# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 708 "2024-жылдын дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 708 "2024-жылдын дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 708
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000501>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22932/edition/1399/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000501.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 708 "2024-жылдын дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө" токтому (26.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000501

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 26-декабры № 708

2024-жылдын дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө

Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн төмөнкүдөй белгиленсин:

1) 2024-жылдын 1-7-январы дем алыш күндөрү болуп жана которулсун:

- 2024-жылдын 8-январындагы дем алыш күнү - 2024-жылдын 2-январындагы иш күнүнө;

- 2024-жылдын 27-январындагы дем алыш күнү - 2024-жылдын 3-январындагы иш күнүнө;

- 2024-жылдын 2-мартындагы дем алыш күнү - 2024-жылдын 4-январындагы иш күнүнө;

- 2024-жылдын 2-сентябрындагы дем алыш күнү - 2024-жылдын 5-январындагы иш күнүнө;

2) 2024-жылдын 21-24-марты дем алыш күндөрү болуп жана 2024-жылдын 8-апрелиндеги дем алыш күнү 2024-жылдын 22-мартындагы иш күнүнө которулсун;

3) 2024-жылдын 2 жана 3-майы дем алыш күндөрү болуп жана которулсун:

- 2024-жылдын 6-майындагы дем алыш күнү - 2024-жылдын 2-майындагы иш күнүнө;

- 2024-жылдын 11-майындагы дем алыш күнү - 2024-жылдын 3-майындагы иш күнүнө;

4) 2024-жылдын 10-апрели - Орозо айт, 2024-жылдын 17-июну - Курман айт дем алыш майрам күндөрү болуп.

2. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактардын жетекчилерине бул токтомдун 1-пунктуна ылайык дем алыш күндөрүн которуу сунушталсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 104 (3553) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
