# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000489)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 января 2025 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2024 год и плановый период 2025-2026 годов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020426)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000489#diff=1382..24822>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000489/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5247/edition/1382/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000489/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө, 2-берене (15.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000489/st-2

---

1. Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 410588329,6 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 404149409,4 миң сом суммасында 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджетинин профицити 6438920,2 миң сом суммасында белгиленсин жана ал финансылык активдер менен болгон операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн жана тышкы милдеттенмелердин негизги бөлүгүн (мамлекеттик тышкы карыздын негизги суммасын) жабуу үчүн чыгашаларды каржылоого 2-тиркемеге ылайык жумшалсын.

3. Кыргыз Республикасынын 2025-2026-жылдарга республикалык бюджетинин төмөнкүдөй пландык көрсөткүчтөрү жактырылсын:

1) кирешелер боюнча план 2025-жылга - 423556084,1 миң сом суммасында, 2026-жылга - 470969189,2 миң сом суммасында;

2) чыгашалар боюнча план 2025-жылга - 398647073,5 миң сом суммасында, 2026-жылга - 441450370,2 миң сом суммасында;

3) Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджетинин профицитинин планы - 24909010,6 миң сом суммасында;

4) Кыргыз Республикасынын 2026-жылга республикалык бюджетинин профицитинин планы - 29518819,0 миң сом суммасында.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2025-2026-жылдарга жактырылган пландык көрсөткүчтөрүн аларды ар бир конкреттүү мезгилге кабыл алууда тактоо жүргүзүүгө укуктуу.

(КР 2025-жылдын 15-январындагы N 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000489/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000489/st-3)
