20-берене
Күчүндө · 15.01.2025 редакциясы
1. Ушул Мыйзамга жылына экиден көп эмес жолу өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кароочу бюджеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын жобосун аткаруу камсыз кылынсын. Мында биринчи өзгөртүү учурдагы бюджеттик жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен, экинчи өзгөртүү 1-ноябрынан кечиктирилбестен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилүүгө тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө абал жана/же өзгөчө кырдаал киргизилген мезгилде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин бекитилген бюджеттин алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечимдерин кабыл алуу жолу менен бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн ортосунда бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө укуктуу деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бюджеттин ушул көрсөткүчтөрүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмүнүн учурдагы өзгөрүүлөрүнө ылайык бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн сметалык дайындоолоруна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
Берененин тексти 15.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000489/st-20" title="20-берене - Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>