Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин «Эсептердин бирдиктүү планын жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмону бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2023-жылдын 28-декабры № 10-Б Эсептердин бирдиктүү планын жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмону бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы №5-Б “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын бекитүү тууралуу” буйругуна шайкеш келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-сентябрындагы №605 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмону бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алуу менен, буйрук кылам:
1. Эсептердин бирдиктүү планын жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бухгалтердик эсеп, ички аудит жана ички контролду өнүктүрүү башкармалыгы:
1) бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жарыяласын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жарыяланган булагын көрсөтүү менен ушул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Басма сөз кызматы бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтына жарыялансын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 1-Б “Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмону бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул буйрук расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-январындагы № 2 (3555) саны менен жарыяланды
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары - Борбордук казыналыктын директору У.М.Аманбаевге жүктөлсүн.
Министр
А.К.Бакетаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 1-П "Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча…Приказ · 03.04.2023 · № 1-П · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик башкаруу секторунун эсептеринин бирдиктүү планын пайдалануу боюнча колдонмо (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-ж. “03” апрель № 1-б буйругуна Тиркеме)Единый план счетов и Руководство · 03.04.2023 · № 1-П · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-сентябрындагы № 605 " Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын жана Мамлекеттик башкаруу…Постановление · 04.09.2012 · № 605
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 5-Б "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын бекитүү тууралуу" буйругуПриказ · 27.09.2023 · № 5-П
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 1-П "Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча…Приказ · 03.04.2023 · № 1-П · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.