# Бишкек шаарынын Мэриясынын 2023-жылдын 27-июлундагы № 1-ЧУА "Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик pегламенттерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаарынын Мэриясынын 2023-жылдын 27-июлундагы № 1-ЧУА "Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик pегламенттерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1-НПА
- Кабыл алынган күнү: 27.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000491>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22928/edition/1383/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000491.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаарынын Мэриясынын 2023-жылдын 27-июлундагы № 1-ЧУА "Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик pегламенттерин бекитүү жөнүндө" токтому (27.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000491

---

БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2023-жылдын 27-июлу № 1-ЧУА

Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик pегламенттерин бекитүү жөнүндө

"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө" токтомуна жана Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 3-апрелиндеги № 97 "Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин жана алардын стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:

- Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаменти тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттери 1, 2, 3, 4, 5-тиркемелерге ылайык;

- Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттери 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, 13, 14, 15-тиркемелерге ылайык;

- Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттери 16, 17, 18, 19, 20, 21, 22, 23, 24, 25, 26, 27-тиркемелерге ылайык.

2. Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү:

- ушул токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин жетекчиликке алышсын жана сакташсын;

- муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук бөлүмдөрүнүн маалыматтык стенддерине жана сайттарына жайгаштырсын;

- Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин бекитилген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттеринин сакталышы үчүн жеке жоопкерчиликтери белгиленсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаарынын мэри

Э.Абдыкадыров

1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, 13, 14, 15, 16, 17, 18, 19, 20, 21, 22, 23, 24, 25, 26, 27-тиркемелери.
