# 6-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000489)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 января 2025 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2024 год и плановый период 2025-2026 годов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020426)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000489#diff=1382..24822>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000489/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5247/edition/1382/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000489/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө, 6-берене (15.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000489/st-6

---

1. Корголгон беренелер ("Эмгек акы", "Социалдык фондго төгүмдөр", "Медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу", "Тамак-аш азыктарын сатып алуу", "Социалдык камсыз кылуу боюнча жөлөкпулдар", "Калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдар", "Стипендиялар"), ошондой эле мамлекеттик карыздык милдеттенмелер жана мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктеринин учурдагы гранттары ("Социалдык фондго трансферттер" жана "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна трансферттер") боюнча чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.

Бюджеттик мекемелерде бош орундардын пайда болушуна, ченемдик укуктук актылардын, анын ичинде алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу, ошондой эле жылдын жыйынтыгы боюнча каражаттарды үнөмдөөнүн натыйжасында корголгон беренелерге каралган суммаларды азайтууга жол берилет.

2. Ушул Мыйзамга ылайык корголгон беренелер боюнча өздүк чыгашаларды толугу менен камсыз кылуу жоопкерчилиги мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлсүн.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2024-2026-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларды каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүргүзсүн.

(КР 2025-жылдын 15-январындагы N 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000489/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000489/st-7)
