуу же өз функцияларын аткаруу процессинде тарткан чыгымдарынын ордун толтуруу кирбейт. Мисалы кызматкерлер жаңы жумушка орношууда тарткан транспорттук чыгымдардын, көчүүнүн наркынын же ага байланыштуу башка чыгымдардын ордун толтуруулар эмгек акы катары эсептелбестен, товарларды жана кызматтарды пайдалануу (22) катары классификацияланат. Бул категорияга ошондой эле кызматчы тарабынан жалан гана же негизинен өзүнүн ишин аткаруу үчүн зарыл болгон шаймандарга, жабдууларга, атайын кийимдерге атайын кийимге же башка буюмдарга кеткен чыгымдарынын ордун толтуруу да кирбейт. Орду толтурулуучу суммалар товарларды жана кызматтарды пайдалануу (22) болуп эсептелет. Эмгек акыга ошондой эле жумуш берүүчүлөр тарабынан балдарга, жубайына, балалуу үй-бүлөлөргө, билим алууга же башка багуудагы адамдарга жөлөкпулдар формасында төлөнгөн социалдык жөлөкпулдар, жумушка оорусуна, кырсыкка байланыштуу келбей калган кызматкерлерге же кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө болгон кызматкерлерге эмгек акынын толук же толук эмес ставкасы боюнча төлөп берүү кирбейт.

67. 2111 “Эмгек акы” топчосу кызматчкерлерге алар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтар үчүн, чыгарып салууларга, салыктарды жана социалдык камсыздандыруу программасына төгүмдөрдү кармап калууларга чейин акчалай формада төлөп берүүлөрдөн турат. Аталган топчосу базалык эмгек акы; мөөнөтүнөн ашык жана түнкүсүн иштегендиги үчүн кошумча акы, ошондой эле дем алыш күндөрү иштегендиги үчүн кошумча акы, жашоо наркынын өзгөрүшүнө байланыштуу үстөк акылар, чет өлкөгө кеткендигине байланыштуу жергиликтүү үстөк акылар; сый акылар;”он үчүнчү эмгек акы” сыяктуу жыл сайынкы кошумча төлөмдөр; иштеген жерине барууга жана кайра келүүгө бөлүнгөн каражаттар; расмий майрам күндөрү жана ар жылкы өргүүлөр үчүн төлөө; турак жай үчүн жөлөкпул. Топчо төмөнкү эсептерди камтып турат:

1) 21111 “Туруктуу кызматкерлердин эмгек акысы”;

2) 21112 “Убактылуу кызматкерлердин эмгек акысы”.

21111 “Туруктуу кызматкерлердин эмгек акысы” эсеби төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 21111100 “Негизги эмгек акыга” бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине негизги эмгек акысын төлөө боюнча чыгымдар кирет;

- 21111200 “Үстөк акысларга” квалификациялык разряд (аскердик наамдар, класстык чендер, дипломатиялык рангдар, атайын наамдар); мамлекеттик жана башка кызматтардын өзгөчө шарттары (зыяндуу жана коркунучтуу эмгек шарттары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тизмеге ылайык ыңгайсыз климаттык оор шарттар); көп жылдык эмгек; окумуштуулук даражалар; окумуштуулук наамдар; чет тилдерди билүүсү; айдоочулардын класстуулугу; жумушка дем берүүнү камсыз кылуучу жеке үстөк акылар үчүн төлөөлөр боюнча чыгымдар кирет;

- 21111300 “Кошумча төлөөлөр жана компенсацияларга” сый акы төлөө; материалдык жардам; жылдык иштин жыйынтыгы боюнча сый акы берүү; автордук аткаруу жана коюуга сыйакылар жана кызыктыруу мүнөзүндөгү төлөөлөр; эгерде ооруп калса же травма алса (өндүрүштүк кокустуктардан жана кесипчилик оорулардан сырткары) эгерде кызматкер өзү жаракат алган же ооруп калган учурда (өндүрүштөгү кырсыктардан жана кесиптик оорулардан тышкары) жумуш берүүчүнүн каражатынын эсебинен эмгекке жарамсыздыктын биринчи эки күнү үчүн жөлөкпул төлөөлөр; ар жылдык өргүүлөргө, окуу өргүүлөрүнө төлөө, пайдаланылбаган өргүү үчүн компенсация; кесипчилик даярдыктарга жиберилген кызматкерлердин окуу мезгили үчүн; квалификациясын жогорулатуу же башка кесиптерге окуутуу; түнкү убакта, майрам жана дем алыш күндөрү иштөө үчүн төлөө; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык дайындалган жеңилдетилген пенсиялык камсыздоо (мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу); жумушка барууга жана кайра келүүгө жол киреге бөлүнүүчү каражаттар; аскер кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине эмгек жылдары үчүн бир жолу берилүүчү жөлөкпул; жумуштан бошонууда берилүүчү жөлөк пул; жаңы жашаган жерине отурукташуу боюнча кеткен чыгымдар кирет.

21112 “Убактылуу кызматкерлердин эмгек акысы” эсеби 21112100 “Контракт же убактылуу негизде жалданган кызматкерлерг” элементтин камтыйт. Контракт менен иштегендерге (22151200 “Консультанттардын кызмат көрсөтүүлөрү” кошулбайт) жана убактылуу кыска мөөнөттүү негизде жалданган кызматкерлерге төлөө боюнча чыгымдар кирет.

68. Социалдык фондго төлөмдөр кызматчынын эмгек акысынын жалпы суммасынын бөлүгү болуп эсептелет жана жумуш берүүчү кызматкердин атынан Социалдык фондго которгон төгүмдөр кирет. Социалдык фондго төгүмдөр боюнча эсептөөлөр 2111 “Эмгек акы” топчосунун ар бир элементинен 8% өлчөмүндө жүргүзүлөт.

69. Киреше салыгы боюнча эсептөөлөр Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген өлчөмдө жүргүзүлөт. Киреше салыгы эмгек акынын жалпы суммасынан кармап калынат жана 2111 “Маяна” топчосунун элементтерине пропорционалдуу, кызматчынын ала турган киреше түрүнө жараша (негизги эмгек акы, материалдык жардам, өргүүгө чыгуу үчүн жөлөкпулдар ж.б.) эсепке алынат.

70. 212 “Социалдык керектөөлөргө төгүмдөр/чегерүүлөр” тобу социалдык муктаждыктарга төгүмдөр/чегерүүлөр мамлекеттик башкаруу секторунун бирдиктери тарабынан жүргүзүлө турган, айкын түрдө жүргүзүлгөн же шарттуу түрдө эсептелген, өз кызматкерлерине социалдык пенсияларды, анын ичинде пенсияларды жана пенсиялык башка жөлөкпулдарды алууга укук берген төлөмдөрдү билдирет.

21211 “Социалдык фондго төгүмдөр” эсебине кызматкерлерге социалдык жөлөкпулдарды, анын ичинде пенсияларды жана башка пенсиялык жөлөкпулдарды алуу укугун камсыз кылуу максатында социалдык камсыздандыруу апрограммаларына төгүмдөр. Автономдуу эмес пенсиялык фонддорду тейлеген мамлекеттик башкаруу секторунун бирдиктерин кошо камтыган, социалдык камсыздандыруу программаларын уюштуруу жана башкаруу үчүн жооптуу камсыздандыруу компанияларына, социалдык камсыздоо фонддоруна же башка институциалдык бирдиктерге төлөнүүгө тийиш болгон төгүмдөрдөн/чегерүүлөрдөн турат. 21211100 “Пенсиялык фондго, Милдеттүү медициналык камсыздоо фондуна, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна төгүмдөрү” элементти камтыйт.

71. 22 “Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жана пайдалануу”, бул категория рыноктук жана рыноктук эмес товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өндүрүшү үчүн пайдаланылуучу, өздү каражаттардын эсебинен капитал топтогондон башка товарлар жана кызматт көрсөтүүлөрдөн – ошондой эле, аякталбаган өндүрүштүн запастарынын таза өзгөрүүсүн алып салуу менен кайра сатуу үчүн сатылып алынган товарлар, даяр продукциялар жана кайра сатуу үчүн сакталган товарлардан турат.

Негизги фонддорду техникалык тейлөөгө жана учурдагы оңдоого чыгымдалган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууну билдирет. Илимий изилдөөлөрдө жана тажрыйбалык-конструктордук иштеп чыгуулар, персоналды окутуу жана башка ушул сыяктуу иштер үчүн пайдаланылуучу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр материалдык эмес негизги фонддорду сатып алуу катары эмес, алардын ичинен айрымдары бир жылдан ашкан мөөнөт аралыгында пайда алып келүүсү мүмкүн экендигине карабастан, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу катары чагылдырылат. Улуттук валютанын банкнотторун жана монеталарын даярдоо үчүн колдонулуучу материалдар же аларды даярдоо үчүн подрядчыларга төлөнүүгө тийиш болгон суммалар товарларды жана кызматтарды пайдалануу катары чагылдырылат. Банкнотторду же монеталарды чыгаруу финансылык операцияны билдирет, ал кирешелер менен да, чыгымдар менен да байланышкан эмес. Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу курал-жарактарды (мисалы, ракеталарды, снаряддарды жана аларга дүрмөттөрдү) жана бул курал-жараккты иштетүү үчүн аскер техникасын (мисалы, ракеталык түзүлүштөрдү иштетүү, аскер кемелери, суу алдындагы кемелер жана танктар) сатып алууну камтыйт. Аскердик, ошондой эле жарандык максаттарга да пайдаланылышы мүмкүн болгон обьекттерди, мисалы аскер аэдромдорун, докторду колледждерди, ооруканаларды жана кеңсе жабдууларын сатып алуу негизги фонддорду сатып алуу катары чагылдырылат. Бирок, полиция жана ички коопсуздук кызматтары тарабынан сатылып алынуучу курал жаактар же куралдуу транспорттук каражаттар негизги фонддорду сатып алуу катары чагылдырылат, аскер ведомстволорунун мындай жабдууларды сатып алуу чыгымдары товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу болуп эсептелет. Колдонуу максатына жараша мамлекеттик бирдиктер сатылып алган жана алардын жумушчулары тарабынан керектелүүчү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр байланыштуу товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жана пайдалануу катары классификацияланышы мүмкүн. Жалпы учурда, качан өзүнүн жумушунда аткаруу үчүн зарыл болгон товарларды же кызматтарды жумушчулар тарабынан пайдалануусу бул товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу болуп саналат. Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жана пайдаланууга жумушчуларга көрсөтүлүүчү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр түрлөрүнө төмөндөгүлөр кирет:

а) жумушта өзгөчө же башкы негизде колдонулуучу инструмент же жабдуу;

б) өзгөчө же башкы түрдө кийилүүчү кийим же бут кийим, мисалы, коргоо кийимдери, комбинезондор же формалык кийимдер;

в) жумуш ордунда жумушчулардын үй бүлө мүчөлөрү пайдалана албаган турак жай кызматтары, мисалы, казармалар, жатаканалар жана барактар;

г) өзгөчө эмгек шарттарына байланыштуу керектөө зарылдыгына карата атайын тамак жана суусундуктар, ошондой эле аскер кызматчыларына жана милдеттерин аткарууда турган башка жумушчуларга берилүүчү тамак жана суусундуктар;

д) кызматтык иш сапар учурунда көрсөтүлүүчү транспорттук жана мейманканалык кызматтар;

е) жумуштун мүнөзүнө жараша керектүү болгон чечинүүчү жайлар, даараткана, душ жана ванна бөлмөлөрү;

ж) жумуштун мүнөзү менен шартталган биринчи жардам көрсөтүү каражаттары, медициналык кароолор же ден соолугунун абалын башка текшерүүлөр;

з) Негизги фонддорду техникалык тейлөөгө же учурдагы оңдоого, персоналды окутууга жана башкаларга сатылып алынган жана пайдаланылуучу товарлар жана кызматтар.

72. 221 тобу төмөнкү топчолорду камтыйт:

- 2211 “Кызматтык иш сапарларга чыгымдар”;

- 2212 “Байланыш кызматын көрсөтүү”;

- 2213 “Ижара акысы”;

- 2214 “Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр”;

- 2215 “Дагы башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу”;

- 2216 “Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү берене менен берилген чыгымдар”;

- 2217 “Медициналык товарларды жана кызматтарды сатып алуу”;

- 2218 “Тамак аш азыктарын сатып алуу”;

- 2219 “Кесиптик билим берүү системасында бирдиктүү берене менен берилген чыгымдар”;

- 2221 “Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар”;

- 2222 “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу”;

- 2223 “Кийим мүлкүн жана башка формалык жана атайын формалык кийим-кечектерди сатып алуу, тигүү жана оңдоо”;

- 2224 “Көмүрдү жана отундун башка түрлөрүн сатып алуу”;

-2225 “Күзөт кызматтарын алуу”;

- 2226 “Банктардын кызматтарын төлөөгө чыгымдар”;

- 2227 “Пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө чыгымдар”

- 2231 “Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр”;

- 2235 “Башка коммуналдык кызматтар үчүн төлөө”.

73. 2211 “Кызматтык иш сапарларга чыгымдар” топчосуна мамлекеттик кызматтын иштери боюнча жүргөн мезгилде коштогон чыгымдарды жабууга кеткен чыгымдар кирет. Төмөнкү эсептерди камтып турат:

1) 22111 “Өлкө ичиндеги иш сапарына чыгымдар”;

2) 22112 “Чет өлкөгө иш сапарга чыгымдар”.

Бул эсептер төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 22111100; 22112100 “Транспорттук чыгымдар”;

- 22111200; 22112200 “Мейманкана чыгымдары”;

- 22111300; 22112300 “Суткалык чыгымдар”.

74. 2212 “Байланыш кызматын көрсөтүү” топчосуна байланыш кызматына: телефондук, факсимильдик, уюлдук, фельдъегердик, почталык, трансляциялык жана башка байланыш кызматына акы төлөөгө чыгымдар кирет.

22122 “Байланыш кызматын көрсөтүү” эсебине телефондук (уюлдук, пейджингдик, интернет тармагына кошулуу жана пайдалануу), телеграфтык байланыш каналдарын, почта аркылуу жөнөтүүлөрдү берип жиберүү (фельдъегердик байланыш кызматына акы төлөө, акча каражатын почта аркылуу которуу ж.б.) камсыз кылуу максатында байланыш кызматын көрсөтүү боюнча чыгымдар кирет. Төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 22122100 “Телефондук жана факсимилдик байланыш кызматын көрсөтүү”;

- 22122200 “Уюлдук байланыш кызматын көрсөтүү”;

- 22122300 “Фельдъегердик байланыш кызматын көрсөтүү”;

- 22122400 “Почталык байланыш кызматын көрсөтүү”, почта аркылуу байланыш кызматын көрсөтүүгө карата чыгымдар таандык (почта аркылуу жөнөтүүлөр, акча каражаттарын почта аркылуу которуу ж.б.);

- 22122500 “Телерадиопрограммаларды трансляциялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө”;

- 22122900 “Башка байланыш кызматтарын көрсөтүү”, жогоруда аталган элементтерге таандык болбогон байланыш кызматтары, анын ичинде Интернет тармагына кошулуу жана пайдалануу кирет.

22131 “Ижара акысы” эсебине өндүрүштүк активдердин: имараттардын, жайлардын, унаа каражаттарынын ижарасы үчүн төлөө боюнча чыгымдар (өз муктаждыктарын камсыздоо максатында түзүлгөн ижара (субижара) келишимдерине ылайык) кирет. Төмөнкү элементтер кирет:

- 22131100 “Имараттардын жана жайлардын ижарасы”;

- 22131200 “Жабдуулар жана шаймандар ижарасы”;

- 22131300 “Транспорт каражаттарынын ижарасы”;

- 22131900 “Башка мүлктөрдүн ижарасы”.

75. 2214 “Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр” топчосуна мекеменин өз муктаждыктарын камсыз кылуу максатында транспорт кызматтарына чыгымдары, анын ичинде унаа каражаттарын жалдоо боюнча чыгымдар: жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр, кызмат адамдарын коомдук унаанын бардык түрлөрүндө кызматтык максатта жүрүүсү үчүн документтер менен камсыз кылуу ж.б. кызматкерлердин кызматтык которулуулары менен байланышкан чыгымдары кирет. (22111100, 22112100 сапар чыгымдары, 22122300 фельдъегердик кызмат көрсөтүүлөр кирбейт).

22141 “Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр” эсебине төмөнкү элементтер кирет:

- 22141100 “Бензин, дизелдик жана башка күйүүчү майлар”;

- 22141200 “Запастык бөлүктөрдү алуу”;

-22141300 “Транспорт каражаттарын тейлөө”;

- 22141900 “Башка транспорт кызматын көрсөтүү”.

76. 2215 “Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алуу” топчосу өзүнө төмөнкү эсептерди камтыйт:

- 22151 “Башка кызмат көрсөтүүлөрдү алуу”;

- 22152 “Мүлктүн абалын күтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу”;

- 22153 “Мамлекеттик кызматкерлерди, адистерди жана калкты окутуу чыгымдары”;

- 22154 “Башка кызматтарга төлөөгө байланыштуу чыгымдар”;

- 22155 “Илим тармагындагы илимий-изилдөөлөргө, тажрыйба-конструктордук иштерге жана мамлекеттик заказдарга байланышкан чыгымдар”.

22151 “Башка кызмат көрсөтүүлөрдү алуу” эсебине юридикалык тейлөө кызматтарына, консультанттардын тейлөө кызматтарына, юридикалык жактар менен жеке адамдардын мүлктөрүн, мекемеден сырткары күзөттүн тейлөө кызматтарына жана маалымат технологиялары боюнча кызматтарына мекемелердин өз керектөөлөрүн камсыздоо максатында көрсөткөн чыгымдары кошулат. Төмөнкү элементтер кирет:

- 22151100 “Юридикалык кызмат көрсөтүүлөр”;

- 22151200 “Консультанттардын кызмат көрсөтүүлөрү ”;

- 22151400 “Маалыматтык технологиялар жаатындагы кызмат көрсөтүүлөр”, маалыматтык технологияларга тийиштүү кызмат көрсөтүүлөр, мисалы, компьютердик техникаларды оңдоо, компьютердик жабдууларды орнотуу, картриждерди толтуруу жана алмаштыруу ж.б.у.с. кызмат көрсөтүүлөр эсепке алынат.

22152 “Мүлк абалын күтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга” жайларды, имараттарды, короолорду же башка мүлктү таза кармоо сыяктуу жеке муктаждыктарды камсыз кылуу максатында оперативдүү башкарууда же ижарада турган финансылык эмес активдерди күтүүгө байланыштуу кызматтарды көрсөтүүгө мекеменин чыгымдары кирет. Ал төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 22152100 “Имараттарды жана жайларды күтүүдө санитардык кызматтарды сатып алууда”, карды, таштандыларды жыйноо жана ташуу, дезинфекциялоо, дератизациялоо, санитардык-гигиеналык тейлөө, казылган чуңкурларды жана канализациялаштырылбаган дааратканаларды тазалоо жана ташып чыгаруу жана башкалар боюнча кызмат көрсөтүүлөр эсепке алынат;

- 22152200 “Тарыхый жана маданий эстеликтерди реставрациялообоюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу”;

- 22152900 “Имараттарды, жайларды жана башка мүлктү күтүү боюнча башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу”.

22153 “Мамлекеттик кызматкерлерди, адистерди жана калкты окутуу чыгымдары”, окутуу бир жылдан ашык мөөнөт ичинде пайда алып келиши мүмкүн экендигине карабастан, персоналды окутуу материалдык эмес негизги фонддорду сатып алуу катары эмес, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу катары чагылдырылат. Төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 22153100 “Мамлекеттик кызматкерлерди окутуу чыгымдары”;

- 22153200 “Кыска мөөнөттүү негизде кесиптик техникалык билим берүү окуу жайларында эрезеге жеткен калкты окутуу жана кайра окутуу чыгымдары”;

- 22153300 “Адистерди окутуу жана кайра окутуу чыгымдары” – мамлекеттик эмес кызматкерлерди окутуу үчүн төлөмдөр эсепке алынат (Социалдык фонддун кызматкерлери мамлекеттик кызматкерлерге кирбейт);

- 22153400 “Шайлоо системасын өнүктүрүүгө байланыштуу чыгымдар”, анда шайлоо системасын өнүктүрүүгө, анын ичинде жаңы шайлоо технологияларын, каражаттарын киргизүүгө, шайлоонун жана референдумдардын катышуучуларын, аппараттын кызматкерлерин жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн укуктук окутууларга байланыштуу чыгымдар чагылдырылат.

22154 “Башка кызматтарга төлөөгө байланышкан чыгымдарга”, өкүлчүлүк чыгымдары (делегацияларды кабыл алуу жана тейлөө), бланктарды даярдоо (мамлекеттик сертификаттарды, отчеттуулуктарды ж.б.) боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө, маалыматтык-коммуникациялык кызматтарга жана жеке муктаждыктарын камсыз кылуу максатында башка беренелерге таандык болбогон башка кызматтарга акы төлөөгө байланыштуу мекемелердин чыгымдары кирет. Төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 22154100 “Өкүлчүлүк чыгымдары”, жолугушууларды уюштурууга чыгымдар, анын ичинде презентацияларды, делегациялардын жолугушууларын, кызматкерлер жана ардагерлер үчүн майрамдык жана куттуктоочу жолугушууларды уюштуруу, чет өлкөлүк мекемелер тарабынан өкүлчүлүк иш-чараларын өткөрүү боюнча кызматтарга акы төлөөгө чыгымдар;

- 22154200 “Бланктарды, медалдарды, төш белгилерди даярдоого чыгымдар”, бланк продукцияларын, медалдарды, дипломдорду, ардак грамоталарды, грамоталарды, кубокторду, тош белгилерди, ММК полистерин, кошо төлөм талондорун даярдоо, ММК үчүн пломбалар, ККМ үчүн пломбалар, чыйратылган зымдар боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө кирет;

- 22154300 “Маалыматтык-коммуникациялык кызматтарды көрсөтүүгө акы төлөөдө”, маалыматтык агымдардын ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, коммуникациялык т тармактардын жана программалык камсыздоонун иштөө жөндөмдүүлүгүн коштоо, программаларды пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүү ж.б. боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу эсепке алынат;

- 22154400 “Курстук айырмага байланыштуу чыгымдар”, СДРди чет өлкө валютасына конвертациялоо боюнча чыгымдар эсепке алынат;

- 22154900 “Башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө менен байланышкан башка чыгымдар”:

а) жаштар саясаты боюнча социалдык иш чараларды уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө чыгымдар;

б) документтерди көчүрмөлөөгө жана басып чыгарууга чыгымдар;

в) ички иштер органдарынын кызматкерлеринин, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчыларынын, ын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жолдомосунун наркынын жеңилдетилген бөлүгүн төлөө боюнча чыгымдар;

г) патрондорду, кызматтык иттер үчүн жем, жылкыларга чөп эпизоотияга каршы иш-чаралар үчүн препараттарды сатып алуу, ошондой эле ветеринардык изилдөөлөр үчүн арналган тажрыйба жүргүзүлүүчү жаныбарлар үчүн тоют сатып алууга ж.б. (коргонуу жана укук коргоо органдарында тартылгандардан тышкары);

д) кызматкердин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн көчүүсү боюнча чыгымдар жана мүлкүн көчүрүү боюнча чыгымдар;

е) контракт боюнча көрсөтүлгөн башка кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө чыгымдар;

ж) мүлк салыгын төлөөгө чыгымдар;

з) кино өндүрүшүн уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө чыгымдар;

и) сот органдарына доо арыздарын берүүдө мамлекеттик алымдарды төлөө боюнча чыгымдар;

к) чет өлкөлөрдөгү мекемелердин кызматкерлери үчүн медициналык камсыздандырууну төлөө жана чет өлкөлүк мекемелердин кызматкерлерине медициналык жардам көрсөтүү боюнча чыгымдары;

л) башка классификацияланбаган кызмат көрсөтүүлөр.

22155 эсебине илим тармагындагы илимий-изилдөөлөргө, тажрыйба-конструктордук иштерге жана мамлекеттик заказдарга байланышкан чыгымдар (илимий институттарды жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясын негизги каржылоосу кирбейт) кирет. Илимий институттарды жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясын негизги каржылоо экономикалык классификациянын бардык түрлөрү боюнча чагылдырылат. Ошондой эле, 22155 эсебине мамлекеттик органдардын, жогорку окуу жайлардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын илимий изилдөөлөргө чыгымдары кирет. Төмөнкү элементтер кирет:

- 22155100 “Илим тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысы”, илим тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысына илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктордук иштердин кызматкерлерине жана илим тармагындагы мамлекеттик заказдарга акы төлөө (эмгек акы жана социалдык муктаждыкка төгүмдөр/чегерүүлөр) эсепке алынат;

- 22155200 “Илим тармагындагы иш сапардык чыгымдар”, илим тармагындагы иш сапардык чыгымдарга илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктордук иштерге жана илим тармагындагы мамлекеттик заказдарга байланыштуу иш сапарга чыгымдар жана талаа жөлөк пулдарына чыгымдар эсепке алынат;

- 22155300 “Илим тармагындагы транспорттук кызмат көрсөтүүлөр”, илим тармагындагы транспорттук кызмат көрсөтүүлөргө башка транспорттук кызмат көрсөтүүлөр, КММ, өз керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн транспорттук кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде транспорттук каражаттарды жалдоо боюнча чыгымдар: илимий-изилдөө иштери жана илим тармагындагы мамлекеттик заказдар боюнча жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр эсепке алынат;

- 22155400 “Илим тармагындагы буюмдарды жана материалдарды алуу”, илим тармагындагы буюмдарды жана материалдарды алуу, илимий изилдөөгө тиешелүү жана изилдөөгө арналган буюмдарды жана материалдарды, анын ичинде химиялык реагенттерди, приборлорду, тоо-кен жабдууларын, чийки заттарды жана башкаларды алууга байланышкан чыгымдар эсепке алынат;

- 22155500 “Илим тармагындагы коммуналдык кызматтар”, илим тармагындагы коммуналдык кызматтар, байланыш кызматтарына жана коммуналдык кызматтарга, имараттарды жана мүлктөрдү тейлөөгө, интернет тармактарына, почта кызматтарына байланышкан чыгымдар эсепке алынат;

- 22155900 “Илим тармагындагы башка кызматтар”, илим тармагындагы башка кызмат көрсөтүүлөргө башка кызмат көрсөтүүлөр, илимий-изилдөө иштери жана илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик заказдар менен байланышкан чыгымдар эсепке алынат.

77. 2216 “Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү берене менен берилген чыгымдар”, бирдиктүү төлөөчү системасында жарандарды мамлекеттик базалык милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча программанын каражаттары эсепке алынат.

22161 “Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү берене менен берилген чыгымдар” эсеби 22161100 “Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү берене менен берилген чыгымдар” элементин камтыйт.

78. 2217 “Медициналык товарларды жана кызматтарды сатып алуу”, медикаменттерди, тануучу каражаттарды, сывороткаларды, вакциналарды, канды, инсулин препараттарын, бактериялык препараттарды жана башка медицина багытындагы буюмдарды сатып алуу боюнча чыгымдарды камтыйт.

22171 “Медициналык багыттагы медикаменттерди жана буюмдарды алуу” эсеп-чот. Төмөнкү элементтер кирет:

- 22171100 “Медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды алуу”;

- 22171200 “Инсулин жана инсулиндүү препараттарды алуу”;

- 22171300 “Коргоо жана укук коргоо органдарына тартылган кызматтык жаныбарларга, ветеринардык каражаттарды жана препараттарды алуу”;

- 22174400 “Медициналык багыттагы медикаменттерди жана буюмдарды алууга компенсациялык төлөмдөр”.

22172 “Медициналык кызматтарды сатып алууга байланышкан чыгымдар” эсеби 22172100 “Лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдү сатып алуу үчүн чыгымдар” жана 22172200 “Медициналык кызматтарды сатып алууга компенсациялык төлөмдөр” элементтерди камтыйт.

79. 2218 “Тамак-аш азыктарын алуу” 22181 “Тамак-аш азыктарын алуу” эсебин камтыйт. Төмөнкү элементтер кирет:

- 22181100 “Тамак-аш азыктарын алуу”;

- 22181200 “Тамак-аш азыктарына компенсациялык төлөмдөр”;

- 22181300 “Коргоо жана укук коргоо органдарына тартылган кызматтык жаныбарларга тоют алуу”;

- 22181400 “Тамак-аш боюнча үлүшкө төлөгөө чыгымдар”, эл аралык макулдашуулардын алкагында союздаш өлкөлөрдүң аймактарында иш-чараларга катышуу үчүн Куралдуу Күчтөрдүн тартылган өздүк курамынын тамак-ашына кеткен чыгымдарды төлөө кирет.

80. 2219 “Кесиптик билим берүү системасында бирдиктүү берене менен берилген чыгымдар” 22191 “Кесиптик билим берүү системасында бирдиктүү берене менен берилген чыгымдар” эсебин камтыйт. Мындай түшүүлөрдү эсепке алуу үчүн төмөнкү элементтер каралган:

- 22191100 “Кесиптик билим берүү системасында бирдиктүү берене менен берилген чыгымдар”;

- 22191200 “Башталгыч кесиптик билим берүү системасында бирдиктүү берене менен берилген чыгымдар”;

- 22191300 “Орто кесиптик билим берүү системасында бирдиктүү берене менен берилген чыгымдар”.

81. 2221 “Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар”, 22211 “Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар” эсебин өзүнө камтыйт, аларга негизги фонддорду техникалык тейлөөгө жана оңдоого кеткен чыгымдар таандык. Имараттарды, жайларды, курулмаларды (анын ичинде жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тармактары), жабдууларды жана инвентарларды техникалык тейлөө жана учурдагы оңдоо, алар негизги фонддун наркынын же алардын жумушчу мүнөзүнүн өзгөрүшүнө алып келбейт, жөн гана аларды тийиштүү жумушчу абалында кармап турат же алар бузулуп калган учурда кайра жумушчу абалына келтирет.Төмөндөгү элементтерди камтыйт:

- 22211100 “Имараттарды жана жайларды учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар”;

- 22211200 “Курулмаларды учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар”;

- 22211300 “Жабдууларды жана шаймандарды учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар”.

82. 2222 “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу”, 22221 “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу” эсебин камтыйт, анда мекеменин учурдагы муктаждыктар жана үзгүлтүксүз пайдалануу үчүн арналган, машиналарды жана жабдууларды сатып алууга кеткен чыгымдарга салыштырмалуу наркы анча чоң эмес болгон (б.а., баасы төмөн жебат эскирүүчү жана колдонуу мөөнөтү бир жылдан аз болгон товарлар жана предметтер), товарларды (кымбат эмес) сатып алууга кеткен чыгымдары чагылдырылат. Төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 22221100 “Жабдууларды жана материалдарды сатып алуу”, колдонуу мөөнөтү бир жылдан аз болгон, баасы төмөн жана бат эскирүүчү товарлар жана предметтерди сатып алуу боюнча чыгымдар эсепке алынат. Мисалы: телефон аппараттарын, IP телефондорду, факстарды, жумуш инвентарларын жана слесардык инструментерди сатып алуу;

- 22221200 “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн башка буюмдарды жана материалдарды алуу”, учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды дагы башка сатып алуулар, кошо журуучу предметтер жана материалдарды сатып алууга кеткен чыгымдар, анын ичине кенсе товарларын жана буюмдарын, бөтөлкөгө куюлган ичүүчү сууну, ящиктерди, таңгакталган материалдарды, күрөктөдүн саптарын ж.б сатып алууга чыымгдар таандык.

83. 2223 “Кийим мүлкүн жана башка формалык жана атайын кийим-кечектерди сатып алуу, тигүү жана оңдоо” топчосу 22231 “Кийим мүлкүн жана башка формалык жана атайын кийимдерди сатып алуу, тигүү жана оңдоо” эсебин өзүнө камтыйт, анда бардык шаймандары менен формалык кийимдерди жана бут кийимдерди, ошондой эле атайын приборлорду жана атайын шаймандадарды жана экипировканы сатып алуу, тигүү жана оңдоо боюнча чыгымдар чагылдырылат. Төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 22231100 “Кийим мүлкүн жана башка формалык жана атайын кийимдерди сатып алуу, тигүү жана оңдоо”;

- 22231200 “Ченем боюнча берилүүгө тийиш болгон буюм мүлкүнүн ордуна акчалай компенсация”.

84. 2224 “Көмүрдү жана отундун башка түрлөрүн алуу” топчо, 22241 “Көмүрдү жана отундун башка түрлөрүн алуу” эсеби, көмүр, жыгач отун, торф ж.б. түрүндөгү отундарды сатып алууга чыгымдар таандык. Төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 22241100 “Таш көмүрдү сатып алуу”;

- 22241200 “Отундун башка түрлөрүн алуу”, жыгач отун, торф, күрөң көмүр, суюк отундун ар кандай түрлөрүн ж.б. сатып алууга чыгымдар, өзүнүн от казандары жана генераторлору менен жылуулук энергиясын иштеп чыгууга кеткен чыгымдар таандык.

85. 2225 “Күзөт кызматтарын сатып алуу” топчосуна, 22251 “Күзөт кызматтарын сатып алуу” эсебине, өз муктаждыктарын камсыз кылуу максатында юридикалык жана жеке жактардын мүлкүн мекемеден сырткары кайтаруу кызматтарын, маалыматтык технологиялар боюнча кызматтарды ж.б. сатып алууга чыгымдар таандык. Төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 22251100 “Мекемеден сырткары күзөт кызматын көрсөтүүлөрдү сатып алуу”;

- 22251900 “Башка күзөт кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу”.

86. 2226 “Банктардын кызмат көрсөтүүлөрүн төлөөгө чыггымдар” топчосу, 22261 “Мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жайгаштыруу жана тындыруу боюнча банктардын кызмат көрсөтүүлөрүн төлөөгө чыгымдар” эсеби төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 22261100 “Мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу, жайгаштыруу жана тындыруу боюнча финансылык кызмат көрсөтүүлөр”;

- 22261200 “Мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу, жайгаштыруу жана тындыруу боюнча башка кызмат көрсөтүүлөр”;

- 22261300 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин тейлөө боюнча Улуттук банктын, коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүн төлөө”, Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринен улуттук жана чет өлкөлүк валютада жүзөгө ашырылуучу накталай эмес (накталай) төлөмдөр боюнча банктык операцияларды жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр эсепке алынат. Анын ичинде, Социалдык фонддун жана Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондунун эсептерин тейлөө боюнча банктардын кызмат көрсөтүүлөрүн төлөөгө чыгымдар кирет.

87. 2227 “Пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө боюнча чыгымдар” төмөнкү эсептерди камтыйт:

1) 22271 “Пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө боюнча коммерциялык банктардын кызмат көрсөтүүлөрүн төлөө боюнча чыгымдар” эсеби боюнча пенсияларды жана жөлөкпулдарды, пенсиянын топтоо бөлүгүн төлөө боюнча коммерциялык банктардын кызмат көрсөтүүлөрүңө акы төлөөгө чыгымдар төмөнкү элементтер боюнча эсепке алынат:

- 22271100 “Пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө боюнча коммерциялык банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө боюнча чыгымдар”;

- 22271200 “Пенсиянын топтолмо бөлүгүн төлөө боюнча коммерциялык банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө боюнча чыгымдар”;

2) 22272 “Пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө боюнча почта кызматтарына акы төлөө боюнча чыгымдар” эсеби боюнча пенсияларды жана жөлөкпулдарды, пенсиянын топтоо бөлүгүн төлөө боюнча почталык байланыш, атап айтканда “Кыргызпочтасы” МИ кызмат көрсөтүүлөрүнө (акча каражаттарын почта аркылуу которуу) акы төлөөгө чыгымдар төмөнкү элементтер боюнча эсепке алынат:

- 22272100 “Пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө боюнча «Кыргызпочтасы» МИ кызматтарына акы төлөө боюнча чыгымдар”;

- 22272200 “Пенсиянын топтоо бөлүгүн төлөө боюнча «Кыргызпочтасы» МИ кызматтарына акы төлөө боюнча чыгымдар”.

88. 2231 “Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр” топчосу, 22311 “Коммуналдык кызматтар” эсеби төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 22311100 “Суу үчүн төлөө”;

- 22311200 “Электр энергиясы үчүн төлөө”;

- 22311300 “Жылуулук энергиясы үчун төлөө”, бюджеттик мекемелердин өз от казандары жана генераторлору менен жылуулук энергиясын иштеп чыгуу боюнча чыгымдары кирбейт;

- 22311400 “Газ үчүн төлөө”.

89. 2235 “Башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө” топчосу, 22351 “Башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө” эсеби төмөнкү элементерди камтыйт:

- 22351100 “Лифтти пайдалануу үчүн төлөө”;

- 22351200 “Унаа токтотуучу жайлардын жана гараждардын ижарасына акы төлөө”. Таштандыларды ташып чыгаруу жана казылган чуңкурларды тазалоо үчүн төлөө кирбейт (22152100);

- 22351900 “Башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө”, 2231, 2235-топчолорунда классификацияланбаган коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө, анын ичинде имараттарды жана курулмаларды күтүү боюнча эксплуатациялык чыгымдарга төлөөлөр боюнча чыгымдар эсепке алынат.

90. 24 “Пайыздар” категориясына тышкы жана ички булактардан алынган кредиттер жана зайымдар боюнча пайыздарды төлөө кирет.

Пайыздар институционалдык бирдиктер тарабынан төлөнүүгө тийиш, алар өздөрүнө милдеттенмелердин белгилүү бир түрлөрүн, атап айтканда, депозиттер, акциялардан тышкары баалуу кагаздар, кредиттер жана зайымдар боюнча милдеттенмелерди, ошондой эле кредитордук карызды кабыл алышат. Бул милдеттенмелер мамлекеттик башкаруу секторунун бирдиги башка институционалдык бирдиктен каражаттарды зайымга алганда келип чыгат. Пайыздар чыгымдар болуп саналат, аны мамлекеттик башкаруу секторунун бирдиги негизги карыздын тындырыла элек суммасын, башкача айтканда, кредитор тарабынан берилген экономикалык наркты пайдалануу үчүн тартат. Пайыздарды төлөө боюнча чыгымдар милдеттенме келип чыккан бүткүл мезгилдин ичинде тынымсыз чегерилип турат. Пайыздар чегериле турган ставка убакыттын ар бир бөлүгү үчүн карыздын тындырыла элек негизги суммасынын белгилүү бир үлүшү түрүндө, акча каражаттарынын алдын ала сүйлөшүлгөн суммасы түрүндө, белгиленген индикатор боюнча аныктала турган акчалай каражаттардын өзгөрүлмө суммасы түрүндө, же болбосо саналып өткөн ыкмалардын айрым айкалышын пайдалануу менен белгилениши мүмкүн. Пайыздар адатта алар боюнча чыгымдар чегерилгенден мурда төлөнбөйт. Башка сөз менен айтканда, эгерде кредит же зайым боюнча пайыздар ай сайын төлөнсө, адатта төлөнгөн сумма мурдагы ай үчүн чегерилген чыгым болуп эсептелет. Төлөм жүзөгө ашырылган учурга чейин дебитордун кредитордун алдындагы жалпы милдеттенмеси пайыздарды төлөө боюнча чегерилген, бирок али жүргүзүлө элек чыгымдардын суммасына жогорулайт. Ошентип, адатта пайыздык төлөмдөр деп дебитордун учурдагы милдеттенмелеринин азайышын түшүнөбүз, анын бир бөлүгү пайыздарды төлөө үчүн чегерилген чыгымдардын натыйжасында келип чыгат. Индекстерге байланган баалуу кагаздарды кошпогондо - ставкасы калкыма орто мөөнөттүү облигацияларды кошо алганда, төлөнүүгө тийиш болгон пайыздар чегерилүүчү ставка контракт түзүүдө жана зайымдык каражаттарды алууда аныкталат. Жөнөкөй учурда, акчанын белгилүү бир суммасы зайымга алынат, өткөн мезгил үчүн чегерилген, төлөнүүгө тийиш болгон пайыздардын суммасына барабар төлөмдөр мезгил-мезгили менен жүргүзүлүп турат, ал эми контракттын мөөнөтү аяктагандан кийин зайымдын баштапкы суммасы менен бирге пайыздарды жабуу төлөмү жүргүзүлөт. Ар бир мезгил үчүн төлөнүүгө тийиш болгон пайыздардын көлөмү контрактта белгиленген зайымдын өлчөмүнө көбөйтүлгөн пайыздык ставкага барабар болот. Ар бир өткөн мезгил менен төлөнбөгөн негизги сумма төлөнө турган пайыздарды чегерүүнүн натыйжасында көбөйөт. Ар бир мезгилдин акырына карата төлөм карыздын суммасын зайымдын баштапкы көлөмүнө чейин азайтат. Эгерде, отчеттук мезгилдин аягы мезгилдүү төлөмдүн учуру менен дал келбесе, мезгилдин акырына карата милдеттенмелердин жалпы суммасы чегерилген, бирок төлөнө элек пайыздардын белгилүү бир суммасын камтыйт. Векселдер жана нөлдүк купону бар облигациялар сыяктуу айрым финансылык шаймандардын өзгөчөлүгү ушундай милдеттенмени тындыруунун мөөнөтү келгенге чейин дебитордун кредиторго кандайдыр-бир төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга милдеттүүлүгүнүн жоктугу болуп саналат. Натыйжада дебитор бирдиктүү төлөм аркылуу өзүнүн милдеттенмелерин аткарган, ал зайымдын баштапкы суммасын, ошондой эле ушул милдеттенме келип чыккан бүткүл мезгилдин ичинде чегерилген жана топтолгон пайыздарды жапкан кезде, милдеттенмени тындыруу мөөнөтү келгенге чейин эч кандай пайыздык төлөмдөр төлөнбөйт. Ушул типтеги шаймандар дисконту бар шаймандар деп аталат, анткени зайымга алынган баштапкы сумма, тындырууда төлөнгөн суммадан аз болот. Контракттын мөөнөтү аяктагандан кийин төлөнүүчү сумма менен башында карызга алынган сумманын ортосундагы айырма контракт колдонулган убакытка туура келген отчеттук мезгилдерге бөлүштүрүлүүгө тийиш болгон пайыздарды билдирет. Ар бир мезгил үчүн чегерилген пайыздар дебиторлор тарабынан төлөнгөндөй, ал эми андан кийин ошол эле милдеттенменин кошумча суммасы катары карызга алынгандай болуп чагылдырылат. Мына ошентип, ар бир мезгилдеги эсепке алууда пайыздарды төлөөгө кеткен чыгымдар жана милдеттенменин көбөйүшү чагылдырылат. Ушундай шайман бир отчеттук мезгилден ашык орун алганда, пайыздардын жалпы суммасын калган мезгилдерге бөлүштүрүүнүн бир нече ыкмасы болот. Эң жөнөкөй жана кыйла кеңири жайылган мамилелердин бири пайыздык ставканы контракттын бүткүл мезгилинин ичинде туруктуу деп эсептөө болуп саналат. Кредиттер жана зайымдар көбүнчө мезгилдүү төлөмдөр пайыздарды төлөөнү да,ошондой эле карыздын негизги суммасынын бир бөлүгүн тындырууну да камтыгандай кылып структуралаштырылат. Мезгилдүү төлөмдүн чегерилген пайыздардын чоңдугунан ашкан суммасы карыздын баштапкы негизги суммасынын өлчөмүн азайтат. Убакыттын өтүшү менен чегерилген пайыздардын төлөмдөрдөгү үлүшү улам азая берет, ал эми карыздын баштапкы негизги суммасын тындырууга багытталган каражаттардын үлүшү жогорулайт. Индекс менен байланыштырылган баалуу кагаздар - бул финансылык шаймандар, алар үчүн мезгилдүү төлөмдөрдүн жана/же карыздын тындырыла элек суммасынын чоңдугу баалардын индексине же валюта курсунун индексине байланыштырылган. Эгерде индекске коюму калкыма орточо мөөнөттүү облигациялар сыяктуу мезгилдуу төлөмдөр байланыштырылса, ушундай төлөмдөрдүн бардык суммалары пайыздар деп эсептелет. Эгерде индекске карыздын негизги суммасы байланыштырылса, тындыруунун акыркы баасы менен жайгаштыруу баасынын ортосундагы айырма - тындыруу баасы алдын ала белгиленген дисконту бар баалуу кагаздар сыяктуу эле, актив орун алган бүткүл мезгилдин ичинде чегерилип келген пайыздар катары чагылдырылат. Практикада тиешелүү индекстин динамикасы менен шартталган айкын отчеттук мезгилдин ичинде карыздын тындырылбаган негизги суммасынын чоңдугу ушул мезгилде төлөнүүгө тийиш болгон ар кандай пайыздарга кошумча катары аталган мезгилде чегерилген пайыздар катары каралат. Дисконту бар инструмент сыяктуу эле индекстештирүүнүн натыйжасында чегерилген пайыздар дебитор тарабынан төлөнгөндөй, ал эми андан кийин ошол эле милдеттенменин кошумча суммасы катары карызга алынгандай кылып чагылдырылат. Төлөнө турган пайыздардын жалпы суммасы резидент эместерге (241) төлөнүүчү пайыздар, мамлекеттик башкаруу секторунан (242) тышкары резиденттерге төлөнүүчү пайыздар жана мамлекеттик башкаруу секторундагы башка бирдиктерге (243) төлөнүүчү пайыздар деп бөлүнөт.

91. 2411 “Чет өлкөлөрдөн жана эл аралык уюмдардан алынган кредиттер жана зайымдар боюнча пайыздарды төлөө” топчосу, 24111 “Чет өлкөлөрдөн жана эл аралык уюмдардан алынган кредиттер жана зайымдар боюнча пайыздарды төлөө” эсеби төмөнкү элементти камтыйт 24111100 “Чет өлкөлөрдөн жана эл аралык уюмдардан алынган кредиттер жана зайымдар боюнча пайыздарды төлөө”.

92. 2421 “Мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча пайыздарды төлөө” топчосу, 24211 “Мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча пайыздарды төлөө” эсеби, мамлекеттик башкаруунун секторлорунан сырткары, төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 24211100 “Мамлекеттик кыска мөөнөттүү баалуу кагаздар боюнча пайыздарды төлөө”;

- 24211200 “Мамлекеттик узак мөөнөттүү баалуу кагаздар боюнча пайыздарды төлөө”, Социалдык фонддун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана жергиликтүү бюджеттин баалуу кагаздары боюнча пайыздарды төлөөдөн тышкары.

93. 2422 “Индексацияланган суммалар боюнча калктын карызын төлөө” топчосу, 24221 “Индексацияланган суммалар боюнча калктын карызын төлөө” эсеби төмөнкү элементти камтыйт: 24221100 “Индексацияланган суммалар боюнча калктын карызын төлөө”.

94. 2431 “Мамлекеттик башкаруунун секторлорунун башка бирдиктерине пайыздарды төлөө” топчосу, 24311 “Мамлекеттик башкаруунун секторлорунун башка бирдиктерине пайыздарды төлөө” эсеби төмөнкү элементти камтыйт: 24311100 “Мамлекеттик башкаруунун секторлорунун башка бирдиктерине пайыздарды төлөө”, анын ичинде Социалдык фонддун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана жергиликтүү бюджеттин баалуу кагаздары боюнча пайыздарды төлөө.

95. 25 “Субсидиялар” категориясына өндүрүштүк ишмердүүлүктүн деңгээлдерине ылайык мамлекеттик бирдиктердин ишканаларына (турак жай-коммуналдык чарбасы, транспорт уюмдары ж.б.) бөлүнгөн чыгымдар кирет.

Субсидиялар бул ишканалардын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн деңгээлинде алар өндүргөн, саткан, экспорттогон же импорттогон товардын же кызмат көрсөтүүнүн санына же наркына ылайык мамлекеттик бирдиктер жүргүзгөн ишканаларга кайтарымсыз учурдагы төлөөлөрдү көрсөтөт. Субсидиялардын максаты өндүрүштүн деңгээлине, сатуу баасына же ишкана алган сыйлыктарга таасир берүү болот. Субсидиялар учурдагы трансферттер болуп эсептелет. Субсидиялар продукциянын айкын түрлөрүнө же жалпы өндүрүшкө төлөнүшү мүмкүн. Продукциянын айрым түрлөрүнө субсидиялар – товардын же кызматтын бир бирдигине эсептелип төлөнө турган субсидия. Мындай субсидия товардын же кызматтын бир бирдигине эсептелген белгилүү бир акчалай сумманы билдириши, же болбосо товардын же кызматтын бир бирдигинин баасынын белгилүү бир пайызы катары алынган продукциянын наркына ылайык эсептелиши мүмкүн. Мындан тышкары, субсидия белгиленген пландык баа менен сатып алуучу тарабынан иш жүзүндө төлөнгөн рыноктук баанын ортосундагы айырма катары эсептелиши мүмкүн. Субсидиялар максатка багытталган мамлекеттик экономикалык жана социалдык саясаттын натыйжасында баалардын өндүрүштүн орточо чыгымдарынын деңгээлинен төмөн белгиленишинин себеби боюнча өздөрүнүн өндүрүштүк ишин жүзөгө ашырууда тарткан зыяндарын компенсациялоо үчүн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүчүлөргө - юридикалык жактарга акысыз жана кайтарымсыз негизде берилет. Субсидиялар акыркы керектөөчүлөргө эмес, өндүрүүчүлөргө гана төлөнөт жана капиталдык трансферттер гана эмес, учурдагы трансферттер болуп саналат. Мамлекеттик бирдиктер тарабынан керектөөчүлөр катары түздөн-түз үй чарбаларына жүзөгө ашырылуучу трансферттер жана үй чарбаларын тейлеген коммерциялык эмес уюмдарга трансферттердин көпчүлүк бөлүгү төлөм жүргүзүү үчүн негиздерге жараша социалдык жөлөк пул (27) же ар кандай башка чыгымдар (282) катары чагылдырылат. Мамлекеттик башкаруу секторунун бирдиктерине трансферттердин көпчүлүгү гранттарга кирет (26). Ишканаларга алардын капиталынын топтолушун каржылоо максатында, финансылык эмес активдерге келтирилген зыян үчүн компенсация катары же эки же андан көп жыл ичинде топтолгон ири операциялык тартыштыкты жабуу үчүн төлөмдөр ар кандай башка капиталдык чыгымдарга кирет (2822). Алгач алуучунун мамлекеттик же жеке өндүрүүчү экендигине, андан кийин алуучунун финансылык эмес же финансылык ишкана экендигине жараша классификацияланат. Алуучулардын эки тобу бар: мамлекеттик ишканаларга субсидиялар (251), жеке ишканаларга субсидиялар (252).

96. 2511 “Финансылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидиялар” топчосу, 25111 “Финансылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидиялар” эсеби 25111100 “Финансылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидиялар” элементин камтыйт.

97. 2512 “Финансылык мамлекеттик ишканаларга субсидиялар” топчосу, 25121 “Финансылык мамлекеттик ишканаларга субсидиялар” эсеби 25121100 “Финансылык мамлекеттик ишканаларга субсидиялар” элементин камтыйт.

98.2521 “Финансылык эмес менчик ишканаларга жана ишкерлерге субсидиялар” топчосу, 25211 “Финансылык эмес менчик ишканаларга жана ишкерлерге субсидиялар” эсеби 25211100 “Финансылык эмес менчик ишканаларга жана ишкерлерге субсидиялар” элементин камтыйт.

99. 2522 “Финансылык менчик ишканаларга субсидиялар” топчосу, 25221 “Финансылык менчик ишканаларга субсидиялар” эсеби, 25221100 “Финансылык менчик ишканаларга субсидиялар” элементин камтыйт.

100. 26 “Гранттар жана төгүмдөр” категориясына акысыз жана кайтарымсыз которуулар кирет. Мамлекеттик бир бирдиктен мамлекеттик башка бирдикке же чет мамлекеттердин өкмөттөрүнө милдеттүү эмес учурдагы же капиталдык трансферттерди жана эл аралык уюмдарга төгүмдөрдү билдирет. Гранттар гранттарды алган институционалдык бирдиктин түрү боюнча, ошондой эле бул гранттар учурдагы же капиталдык болуп саналгандыгына жараша классификацияланат.

Алуучулардын үч тобу бар: чет мамлекеттердин өкмөттөрүнө гранттар (261), эл аралык уюмдарга төгүмдөр (262) жана мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктерине гранттар (263). Күндөлүк чыгымдарды жүзөгө ашыруу максатында берилүүчү жана кайсы бир активди сатып алуу менен байланышпаган гранттар күндөлүк гранттар болуп саналат. Капиталдык гранттар грант алуучунун активдерди сатып алуусун, же болбосо алуучу кандайдыр бир активди же активдерди (материалдык жүгүртүү каражаттарынын запастарынан тышкары) сатып алуу үчүн пайдаланууга тийиш болгон акча каражаттарын которууда, же активди өткөрүп берүүдө (материалдык жүгүртүү каражаттарынын запастарынан жана акча каражаттарынан тышкары), же кредитор менен дебитордун ортосундагы өз ара макулдашуу боюнча милдеттенмелерди жокко чыгарууда же башка институционалдык бирдиктин карызын өзүнө кабыл алууну карайт (анткени бюджеттик классификация акча агымдарын эсепке алуу максаттарында колдонулат, акча агымынын формасы жок ар кандай капиталдык гранттар, эсептер планында каралат).

101. 2611 “Чет мамлекеттердин өкмөттөрүнө учурдагы гранттар”топчосу, 26111 “Чет мамлекеттердин өкмөттөрүнө учурдагы гранттар” эсеби 26111100 “Чет мамлекеттердин өкмөттөрүнө учурдагы гранттар” элементин камтыйт.

102. 2612 “Чет мамлекеттердин өкмөттөрүнө капиталдык гранттар” топчосу, 26121 “Чет мамлекеттердин өкмөттөрүнө капиталдык гранттар” эсеби 26121100 “Чет мамлекеттердин өкмөттөрүнө капиталдык гранттар” элементин камтыйт.

103. 2621 “Уюмдарга учурдагы төгүмдөр” топчосу, 26211 “КМШ алкагында эл аралык уюмдарга жана бирикмелерге төгүмдөр” эсеби төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 26211100 “Эл аралык уюмдарга төгүмдөр”;

- 26211200 “КМШ алкагында интеграциялык бирикмелерге төгүмдөр”;

- 26211300 “КР ЖӨБ органдарынын бирликтерине, ассоциацияларга төгүмдөр”;

- 26211900 “Башка кайтарымсыз которуулар”.

104. 2622 “Эл аралык уюмдарга капиталдык гранттар” топчосу, 26221 “Эл аралык уюмдарга капиталдык гранттар” эсеби 26221100 “Эл аралык уюмдарга капиталдык гранттар” элементин камтыйт.

105. 2631 “Мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктерине учурдагы гранттар” топчосу төмөнкү эсептерди камтыйт:

- 26311 “Жергиликтүү бюджеттерге трансферттер”;

- 26313 “Социалдык фондго трансферттер”;

- 26314 “Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна трансферттер”

- 26315 “Социалдык фонддун бюджетинен берилүүчү каражаттар”.

26311 “Жергиликтүү бюджеттерге трансферттер” эсеби төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 26311100 “Теңдештирүүчү трансферттер”;

- 26311200 “Максаттуу трансферттер;

- 26311300 “Жергиликтүү бюджеттин деңгээлдеринин ортосундагы максаттуу трансферттер”.

26313 “Социалдык фондго трансферттер” эсебинде Мыйзамдарга ылайык төлөп берүү булагы республикалык бюджет катары белгиленген жеңилдетилген пенсияларды, пенсиянын базалык бөлүгүн, пенсияларга үстөк акыларды, компенсацияларды ж.б. төлөө боюнча Социалдык фонддун бюджетине республикалык бюджеттен өткөрүлүп берилген акча каражаттар эсепке алынат. Эсеп өзүнө төмөнкү элементерди камтыйт:

- 26313100 “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын базалык бөлүгү”;

- 26313210 “Бийик тоолуу шарттарда иштегендиги үчүн жеңилдетилген пенсиялар”;

- 26313220 “Алыскы барууга кыйын райондордо иштегендиги үчүн жеңилдетилген пенсиялар”;

- 26313230 “Көп балалуу энелерге жана бала кезинен майып балдардын энелерине пенсиялар”;

- 26313300 “Калктын айрым категорияларына пенсиялар”;

- 26313400 “Аскер кызматкерлерине пенсиялар”;

26313500 “Аскер кызматкерлеринин курман болуусунда, майыптык алуусунда милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу”;

- 26313610 “Электр энергиясы үчүн пенсияларга компенсациялык төлөмдөр”;

- 26313620 “Чернобыль АЭСте авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандарга, эмгектик мертинүү боюнча компенсациялык төлөмдөр”;

- 26313630 “Баткен облусунун чек ара аймактарында жашаган пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр”;

- 26313700 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кабыл алуунун натыйжасында түзүлгөн Социалдык фонддун бюджетинин кошумча чыгымдарынын же кирешелеринин жоготууларын компенсациялоо”;

- 26313800 “Пенсияларга үстөк акылар”.

26314 “Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна трансфеттер” эсебинде республикалык бюджеттен ММКФнын бюджетине өткөрүлүп берилүүчү каражаттардын акча каражаттары эсепке алынат, аларды төлөө булактары мыйзамдарга ылайык республикалык бюджет белгиленген жана 26314100 “Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна трансферттер” элементин камтыйт. 26315 “Социалдык фонддун бюджетинен берилүүчү каражаттар” эсебинде чогултулган камсыздандыруу төгүмдөрүн ММК фондуна, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна, МТПФга (учурдагы түшүүлөр жана өткөн жылдар үчүн карыздарды тындыруу) берүү эсепке алынат. Эсеп төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 26315100 “Социалдык фондунун бюджетинен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна берилүүчү каражаттар”;

- 26315200 “Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун каражаттарын бөлүштүрүү боюнча ыйгарым укукуктуу органга берилүүчү каражаттар”;

- 26315300 “Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна берилүүчү каражаттар”.

106. 26316 “Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен берилүүчү каражаттар” эсеби 26316100 “Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен берилүүчү каражаттар” элементин камтыйт.

107. 26321 “Мамлекеттик башкаруунун секторлорунун башка бирдиктерине капиталдык гранттар” эсеби 26321100 “Мамлекеттик башкаруунун секторлорунун башка бирдиктерине капиталдык гранттар” элементин камтыйт.

108. 27 “Социалдык жөлөк пулдар жана төлөмдөр” категориясына социалдык жөлөк пулдар жана төлөмдөр бюджеттин каражаттарынын эсебинен социалдык, пенсиялык жана медициналык камсыздандыруу алкагындагы жөлөк пулдарды төлөөлөрдүн, анын ичинде мамлекеттик пенсиялык камсыздоо боюнча пенсиялардын чыгымдары кошулат.

Социалдык жөлөк пулдар төлөмдөр жүзөгө ашырылуучу программанын түрүнө жараша классификацияланат, алардын ичинен социалдык камсыздоо, социалдык жардам көрсөтүү программалары, социалдык камсыздандыруу программалары ж. б. бөлүнөт. Социалдык жөлөкпулдар жалпы калкты же жарандардын айрым категорияларын белгилүү бир социалдык тобокелдиктерден коргоо максатында акчалай же накталай формадагы трансферттер катары аныкталат. Социалдык тобокелдик - айрым адамдардын мүлктүк абалына терс таасир тийгизиши мүмкүн болгон, же каражаттарды чыгымдоодо кошумча муктаждыктардын келип чыгышына байланыштуу, же болбосо алардын кирешелеринин кыскарышынын натыйжасында болгон окуя же жагдай. Мисалы, медициналык кызматтарды көрсөтүү, жумушсуздук боюнча жөлөк пулдарды жана социалдык камсыздандыруу боюнча пенсияларды берүү. Бардык социалдык жөлөк пулдар капиталдык трансферттер эмес, учурдагы болуп саналат.

109. 2711 “Социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдар” топчого төмөнкү эсептер кирет:

1) 27111 “Социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пул” эсеби төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 27111100 “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөр” - майыптыгы боюнча, баккан адамынан айрылгандыгы, жаш курагы боюнча пенсиялардын бардык төлөмдөрү, анын ичинде жеңилдетилген шарттардагы пенсиялар (көп балалуу энелер, бийик тоолуу аймактар боюнча, алыскы барууга кыйын райондор, №1, №2 тизмелери боюнча, эмгектик мертинүү боюнча зыяндын ордун толтуруунун суммалары, эмгектин өзгөчө шарттары үчүн ж. б.), пенсияларга үстөк акылар, компенсациялар ж. б. эсепке алынат;

- 27111200 “Пенсионердин сөөгүн коюуга жөлөк пул” – “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча пенсия алган пенсионерлердин сөөгүн коюуга жөлөк пулдардын төлөмдөрү эсепке алынат;

- 27111300 “Аскер кызматчыларынын пенсиялары” - “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” КР Мыйзамы боюнча дайындалган пенсияларга, үстөктөргө жана компенсацияларга төлөөлөр эсепке алынат;

- 27111400 “Аскер кызматкерлери каза болгондо, майыптык алганда мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу боюнча төлөмдөр”;

- 27111500 “Пенсиянын топтоо бөлүгүн төлөө” - камсыздандырылган адамдар пенсияга чыкканда, республиканын чегинен тышкары туруктуу жашоого кеткенде, камсыздандырылган адам каза болгондон кийин мураскорлорго пенсиянын топтоо бөлүгүн төлөөнү каржылоо боюнча чыгымдар эсепке алынат;

- 27111600 “Ыйгарым укуктары токтотулганда судьяларга бир жолку жөлөк пул төлөө”, судьялык иштин белгиленген стажы болгон учурда ыйгарым укуктары токтотулганда судьяларга төлөөгө чыгымдар судья болуп иштеген ар бир толук жыл үчүн акыркы кызмат орду боюнча орточо айлык эмгек акынын эсебинде, бирок анын жылдык эмгек акысынан кем эмес эсепке алынат;

2) 27115 “Калкты медициналык камсыздандыруу боюнча компенсациялык төлөмдөр” эсеби төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 27115100 “16 жашка чейинки балдарды медициналык камсыздандыруу боюнча компенсациалык төлөмдөр”;

- 27115200 “Пенсионерлерди медициналык камсыздандыруу боюнча компенсациалык төлөмдөр”;

- 27115300 “Социалдык жөлөк пул алган адамдарды медициналык камсыздандыруу боюнча компенсациялык төлөмдөр”;

- 27115400 “21 жашка чейинки студенттер үчүн медициналык камсыздандыруу үчүн компенсациалык төлөмдөр”;

- 27115500 “Жумушсуздарды медициналык камсыздандыруу үчүн компенсациалык төлөмдөр”;

- 27115600 “Аскердик кызматкерлерин медициналык камсыздандыруу үчүн компенсациалык төлөмдөр”.

110. 272 “Калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пул” тобунда - жөлөк пулдар социалдык камсыздандыруу программасы жок болгон учурларда, айрым үй чарбалары учурдагы социалдык камсыздандыруу программаларына катышпай калганда же социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөк пулдар конкреттүү муктаждыктарды жабуу үчүн жетишсиз деп эсептелгенде төлөнүшү мүмкүн.

Социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарга адатта социалдык камсыздандыруу программалары менен жабылбаган окуяларга же жагдайларга байланыштуу трансферттер кирбейт, мисалы табигый кырсыктарга байланыштуу (натуралдык түрдөгү социалдык жардам боюнча жөлөк пулдар мүнөзү боюнча натуралдык түрдөгү социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөк пулдарга окшош калкка трансферттерден турат жана социалдык жардам боюнча жөлөк пулдар сыяктуу эле шарттарда берилет).

111. 2721 “Калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пул” топчосу өзүнө төмөнкү эсептерди камтыйт:

1) 27211 “Элге социалдык жардам боюнча жөлөк пулга” төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 27211100 “Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул”;

- 27211200 “Бала төрөлгөндө бир жолку жөлөк пул”;

- 27211300 “Бала 3 жашка чыкканга чейин энеге жөлөк пул”;

- 27211400 “Жумушсуздук боюнча жөлөк пул”;

- 27211500 “Калкка социалдык төлөөлөр” баатыр энелерге, бала кезинен майыптарга, пенсия менен камсыз болбогон майыптарга жана кары-картаңдарга социалдык жөлөк пулдар эсепке алынат”;

- 27211600 “Баккан адамынан айрылганга байланыштуу компенсациялык төлөөлөр”;

- 27211700 “Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шартында медициналык жардам көрсөтүү же илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү учурунда эмгектик милдеттерин аткарууда жугуштуу оорудан улам курман болгон медициналык жана саламаттык сактоо уюмдарынын башка кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө бир жолку төлөмдөр жана компенсациялар”;

2) 27212 “Башка социалдык жөлөк пул жана төлөөлөр” эсеби төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 27212100 “Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөк пул”;

- 27212200 “Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул”;

- 27212300 “Сөөк коюуга жөлөк пул төлөө”;

- 27212400 “Убактылуу турак жайды жалдоо үчүн аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана судьяларына компенсациялык төлөмдөр”;

- 27212500 “Ипотекалык кредиттөө үчүн компенсациялык төлөмдөр”;

- 27212900 “Дагы башка социалдык жөлөк пулдар жана төлөмдөр”;

3) 27213 “Калкка жеңилдиктер жана жеңилдиктердин ордуна компенсация» эсеби 27213100 “Калкка жеңилдиктер жана жеңилдиктердин ордуна компенсация” элементин камтыйт;

4) 27214 “Калктын ишке орношуусуна көмөк көрсөтүү боюнча башка чыгымдар” эсеби төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 27214100 “Кесиптик окутууга чыгымдар”;

- 27214200 “Коомдук иштерди уюштурууга чыгымдар”;

- 27214300 “Чакан кредиттөөгө чыгымдар”;

- 27214400 “Жумуш орунуна чек”;

5) 27215 “Ден соолукту чыңдоо чараларына чыгымдар” эсеби төмөнкү элементерди камтыйт:

- 27215100 “Кызматкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун чыңдоо иш-чараларына чыгымдар”;

- 27215200 “Дайыма кароого жана көзөмөлгө муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланын персоналдык ассистентине чыгымдар”;

6) 27216 “Табигый кырсыктардан жабыр тарткан калкка кайтарымсыз жардам” эсеби 27216100 “Табигый кырсыктардан жабыр тарткан калкка кайтарымсыз жардам” элементин камтыйт, мында табигый кырсыктардан жана демографиялык мүнөздөгү кырсыктардан жабыр тарткан калкка төлөмдөр эске алынат.

112. 28 “Башка чыгымдар” категориясына мамлекеттик бийлик органдарынын же алардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери (аракетсиздиги) менен келтирилген зыяндын ордун толтурууга, сот органдарынын чечими боюнча моралдык зыяндын ордун толтурууга, соттордун тиешелүү чечимдери боюнча доогерлерге акчалай компенсацияларды төлөөгө чыгымдар кирет. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын резервдик фонддорун түзүүгө ассигнованиелер эсепке алынат. Көрсөтүлгөн резервдик фонддордун каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечим белгиленген тартипте кабыл алынган учурда чыгымдар тармактык жана ведомстволук таандыктыгына жараша функционалдык классификациянын тиешелүү бөлүктөрү боюнча чагылдырылат.

Ошондой эле чыгымдардын бул категориясына чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан алынган кредиттер жана зайымдар боюнча комиссиялык төлөмдөр, тейлөө үчүн төлөмдөр, администрациялоо үчүн төлөмдөр, бир жолку жыйымдар ж.б. сыяктуу башка төлөмдөр кирет. Жогоруда аталган төлөмдөр институционалдык бирдиктер тарабынан төлөнөт, алар милдеттенмелердин айрым түрлөрүн, атап айтканда, чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан алынган кредиттер жана кредиттер боюнча милдеттенмелерди алышат. Бул милдеттенмелер мамлекеттик башкаруу секторунун бирдиги башка институционалдык бирдиктен карызга каражаттарды алганда келип чыгат. Бул төлөмдөр, бир жолку жыйымдардан тышкары, кредитор тарабынан берилген зайымдын өздөштүрүлбөгөн суммасын пайдаланбагандыгы үчүн мамлекеттик башкаруу секторунун бирдиктерине тарткан чыгымдар болуп саналат. Бир жолку жыйымдар - бул институционалдык бирдиктер тарабынан төлөнүүгө тийиш болгон бир жолку төлөмдөр, алар өзүнө милдеттенмелердин айрым түрлөрүн, атап айтканда, чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан алынган кредиттер жана зайымдар боюнча милдеттенмелерди алышат. Эмгек акы төлөө, мекемелердин өз муктаждыктары үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуусу, мамлекеттик карыздык милдеттенмелерди тейлөө, бюджеттердин каражаттарынын эсебинен уюмдарга, бюджеттерге акысыз жана кайтарылгыс трансферттерди берүү, социалдык камсыз кылууну жүзөгө ашыруу менен байланышкан чыгымдар кирбейт.

113. 2821 “Башка классификацияланбаган чыгымдар” топчодо мындай түшүүлөрдү эсепке алуу үчүн төмөнкү эсептер каралган:

1) 28211 “Стипендиялар” эсеби 28211100 “Стипендиялар” элементин камтыйт, билим берүүгө стипендиялар жана башка жөлөк пулдар эсепке алынат;

2) 28212 “Туура эмес чегерилген акча каражаттарын которуу” эсеби төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 28212100 “МТПФдан туура эмес чегерилген акча каражаттарын которуу”;

- 28212200 “Пенсиялык фонддон туура эмес чегерилген акча каражаттарын которуу”;

3) 28213 “Чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан алынган кредиттер жана зайымдар боюнча башка төлөмдөрдү төлөө” эсеби 28213100 “Чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан алынган кредиттер жана зайымдар боюнча башка төлөмдөрдү төлөө” элементин камтыйт, мында чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан алынган кредиттер жана зайымдар боюнча башка төлөмдөрдүн төлөнүшү (комиссиялык төлөмдөр, тейлөө үчүн төлөмдөр, администрациялоо үчүн төлөмдөр, бир жолку жыйымдар ж.б.) эсепке алынат.

4) 28217 “Натыйжага багытталган милдеттенмелерди аткаруу боюнча башка чыгымдар” эсеби 28217100 “Натыйжага багытталган милдеттенмелерди аткаруу боюнча башка чыгымдар” элементин камтыйт;

5) 28219 “Башка классификацияланбаган чыгымдар” эсеби 28219100 “Башка классификацияланбаган чыгымдар” элементин камтыйт, мында башка категорияларга киргизилбеген башка чыгымдар, анын ичинде кайрымдуулук уюмдарына натуралдык түрдөгү трансферттер эске алынат, тамак-аш азыктары, кийим-кече, жууркан, жана медикаменттер андан ары алуучуларга берүү үчүн төлөмдөр; табигый кырсыктардан улам келтирилген зыян же жаракат үчүн компенсация катары төлөмдөр; өмүрдү камсыздандырууга тиешеси жок камсыздандыруу ордун толтуруу жөнүндө талаптар боюнча төлөмдөрдү кошпогондо, мамлекеттик башкаруу секторунун бирдиктери тарабынан келтирилген жеке адамдарга келтирилген жаракат үчүн же менчикке келтирилген зыян үчүн компенсация тартибиндеги төлөмдөр; ар кандай жагымсыз окуялар же кырсыктар болгон учурда жабууну камсыз кылуу үчүн камсыздандыруу компанияларына төлөнүүчү өмүрдү камсыздандыруу боюнча сыйакылардан тышкары камсыздандыруу сыйакылары.

114. 2822 “Капиталдык дагы башка ар түрдүү чыгымдар” топчосу 28221 “Капиталдык дагы башка ар түрдүү чыгымдар” эсеби 28221100 “Капиталдык дагы башка ар түрдүү чыгымдар” элементин камтыйт, аларга финансылык эмес активдерди сатып алуу боюнча чыгымдарды толук же жарым-жартылай жабууга, эки же андан көп жыл ичинде топтолгон ири операциялык тартыштыкты жабууга, карызкор менен өз ара макулдашуу боюнча карызды жокко чыгарууга же карызды кабыл алууга рыноктук ишканаларга жана үй чарбаларын тейлөөчү коммерциялык эмес уюмдарга акчалай же натуралдык формадагы капиталдык трансферттер кирет.

115. 2823 “Соттун чечимдердин аткаруу” топчосу 28231 “Сот чечимдердин аткаруу” эсеби төмөндөгү элементтерди камтыйт:

- 28231100 “Соттун чечимдердин аткаруу”, мамлекеттик бийлик органдарынын же алардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери (аракетсиздиги) менен келтирилген зыяндын ордун толтурууга, сот органдарынын чечими боюнча моралдык зыяндын ордун толтурууга, соттордун тиешелүү чечимдери боюнча доогерлерге акчалай компенсацияларды төлөөгө чыгымдар, статут жана жалпы укук ченемдери боюнча аракеттенген соттордун же квазисоттук органдардын чечими боюнча салынуучу айыптар жана туумдар;

- 28231200 “Ээлеген кызматынан мыйзамсыз бошотулган кызмат адамдарына компенсациялар”, ээлеген кызматынан мыйзамсыз бошотулган кызматтык адамдарга компенсация тѳлѳп берүү эсепке алынат.

116. 2824 “Резервдик фонддор” топчосу, 28241 “Резервдик фонддор” эсеби 28241100 “Резервдик фонддор” элементин камтыйт, аларга республикада өткөрүлүүчү экономикалык, социалдык-маданий жана башка мамлекеттик иш-чаралар боюнча күтүлбөгөн чыгымдарды жабуу үчүн каражаттар кирет, алар тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин түзүүдө жана бекитүүдө эске алынган эмес, анын ичинде төмөнкү максаттар:

а) табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча маселелерди ыкчам чечүү;

б) мамлекеттик жана муниципалдык менчикте болгон социалдык-маданий обьекттер жана инфраструктураларды жарым жартылай финансылык колдоо жана материалдык техникалык базасын оңдоо жана жакшыртуу;

в) расмий даталарга арналган республикалык масштабда иш чараларды өткөрүү;

г) спорттук мелдештерди жана маданий-массалык иш чараларды жүргүзүүдө финансылык колдоону көрсөтүү;

д) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучуларына, эмгек ардагерлерине, Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө салым кошкон Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү инсандарына, турмуштук оор кырдаалга кабылган калктын аялуу катмарларына, бир эле учурда үч жана андан көп бала төрөлгөндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин аппаратында, Кыргыз Республикасынын Президенттин администрациясында 10 жана андан ашык жыл иштеген пенсионерлерге бир жолку материалдык жардам көрсөтүү;

е) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлерине материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жана материалдык жардам көрсөтүү;

ж) республикалык социалдык, маданий-массалык жана башка иш-чараларды даярдоодо жана өткөрүүдө кошумча финансылык жардам көрсөтүү;

з) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечимдерине ылайык социалдык-маданий мааниси бар жана кечиктирилгис каржылоону талап кылган максаттарга;

и) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечимдерине ылайык башка максаттарга.

117. 2825 “Пенсиялык топтомо каражаттарын өткөрүп берүү” топчосу 28251 “Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду тарабынан топтомо каражаттарын өткөрүп берүү” эсеби төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 28251100 “Пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруучу компанияларга ишенимдүү башкарууга берүү” Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу мыйзамдарына ылайык ишенимдүү башкарууга башкаруучу компанияларга берилген камсыздандырылган адамдардын пенсиялык топтоо каражаттары эсепке алынат;

- 28251200 “Пенсиялык топтоо каражаттарын топтоочу пенсиялык фонддорго берүү” Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу мыйзамдарына ылайык топтоочу пенсиялык фондго берилген камсыздандырылган адамдардын пенсиялык топтоо каражаттары эсепке алынат;

- 28251300 “Пенсиялык топтоо каражаттарын мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорго өткөрүп берүү” Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна берилген пенсиялык топтоо каражаттарын кайтарып берүү үчүн каражаттар эсепке алынат.

118. 2826 “Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо боюнча чыгымдар” топчосу, 28261 “Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо боюнча чыгымдар” эсеби өзүнө төмөнкүдөй элементтерди камтыйт:

28261100 “Башкаруучу компаниялардын кызмат көрсөтүүлөрү” пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкарууда башкаруучу компаниялар жүргүзгөн зарыл чыгымдардын ордун толтурууга чыгымдар эсепке алынат;

- 28261200 “Депозитарийлердин кызматтары”, депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрүн төлөөгө чыгымдар кирет;

- 28261300 “Аудиторлордун кызматтары”, КР мыйзамдарына ылайык дайындалган аудиторлордун кызмат көрсөтүүлөрүн төлөөгө чыгымдар кирет;

- 28261400 “Жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруучулардын кызматтары”, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруучулардын кызматтарына акы төлөө боюнча чыгымдар кирет;

- 28261500 “Пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча мамилелердин башка катышуучуларынын кызмат көрсөтүүлөрү” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча мамилелердин катышуучуларынын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө боюнча чыгымдар кирет.

119. 2828 “Социалдык фондду өнүктүрүү фонду” топчосу, 28281 “Социалдык фондду өнүктүрүү фонду” эсеби 28281100 “Социалдык фондду өнүктүрүү фонду” элементин камтыйт, Социалдык фонддун материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кызматкерлерди материалдык колдоого жана социалдык коргоого, өтө муктаж пенсионерлерге материалдык жардам көрсөтүүгө, социалдык-маданий иш-чараларды өткөрүүгө социалдык фондду өнүктүрүү фондунун чыгымдары эсепке алынат.

120. 2829 “Топтолгон финансылык резервдер” топчосу, 28291 “Топтолгон финансылык резервдер” эсеби 28291100 “Топтолгон финансылык резервдер” элементин камтыйт, алар республикалык бюджеттин ресурстары кем түшкөн (аз түшкөн) учурда бюджеттин туруктуулугун камсыз кылуу үчүн каралат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларына жана тескемелерине ылайык республикалык бюджеттин чыгымдарын каржылоого багытталышы мүмкүн.

121. 2831 “Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондуна акча каражаттарды которуу” топчосу 28311 “Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондуна акча каражаттарды которуу” эсебин жана 28311100 “Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондуна акча каражаттарды которуу” төмөнкү элементин камтыйт. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондуна которулуучу, аны түзүү булактары болуп саналган акча каражаттары кирет. Каражаттар Кыргыз Республикасынын Президенти аныктаган Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибине ылайык которулат.

122. Чыгымдар менен байланышкан акча каражаттарынын агылып чыгуулары, трансферттер (субсидиялар, гранттар, субвенциялар) менен байланышкан агылып чыгууларды кошпогондо, 5 “Милдеттенмелер” бөлүгүндөгү тиешелүү милдеттенмелердин элементтери бар корреспонденцияларда кредит боюнча чагылдырылат. Агылып чыгуулардын мындай элементтери 8-бөлүктөн чегерилген чыгымдардын элементтери менен корреспонденттелет.

123. Бирдиктүү казыналык эсептеги калдыкты эсептөө үчүн БКЭден акчалай агылып чыгууларга тиешелүү бардык элементтер 41111110 “Бирдиктүү казыналык эсеп” элементине жабылат.

124. Төмөндө акчалай чыгымдарга карата бухгалтердик жазуулардын мисалдары келтирилген:

№

Операция

Дебет боюнча элемент

Кредит боюнча элемент

1

Негизги эмгек акы боюнча чыгымдарды таануу

81111100

Туруктуу кызматчылардын негизги эмгек акысы боюнча чыгымдар

51412 110 Эмгек акы жана эмгек үчүн башка сыйакылар

1.1

Негизги эмгек акыдан киреше салыгын кармап калуу

51412 110 Эмгек акы жана эмгек үчүн башка сыйакылар

51412 120 Киреше салыгы

1.2

Эмгек акыдан Пенсиялык фондго төгүмдөрдү кармап калуу

51412 110 Эмгек жана эмгек үчүн башка сыйакылар

51412 130 Пенсиялык фондго төгүмдөр

1.3

Жумуш берүүчүлөрдөн Социалдык фондго төгүмдөр боюнча чыгымдарды таануу

81211 100 Пенсиялык фондго, Милдеттүү медициналык камсыздоо фондуна, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна төгүмдөр боюнча чыгымдар

51412 130 Пенсиялык фондго төгүмдөр

1.4

Негизги эмгек акыны төлөө

51412 110 Эмгек жана башка сыйакылар

21111 100 Негизги эмгек акы

1.5

Киреше салыгын төлөө

51412 120 Киреше салыгы

21111 100 Негизги эмгек акы

1.6

Эмгек акыдан кармап калынган төгүмдөрдү Пенсиялык фондго төлөө

51412 130 Пенсиялык фондго төгүмдөр

21111 100 Негизги эмгек акы

2

Өлкө ичинде иш сапардык чыгымдар үчүн транспорт чыгымдарына акча каражатын накталай кылуу

41121 120 Бюджеттик каражаттарды алуучулар

22111 100 Транспорт чыгымдары

2.1

Өлкө ичинде иш сапардык чыгымдар үчүн мейманкана чыгымдарына акча каражатын накталай кылуу

41121 120 Бюджеттик каражаттарды алуучулар

22111 200 Мейманкана чыгымдары

2.2

Өлкө ичинде иш сапардык чыгымдар үчүн суткалык чыгымдарга акча каражатын накталай кылуу

41121 120 Бюджеттик каражаттарды алуучулар

22111300

Суткалык чыгымдар

2.3

Коммерциялык банктагы банктык эсептен накталай акча каражаттарынын мекеменин кассасына түшүшү

41121 110 Бюджеттик мекеменин кассасы

41121 120 Бюджеттик каражаттарды алуучулар

2.4

Отчеттуулукка накталай акча каражаттарын берүү

41511 110 Кызматчылардын дебитордук карызы

41121 110 Бюджеттик мекеменин кассасы

2.5

Өлкө ичинде иш сапарга карата транспорт чыгымдарын таануу

82111 100 Өлкө ичинде иш сапарга транспорт чыгымдары

41511 110 Кызматчылардын дебитордук карызы

2.6

Өлкө ичинде иш сапарга карата мейманкана чыгымдарын таануу

82111 200 Өлкө ичинде мейманкана чыгымдары

41511 110 Кызматчылардын дебитордук карызы

2.7

Өлкө ичинде иш сапарга карата суткалык чыгымдарды таануу

82111 300 Өлкө ичинде суткалык чыгымдар

41511 110 Кызматчылардын дебитордук карызы

3

Өлкө ичинде иш сапарга карата транспорт чыгымдарын (накталай эмес эсептешүү боюнча төлөө учурунда) таануу

82111 100 Өлкө ичинде иш сапарга транспорт чыгымдары

51414120

Кызмат көрсөтүүлөргө жана жумуштарга карата төлөөгө эсептер

3.1

Өлкө ичинде иш сапарга карата мейманкана чыгымдарын (накталай эмес эсептешүү боюнча төлөө учурунда) таануу

82111 200 Өлкө ичинде мейманкана чыгымдары

51414 120 Кызмат көрсөтүүлөргө жана жумуштарга карата төлөөгө эсептер

3.2

Унаа чыгымдарын төлөө (накталай эмес эсептешүү боюнча төлөө учурунда)

51414 120 Кызмат көрсөтүүлөргө жана жумуштарга карата төлөөгө эсептер

22111 100 Транспорт чыгымдары

3.3

Мейманкана чыгымдарын төлөө (накталай эмес эсептешүү боюнча төлөө учурунда)

51414 120 Кызмат көрсөтүүлөргө жана жумуштарга карата төлөөгө эсептер

22112 200 Мейманкана чыгымдары

4

Бирдиктүү казыналык эсепке акча агымдарынын убактылуу элементтерин жабуу

22111 200 Мейманкана чыгымдары 22111 100 Транспорттук чыгымдар 22111 300 Суткалык чыгымдар 21111 100 Негизги эмгек акы

41111 110 Бирдиктүү казыналык эсеп

5

Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгымдарды таануу

82311 100 Сууга төлөө боюнча чыгымдар

51414 120 Кызмат көрсөтүүлөргө жана жумуштарга карата төлөөгө эсептер

5.1

Суу үчүн коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө (накталай эмес эсептешүү боюнча төлөө учурунда)

51414 120 Кызмат көрсөтүүлөргө жана жумуштарга карата төлөөгө эсептер

22311 100 Суу үчүн төлөм

6

Телефондук жана факсимилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрү үчүн чыгымдарды таануу

82122 100 Телефондук жана факсимилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрү боюнча чыгымдар

51414 120 Кызмат көрсөтүүлөргө жана жумуштарга карата төлөөгө эсептер

6.1

Байланыш кызматтары үчүн төлөө (накталай эмес эсептешүү боюнча төлөө учурунда)

51414 120 Кызмат көрсөтүүлөргө жана жумуштарга карата төлөөгө эсептер

22122 100 Телефондук жана факсимилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрү

7

Имараттардын жана жайлардын ижарасы боюнча чыгымдарды таануу

82131 100 Имараттардын жана жайлардын ижарасы боюнча чыгымдар

51414 120 Кызмат көрсөтүүлөргө жана жумуштарга карата төлөөгө эсептер

7.1

Имараттардын жана жайлардын ижарасы үчүн төлөө (накталай эмес эсептешүү боюнча төлөө учурунда)

51414 120 Кызмат көрсөтүүлөргө жана жумуштарга карата төлөөгө эсептер

22131 100 Имараттардын жана жайлардын ижарасы

8

Отундун түшүүсү (жеткирип берүү)

41621 130 Отун

51414 110 Запастарга карата төлөөгө эсептер

8.1

Отун үчүн төлөө (накталай эмес эсептешүү боюнча төлөө учурунда)

51414 110 Запастарга карата төлөөгө эсептер

22141 100 Бензин, дизель, отун

9

Алынган кредиттерге карата пайыздык чыгымдарды таануу

84111 100 Чет өлкөлөрдөн жана эл аралык уюмдардан алынган зайымдар боюнча пайыздык чыгымдар

51413 120 Кредиттер жана зайымдар боюнча төлөөгө пайыздар

9.1

Чет өлкөлөрдөн алынган кредиттер жана зайымдар боюнча пайыздарды төлөө

51413 120 Кредиттер жана зайымдар боюнча төлөөгө пайыздар

24111 100 Чет өлкөлөрдөн жана эл аралык уюмдардан алынган кредиттер жана зайымдар боюнча пайыздарды төлөө

10

Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке теңдештирүүчү гранттарды төлөө

86311 200 Жергиликтүү бюджеттерге теңдештирүүчү гранттар боюнча чыгымдар

26311 100 Теңдештирүүчү гранттары

11

Чет өлкөлүк өкмөттөрдүн дарегине гранттарды төлөө

86111 100 Чет өлкөлүк өкмөттөргө учурдагы гранттар боюнча чыгымдар

26111 100 Чет өлкөлүк мамлекеттердин өкмөттөрүнө учурдагы гранттар

12

Эл аралык уюмдарга төгүмдөр боюнча чыгымдарды таануу

86211 100 Эл аралык уюмдарга төгүмдөр боюнча чыгымдар

51418 110 Эл аралык уюмдарга төгүмдөр

12.1

Эл аралык уюмдарга төгүмдөрдү төлөө

51418 110 Эл аралык уюмдарга төгүмдөрдү төлөө

26211 100 Эл аралык уюмдарга төгүмдөр

13

Баалуу кагаздар боюнча пайыздык чыгымдарды таануу

84211 100 Мамлекеттик кыска мөөнөттү баалуу кагаздар боюнча пайыздык чыгымдар

51413 110 Баалуу кагаздар боюнча төлөөгө карата пайыздар

13.1

Мамлекеттик кыска мөөнөттү баалуу кагаздар боюнча пайыздарды төлөө

51413 110 Баалуу кагаздар боюнча төлөөгө карата пайыздар

24211 100 Мамлекеттик кыска мөөнөттүү баалуу кагаздар боюнча пайыздарды төлөө

14

Финансылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидияларды төлөө

85111 100 Финансылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидиялар боюнча чыгымдар

25111 100 финансылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидиялар

15

Пенсиянын базалык бөлүгү боюнча чыгымдарды таануу

87111 100 Социалдык камсыз кылуу боюнча жөлөк пул түрүндө чыгымдар - калкты социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын базалык бөлүгү

51415 110 Социалдык камсыз кылуу боюнча милдеттенмелер

15.1

Калкты социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын базалык бөлүгүнө төлөмдөр

51415 110 Социалдык камсыз кылуу боюнча милдеттенмелер

27111 100 Калкты социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын базалык бөлүгү

16

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пулдарга карата чыгымдарды таануу

87211 100 Калкка социалдык жардам көрсөтүү боюнча жөлөк пулдар боюнча чыгымдар - аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул

51415 120 Социалдык жардам көрсөтүү боюнча милдеттенмелер

16.1

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пулдарды төлөө

51415 120 Социалдык жардам көрсөтүү боюнча милдеттенмелер

27211 100 Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пулдар

17

Тамак-аш азыктарына компенсациялык төлөөлөр боюнча чыгымдарды таануу

82181 200 Тамак-аш азыктарына компенсациялык төлөөлөр боюнча чыгымдар

51411 150 Компенсациялык төлөөлөр боюнча милдеттенмелер

17.1

Тамак-аш азыктарына компенсацияларды төлөө

51411 160 Компенсациялык төлөөлөр боюнча милдеттенмелер

22181 200 Тамак-аш азыктарына төлөмдөрдү компенсациялоо

18

Стипендиялар боюнча чыгымдарды таануу

88211 100 Стипендиялар боюнча чыгымдар

51411 120 Стипендиялар боюнча милдеттенмелер

18.1

Стипендияларды төлөө

51411 120 Стипендиялар боюнча милдеттенмелер

28211 100 Стипендиялар

19

Бирдиктүү казыналык эсепке акчалай агымдардын элементтерин жабу

28211 100 Стипендиялар 22181 200 Тамак-аш азыктарына төлөмдөрдү компенсациялоо 27211 100 Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул 27111 100 Калкты социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын базалык бөлүгү 25111 100 Финансылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидиялар 24211 100 Мамлекеттик кыска мөөнөттү баалуу кагаздар боюнча пайыздарды төлөө 26311 100 Теңдештирүүчү гранттар 26111 100 Чет өлкөлүк мамлекеттер өкмөттөрүнө учурдагы гранттар

41111 110 Бирдиктүү казыналык эсеп

§ 3. БЭП экономикалык сегментинин “Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар” 3-бөлүгү

125. БЭПнын экономикалык сегментинин “Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар” деген 3-цифрадан башталган бөлүгү активдер жана милдеттенмелер менен операцияларга карата акчалай түшүүлөрдү жана төлөмдөрдү эсепке алуу үчүн багытталган.

Бул бөлүктүн элементтери убактылуу болуп саналат жана бюджеттик каражаттарга карата өзүнчө бюджеттик мекеменин балансын түзүүдө бул элементтер боюнча таза жүгүртүүлөр 61113100 “Мамлекеттик бюджеттен каржылоо” таза активдериндеги элементке “жабылат”. Жалпысынан мамлекеттик башкаруу секторунун балансын түзүүдө бул бөлүктүн бюджеттик каражаттарга тиешелүү элементтери 41111110 “Бирдиктүү казыналык эсеп” элементине “жабылат”. Бөлүктүн атайын, эсепке алуу жана депозиттик каражаттарга тиешелүү элементтери өзүнчө бюджеттик мекеменин, ошондой эле жалпысынан мамлекеттик башкаруу секторунун балансын түзүүдө 41111110 “Бирдиктүү казыналык эсеп” элементине “жабылат”. Төмөндө саналып өткөн 31-категориядагы “Финансылык эмес активдер” беренелери финансылык эмес активдер менен операцияларга карата акчалай келип түшүүлөрдү жана агылып чыгууларды эсепке алуу үчүн пайдаланылат. Активдердин көбөйүшүнө алып келген бардык операциялар сатып алуулар деп аталат. Негизги капиталды керектөөнү кошпогондо, активдердин азайышына алып келген бардык операциялар чыгуулар деп аталат. Демек, активдердин белгилүү бир категориясы менен жүргүзүлгөн операциялардын натыйжалары чогуу алгандагы сатып алуу жана чогуу алгандагы эсептен чыгаруу, же болбосо таза сатып алуу катары көрсөтүлүшү мүмкүн. Материалдык жүгүртүү каражаттарынын запастарын накта алуу “Материалдык жүгүртүү каражаттарынын запастарындагы өзгөрүү” деп аталат. Негизги фонддор, баалуулуктар жана өндүрүлбөгөн активдер менен операциялар негизги капиталды сатып алуу, чыгаруу жана керектөө катары жалпыланган түрдө көрсөтүлүшү мүмкүн. Капиталдык оңдоо өзүнчө аныкталып, баалана турган жаңы активдерге алып келбейт. Бирок, мындай оңдоонун наркы базалык активдин учурдагы наркына кошулат. Алардын өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатууга, кызмат мөөнөтүн узартууга же экөөнө тең алып келген учурдагы активдерди капиталдык оңдоо негизги фонддорду сатып алуу катары эсепке алынат, ал эми негизги фонддорду техникалык тейлөө жана учурдагы оңдоо товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу чыгымдары категориясына кирген чыгымдар болуп саналат.

126. 31111 эсеби “Турак жай имараттары жана жайлары” гараждарды жана турак жайга байланыштуу башка курулуштарды кошо алганда, толугу менен же негизинен турак жай катары пайдаланылган имараттарды эсепке алуу үчүн багытталган. Ушул эле категорияга негизги жашоо орду катары пайдаланылуучу калкып жүрүүчү үйлөр, баржалар, турак фургондор жана авто чиркегичтер, ошондой эле аскер кызматчылары үчүн сатып алынуучу турак жайлар кирет. Мындай операцияларды эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элементтер каралат:

- 31111110 “Батирлерди сатуу”;

- 31111120 “Үйлөрдү сатуу”;

- 31111190 “Башка турак жай имараттарын жана имарат-жайларын сатуу”;

- 31111210 “Батирлерди сатып алуу жана куруу”;

- 31111220 “Үйлөрдү сатып алуу жана куруу”;

- 31111290 “Башка турак жай имараттарын жана имарат-жайларын сатып алуу жана куруу”;

- 31111310 “Батирлерди капиталдык оңдоо”;

- 31111320 “Үйлөрдү капиталдык оңдоо”;

- 31111390 “Башка турак жай имараттарын жана имарат-жайларын капиталдык оңдоо”.

127. 31112 “Турак жай эмес имараттар”, турак жайлардан башка бардык имараттарды эсепке алуу үчүн багытталган, мисалы, административдик имараттар, мектептер, ооруканалар, театрлар жана кинотеатрлар, спорт сарайлары, маданият үйлөрү, коомдук оюн-зоок үчүн башка имараттар, кампалар жана өндүрүштүк имараттар, соода имараттары, мейманканалар, жатаканалар ж.б. аскердик максатта сатылып алынган имараттар жана курулмалар, эгерде алар өндүрүш максаттары үчүн сатылып алынган жарандык имараттарга окшош болсо жана ушундай эле жол менен пайдаланылышы мүмкүн болсо, ушул категорияга киргизилет. Мындай операцияларды эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элементтер каралат:

- 31112110 “Өндүрүштүк имараттарды сатуу”;

- 31112120 “Институционалдык имараттарды сатуу”;

- 31112130 “Аскердик имараттарды сатуу”;

- 31112190 “Башка имараттарды сатуу”;

- 31112210 “Өндүрүштүк имараттарды сатып алуу жана куруу”;

- 31112220 “Институционалдык имараттарды сатып алуу жана куруу”;

- 31112230 “Аскердик имараттарды сатып алуу жана куруу”;

- 31112290 “Башка имараттарды сатып алуу жана куруу”;

- 31112310 “Өндүрүштүк имараттарды капиталдык оңдоо”;

- 31112320 “Институционалдык имараттарды капиталдык оңдоо”;

- 31112330 “Аскердик имараттарды капиталдык оңдоо”;

- 31112390 “Башка имараттарды капиталдык оңдоо”.

128. 31113 “Курулмалар” эсеби курулмалардын бардык түрлөрүн сатууну, алууну, капиталдык оңдоону жана курууну камтыйт жана курулмалардын түрү боюнча бөлүнөт. Курулмаларга: авто даңгыр жолу, жолдор, жер үстүндөгү автомагистралдар, тешме тоо жолдор, жер астында өтмөктөр, темир жолдор, аэродомдордун учуучу-конуучу тилкелери, канализация тармагы, суу жолдору, көпүрөлөр, кырдалган жээктер, шахталар, байланыш линиясы, электр берүү линиясы, түтүктөр, спорт менен машыгуучу жайлар, эстеликтер ж.б. кирет. Аскердик максатта алынган жайлар да эсепке алынат, эгерде алар жарандык курулмалар сыяктуу эле түрдө пайдаланышы мүмкүн болсо. Мындан тышкары, бул беренече баалап төлөө-сыйлык системасы боюнча эмгек акыга чыгымдар да эсепке алынат, б.а. төлөнүүчү кызмат акынын өлчөмү аткарылган иш көлөмүнө жана актыларга-пайыздарга жараша болот. Мындай милдеттенмелерди эсепке алуу үчүн төмөнкү элементтер каралган:

- 31113110 “Өндүрүштүк курулмаларды сатуу”;

- 31113120 “Жолдорду сатуу”;

- 31113130 “Көпүрөлөрдү сатуу”;

- 31113190 “Башка курулмаларды сатуу”;

- 31113210 “Өндүрүштүк курулмаларды сатып алуу жана куруу”;

- 33113220 “Жолдорду сатып алуу жана куруу”;

- 33113230 “Көпүрөлөрдү сатып алуу жана куруу”;

- 33113290 “Башка курулмаларды сатып алуу жана куруу”;

- 31113310 “Өндүрүштүк курулмаларды капиталдык оңдоо”;

- 31113320 “Жолдорду капиталдык оңдоо”;

- 31113330 “Көпүрөлөрдү капиталдык оңдоо”;

- 31113390 “Башка курулмаларды капиталдык оңдоо”.

129. 3112 “Машиналар жана жабдуулар” эсеби өзүнө төмөнкү эсептерди камтыйт:

- 31121 “Транспорт каражаттары”;

- 31122 “Механизмдер жана өндүрүштүк жабдуулар”;

- 31123 “Эмерек, офистик жабдуулар жана шаймандар”.

31121 “Транспорт каражаттары” эсеби транспорт каражаттарынын бардык түрлөрүн сатууну, сатып алууну, капиталдык оңдоону жана түзүүнү камтыйт жана транспорт каражатынын түрү боюнча бөлүнөт. Транспорт каражаттарына төмөнкүлөр кирет:

- темир жол, суу, автомобиль транспортунун кыймылдуу курамы (электровоздор, тепловоздор, паровоздор, мотовоздор, мотодрезиндер, вагондор, платформалар, цистерналар, теплоходдор, пароходдор, дизель-электроходдор, сүйрөгүчтөр, баржалар жана баркалар, кайыктар жана кызматтык-көмөкчү, куткаруучу кемелер, сүзүүчү пристандар, парустук кемелер, жүк ташуучу жана жеңил автомобилдер, чиркегичтер, автосамосвалдар, автоцистерналар, автобустар, трактор-сүйрөгүчтөр ж. б.);

- аба транспортунун кыймылдагы курамы (учактар, тик учактар);

- унаа транспорту (арабалар, чаналар ж.б.);

- өндүрүш транспорту (электрокарлар, мотоциклдер, мотороллерлор, велосипеддер, тележкалар жана башкалар);

- спорттук транспорттун бардык түрлөрү.

Мындай операцияларды эсепке алуу үчүн төмөнкү элементтер каралган:

- 31121110 “Жеңил автомобилдерди сатуу”;

- 31121120 “Автобустарды сатуу”;

- 31121130 “Жүк ташуучу машиналарды сатуу”;

- 31121140 “Поезддерди сатуу”;

- 31121150 “Суу транспорт каражаттарын сатуу”;

- 31121160 “Аба транспортун сатуу”;

- 31121190 “Башка транспорт каражаттарын сатуу”;

- 31121210 “Жеңил автомобилдерди сатып алуу”;

- 31121220 “Автобустарды сатып алуу”;

- 31121230 “Жүк ташуучу машиналарды сатып алуу”;

- 31121240 “Поезддерди сатып алуу”;

- 31121250 “Суу транспорт каражаттарын сатып алуу”;

- 31121260 “Аба транспортун сатып алуу”;

- 31121290 “Башка транспорт каражаттарын сатып алуу”;

- 31121310 “Жеңил автомобилдерди капиталдык оңдоо”;

- 31121320 “Автобустарды капиталдык оңдоо”;

- 31121330 “Жүк ташуучу машиналарды капиталдык оңдоо”;

- 31121340 “Поезддерди капиталдык оңдоо”;

- 31121350 “Суу транспорт каражаттарын капиталдык оңдоо”;

- 31121360 “Аба транспортун капиталдык оңдоо”;

- 31121390 “Башка транспорт каражаттарын капиталдык оңдоо”.

31122 “Механизмдер жана өндүрүштүк жабдуулар” эсеби механизмдердин жана өндүрүштүк жабдуулардын бардык түрлөрүн сатууну, сатып алууну жана түзүүнү камтыйт. Жабдуулар бюджеттик мекемелердин өздөрү тарабынан түзүлгөн учурда, ошол ишти аткаруу менен байланышкан чыгымдар механизмдерди жана өндүрүштүк жабдууларды сатып алуу катары эсептелет. Бул эсеп үч категорияга бөлүнөт: өндүрүштүк, айыл чарбасы жана башкалар. Механизмдердин мисалы катары күч машиналары менен жабдуулары, жумушчу машиналары менен жабдуулары, өлчөөчү приборлор, жөнгө салуучу приборлор менен түзүлүштөр, лаборатиялык жабдуулар, эсептөө техникасы, уюштуруу техникасы, медициналык жабдуулар, аскердик багыттагы машиналар менен механизмдер, жылытуу үчүн колдонулуучу чоң бойлерлер, өндүрүштүк жабдуулар, тазалап жыйноочу машиналар, ирригациялык жабдуулар, өндүрүштүк басма сөз станоктору, дагы башка машиналар менен жабдуулар чыгышы мүмкүн:

- күч машиналары менен жабдуулары, жылуулук жана электр энергиясын өндүрүүчү машина генераторлор, энергиянын ар кандай түрүн (суунун, шамалдын, жылуулуктун энергиясын, электр энергиясын ж.б.) механикалык, башкача айтканда кыймыл энергиясына айландыруучу машина кыймылдаткычтар;

- жумушчу машиналар менен жабдуулар, өндүрүмдү түзүү, же өндүрүштүк мүнөздөгү кызмат көрсөтүү процессинде эмгек предметине механикалык, термикалык жана химиялык таасир көрсөтүүгө жана механикалык кыймылдаткычтардын, адамдын же айбанаттын күчүнүн жардамы менен өндүрүш процессинде эмгек предметин жылдырууга ылайыкталган машиналар, аппараттар жана жабдуулар;

- өлчөгүч приборлор-дозаторлор, амперметрлер, барометрлер, ваттметрлер, суу өлчөгүчтөр, вакуумметрлер, вапориметрлер, вольтметрлер, бийиктик ченегичтер, гальванометрлер, геодезиялык приборлор, гигроскоптор, индикаторлор, компастар, манометрлер, хронометрлер, атайын таразалар, ченегичтер, кассалык аппараттар ж.б.;

- жөнгө салуучу приборлор менен түзүлүштөр - автоматтык башкаруу пультунун электрдик пневматикалык жана гидравикалык түзүлүшүн жөнгө салуучу кычкылтектик дем алдыруу приборлору, борборлоштуруу жана блокировкалоо аппаратуралары, диспетчердик контролдун линиялык түзүлүшү ж.б.;

- лабораториялык жабдуулар - пирометрлер, жөндөгүчтөр, калориметрлер, нымдуулукту аныктоочу приборлор, перегондуу кубдар, лабораториялык копралар, газдын кирбестигин сыноочу приборлор, үлгүгө алынгандардын бышыктыгын сыноочу приборлор, микроскоптор, термостаттар, стабилизаторлор, тартма шкафтар ж.б.

-медициналык жабдуулар-медициналык жабдуулар (тиш дарылоочу креслолор, операциялык столдор, атайын жабдуулары бар керебеттер ж.б.), атайын дезинфекциялык жана дезинфекциялык жабдуулар, сүт ашканаларынын жана сүт станцияларынын, кан куюу станцияларынын жабдуулары ж. б. Мындай операцияларды эсепке алуу үчүн төмөнкү элементтер каралган:

- 31122110 “Өндүрүштүк механизмдерди жана жабдууларды сатуу”;

- 31122120 “Айыл чарба механизмдерин жана жабдууларын сатуу”;

- 31122190 “Башка механизмдерди жана жабдууларды сатуу”;

- 31122210 “Өндүрүштүк механизмдерди жана жабдууларды сатып алуу”;

- 31122220 “Айыл чарба механизмдерин жана жабдууларын сатып алуу”;

- 31122290 “Башка механизмдерди жана жабдууларды сатып алуу”;

- 31122310 “Өндүрүштүк механизмдерди жана жабдууларды капиталдык оңдоо”;

- 31122320 “Айыл чарба механизмдерин жана жабдууларын капиталдык оңдоо”;

- 31122390 “Башка механизмдерди жана жабдууларды капиталдык оңдоо”.

31123 “Эмерек, кеңсе жабдуулары жана шаймандар” эсеби эмеректердин, кеңсе жабдууларынын жана инструменттердин бардык түрлөрүн сатууну жана сатып алууну камтыйт. Бул эсеп беш категорияга бөлүнөт: эмерек, кеңсе жабдуулары, маалыматтык технологиялар үчүн жабдуулар, шаймандар ж.б. Бул эсепте эмерек жана кеңсе үчүн буюмдар, компьютердик техника, оргтехника, көчүрүүчү техника, радио, телекөрсөтүү жана байланыш менен байланышкан электр жабдуулары жана аппаратуралар, кондиционерлер жана башкалар болушу мүмкүн, ошондой эле китептер, окуу китептери жана окуу куралдары эске алынат. Мындай операцияларды эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элементтер каралат:

- 31123110 “Эмерек сатуу”;

- 31123120 “Кеңсе жабдууларын сатуу;

- 31123130 “Компьютердик жабдууларды сатуу”;

- 31123140 “Шаймандарды сатуу”

- 31123150 “Окуу китептерин, окуу куралдарын жана китептерди сатуу”, анын ичинде мезгилдүү басылмага жазылуу жана китеп фондун толуктоо;

- 31123190 “Башка эмеректи жана жабдууларды сатуу”;

- 31123210 “Эмерек сатып алуу”;

- 31123220 “Кеңсе жабдууларын сатып алуу”;

- 31123230 “Компьютердик жабдууларды сатып алуу”;

- 31123240 “Шаймандарды сатып алуу”;

- 31123250 “Окуу китептерин, окуу куралдарын жана китептерди сатып алуу”, анын ичинде мезгилдүү басылмага жазылуу жана китеп фондун толуктоо;

- 31123290 “Башка эмеректерди жана жабдууларды сатып алуу”, анын ичинде портьер жана килем, эгер бул товарлардын өтөө мөөнөтү бир жылдан ашса.

130. 3113 “Башка негизги каражаттар” топчосу өзүнө төмөнкү эсептерди камтыйт:

- 31131 “Өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды кошкондо, өстүрүлүүчү активдер”;

- 31132 “Материалдык эмес активдер”.

31131 “Өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды кошкондо, өстүрүлүүчү активдер” эсеби товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү үчүн бир жылдан ашык мезгил-мезгили менен же үзгүлтүксүз пайдаланылуучу өстүрүлүүчү активдердин бардык түрлөрүн сатууну жана сатып алууну камтыйт. Бул эсеп алты категорияга бөлүнөт: сертификацияланган уруктар, өсүмдүктөр, жаныбарлар, тукум берүүчү мал, жумушчу мал жана мурда классификацияланбаган башка өстүрүлүүчү активдер. Бул эсеп эмнени камтышы мүмкүн экендигинин мисалдары: жашылча-жемиштерди, жаңгактарды жана башкаларды өстүрүү үчүн өстүрүлгөн өсүмдүктөр ж.б. помидор уруктары, алма, жүзүмдүн маданий сорттору сыяктуу белгилүү бир өсүмдүктөр үчүн уруктар, ошондой эле:

- жумушчу мал-ат, өгүз, төө, эшек жана башка мал (унаа жана күлүк аттарды жана башка көлүк малды кошкондо);

- азык берүүчү жана асыл тукум мал - уй, букалар, буйволдор жана топоздор (көлүк малдан тышкары), айгырлар жана асыл тукум бээлер (жумушчу эмес), үйүрдө багууга которулган бээлер, төөлөр жана инектер (жумушчу эмес), бугу жана бугунун ургаачысы, каман чочко жана ургаачы чочко (мегилжин), тубар кой эчки, кочкорлор ж.б.

Өстүрүлүүчү активдерди сатып алуу жыл сайын алып келүүчү продукция үчүн өстүрүлүүчү өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды башка бирдиктерден сатып алууну жана өздүк каражаттардын эсебинен өндүрүлүүчү окшош өсүмдүктөр менен жаныбарлардын наркын камтыйт. Чыгарып салууга сатылган же башкача жол менен чыгарып салынган жаныбарлар жана өсүмдүктөр, анын ичинде союу үчүн сатылган жаныбарлар жана өсүү мөөнөтү бүтө электе кыйылган өсүмдүктөр кирет. Чыгарып салууга ири эпидемиялардын, булгануунун, кургакчылыктын, ачарчылыктын же башка табигый кырсыктардын кесепетинен жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн өзгөчө жоготуулары кирбейт. Негизги капиталды керектөөгө табигый себептерден улам жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн күтүүсүз жоготуулары, ошондой эле өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жашы өйдөлөгөн сайын наркынын төмөндөшү кирет. Мындай операцияларды эсепке алуу үчүн төмөнкү элементтер каралган:

- 31131110 “Сертификатталган үрөндөрдү сатуу”;

- 31131120 “Өсүмдүктөрдү сатуу”;

- 31131130 “Жаныбарларды сатуу”;

- 31131140 “Азык берүүчү малды сатуу”;

- 31131150 “Көлүк малды сатуу”;

- 31131190 “Өстүрүлүп жаткан башка активдерди сатуу”;

- 31131210 “Сертификатталган үрөндөрдү сатып алуу”;

- 31131220 “Өсүмдүктөрдү сатып алуу”;

- 31131230 “Жаныбарларды сатып алуу”;

- 31131240 “Азык берүүчү малды сатып алуу”;

- 31131250 “Көлүк малды сатып алуу”;

- 31131290 “Өстүрүлүп жаткан башка активдерди сатып алуу”.

31132 “Материалдык эмес активдер” эсеби материалдык эмес негизги фонддорду сатып алууга кеткен чыгымдар катары пайдалуу кендерди чалгындоого байланыштуу тарткан чыгымдар эсепке алынат. Пайдалуу кендерди чалгындоо чыгымдарына иш жүзүндө жүргүзүлгөн сыноо бургулоонун чыгымдары жана мындай үлгүлөргө, атап айтканда, аба жана башка чалгындоо иштерине, ошондой эле транспорттук чыгымдарга мүмкүнчүлүк берүү максатында келтирилген бардык башка чыгымдар кирет. Бул иштин натыйжасында келип чыккан активдин наркы жаңы табылган кендин наркы менен эмес, отчеттук мезгил ичинде чалгындоого бөлүнгөн каражаттардын наркы менен өлчөнөт. Мындай активдер үчүн негизги капиталды керектөөнү тоо-кен же мунай корпорациялары өз эсептеринде колдонгондорго окшош орточо кызмат мөөнөтүн колдонуу менен эсептесе болот. Бул эсеп материалдык эмес активдердин бардык түрлөрүн, б.а. физикалык формасы жок акчалай эмес активдерди сатууну жана сатып алууну камтыйт. Бюджеттин бул беренечеси үч категорияга бөлүнөт: автордук укуктар жана патенттер, жер казынасына жана башка укуктарга укуктар жана башка материалдык эмес активдер. Бюджеттин бул беренечеси боюнча эсепке алынган материалдык эмес активдердин мисалдары катары белгилүү товарларды өндүрүүгө автордук укуктар; жер казынасына жана алтын сыяктуу белгилүү пайдалуу кендерди казып алууга укуктар; компьютердик программалык камсыздоого лицензиялар саналат; айрым ырларга автордук укук, патенттер, оюн-зоок жанрынын, адабияттын жана искусствонун оригиналдуу чыгармалары ж. б. Компьютердик программалык камсыздоону сатып алуу бир жылдан ашык колдонулушу күтүлгөн системалык жана колдонмо программалык камсыздоо үчүн программаларды, программалык сыпаттамаларды жана кошумча материалдарды камтыйт. Институционалдык бирдик бир жылдан ашык колдонууну күткөн ири маалымат базаларын сатып алуу же иштеп чыгуу дагы ушул категорияга кирет. Өз алдынча иштелип чыккан программалык камсыздоо аны өндүрүүнүн наркы боюнча бааланат. Мындай операцияларды эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элементтер каралат:

- 31132110 “Автордук укуктарды жана патенттерди сатуу”;

- 31132120 “Жер казынасына болгон укукту сатуу”;

- 31132130 “Жыштыкты пайдалануу укугун сатуу”;

- 31132190 “Башка укуктарды жана материалдык эмес активдерди сатуу”;

- 31132210 “Автордук укуктарды жана патенттерди сатып алуу”;

- 31132220 “Жер казынасына болгон укукту сатып алуу”;

- 31132230 “Жыштыкты пайдалануу укугун сатып алуу”;

- 31132290 “Башка укуктарды жана материалдык эмес активдерди сатып алуу”, компьютердик программалык камсыз кылууну жана башка укуктарды сатып алуу эсепке алынат.

131. 3121 “Стратегиялык запастар” топчосу стратегиялык запастарды эсепке алуу үчүн багытталган.

Стратегиялык запастар - стратегиялык максаттарда сакталган, өлкө үчүн өзгөчө мааниге ээ жана мобилизациялык муктаждыктарды камсыз кылуу; өзгөчө кырдаалдардын жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуда биринчи кезектеги иштерди аткаруу үчүн зарыл болгон товарлар; ички рынокто суроо-талап менен сунуштун ортосунда диспропорция пайда болгон учурда чийки зат жана отун-энергетикалык ресурстардын, азык-түлүктүн эң маанилүү түрлөрү менен жабдуу убактылуу бузулган учурда экономиканы турукташтыруу максатында экономиканын ар кандай тармактарына, ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн; гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн товарлар.

132. 31211 “Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун запастары” эсеби мамлекеттик материалдык резервдин запастарын сатууну жана сатып алууну камтыйт. Аларга Кыргыз Республикасынын мобилизациялык муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн сакталуучу запастар; өзгөчө кырдаалдардын жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюудагы биринчи кезектеги жумуштар кирет; ички рынокто суроо-талап менен сунуштун ортосунда диспропорция пайда болгон учурда чийки зат жана отун-энергетикалык ресурстардын, азык-түлүктүн эң маанилүү түрлөрү менен жабдуу убактылуу бузулган учурда экономиканы турукташтыруу максатында экономиканын ар кандай тармактарына, ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү; гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн запастар кирет.

Мындай операцияларды эсепке алуу үчүн төмөнкү элементтер каралган:

- 31211110 “Күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуу”;

- 31211120 “Дан өсүмдүктөрүн сатуу”;

- 31211130 “Дары-дармектерди сатуу”;

- 31211190 “Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун башка запастарын сатуу”;

- 31211210 “Күйүүчү-майлоочу материалдардын запастарын сатып алуу”;

- 31211220 “Дан өсүмдүктөрүнүн запастарын сатып алуу”;

- 31211230 “Дары-дармектердин запастарын сатып алуу”;

- 31211290 “Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун башка запастарын сатып алуу”.

133. 3122 “Башка запастар” топчосу өзүнө төмөнкү эсептерди камтыйт:

- 31221 “Чийки зат жана материалдар”;

- 31222 “Аяктабаган өндүрүш”;

- 31223 “Даяр продукция”;

- 31224 “Кайра сатуу үчүн товарлар”.

31221 “Чийки зат жана материалдар” эсеби стратегиялык мүнөзгө ээ болбогон чийки заттарды жана материалдарды сатууну жана сатып алууну камтыйт. Бул эсеп өндүрүш процессинде же кызмат көрсөтүүдө ресурстар катары пайдалануу максатында мекеме тарабынан сакталган запастарды камтыйт. Ведомстволук таандыктыгына жараша чарбалык товарлар жана кеңсе буюмдары, отун жана күйүүчү-майлоочу материалдар (КММ), запастык бөлүктөр, курулуш материалдары, азык-түлүк товарлары, медикаменттер жана таңуучу материалдар, аскердик багыттагы запастар, так отчеттуулук бланктары, айыл чарба продукциясы, дан өсүмдүктөрүнүн запастары, кайра иштетилбеген азык-түлүк продуктулары, күрөң көмүр сыяктуу кайра иштетилбеген жер астындагы материалдар ж.б. эсепке алынышы мүмкүн. Мындай операцияларды эсепке алуу үчүн төмөнкү элементтер каралган:

- 31221110 “Чийки затты жана материалдарды сатуу”;

- 31221210 “Чийки заттын жана материалдардын запастарын сатып алуу”.

31222 “Аяктабаган өндүрүш” эсеби өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 31222110 “Аяктабаган өндүрүштүн запастарын сатуу”;

- 31222210 “Аяктабаган өндүрүштүн запастарын сатып алуу”.

Аяктабаган өндүрүштүн запастары болгон учурда операциялар керектелген чийки заттын жана материалдардын, башка товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, жумушчу күчүнүн жана башка ресурстардын наркын чагылдыруу үчүн өндүрүштүк процесстин жүрүшү боюнча үзгүлтүксүз чагылдырылат. Өндүрүш аяктагандан кийин эсепке алууда аяктабаган өндүрүштүн запастарынын азайышын жана даяр продукциянын запастарынын көбөйүшүн (31223) же товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууну билдирген операция чагылдырылат. 31223 “Даяр продукция” эсеби даяр продукциянын запастарын сатууну жана сатып алууну камтыйт. Аларга толук иштетүүдөн же өндүрүш процессинен өткөн жана акыркы керектөөгө же сатууга даяр болгон бардык товарлар кирет. Мындай операцияларды эсепке алуу үчүн төмөнкү элементтер каралган:

- 31223110 “Даяр продукцияны сатуу”;

- 31223210 “Даяр продукцияны сатып алуу”.

31224 “Кайра сатуу үчүн товарлар” эсеби кийинчерээк кайра сатуу үчүн сатылып алынган товарларды сатууну жана сатып алууну камтыйт. Алар инвентаризация катары кармалган жана жалпы керектөө максатында элге сатыла турган бардык товарларды камтыйт, мисалы, чекене соода түйүндөрү аркылуу, мисалы, китеп дүкөндөрү же супермаркеттердеги азык-түлүк. Кайра сатуу үчүн сатылып алынган товарлар сатылганда же башка жол менен алып салынганда, алардын наркы бухгалтердик эсепте товарларды жана кызматтарды пайдалануу чыгымдары катары чагылдырылат. Ошентип бул учурда кайра сатуу үчүн товарлардын инвентаризациясын азайтып, товарларды жана кызматтарды пайдаланууну көбөйткөн операция чагылдырылышы керек (22). Мындай операцияларды эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элементтер каралат:

- 31224110 “Кайра сатуу үчүн товарларды сатуу”;

- 31224210 “Кайра сатуу үчүн товарларды сатып алуу”.

134. 313 “Баалуулуктар” тобу, бул жерде баалуулуктар - бул, биринчи кезекте, топтоо каражаты катары сатылып алынган жана сакталып турган жана негизинен өндүрүш жана керектөө максатында колдонулбаган олуттуу наркы бар товарлар.

135.3131 “Баалуу металлдар жана асыл таштар” эсеби өзүнө 31311 “Баалуу металлдар жана асыл таштар эсебин камтыйт. Эсеп алтынды, күмүштү, платинаны жана платина тобундагы металлдарды (палладий, иридий, родий, рутений, осмий) ар кандай түрдө жана абалда (чийки зат, эритмелер, жарым фабрикаттар, өнөр жай продуктулары, химиялык кошулмалар, сыныктар жана калдыктар), ошондой эле асыл таштарды (алмаздар, изумруддар, рубиндер, сапфирлер чийки затта же иштетилген түрдө) эсепке алуу үчүн багытталган.

Мындай операцияларды эсепке алуу үчүн төмөнкү элементтер каралган:

- 31311110 “Баалуу металлдарды жана асыл таштарды сатуу”;

- 31311210 “Баалуу металлдарды жана асыл таштарды сатып алуу”.

136. 3132 “Маданий мурас активдери” топчосунда, 31321 “Маданий мурас активдери” эсебинде кыймылдуу жана кыймылсыз тарыхый-маданий мурас объекттери эсепке алынат. Кыймылсыз объекттерге төмөнкүлөр кирет:

- тарых эстеликтери: элдин турмушундагы эң маанилүү тарыхый окуяларга, коомдун жана мамлекеттин өнүгүшүнө, илим менен техникага, элдин маданияты менен турмуш-тиричилигине, ошондой эле көрүнүктүү ишмерлердин жашоосуна байланышкан имараттар, курулуштар, мемориалдык жерлер, тарыхый некрополдор жана мемориалдар;

- археологиялык эстеликтер: үңкүрлөр, адамдар жашаган жайлар, шаарчалар, тепе, төрткүлдөр, байыркы конуштардын калдыктары, чептер, жер үстүндөгү жана суу астындагы чептер, байыркы өндүрүштөр жана кендер, каналдар жана сугат системалары, жолдор жана көпүрөлөр, айрым дөбөлөр жана некрополдор, аска сүрөттөрү жана эпиграфтар;

- шаар куруу жана архитектура эстеликтери: архитектуралык ансамблдер жана комплекстер, тарыхый борборлор, кварталдар, аянттар, көчөлөр, шаарлардын жана башка калктуу конуштардын, жарандык, өнөр жайлык, аскердик, сыйынуу архитектурасынын, элдик архитектуранын курулмаларынын байыркы пландоосунун жана курулушунун калдыктары, ошондой эле алар менен байланышкан монументалдык, көркөм, декоративдик-прикладдык, багбанчылык-парктык жана искусствонун башка түрлөрү;

- айрым учурай турган объекттер: археологиялык табылгалар, байыркы буюмдар, тыйындар, бөлүк-бөлүккө дуушарланчу кыймылсыз эстеликтер, антропологиялык жана этнологиялык материалдар, тарыхый табериктер, көркөм чыгармалар (живопись, графика, прикладдык искусство, кино жана фотография искусствосу), улуттук архив фондусунун курамына кирген документалдуу эстеликтер, кол жазмалар, машина жазмалары, графикалык, кинофотодокументтер, видео- жана үн жазмалары, ошондой эле сейрек учуроочу басылмалар;

- комплекстүү объекттер: тарыхый келип чыккан комплекстер, жалпы бүтүндүк катары алынган жогоруда көрсөтүлгөн айрым учурай турган объекттердин фондусу менен коллекциялары, ошондой эле тарыхый мааниси бар (бүтүндүк катары) табигый илимий баалуулуктар фондусу менен коллекциялары.

Мындай операцияларды эсепке алуу үчүн төмөнкү элементтер каралган:

- 31321110 “Маданий мурас активдерин сатуу”;

- 31321210 “Маданий мурас активдерин сатып алуу”.

137. 3133 “Зер буюмдар” топчосу, 31331 “Зер буюмдар” эсеби жасалгалар жана топтоо каражаттары катары пайдаланылуучу баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды эсепке алуу үчүн багытталган. Мындай операцияларды эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элементтер каралат:

- 31331110 “Зер буюмдарын сатуу”;

- 31331210 “Зер буюмдарын сатып алуу”.

138. 314 тобу “Жерлер жана башка өндүрүлбөгөн активдер”, 3141 “Жерлер” топчосу жердин бардык түрлөрүн сатууну жана сатып алууну камтыйт. Бул топчо айыл чарба жана айыл чарбасына жараксыз жерлерди эсепке алуу үчүн эки эсепке бөлүнөт.

31411 “Айыл чарба жерлери” эсеби айыл чарбасынын муктаждыктары үчүн берилген жерлерди эсепке алуу үчүн багытталган. Мындай операцияларды эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элементтер каралат:

- 31411110 “Айыл чарба жерлерин сатуу”;

- 31411210 “Айыл чарба жерлерин сатып алуу”.

31412 “Айыл чарбасына жараксыз жерлер”эсеби айыл чарба жерлеринин категориясына кирбеген бардык жерлерди эсепке алуу үчүн багытталган. Мындай операцияларды эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элементтер каралат:

- 31412110 “Айыл чарбасына жараксыз жерлерди сатуу”;

- 31412210 “Турак жай имараттары жана курулмалар үчүн жер сатып алуу”;

- 31412220 “Өндүрүштүк максаттар үчүн жер сатып алуу”;

- 31412290 “Башка максаттар үчүн жер сатып алуу”.

139. 321 “Финансылык ички активдер” тобу 3213 “Акциялардан башка баалуу кагаздар” топчону камтыйт.

Баалуу кагаздар кыска мөөнөттүү болуп бөлүнөт, б.а. 12 айдан аз жана узак мөөнөттүү, 12 айдан ашык. Баалуу кагаздар бул жүгүртүлүүчү финансылык инструменттер болуп эсептелет. Алар баалуу кагазды сатууда башка ишкана, адатта, акчалай каражатты төлөө менен жөнгө салууга милдеттүү экендигинин далили. Эмитенттин ошол финансылык актив боюнча тиешелүү милдеттенмеси болот. Ички баалуу кагаздар төмөнкүлөрдү камтыйт: банктык же мамлекеттик ноталар, мисалы, казына векселдери, облигациялар жана камсыздалбаган облигациялар, коммерциялык ноталар, келишимдик депозиттик сертификаттар жана башка баалуу кагаздар. 32131 “Акциялардан башка, кыска мөөнөттүү баалуу кагаздар” эсеби өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 32131110 “Акциялардан башка, кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды сатуу”;

- 32131210 “Акциялардан башка, кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды сатып алуу”.

32132 “Акциялардан башка, узак мөөнөттүү баалуу кагаздар” эсеби өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 32132110 “Акциялардан башка, узак мөөнөттүү баалуу кагаздарды сатуу”;

- 32132210 “Акциялардан башка, узак мөөнөттүү баалуу кагаздарды сатып алуу”.

140. 3214 “Кредиттер, ссудалар жана зайымдар” топчосу өзүнө 32141 “Мамлекеттик башкаруунун башка деңгээлдерине ссудалар” эсебин жана 32142 “Ишканаларга, финансылык мекемелерге жана калкка ссудалар” эсебин камтыйт.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети каржылоону башка тараптарга берген учурда жана каржылоо милдеттүү түрдө төлөнүүгө тийиш болсо, анда бул операция Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн финансылык актив болуп саналат. Карыз алуучу ишкана тиешелүү милдеттенмени чагылдырат. Карыз алуулар мамлекеттик башкаруунун башка деңгээлдерине, мисалы, айыл өкмөттөрүнө ссудалар жана ишканаларга, финансылык мекемелерге жана жеке жактарга зайымдар болуп бөлүнөт Кредиттик келишимдин шарттары көбүнчө мурунку мезгил-мезгили менен төлөнгөндөн кийин эсептелген бардык пайыздык чыгымдарды жана кредиттин баштапкы суммасынын бир бөлүгүн төлөп берүүнү камтыган мезгил-мезгили менен төлөөнү алдын ала карайт. Төлөмдөрдүн ортосундагы мезгилдерде пайыздарды чегерүү жана аларды кредиттин негизги суммасына кошуу үзгүлтүксүз болот. Иш жүзүндө, мезгилдүү төлөмдөр, адатта, эки операцияга бөлүнөт, алардын бири мурунку төлөмдөн бери чегерилген пайыздардын суммасына барабар, ал эми экинчи бөлүгү баштапкы негизги сумманы төлөөгө байланыштуу. 32141 “Мамлекеттик башкаруунун башка деңгээлдерине ссудалар ” эсеби өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 32141110 “Жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан бюджеттик ссудаларды тындыруу”;

- 32141190 “Мамлекеттик башкаруунун башка деңгээлдери тарабынан бюджеттик ссудаларды тындыруу”;

- 32141210 “Жергиликтүү башкаруу органдарына бюджеттик ссудаларды чыгаруу”;

- 32141290 “Мамлекеттик башкаруунун башка деңгээлдерине ссудаларды чыгаруу”.

32142 “Ишканаларга, финансылык мекемелерге жана калкка ссудалар” эсеби өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 32142110 “Ишканалар жана уюмдар тарабынан ссудаларды тындыруу”;

- 32142120 “Финансы мекемелери тарабынан ссудаларды тындыруу”;

- 32142130 “Калк тарабынан ссудаларды тындыруу”;

- 32142210 “Ишканаларга жана уюмдарга ссудаларды чыгаруу”;

- 32142220 “Финансы мекемелерине ссудаларды чыгаруу”;

- 32142230 “Калкка ссудаларды чыгаруу”.

141. 3215 “Акциялар жана капиталга катышуунун башка формалары” топчосу 32151 “Акциялар жана капиталга катышуунун башка формалары” эсебин камтыйт.

Өкмөт көбүнчө мамлекеттик ишканаларга ээлик кылат жана иштетет. Айрым учурларда өкмөт өз укуктарын компанияларга сатат, мисалы, менчиктештирүү, жаңы ишкана сатып алуу же ошол ишканалардагы өз үлүшүн көбөйтүү. Бул операциялар казыналыкта акчалай агымдарга жана агылып чыгууларга алып келет жана бюджеттик классификациянын ушул беренеси боюнча эсепке алынат. 32151 “Акциялар жана капиталга катышуунун башка формалары” эсеби өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 32151110 “Акцияларды сатуу”;

- 32151190 “Капиталга катышуунун башка формаларын сатуу”;

- 32151210 “Акцияларды сатып алуу”;

- 32151290 “Капиталга катышуунун башка формаларын сатып алуу”.

142. 3217 “Башка ички дебитордук карыздар” топчосу Өкмөткө тиешелүү болгон башка эсептешүүлөрдү (дебиторлор менен) камтыйт жана дебитордук карыздар катары эсепке алынат. Жогоруда классификацияланбаган бардык ички финансылык активдер, анын ичинде жыл ичинде пайдаланылбаган, бюджеттик мекемелердин атайын эсептеринде эсепке алынуучу каражаттар ушул беренеде эсепке алынат.

32171 “Башка ички дебитордук карыз” эсеби өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 32171110 “Башка ички дебитордук карызды тындыруу”;

- 32171210 “Башка ички дебитордук карызды таануу”.

143. 3218 “Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фонду” топчосу Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан бюджетке акча каражаттардын түшүүлөрүн жана Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондуна акча каражаттардын которууларын камтыйт. 32181 “Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фонду” эсеби өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 32181110 “Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фонду”, анда Кыргыз Республикасынын стабилдештирүү фондунан бюджетке түшкөн акча каражаттары эсепке алынат. Каражаттар Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталган Турукташтыруу фондун түзүүнүн жана пайдалануунун тартибине ылайык бюджетке которулат;

- 32181210 Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондуна которулган акча каражаттары Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондуна которулган акча каражаттары эсепке алынат. Каражаттар Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталган Турукташтыруу фондун түзүүнүн жана пайдалануунун тартибине ылайык которулат.

144. 322 “Тышкы финансылык активдер” тобу тышкы финансылык активдерге карата көрсөтмө ички финансылык активдерге окшош (321).

145. 33 “Милдеттенмелер” категориясы 331 “Ички милдеттенмелер” жана 332 “Тышкы милдеттенмелер”топторунан турат.

Милдеттенме - бул кандайдыр бир нерсени белгилүү бир жол менен аткаруу же аракеттенүү милдети. Милдеттенмелердин көбөйүшүнө алып келген операциялар милдеттенмелерди кабыл алуу деп аталат. Милдеттенмелердин азайышына алып келген операциялар ар кандай аталыштарга ээ: милдеттенмелердин өзгөрүүлөрүн төлөө, кыскартуу, сатып алуу, жоюу же төлөө аларды чогуу кабыл алуу жана чогуу кыскартуу же таза милдеттенме катары көрсөтүлүшү мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бардык милдеттенмелерди алууну жана тындырууну камтыйт, анын ичинде:

- узак жана кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды чыгаруу Өкмөт сатып алган баалуу кагаздар актив болуп саналат);

- ички жана тышкы кредиторлордон өкмөттүн карыз алышы;

- товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөр сыяктуу башка кредитордук карыздар.

Ички жана тышкы милдеттенмелерге бөлүнөт. Карыз алуу, алуу жана чыгаруу беренелеринин коддору казыналыкка акча каражаттарынын агылып келүүсүн билдирет, ал эми тындыруу коддору төлөөлөр болуп саналат жана казыналыктан акча каражаттарынын агылып чыгуусун билдирет. Бюджеттик классификациянын бул компонентинин негизги пайдалануучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жүзөгө ашырылуучу финансылык менеджменттеги жана бюджеттик процесстеги анын ролун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эсептелет.

146. 3313 “Акциялардан башка, мамлекеттик баалуу кагаздар” топчосу өзүнө төмөнкү эсептерди камтыйт:

- 33131 “Акциялардан башка, мамлекеттик кыска мөөнөттүү баалуу кагаздар”;

- 33132 “Акциялардан башка, узак мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздар”;

- 33133 “Мамлекеттик санариптик баалуу кагаздар”;

- 33134 “Казыналык милдеттенмелер”.

33131 “Акциялардан башка, мамлекеттик кыска мөөнөттүү баалуу кагаздар” эсеби тындыруу мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эмитациялануучу бир жылга чейинки мамлекеттик казыналык векселдерди, казыналык милдеттенмелерди жана башка кыска мөөнөттүү карыздык баалуу кагаздарды эсепке алуу үчүн арналган. Мындай операцияларды эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элементтер каралат:

- 33131110 “Акциялардан башка, мамлекеттик кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды чыгаруу”;

- 33131190 “Акциялардан башка, дагы башка мамлекеттик кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды чыгаруу”;

- 33131210 “Акциялардан башка, мамлекеттик кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды тындыруу”;

- 33131290 “Акциялардан башка, дагы башка мамлекеттик кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды тындыруу”;

- 33131310 “Акциялардан башка мамлекеттик кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды кайра сатып алуу”.

33132 “Акциялардан башка, узак мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздар” эсеби тындыруу мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эмитациялануучу бир жылга чейинки мамлекеттик казыналык векселдерди, казыналык милдеттенмелерди жана башка узак мөөнөттүү карыздык баалуу кагаздарды эсепке алуу үчүн багытталган. Мындай милдеттенмелерди эсепке алуу үчүн элементтер каралган:

- 33132110 “Акциялардан башка, узак мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу”;

- 33132190 “Акциялардан башка, дагы башка узак мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу”;

- 33132210 “Акциялардан башка, узак мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздарды тындыруу”;

- 33132290 “Акциялардан башка, дагы башка узак мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздарды тындыруу”;

- 33132310 “Акциялардан башка мамлекеттик узак мөөнөттүү баалуу кагаздарды кайра сатып алуу”.

33133 “Мамлекеттик санариптик баалуу кагаздар” эсеби Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан эмитациялануучу мамлекеттик санариптик баалуу кагаздарды жана казыналык милдеттенмелерди эсепке алуу үчүн багытталган жана өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 33133110 “Мамлекеттик санариптик баалуу кагаздарды чыгаруу”;

- 33133190 “Мамлекеттик санариптик башка баалуу кагаздарды чыгаруу”;

- 33133210 “Мамлекеттик санариптик баалуу кагаздарды тындыруу”;

- 33133290 “Мамлекеттик санариптик башка баалуу кагаздарды тындыруу”.

33134 “Казыналык милдеттенмелер” эсеби Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан эмитациялануучу казыналык милдеттенмелерди эсепке алуу үчүн багытталган. Казыналык милдеттенмелер - мамлекеттик органдардын милдеттерин жөнгө салуу үчүн чыгарылган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эки жылдык баалуу кагазы. Мындай операцияларды эсепке алуу үчүн элементтер каралган:

- 33134110 “Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу”;

- 33134190 “Казыналык башка милдеттенмелерди чыгаруу”;

- 33134210 “Казыналык милдеттенмелерди тындыруу”;

- 33134290 “Казыналык башка милдеттенмелерди тындыруу”.

147. 3314 “Ички карыз алуулар” топчосу 33141 “Мамлекеттик башкаруунун башка бирдиктеринен карыз алуулар” жана 33142 “Ишканалардан, уюмдардан, финансылык мекемелерден карыз алуулар” эсептерин кымтайт.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ички рынокто каражаттарды карызга алууда бул Министрлер Кабинети үчүн милдеттенме болуп саналат. Карыз алуулар Министрлер Кабинетке караштуу органдардан карыз алуулар жана ишканалардан, финансылык институттардан жана жеке жактардан карыз алуулар болуп бөлүнөт. 33141 “Мамлекеттик башкаруунун башка бирдиктеринен карыз алуу” эсеби өзүнө төмөнкү элементерди камтыйт:

- 33141110 “Мамлекеттик башкаруунун башка бирдиктеринен карыз алуу”;

- 33141190 “Жергиликтүү бюджеттин башка деңгээлдеринен карыз алуу”;

- 33141210 “Мамлекеттик башкаруунун башка бирдиктеринен алынган карыздарды тындыруу”;

- 33141290 “Жергиликтүү бюджеттин башка денгээлдеринен алынган карыздарды тындыруу”.

33142 “Ишканалардан, уюмдардан, финансылык мекемелерден карыз алуулар” эсеби төмөнкү элементерди камтыйт:

- 33142110 “Ишканалардан, уюмдардан, финансылык мекемелерден карыз алуулар”;

- 33142210 “Ишканалардан, уюмдардан, финансылык мекемелерден алынган карыздарды тындыруу”.

148. 3317 “Башка ички кредитордук карыз” топчосу 33171 “Башка ички кредитордук карыз” эсебин камтыйт.

Министрлер Кабинетине тиешелүү башка эсептешүүлөр (карыздар) башка кредитордук карыз катары эсептелет. Мурда классификацияланбаган бардык ички милдеттенмелер ушул беренеде эсепке алынат. 33171 “Башка ички кредитордук карыз” эсеби төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 33171110 “Башка ички кредитордук карыз”;

- 33171210 “Башка ички кредитордук карызды тындыруу”.

149. 3324 “Ички карыз алуулар” өзүнө төмөнкү эсептерди камтыйт:

- 33241 “Эки тараптуу карыздык макулдашуулар”;

- 33242 “Көп тараптуу карыздык макулдашуулар”;

- 33243 “Чет өлкөлүк финансылык институттар”;

- 33249 “Башка тышкы карыздар”.

Эгерде Министрлер Кабинети эл аралык рынокто каражаттарды карызга алса, анда бул Министрлер Кабинети үчүн милдеттенме катары каралат. Карыз алуулар төмөнкүлөргө бөлүнөт:

- эки тараптуу, мисалы Улуу Британия;

- көп тараптуу, мисалы Дүйнөлүк банк;

- эл аралык финансы институттары, мисалы эл аралык банк;

- башка тышкы карыз, мисалы жеке адамдан же болбосо финансылык эмес эл аралык уюмдан карыз алуу.

33241 “Эки тараптуу карыздык макулдашуулар” эсеби өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 33241110 “Эки тараптуу карыздык макулдашуулар боюнча карыз алуулар”;

- 33241210 “Эки тараптуу карыздык макулдашуулар боюнча милдеттенмелерди тындыруу”.

33242 “Көп тараптуу карыздык макулдашуулар” эсеби өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 33242210 “Көп тараптуу карыздык макулдашуулар боюнча карыз алуулар”;

- 33242210 “Көп тараптуу карыздык келишимдер боюнча милдеттенмелерди тындыруу”;

33243 “Чет өлкөлүк финансылык институттар” эсеби өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- 33243110 “Чет өлкөлүк финансылык институттардан карыз алуулар”

- 33243210 “Чет өлкөлүк финансылык институттардын алдындагы милдеттенмелерди тындыруу”.

33249 “Башка тышкы карыздар” эсеби өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт:

- 33249110 “Башка тышкы карыздарды алуу”;

- 33249210 “Башка тышкы карыздарды тындыруу”.

150. Негизги фонддорду (негизги каражаттарды) сатып алуу “Активдер жана милдеттенмелер боюнча акчалай агымдар” деген 3-бөлүктөн акча агымдарынын элементтеринин кредити боюнча 51414130 “Негизги фонддорго карата акы төлөөгө эсеп” элементи бар корреспонденцияда чагылдырылат. Негизги фонддорду сатуу салыктык эмес башка кирешелер менен корреспонденцияда “Активдер жана милдеттенмелер боюнча акчалай агымдар” 3-бөлүгүндөгү акча агымдарынын элементтеринин дебети боюнча чагылдырылат.

Запастарды сатып алуу “Активдер жана милдеттенмелер боюнча акчалай агымдар” деген 3-бөлүктөн келип чыккан акча агымдарынын элементтеринин кредити боюнча 41514110 “Аванс менен төлөнгөн запастар” элементи же 51414110 “Запастарга карата акы төлөөгө эсеп” элементи бар корреспонденцияларда чагылдырылат. Запастарды сатуу “Активдер жана милдеттенмелер боюнча акчалай агымдар” 3-бөлүгүндөгү акчалай агымдардын элементтеринин дебети боюнча 41511140 “Негизги каражаттарды, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан дебитордук карыз” элементи бар корреспонденцияда чагылдырылат. Финансылык активдерди сатып алуу “Активдер жана милдеттенмелер боюнча акчалай агымдар” деген 3-бөлүктөн алынган акчалай агымдардын элементтеринин кредити боюнча “Финансылык активдер” деген 4-бөлүктөгү финансылык активдердин тиешелүү элементтери менен корреспонденцияда чагылдырылат. Финансылык активдерди тындыруу башка салыктык эмес кирешелер менен корреспонденцияда акчалай келип түшүүлөрдүн элементтеринин дебети боюнча чагылдырылат. Баалуу кагаздарды чыгаруу “Активдер жана милдеттенмелер боюнча акчалай агымдар” деген 3-бөлүктөгү акча агымдарынын элементтеринин дебети боюнча 5-бөлүктөгү баалуу кагаздардын тиешелүү элементтери менен корреспонденцияда чагылдырылат. Баалуу кагаздарды тындыруу акча агымдарынын элементтеринин кредити боюнча 5 “Милдеттенмелер” бөлүгүндөгү баалуу кагаздардын тиешелүү элементтери менен корреспонденцияда чагылдырылат. Кредиттерди, займдарды алуу “Активдер жана милдеттенмелер боюнча акчалай агымдар” 3-бөлүгүндөгү акча агымдарынын элементтеринин дебети боюнча “Милдеттенмелер” 5-бөлүгүндөгү кредиттердин жана займдардын тиешелүү элементтери бар корреспонденцияда чагылдырылат. Кредиттерди жана зайымдарды тындыруу “Милдеттенмелер” 5-бөлүгүндөгү кредиттерге жана зайымдарга карата тиешелүү элементтери бар корреспонденцияларда акча агымдарынын элементтеринин кредити боюнча чагылдырылат.

151.Төмөндө 3 “Активдер жана милдеттенмелер боюнча акчалай агымдар” бөлүгүнөн акча агымдарына карата бухгалтердик жазуулардын мисалдары келтирилди:

№

Операция

Дебет боюнча элемент

Кредит боюнча элемент

1

Турак жай батирлерин сатып алуу жана куруу

51414 130 Негизги фонддорго карата акы төлөөгө эсептер

31111 210 Батирлерди сатып алуу жана куруу

2

Кеңсе жабдууларын сатып алуу

51414 130 Негизги фонддорго карата акы төлөөгө эсептер

31123 220 Кеңсе жабдууларын сатып алуу

3

Жумушчу мал сатып алуу

51414 130 Негизги фонддорго карата акы төлөөгө эсептер

31131 250 Жумушчу мал сатып алуу

4

Материалдык эмес активдерди сатып алуу - жер казынасына укуктар

51414 130 Негизги фонддорго карата акы төлөөгө эсептер

31132 220 Жер казынасына укуктарды сатып алуу

5

Башка уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрү менен байланыштуу турак жай батирлерин капиталдык оңдоо

51414 120 Кызмат көрсөтүүлөргө жана жумуштарга карата акы төлөөгө эсептер

31111 310 Батирлерди капиталдык оңдоо

6

Алынган курулуш кызмат көрсөтүүлөрү менен байланыштуу сарптоолорду имараттын наркына капиталдаштыруу

42112 120 Институционалдык имараттар

51414 120 Кызмат көрсөтүүлөргө жана жумуштарга карата акы төлөөгө эсептер

7

Жеңил автоунааны сатуудан кирешелер

31121 110 Жеңил автоунааларды сатуу

74511 200 Башка салыктык эмес кирешелер

8

Азык берүүчү малды сатуудан кирешелер

31131 140 Азык берүүчү мал

74511 200 Башка салыктык эмес кирешелер

9

Материалдык эмес активдерди сатуудан кирешелер – автордук укуктар жана патенттер

31132 120 Автордук укуктар жана патенттер

74511 200 Башка салыктык эмес кирешелер

10

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун запастарын сатып алуу – күйүүчү-майлоочу материалдар

51414 110 Запастарга карата акы төлөөгө эсептер

31211 210 Күйүүчү-майлоочу материалдардын запастарын сатып алуу

11

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун чийки заттар жана материалдардын запастарын сатып алуу

51414 110 Запастарга карата төлөөгө эсептер

31221 210 Чийки заттар жана материалдардын запастарын сатып алуу

12

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун чийки заттар жана материалдардын запастарын сатуудан кирешелер

31221 110 Чийки заттарды жана материалдарды сатуу

74511 200 Башка салыктык эмес кирешелер

13

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун дан өсүмдүктөрүн сатуудан кирешелер

31211 120 Дан өсүмдүктөрүн сатуу

74511 200 Башка салыктык эмес кирешелер

14

Акциялардан башка, кыска мөөнөттү баалуу кагаздарды (сыйакы менен) алуу

41211 110 Акциялардан башка, кыска мөөнөттүү баалуу кагаздар

32131 210 Акциялардан башка, кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды сатып алуу

14.1

Эсепке алууда сый акыларды таануу

41211 120 Кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарга сыйакылар

32131 210 Акциялардан башка, кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды сатып алуу

15

Жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдарына бюджеттик ссудаларды берүү

41311 110 Жергиликтүү башкаруу органдарына бюджеттик ссудалар

32141 210 Жергиликтүү башкаруу органдарына бюджеттик ссуданы чыгаруу

16

Кыска мөөнөттүү карыздык баалуу кагаздарды эмитент менен тындыруу

32131 110 Акциялардан башка, кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды сатуу

41211 110 Акциялардан башка, кыска мөөнөттүү баалуу кагаздар

17

Мамлекеттик башкаруунун жергиликтүү органдарына берилген кыска мөөнөттү бюджеттик ссудаларды тындыруу

32141 110 Жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан бюджеттик ссудаларды тындыруу

41311 110 Жергиликтүү башкаруу органдарына бюджеттик ссудалар

18

Сыйакы менен мамлекеттик кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды чыгаруу

33131 110 Акциялардан башка, мамлекеттик кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды чыгаруу

51111 110 Мамлекеттик кыска мөөнөттүү баалуу кагаздар

18.1

Мамлекеттик кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарга карата сыйакыларды таануу

33131 110 Акциялардан башка, мамлекеттик кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды чыгаруу

51111 130 Мамлекеттик кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарга сыйакылар

19

Чыгарылган мамлекеттик кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды тындыруу

51111 110 Мамлекеттик кыска мөөнөттүү баалуу кагаздар

33131 210 Акциялардан башка, мамлекеттик кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды тындыруу

20

Мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктеринен кыска мөөнөттү зайымдарды алуу

33141 110 Мамлекеттик башкаруунун башка бирдиктеринен зайымдарды алуу

51211 110 Мамлекеттик башкаруунун башка бирдиктеринен карыз алуулар

21

Мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктеринен алынган кыска мөөнөттү зайымдар боюнча карыздын негизги суммасын тындыруу

51211 110 Мамлекеттик башкаруунун башка бирдиктеринен карыз алуулар

33141 210 Мамлекеттик башкаруунун башка бирдиктеринен алынган карыздарды тындыруу

22

БКЭке акчалай агымдардын элементтерин жабуу

31111 210 Батирлерди сатып алуу жана куруу 31131 250 Жумушчу малды сатып алуу 31132 220 Жер казынасына укукту сатып алуу 31111 310 Батирлерди капиталдык оңдоо 31211 210 Күйүүчү-майлоочу материалдардын запастарын сатып алуу 31221 210 Чийки заттардын жана материалдардын запастарын сатып алуу 32131 210 Акциялардан башка, кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды сатып алуу 32141 210 Жергиликтүү башкаруу органдарына бюджеттик ссуданы чыгаруу 33131 210 Акциялардан башка, кыска мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздарды тындыруу 33141 210 Башка бирдиктерге зайымдарды тындыруу

41111 110 “Бирдиктүү казыналык эсеп”

41111 110 “Бирдиктүү казыналык эсеп”

33141 110 Мамлекеттик башкаруунун башка бирдиктеринен карыз алуулар 33131 110 Акциялардан башка, мамлекеттик кыска мөөнөттү баалуу кагаздарды чыгаруу 32141 110 Жергиликтүү башкаруу органдар тарабынан бюджеттик ссудаларды тындыруу 32131 110 Акциялардан башка кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды сатуу 31121 110 Жеңил автоунааларды сатуу 31131 140 Азык берүүчү мал 31132 120 Автордук укуктар жана патенттер 31221 110 Чийки затттарды жана материалдарды сатуу 31211 120 Дан өсүмдүктөрүн сатуу

§ 4. БЭП экономикалык сегментинин “Активдер” 4-бөлүгү

152. БЭПтин экономикалык сегментинин “Активдер” деген 4 санына башталган бөлүгү бухгалтердик эсептин максаттары үчүн финансылык эмес жана финансылык активдерди эсепке алуу үчүн багытталган.

153. 41111 “Казыналыктын башкаруусу алдында КРУБдагы акча каражаттары” эсеби Борбордук казыналыктын жана аймактык башкармалыктар эсептеринде республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин акча каражаттары жөнүндө маалыматты эсепке алуу үчүн багытталган. Мындай активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элементтер каралган:

- 41111 110 “Бирдиктүү казыналык эсеп”;

- 41111 120 “КРУБда улуттук валютада ачылган депозиттик эсептер”;

- 41111 130 “КРУБда чет өлкөлүк валютада ачылган депозиттик эсептер”.

154. 41112 “Казыналыктын башкаруусу алдында коммерциялык банктардагы акча каражаттары” эсеби коммерциялык банктарда жайгашкан Казыналык контролдогон акча каражаттарын эсепке алуу үчүн багытталган. Мындай эсептерди ачуу жана жабуу Казыналыктын уруксаты менен жүргүзүлөт. Эсептер негизинен бюджеттик мекемелер накталай акча каражаттарын БКЭден алуу үчүн пайдаланылат. Мындай активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элемент каралган:

- 41112 120 “Коммерциялык банктарда акча каражаттарын накталай кылуу үчүн эсептери”.

155. 41121 “Накталай акча каражаттары” эсеби бюджеттик мекемелердин кассасында улуттук жана чет өлкөлүк валютада накталай акча каражаттары жөнүндө маалыматты эсепке алуу үчүн багытталган. Чет өлкөлүк валютада отчеттук датага акча каражаттарынын калдыктары КРУБнын эсептик курсу боюнча улуттук валютага кайра эсептелет. Мындай активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элементтер каралган:

- 41121 110 “Касса”;

- 41121 120 “Бюджеттик каражаттарды алуучулар”.

156. 41122 “Бюджеттик мекемелердин башкаруусу алдында банктык эсептер” эсеби банктык эсептерде улуттук жана чет өлкөлүк валютада акча каражаттары жөнүндө маалыматты эсепке алуу үчүн багытталган. Чет өлкөлүк валютада отчеттук датага акча каражаттарынын калдыктары КРУБдун эсептик курсу боюнча улуттук валютага кайра эсептелет. Мындай активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элементтер каралган:

- 41122 110 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында учурдагы эсептери”;

- 41122 120 “Чет өлкөлүк коммерциялык банктарда учурдагы эсептери”;

- 41122 130 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында депозиттик эсептер”;

- 41122 140 “Чет өлкөлүк коммерциялык банктарда депозиттик эсептер”.

157. 41211 “Кыска мөөнөттүү баалуу кагаздар” эсеби бир жылдан аз тындыруу мөөнөтү менен акциялардан башка баалуу кагаздар жөнүндө маалыматты эсепке алуу үчүн багытталган. Мындай активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элементтер каралган:

- 41211 110 “Акциялардан башка, кыска мөөнөттү баалуу кагаздар”;

- 41211 120 “Кыска мөөнөттү баалуу кагаздарга сый акылар”;

- 41211 130 “Кыска мөөнөттү баалуу кагаздарга дисконттор”.

158. 41311 “Мамлекеттик башкаруу органдарына кыска мөөнөттүү ссудалар” эсеби берилген кредиттер, ссудалар жана зайымдар боюнча маалыматты эсепке алуу үчүн багытталган. Бул топтун эсептеринде алардын толук тындырылышы шексиз болгон кредиттер, ссудалар жана зайымдар гана чагылдырылат. Болбосо, калыбына келтирилүүчү наркка чейин нарксыздандыруу болушу керек. Эсепте башка мекемелерге берилген кредиттердин, ссудалардын жана зайымдардын негизги суммасы эсепке алынат. Мындай активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элементтер каралган:

- 41311 110 “Мамлекеттик башкаруу органдарына бюджеттик ссудалар”;

- 41311 190 “Мамлекеттик башкаруунун башка органдарына бюджеттик ссудалар” .

159. 41312 “Ишканаларга, уюмдарга жана калкка кыска мөөнөттүү бюджеттик ссудалар” эсеби ишканаларга, уюмдарга жана калкка берилген кредиттердин, ссудалардын жана зайымдардын негизги суммасын эсепке алуу үчүн багытталган. Алар боюнча пайыздар өзүнчө эсепте эсептелет. Мындай активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элементтер каралган:

- 41312 110 “Ишканаларга жана уюмдарга ссудалар”;

- 41312 120 “Финансылык мекемелерге ссудалар”;

- 41312 130 “Калкка ссудалар”.

160. 41411 “ Башка мамлекеттердин өкмөттөрүнө кыска мөөнөтү кредиттер” эсеби башка мамлекеттердин өкмөттөрүнүн дарегине берилген кредиттерди эсепке алуу үчүн багытталат. Мындай активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элемент каралган:

- 41411 110 “Башка мамлекеттердин өкмөттөрүнө кыска мөөнөтү кредиттер”.

161. 41511 “Дебитордук карыз” эсеби кызматкерлердин дебитордук карызы, кем чыгуулар, уурдоолор, ашыкча чыгымдоолор ички ведомстволук эсептөөлөр жана башка ички дебитордук карызды эсепке алуу үчүн багытталган. Мындай активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элементтер каралган:

- 41511 110 “Кызматкерлердин дебитордук карызы”;

- 41511 120 “Кем чыгуулар, уурдоолор, ашыкча чыгымдоолор боюнча дебитордук карыз”;

- 41511 130 “Ички ведомстволук эсептөөлөр”;

- 41511 140 “Негизги каражаттарды, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан дебитордук карыз”;

- 41511 190 “Башка дебитордук карыз”.

41511 140 “Негизги каражаттарды, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан дебитордук карыз” элементи эсептөө ыкмасы боюнча кирешелерди таанууга багытталган. Бул элемент кирешелерге карата эсептөө ыкмасына өтүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин пайдаланууга тийиш.

162. 41512 “Салыктарды төлөөнү талап кылуу укугу” эсеби эсептөө ыкмасы боюнча салыктык кирешелерди эсепке алуу учурунда эсептелген салыктар боюнча дебитордук карызды эсепке алуу үчүн багытталган. Мындай активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элемент каралган:

- 41512 110 “Салыктарды төлөөнү талап кылуу укугу”.

163. 41513 “Алынууга карата пайыздар жана дивиденддер” эсеби карыз алуучу тарабынан чегерилген, бирок али төлөнө элек пайыздар жана дивиденддер, ошондой эле КРУБдагы жана мамлекеттик ишканалардагы пайданын үлүшү боюнча талаптарды эсепке алуу үчүн багытталат. Эсеп тиешелүү кирешелерди эсептөөдө колдонулат. Мындай активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкү элементтер каралган:

- 41513 110 “Баалуу кагаздар боюнча алынууга карата пайыздар”;

- 41513 120 “Кредиттер, зайымдар жана бюджеттик ссудалар боюнча алууга карата пайыздар”;

- 41513 130 “Алууга карата дивиденддер”;

- 41513 140 “Алууга карата КРУБнын пайдасынын үлүшү”;

- 41513 150 “Алууга карата мамлекеттик ишканалардын пайдасынын үлүшү”.

Ушул топтун элементтери кирешелерге карата эсептөө ыкмасына өтүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин бул топтун элементтери пайдаланылууга тийиш.

164. 41514 “Аванс төлөмдөрү” эсеби үчүнчү жактын кызмат көрсөтүүлөрү, жумуштары, товарлары, негизги фонддору үчүн мекеме тарабынан жүргүзүлгөн аванстык төлөмдөрдү эсепке алуу үчүн багытталган. Ошондой эле коммуналдык кызматтар үчүн аванстык төлөмдөр, эмгек акы, салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү жана башка аванстык төлөмдөр боюнча. Мындай активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкү элементтер каралган:

- 41514 110 “Аванс менен төлөнгөн запастар”;

- 41514 120 “Аванс менен төлөнгөн кызмат көрсөтүүлөр жана жумуштар”;

- 41514 130 “Аванс менен төлөнгөн негизги фонддор”;

- 41514 140 “Аванс менен төлөнгөн коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана байланыш кызматтары”;

- 41514 150 “Эмгек акы боюнча аванс төлөмдөрү”;

- 41514 160 “Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча аванс төлөмдөрү”;

- 41514 190 “Башка аванс төлөмдөрү”.

165. 41611 “Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун запастары” эсеби мамлекеттик материалдык резервдер фондунун запастары катары классификацияланган активдерди эсепке алуу үчүн багытталган. Мындай активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкү элементтер каралган:

41611 110 “Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун күйүүчү-майлоочу каражаттары”; 41611 120 “Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун дан өсүмдүктөрү”; 41611 130 “Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун дары-дармектери”; 41611 190 “Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун башка запастары”.

166. 41621 “Учурдагы чарбалык иштер үчүн запастар” эсеби запастардын чийки зат жана материалдар түрүндөгү калдыктары жана кыймылы жөнүндө маалыматты жалпылоо жана эсепке алуу үчүн багытталган. Бул топ өндүрүш же кызмат көрсөтүү процессинде ресурстар катары пайдалануу максатында мекеме тарабынан сакталган бардык запастарды камтыйт. Ведомстволук таандыктыгына жана иштин өзгөчөлүгүнө жараша эсепте чарбалык товарлар жана кеңсе буюмдары, отун жана күйүүчү май, запастык бөлүктөр, курулуш материалдары, азык-түлүк товарлары, медикаменттер жана таңуучу материалдар, аскердик багыттагы запастар, так отчеттуулук бланктары, айыл чарба продукциялары ж.б. эсепке алынышы мүмкүн. Мындай активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкү элементтер каралган:

- 41621 110 “Тамак-аш азыктары”;

- 41621 120 “Медикаменттер менен таңуучу-ороочу материалдар”;

- 41621 130 “Отун”;

- 41621 140 “Запастык бөлүктөр”;

- 41621 150 “Чарбалык материалдар жана кеңсе товарлары”;

- 41621 160 “Тара”;

- 41621 170 “Курулуш материалдары”;

- 41621 190 “Башка чийка заттар жана материалдар”.

167. 41622 “Бүткөрүлбөгөн өндүрүш” эсеби кийинки отчеттук мезгилде өндүрүш процесси аяктай турган товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү боюнча топтолгон сарптоолор жөнүндө маалыматты эсепке алуу үчүн багытталган. Эсепте эмгектин жана материалдардын түздөн-түз сарптоолору, ошондой эле өндүрүштүк кошумча чыгымдар эске алынат. Мындай активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элемент каралган:

- 41622 110 “Бүткөрүлбөгөн өндүрүш”.

168. 41623 “Даяр продукция” эсеби өндүрүш процессинин натыйжасы болгон жана башка уюмдарга жана ишканаларга сатуу же өткөрүп берүү үчүн товарларды эсепке алуу үчүн багытталган. Мындай активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элемент каралган:

- 41623 110 “Даяр продукция”.

169. 41624 “Кайра сатуу үчүн товарлар” эсеби кайра сатуу же башка уюмдарга же ишканаларга өткөрүп берүү максатында алынган товарлардын эсебин алуу үчүн багытталган. Мындай активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элемент каралган:

- 41624 110 “Кайра сатуу үчүн товарлар”.

170. 41625 “Арзан баалуу жана тез эскирүүчү предметтер” эсеби пайдалуу кызмат мөөнөтү бир жылдан аз болгон арзан баалуу жана тез эскирүүчү предметтерди эсепке алууга багытталган. Алардын пайдалуу кызмат өтөө мөөнөтү деп бул активдерди активдүү пайдалануу мөөнөтү түшүнүлөт, анын мезгилинде бюджеттик мекеме алардан экономикалык пайда алууну пландаштырууда. Бул учурда, арзан баалуу жана тез эскирүүчү предметтерди физикалык кызмат өтөө мөөнөтү 1 жылдан ашышы мүмкүн. Төмөндө арзан баалуу жана тез эскирүүчү предметтердин болжолдуу тизмеси келтирилген, ал толук эмес:

- балык кармоо куралдары (кап формасындагы тор, чоң тор, торлор, мередждер жана башкалар);

- белгилүү бир буюмдарды сериялык жана массалык түрдө чыгарууга же жекече заказ жасоого арналган атайын аспаптар жана атайын шаймандар (максаттуу арналыштагы аспаптар жана шаймандар);

- алмаштырылуучу жабдуулар (өндүрүштө көп жолу колдонулуучу негизги каражаттарга шаймандар жана жабдуу продукциясын даярдоонун спецификалык шарттарында пайда болуучу башка шаймандар);

- атайын кийимдер, атайын бут кийимдер, ошондой эле төшөнчү, жууркандар;

- белгиленген тартипте мекеменин кызматкерлерине берүүгө арналган форма кийим, бут кийим;

- убактылуу (титулдук эмес) курулмалар, шаймандар жана түзүлүштөрдү тургузуу боюнча чыгымдар кошумча чыгымдардын курамында курулуш иштеринин чыгымдарына тиешелүү;

- ижара келишими боюнча ижарага берүүгө арналган буюмдар;

- питомниктерде отургузуучу материал катары өстүрүлгөн көп жылдык көчөттөр ж. б.

Мындай активдердин маалыматтарын эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элементтер каралган:

- 41625 110 “Кампадагы арзан баалуу жана тез эскирүүчү предметтер”;

- 41625 190 “Пайдалануудагы арзан баалуу жана тез эскирүүчү предметтер”.

Актив катары АТБны таануу дебет боюнча 41625 110 “Кампада турган АТБ” элементи, 51414 110 “Запастарга карата төлөмгө эсептер” элементи бар корреспонденцияларда чагылдырылат. АТБны эксплуатациялоого берүү дебет боюнча 41625 190 “Эксплуатациядагы АТБ” элементи, 41625 110 “Кампада турган АТБ” элементи бар корреспонденцияда чагылдырылат. АТБны чыгым деп таануу дебет боюнча 88219 500 “Запастардын чыгышы боюнча чыгымдар” элементи, 41625 190 “Эксплуатациядагы АТБ” элементи бар корреспонденцияда чагылдырылат.

171. 41711 “Финансылык активдердин баасынын жоготушу боюнча резерв” эсеби финансылык активдердин баасын жоготуусу боюнча эсептелген резервди эсепке алууга багытталган. Бааны жоготуу финансылык активдин баланстык наркынын анын адилет рыноктук наркына чейин төмөндөшүн билдирет. Отчеттук датага карата бааны жоготуу белгилери болгон кредиттер, зайымдар, ссудалар, баалуу кагаздар, дебитордук карыздар бааны жоготуусу боюнча тесттен өтүүгө тийиш. Бул эсеп боюнча төмөнкү элемент каралган:

- 41711110 “Финансылык активдердин баасын жоготуусу боюнча резерв”.

172. 42111 “Турак жай имараттары жана жайлары” эсеби толугу менен же негизинен турак жай катары колдонулган имараттарды, анын ичинде гараждарды жана турак жайга байланыштуу башка курулуштарды эсепке алууга багытталган. Ушул эле категорияга негизги жашаган жери катары пайдаланылуучу сүзүүчү үйлөр, баржалар, турак фургондор жана авто чиркегичтер кирет. Ошондой эле бул беренеде турак жай имараттарына жана жайларына карата топтолгон амортизация чагылдырылат. Мындай активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элементтер каралган:

- 42111 110 “Батирлер”;

- 42111 120 “Үйлөр”;

- 42111 190 “Башка турак жай имараттары жана жайлары”;

- 42111 910 “Батирлерге топтолгон амортизация”;

- 42111 920 “Үйлөргө топтолгон амортизация”;

- 42111 990 “Башка турак жай имараттарына жана жайларына топтолгон амортизация”.

173. 42112 “Турак жай эмес жайлар” эсеби турак жайлардан башка бардык имараттарды эсепке алуу үчүн багытталат. Мындай имараттардын мисалдары болуп административдик имараттар, мектептер, ооруканалар, театрлар жана кинотеатрлар, спорт сарайлары, маданият үйлөрү, башка имараттар, кампалар жана өндүрүш имараттары, соода имараттары, мейманканалар, жатаканалар ж.б. аскердик максатта сатылып алынган имараттар жана курулмалар, эгерде алар өндүрүш максатында сатылып алынган жарандык имараттарга окшош болсо, ушул категорияга кирет жана ошол эле жол менен колдонулушу мүмкүн. Мындай активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элементтер каралган:

- 42112110 “Өндүрүштүк имараттар”;

- 42112 120 “Институционалдык имараттар”;

- 42112 130 “Аскердик имараттар”;

- 42112 190 “Башка имараттар”;

- 42112 910 “Өндүрүштүк имараттарга топтолгон амортизация”;

- 42112 920 “Институтционалдык имараттарга топтолгон амортизация”;

- 42112 930 “Аскердик имараттарга топтолгон амортизация”;

- 42112 990 “Башка имараттарга топтолгон амортизация”.

174. 42113 “Курулмалар” эсеби имараттардан тышкары бардык курулмаларды эсепке алуу үчүн багытталган. Аларга төмөнкүлөр таандык:

- даңгыр унаа жолдор, жолдор, жер үстүндөгү автомагистралдар, тоннелдер, жер астындагы өтмөктөр, темир жолдор жана аэродромдордун учуучу-конуучу тилкелери;

- канализация тутуму, суу нуктары, дамбалар жана башка гидротехникалык курулмалар;

- шахталар, тоннелдер жана башка жер казына ресурстарын казып алууга байланышкан курулмалар;

- байланыш линиялары, электр берүү линиялары жана түтүк өткөргүчтөр;

- спорт менен машыгуу жана ачык асманда эс алуу үчүн курулмалар.

Мындай активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элементтер каралган:

- 42113 110 “Өндүрүштүк курулмалар”;

- 42113 120 “Жолдор”;

- 42113 130 “Көпүрөлөр”;

- 42113 190 “Башка курулмалар”;

- 42113 910 “Өндүрүштүк курулмаларга топтолгон амортизация”;

- 42113 920 “Жолдорго топтолгон амортизация”;

- 42113 930 “Көпүрөлөргө топтолгон амортизация”;

- 42113 990 “Башка курулмаларга топтолгон амортизация”.

175. 42121 “Транспорт каражаттары” эсеби транспорт каражаттарынын бардык түрлөрүн эсепке алуу үчүн багытталган. Аларга автотранспорт каражаттарын, чиркегичтерди, жарым чиркегичтерди, деңиз кемелерин, темир жол локомотивдерин жана кыймылдагы составды, учуучу кемелерди, аскердик багыттагы унаа техникасын, мотоциклдерди, мотороллерлерди, ошондой эле жумушчу ат унаасын таандык кылса болот. Мындай активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элементтер каралган:

- 42121 110 “Жеңил автомобилдер”;

- 42121 120 “Автобустар”;

- 42121 130 “Жүк ташуучу машиналар”;

- 42121 140 “Поезддер”;

- 42121 150 “Суу транспорт каражаттары”;

- 42121 160 “Аба транспорту”;

- 42121 190 “Башка транспорт каражаттары”;

- 42121 910 “Жеңил автомобилдерге топтолгон амортизация”;

- 42121 920 “Автобустарга топтолгон амортизация”;

- 42121 930 “Жүк ташуучу машиналарга топтолгон амортизация”;

- 42121 940 “Поезддерге топтолгон амортизация”;

- 42121 950 “Суу транспорт каражаттарына топтолгон амортизация”;

- 42121 960 “Аба транспортторуна топтолгон амортизация”;

- 42121 990 “Башка транспорт каражаттарына топтолгон амортизация”.

176. 42122 “Механизмдер жана жабдуулар” эсеби өнөр жай, айыл чарба, курулуш, сооданын бардык тармактарында колдонулуучу механизмдерди жана жабдууларды эсепке алуу үчүн багытталган, атап айтканда: күч машиналары жана жабдуулары, жумушчу машиналар жана жабдуулар, өлчөө приборлору, жөнгө салуучу приборлор жана түзүлүштөр, лабораториялык жабдуулар, эсептөө машиналары, оргтехника, медициналык жабдуулар, аскердик багыттагы машиналар жана механизмдер жана башка машиналар жана жабдуулар. Имараттардын же курулмалардын ажырагыс бөлүгүн түзгөн механизмдер жана жабдуулар имараттардын жана курулмалардын наркына кошулат. Мындай активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкү элементтер каралган:

- 42122 110 “Өндүрүш механизмдери жана жабдуулары”;

- 42122 120 “Айыл чарба механизмдери жана жабдуулары”;

- 42122 190 “Башка механизмдер жана жабдуулар”;

- 42122 910 “Өндүрүштүк механизмдерге жана жабдууларга топтолгон амортизация”;

- 42122 920 “Айыл чарба механизмдерине жана жабдууларына топтолгон амортизация”;

- 42122 990 “Башка механизмдерге жана жабдууларга топтолгон амортизация”.

177. 42123 “Эмерек жана кеңсе жабдуулары” эсеби административдик максаттарга арналган негизги каражаттарды эсепке алууга багытталган. Аларга: кеңсе үчүн эмерек жана буюмдар, компьютердик техника, оргтехника, радио, телекөрсөтүү жана байланыш менен байланышкан электр жабдуулары жана аппаратуралар кирет. Ошондой эле бул эсепте инструменттер дагы эске алынат. Инструменттерге негизги фонддун аныктамасына жооп берген, бирок негизинен тейлөөдө же башка негизги фонддор менен айкалышта колдонулган көмөкчү активдер кирет. Мындай активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элементтер каралган:

- 42123 110 “Эмерек”;

- 42123 120 “Кеңсе жабдуулары”;

- 42123 130 “Компьютердик жабдуулар”;

- 42123 140 “Инструменттер”;

- 42123 190 “Башка эмеректер жана жабдуулар”;

- 42123 910 “Эмеректерге топтолгон амортизация”;

- 42123 920 “Кеңсе жабдууларына топтолгон амортизация”;

- 42123 930 “Компьютердик жабдууларга топтолгон амортизация”;

- 42123 940 “Инструменттерге топтолгон амортизация”;

- 42123 990 “Башка эмеректерге жана жабдууларга топтолгон амортизация”.

178. 42124 эсеби башка негизги фонддорду эсепке алуу үчүн арналган. Төмөнкүдөй элементтерди камтыйт:

- 42124 110 “Башка негизги фонддор”;

- 42124 990 “Башка негизги фонддорго топтолгон амортизация”.

179. 42131 “Өстүрүүлүчү активдер” эсеби товарларды өндүрүү же кызмат көрсөтүүлөр үчүн бир жылдан ашык үзгүлтүксүз же көп жолу пайдалана турган жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү эсепке алуу үчүн багытталган. Жаныбарларга асыл тукум мал, саан уйлар, койлор жана башка жүн алуу, ат чабыш жана башка көңүл ачуу иш-чаралары үчүн колдонуулучу жаныбарлар, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн пайдалануучу кызматтык иттер менен аттар кирет. Өсүмдүктөргө жашылча-жемиштерди, мөмөлөрдү, жаңгактарды ж.б. өстүрүүчү өсүмдүктөр кирет. Бир жолку пайдалануу үчүн арналган жаныбарлар менен өсүмдүктөр (мисалы, союлуучу мал, негизги фонддор катары эмес запастар катары классификацияланат жана запастардын тийиштүү эсебинде эсепке алынат. Мындай активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элементтер каралган:

- 42131 110 “Сертификатталган үрөн”;

- 42131 120 “Өсүмдүктөр”;

- 42131 130 “Жаныбарлар”;

- 42131 140 “Азык берүүчү мал”;

- 42131 150 “Жумушчу мал”;

- 42131 190 “Башка өстүрүлүүчү активдер”.

180. “Материалдык эмес активдер” эсеби физикалык формасы жок идентификациялануучу акчалай эмес активдерди эсепке алууга багытталган. Аларга пайдалуу кендерди изилдөө жана издөө чыгымдары, компьютердик программалар, патенттер, лицензиялар, оюн-зоок жанрынын оригиналдуу чыгармалары, адабият жана искусство ж.б.у.с. “идентификациялануучу” термини активди кийинчерээк сатуу, өткөрүп берүү, лицензиялоо, ижарага берүү, алмашуу үчүн мекемеден бөлүүгө болот дегенди билдирет, же ал укуктар өткөрүлүп берилүүчү же бөлүнүүчү экендигине карабастан келишимдик же башка юридикалык укуктардан келип чыгат. Мындай активдерди эсепке алуу үчүн элементтер каралган:

- 42132 110 “Автордук укук жана патенттер”;

- 42132 120 “Жер казынасына укук”;

- 42132 130 “Жыштыкты пайдаланууга укук”;

- 42132 190 “Башка укук жана материалдык эмес активдер”;

- 42132 910 “Автордук укуктарга жана патенттерге топтолгон амортизация”;

- 42132 920 “Жер казынасына укукка топтолгон амортизация”;

- 42132 930 “Жыштыктарды пайдалануу укугуна топтолгон амортизация”;

- 42132 990 “Башка укуктарга жана материалдык эмес активдерге топтолгон амортизация”.

181. 42133 “Китепкана фондунун активдери” эсеби китептердин айрым нускаларынын баасына карабастан китепкана фондун эсепке алууга багытталган. Китепкана фондуна илимий, көркөм жана окуу адабияттары, адабияттын жана башка басылмалардын атайын түрлөрү камтылат. Мындай активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элемент каралган:

- 42133 110 “Китепкана фондунун активдери”.

182. 42141 “Аяктабай калган курулуш” эсеби чарбалык ыкма менен имараттарды жана жабдууларды курган учурда сарптоолорду топтоштурууга багытталган. Сарптоолордун курамына активди тургузууга таандык тикелей жана кыйыр сарптоолор (жумушчулардын эмгек акысы, материалдарга чыгымдар, өндүрүштүк коштомо чыгымдар) кошулат. Курулуш аяктаганда пайдаланууга берүү жөнүндө актынын негизинде топтолгон сарптоолор эсептен негизги фонддордун тийиштүү эсебине которулат.Мындай активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элементтер каралган:

- 42141 110 “Турак жай имараттарынын жана жайларынын аяктабай калган курулушу”;

- 42141 120 “Турак жай эмес имараттардын аяктабай калган курулушу”;

- 42141 130 “Курулмалардын аяктабай калган курулушу”.

183. 42211 “Баалуу металлдар жана асыл таштар” эсеби алтынды, күмүштү, платинаны жана платина тобундагы металлдарды (палладий, иридий, родий, рутений, осмий) ар кандай түрүндө жана абалында: чийки зат түрүндө, эритме, жарым фабрикат, өнөр жайлык өндүрүм, химиялык кошулма, металл сыныктары жана калдык катары эсепке алуу үчүн, ошондой эле асыл таштарды – алмаздарды, зымыраттарды, рубиндерди, сапфирлерди чийки зат жана (же) иштетилген түрдө эсепке алуу үчүн багытталган.Мындай активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элемент каралган:

- 42211 110 “Баалуу металлдар жана асыл таштар”.

184. 42221 “Маданий мурас активдери” эсеби тарых-маданият мурастарынын кыймылдагы жана кыймылсыз объекттерин эсепке алуу үчүн багытталган. Кыймылсыздарга төмөнкүлөрдү таандык кылса болот:

- тарых эстеликтери: элдин турмушундагы, коомдун жана мамлекеттин, илимдин жана техниканын, маданияттын жана элдердин турмуш тиричилигинин өнүгүшүндөгү эң маанилүү тарыхый окуялар менен байланышкан, ошондой эле республиканын эң көрүнүктүү ишмерлеринин өмүрү менен байланышкан имараттар, жайлар, мемориалдык жерлер, тарыхый күмбөздөр менен мемориалдар;

- археологиялык эстеликтер: үңкүрлөр, конуштар, шаарлар, дөбөлөр, төрт күлдөр, байыркы журттун калдыктары, сепилдер, жердин үстүндөгү жана суунун астындагы фортификациялык курулмалар, байыркы устачылык өндүрүш жана кен калдыгы, каналдар жана сугат тутумдары, жолдор, көпүрөлөр, өзүнчө коргондор жана көрүстөн күмбөздөр, аска бетиндеги сүрөттөр менен аскага чегилген жазмалар;

- шаар куруу жана архитектура эстеликтери: архитектуралык ансамблдер жана комплекстер, тарыхый борборлор, кварталдар, аянттар, көчөлөр, шаарлардын жана башка калктуу конуштардын байыркы пландоосунун жана курулушунун калдыктары, жарандык, өнөр жайлык, аскердик, сыйынуу архитектурасынын, элдик архитектуранын курулмалары, ошондой эле алар менен байланышкан монументалдык, көркөм, декоративдик-прикладдык, багбанчылык-парктык жана искусствонун башка түрлөрүнүн чыгармалары.

Кыймылдууларга төмөнкүлөр кирет:

- анда-санда учурай турган объектилер: археологиялык табылгалар, байыркы буюмдар, монеталар, бөлүктөргө бөлүүүгө дуушар болгон кыймылсыз эстеликтердин элементтери, антропологиялык жана этнологиялык материалдар, тарыхый реликвиялар, көркөм чыгармалар (живопись, графика, прикладдык искусство, кино жана фотография искусствосу), улуттук архив фондунун курамына кирген документалдуу эстеликтер, кол жазмалар, машиналык жазуулар, графикалык, кино-, фотодокументтер, видео- жана үн жазуулары, ошондой эле сейрек басылмалар;

- комплекстүү объекттер: тарыхый түзүлгөн комплекстер бир бүтүн катары алынган өзүнчө жалгыз объекттерде көрсөтүлгөн фонддор жана коллекциялар, ошондой эле тарыхый мааниси бар (жалпы бүтүндүк катары) табигый илим баалуулуктагы комплекстер, фонддор жана коллекциялар.

Мындай активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элементтер каралган:

- 42221 110 “Маданий мурас активдери”.

185.42231 “Зергер буюмдар” эсеби зер буюмдар жана топтоо каражаттары катары пайдаланылуучу баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды эсепке алууга багытталган. Мындай активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкү элемент каралган:

- 42231 110 “Зергер буюмдар”.

186. 42311 “Айыл чарба жерлери” эсеби айыл чарба муктаждыктары үчүн берилген жерлерди эсепке алуу үчүн багытталган. Бул активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элемент каралган:

- 42311 110 “Айыл чарба жерлери”.

187. 42312 “Айыл чарба багытында болбогон жерлер” эсеби айыл чарба жерлеринин категориясына кирбеген ар кандай жерди эсепке алуу үчүн багытталган. Мындай активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элементтер каралган:

- 42312 110 “Турак жай имараттары менен курулмалары үчүн жерлер”;

- 42312 120 “Өндүрүштүк максаттар үчүн жерлер”;

- 42312 130 “Башка максаттар үчүн жерлер”;

- 42312 140 “Жер участкаларын көрктөндүрүү”.

188. 42411 “Узак мөөнөттүү баалуу кагаздар” эсеби бир жылдан ашык тындыруу мөөнөтү менен акциялардан башка, баалуу кагаздарды эсепке алуу үчүн багытталган. Мындай активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элементтер каралган:

- 42411 110 “Акциялардан башка узак мөөнөттүү баалуу кагаздар”;

- 42411 120 “Узак мөөнөттүү баалуу кагаздарга сыйакылар”;

- 42411 130 “Узак мөөнөттүү баалуу кагаздарга дисконттор”.

189. 42511 “Мамлекеттик башкаруу органдарына узак мөөнөттүү бюджеттик ссудалар” эсеби узак мөөнөттүү деп классификацияланган, берилген кредиттерди, ссудаларды жана зайымдарды эсепке алуу үчүн багытталган. Бул топтун эсебинде толук тындырылышы шексиз болгон кредиттер, суудалар жана зайымдар гана эсепке алынат. Эсепте башка мекемелерге берилген кредиттердин, ссудалардын жана зайымдардын негизги суммасы эсепке алынат. Мындай активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элементтер каралган:

- 42511 110 “Жергиликтүү башкаруу органдарына бюджеттик ссудалар”;

- 42511 190 “Мамлекеттик башкаруунун башка органдарына бюджеттик ссудалар”.

190. 42611 “Инвестициялар” эсеби катышуунун мамлекеттик үлүшү менен акционердик коомдордо жана башка ишканаларда ээлик үлүшүн эсепке алуу үчүн арналган. Бул активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элементтер каралган:

- 42611 110 “Акциялар”;

- 42611 190 “Капиталга катышуунун башка формалары”.

191. 42711 “Башка мамлекеттердин өкмөттөрүнө узак мөөнөттүү кредиттер” эсеби отчеттук датадан 12 айдан ашык мөөнөттө тындырылышы күтүлгөн башка өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн дарегине берилген кредиттер боюнча калдыктарды жана кыймылдарды эсепке алуу үчүн арналган. Бул активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элементтер каралган:

- 42711 110 “Башка мамлекеттердин өкмөттөрүнө узак мөөнөттүү кредиттер”.

192. 42811 “Башка узак мөөнөттүү дебитордук карыз” эсеби отчеттук датадан 12 айдан ашык тындыруу мөөнөтү менен башка узак мөөнөттүү дебитордук карызды эсепке алуу үчүн арналган. Бул активдерди эсепке алуу үчүн төмөнкүдөй элементтер каралган:

- 42811 110 “Башка узак мөөнөттүү дебитордук карыз”.

193. Төмөндө элементтерде операцияларды чагылдыруунун негизги принциптери жана финансылык жана финансылык эмес активдер менен операцияларды чагылдыруунун негизги принциптери келтирилген:

1) Запастар

Запастарды таануу 4 “Активдер” бөлүгүнүн запастарына таандык болгон тийиштүү элементтер дебет боюнча 51414 110 “Запастарга карата төлөөгө эсептер” элементи менен корреспонденцияда чагылдырылат. Запастарды бир министрликтин же ведомствонун ичинде активдерде 41511 130 “Ички ведомстволук эсептешүүлөр” же милдеттенмелерде 51411 130 “Ички ведомстволук эсептешүүлөр” элементтери менен корреспонденцияларда чагылдырылат. Ар кандай министрликтердин жана ведомстволордун ортосунда запастардын жылышы эсепке алууда 41511 140 “Топтун ичиндеги эсептөөлөр” жана 51411 140 “Топтун ичиндеги эсептөөлөр”элементтерин пайдалануу менен чагылдырылат. Запастарды сатууда кирешелерди кассалык негизде таануу чыгуу боюнча чыгымдарды ошол мезгилде таануу менен ишке ашырылат. Запастардын баасынын түшүшү дебет боюнча 88213 300 “Активдердин баасын жоготуу боюнча чыгымдар” запастардын тийиштүү элементтери менен корреспонденциясында чагылдырылат.

2) Негизги каражаттар (фонддор)

Активдерди негизги каражаттар (фонддор) катары таануу дебет боюнча 4 “Активдер” бөлүгүнөн негизги каражаттардын (фонддордун) тийиштүү элементи дебет боюнча 51414 130 “Негизги фонддорго карата төлөөгө эсептер” элементи менен корреспонденцияда чагылдырылат. Негизги каражаттардын (фонддордун) жана топтолгон амортизациянын бир министрлик же ведомствонун ичинде кыймылы 41511 130 “Ички ведомстволук эсептешүүлөр” же 51411 130 “Ички ведомстволук эсептешүүлөр” элементтерин колдонуу менен эсепте чагылдырылат. Негизги каражаттардын (фонддордун) жана топтолгон амортизациянын бир министрлик же ведомствонун ичинде кыймылы 41511 140 “Ички топтук эсептешүүлөр” же 51411 140 “Ички топтук эсептешүүлөр” элементтерин колдонуу менен эсепке алууда чагылдырылат. Негизги каражаттардын (фонддордун) амортизациясы боюнча чыгымдарды таануу эсептелген чыгымдардын элементи боюнча 88222 100 “Негизги каражаттардын амортизациясы боюнча чыгымдар” корреспонденциясында 4 “Активдер” бөлүгүнөн топтолгон амортизацянын тийиштүү элементтери менен чагылдырылат. Негизги каражаттардын (фонддордун) чыгуусу 88213 300 “Финансылык эмес активдердин баасынын түшүшү боюнча чыгымдар” элементи менен корреспонденциясында чагылдырылат. Чыгымдарды капиталдаштыруу дебет боюнча негизги каражаттардын (фонддордун) тийиштүү элементтеринде милдеттенмелер же активдер тийиштүү элементтери менен корреспонденцияда чагылдырылат. Чыгымдарды капиталдаштыруу негизги каражаттардын (фонддордун) тиешелүү элементтеринин дебети боюнча милдеттенмелердин же активдердин тийиштүү элементтери менен корреспонденцияларда чагылдырылат.

3) Өстүрүлүүчү активдер

Өстүрүлүүчү активдерди таануу дебет боюнча 4 “Активдер” бөлүгүнүн өстүрүлүүчү активдердин тийиштүү элементтеринин 51414 130 “Негизги фонддорго карата акы төлөөгө эсептер”; 51411 190 “Башка ички кредиттик карыз”; 51411 130 “Ички ведомстволук эсептешүүлөр” же 74511 200 “Башка салыктык эмес кирешелер” корреспонденциясында чагылдырылат. Малдын төлү дебет боюнча 42131 130 “Жаныбарлар” элементинин 74511 200 «Башка салыктык эмес киреше» корреспонденциясында чагылдырылат.

---

> Текст кыскартылды: бул жерде документтин 602750 белгисинин алгачкы 249841 белгиси гана. Толук тексти - https://aqlex.ai/kg/doc/230000528 барагында
