Аскер бөлүктөрүнүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик окуу жайларынын командирлери (башчылары) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускама (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
4-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 733 токтомуна ылайык)
Аскер бөлүктөрүнүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик окуу жайларынын командирлери (башчылары) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускама
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускама Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана нотариалдык иш-аракеттерди жасоо тартибин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан жана аскердик бөлүктөр, кошуундар, мекемелер жана аскердик окуу жайлары дислокацияланган пункттарда керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн бирдиктүү тартибин белгилейт.
2. Нотариус жок аскер бөлүктөрү дислокацияланган пункттарда аскер кызматчыларынын керээздерин, ошондой эле ушул бөлүктөрдө иштеген жарандардын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мурастарын аскер бөлүктөрүнүн командирлери күбөлөндүрөт (мындан ары – аскер бөлүктөрүнүн командирлери (башчылары).
Нотариалдык конторалар жана нотариат ишин жүргүзгөн башка органдар жок аскер бөлүктөрү, кошуундар, мекемелер жана аскердик-окуу жайлары дислокацияланган пункттарда аскер кызматчыларынын ишеним каттарын, ошондой эле жумушчулардын жана кызматчылардын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ишеним каттарын ушул бөлүктүн, кошуундун, мекеменин же жайдын командирлери (башчылары) (мындан ары – аскер бөлүгүнүн командирлери (башчылары) күбөлөндүрөт.
3. Аскер бөлүктөрүнүн командирлери (башчылары) тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээздер жана ишеним каттар нотариалдык күбөлөндүрүлгөн документтерге теңдештирилет.
4. Аскер кызматчылары керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү маселелери боюнча мамлекеттик же жеке нотариуска, ал эми нотариус жок калктуу пункттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылууга укуктуу.
5. Аскер бөлүгүнүн командири (башчысы) күбөлөндүргөн керээздердин жана ишеним каттардын жашыруундуулугун сактоого тийиш.
Керээздин мазмуну башка эч кимге, анын ичинде керээзде көрсөтүлгөн адамдарга да билдирилбеши керек. Керээздин бар экендиги же анын мазмуну жөнүндө маалымкаттар керээз жазган адам өлгөндөн кийин гана анын өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк көрсөтүлгөндөн кийин берилет. Ишеним каттын бар экендиги же анын мазмуну жөнүндө маалымкаттар жеке адамдарга гана алардын тапшыруусу же аларга карата жасалган нотариалдык иш-аракеттер боюнча, ошондой эле өндүрүштөрүндө турган кылмыш же жарандык иштерге байланыштуу соттун, прокуратуранын, тергөө жана алгачкы тергөө органдарынын талабы боюнча берилет, ошондой эле “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык финансылык чалгындоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берилет. Күбөлөндүрүлгөн керээздердин жана ишеним каттардын жашыруундуулугун сактоо жөнүндө эрежелер өзүнүн кызмат милдеттерин аткаруусуна байланыштуу жасалган керээздер жана ишеним каттар жөнүндө кабардар болгон адамдарга да таркатылат. Аскер бөлүгүнүн командири (башчысы), ошондой эле өзүнүн кызмат милдеттерин аткаруусуна байланыштуу жасалган керээздер жана ишеним каттар жөнүндө кабардар болгон адамдар күбөлөндүрүлгөн керээздердин жана ишеним каттардын жашыруундуулугун бузган күнөөлүүлөр кылмыш-жаза, жарандык жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарда каралган жоопкерчиликти тартат.
6. Керээз бир тараптуу бүтүм болуп саналат. Керээздерди ырастоодо аскер бөлүгүнүн командири (башчысы) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1131 жана 1132-статьяларын жетекчиликке алат.
7. Керээз калтыруучудан керээзди күбөлөндүрүүдө керээзге калтырылуучу мүлккө анын укуктарын ырастоочу далилдерди берүү талап кылынбайт. Керээз калтыруучу келечекте сатып алынышы мүмкүн болгон мүлктүк укуктарды жана мүлктү керээз кылууга укуктуу.
8. Аскер бөлүгүнүн командири (башчысы) адамдарга керээздерин жана ишеним каттарын күбөлөндүрүүдө алардын укуктарын ишке ашырууга жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүүгө тийиш.
Аскер бөлүгүнүн командири (башчысы) ушул максаттарда:
1) керээзден жана ишеним каттан келип чыгуучу укуктарды жана милдеттерди түшүндүрөт;
2) керээзди жана ишеним катты күбөлөндүрүүгө байланыштуу келип чыгуучу кесепеттер жөнүндө эскертет;
3) керээзди жана ишеним катты өзгөртүү жана жокко чыгаруу тартибин түшүндүрөт;
4) адамдардын арызы боюнча керээздердин же ишеним каттардын долбоорлорун түзөт.
9. Аскер бөлүгүнүн командири (башчысы) аракетке жөндөмдүү жарандардын Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына жана жалпы эрежелерине ылайык түзүлгөн керээздерин жана ишеним каттарын күбөлөндүрөт.
10. 14төн 18 жашка чейинки курактагы жашы жете электер өзүнүн иштеп тапкан эмгек акысын, стипендиясын, салымын тескөөгө же өзүнүн автордук же ойлоп табуучулук укуктарын жүргүзүүгө ишеним катты өз алдынча берүүгө укуктуу. Башка иш-аракеттерди жасоого ишеним каттар аталган адамдар тарабынан алардын ата-энелеринин, асырап алгандардын же көзөмөлчүлөрдүн макулдугу менен берилиши мүмкүн, бул тууралуу ишеним катта көрсөтүлүүгө тийиш.
14 жашка чыга элек жашы жет электердин атынан ишеним кат алардын мыйзамдуу өкүлдөрү: ата-энелери, асырап алгандар же камкорчулар тарабынан гана берилиши мүмкүн.
11. Инсандыгын ырастоочу паспорттун же нотариалдык иш-аракет жасоого кайрылган жарандын өздүгүнө карата кандай болбосун күмөндү жокко чыгаруучу башка документтердин негизинде жүргүзүлүүгө тийиш.
Ага жеткиликтүүлүк “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жаран тарабынан берилген санариптик форматта тапшырылган документтер (улуттук паспорт, жарандын идентификациялык картасы, айдоочу күбөлүк, жарандык абалдын актылары: туулгандыгы, никеге тургандыгы, никени бузуу, фамилиясы, атын, атасынын атын өзгөртүү) юридикалык күчкө ээ жана кагаз түрүндөгү документтер менен салыштыруу боюнча бирдей маанидеги документтер болуп саналат. Аскер кызматчысынын инсандыгы жана жаш курагы аскер билетинин же инсандык күбөлүгүнүн негизинде белгиленет. Керээз ээсинин жана ишеним кат берген адамдын инсандыгын белгилөө керээзге өз атынан түзүлгөн адамдын өзү кол коюп жаткандыгына ынануу үчүн зарыл.
12. Керээзди жана ишеним катты соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен, өзүнүн психикалык бузулуусунун кесепетинен аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдардын, ошондой эле керээзди же ишеним катты түзгөн учурда, иш-аракеттеринин маанисин түшүнө албай же башкара албай турган абалдагы адамдардын керээзи же ишеним каты күбөлөндүрүлүшү мүмкүн эмес.
13. Керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүүнү каалаган психикалык бузулуусунун себеби боюнча керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүүдөн баш тартуу, ушул адамды аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин гана мүмкүн.
14. Эгерде аскер бөлүгүнүн командирине (башчысына) кайрылган адам мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими боюнча кумар оюндарына патологиялык жактан азгырылуунун, спирт ичимдиктерин же баңги каражаттарын ашыкча пайдалануунун кесепетинен аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таанылгандыгы белгилүү болсо, керээзин жана ишеним катын көзөмөлчүнүн макулдугу менен гана күбөлөндүрүү мүмкүн.
15. Керээз жана ишеним кат түзүлгөн жерин жана датасын көрсөтүү менен кат жүзүндө түзүлүүгө жана өз колу коюлууга тийиш.
Керээз керээз калтыруучу тарабынан жазылууга же аскер бөлүгүнүн командири (башчысы) тарабынан анын сөздөрүнөн жазылууга тийиш. Керээзди күбөлүндүрүүнү каалаган адамдын сөздөрүнөн жазылган керээз, керээзге кол тамга коюлганга чейин аскер бөлүгүнүн командиринин (башчысынын) катышуусу менен толук окулууга тийиш, бул жөнүндө керээз калтыруучунун колу коюлганга чейин күбөлөндүрүү жазуусунда да жазылат.
16. Эгерде керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүүнү каалаган адам дене бойлук кемчилигинен, оорулуу же сабатсыздыгынан улам керээзди же ишеним катты өзү окууга кудуретсиз болсо, анын тексти ага аскер бөлүгүнүн командири (башчысы) тарабынан окулат, бул тууралуу керээзде же ишеним катта өзү окуй албаганынын себеби көрсөтүлүү менен тиешелүү жазуу жүргүзүлөт.
17. Эгерде керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүүнү каалаган адам өзүнүн дене бойлук кемчилдигинен, оорулуу же башка себептерден улам керээзге же ишеним катка өзү кол кое албаса, ага анын өтүнүчү боюнча жана анын катышуусунда, ошондой эле күбөнүн жана аскер бөлүгүнүн командиринин (башчысынын) катышуусунда башка адам тарабынан кол коюлушу мүмкүн, анда ал адам эмне үчүн документке өзү кол кое албаган себептери көрсөтүлөт.
18. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1131-статьясынын 3-бөлүгүнө ылайык керээз калтыруучунун ордуна төмөнкүлөр керээзге кол кое алышпайт:
1) керээзди күбөлөндүргөн адам;
2) анын пайдасына керээз түзүлгөн же керээздик баш тартуу жасалган адам, андай адамдын жубайлары, анын балдары, ата-энеси, неберелери жана чөбөрөлөрү, ошондой эле керээз калтыруучунун мыйзам боюнча мурастоочулары;
3) толук көлөмдө аракетке жөндөмсүз жарандар;
4) керээзди окууга жөндөмсүз сабатсыз жана башка адамдар.
19. Керээздин же ишеним каттын тексти так жана даана жазылууга, документтин мазмунуна тиешелүү сандар жана мөөнөттөр жок дегенде бир жолу сөздөр менен баяндалууга тийиш. Жарандардын фамилиясы, аты жана атасынын аты алардын жашаган жери көрсөтүү менен толук жазылууга тийиш.
20. Керээзде же ишеним катта тазалоолор жана башка оңдоолор эскертилүүгө тийиш. Мисалы, керээздин текстинде “турак үйү” деген сөздөр “турак үйүнүн экиден бир үлүшү” деп оңдолгон болсо, анда оңдоого төмөнкүдөй эскертилет: “Сызылып салынган “турак үйү” деген сөздөр окулбасын, анын үстүнө жазылган “турак үйүнүн экиден бир үлүшү” деген сөздөр туура”. Ушул оңдоого керээз ээси (же керээз ээсинин өтүнүчү боюнча керээзге кол койгон адам) тарабынан аскер бөлүгүнүн командиринин (башчысынын) катышуусунда кол коюлууга тийиш.
21. Аскер бөлүгүнүн командири (башчысы) төмөнкү учурларда керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүүдөн баш тартат:
1) ушундай иш-аракетти жасоо мыйзамга каршы келсе;
2) керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүү жөнүндө өтүнүч менен аракетке жөндөмсүз жаран кайрылса.
22. Аскер бөлүгүнүн командири (башчысы) керээзин же ишеним катын күбөлөндүрүүдөн баш тартылган адамдын өтүнүчү боюнча баш тартуунун себептерин кат жүзүндө баяндап берүүгө жана анын даттануу тартибин түшүндүрүүгө тийиш. Аскер бөлүгүнүн командири (башчысы) он календардык күндөн кечиктирбестен керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүүдөн баш тартылгандыгы жөнүндө токтом чыгарат.
23. Баш тартылганы жөнүндө токтомдо төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) токтом чыгарылган күн;
2) керээзин же ишеним катын күбөлөндүрүү үчүн кайрылган жарандын фамилиясы, аты, атасынын аты, анын жашаган жери;
3) кайрылуучу суранган жасала турган нотариалдык иш аракеттер;
4) нотариалдык иш-аракетти жасоодон (мыйзамдарга шилтеме жасоо аркылуу) баш тартылгандыгынын жүйөлөрү;
5) баш тартууга даттануу тартиби жана мөөнөттөрү.
24. Керээз же ишеним кат туура эмес күбөлөндүрүүгө карата же аны күбөлөндүрүүдөн баш тартууга карата даттануулар аскердик бөлүк, кошуундар, мекемелер жана аскердик окуу жайлар жайгашкан жер боюнча сотко берилет.
25. Аскер бөлүгүнүн командири (башчысы) төмөнкүлөргө укуксуз:
1) керээздерди өз атына, өз атынан, өзүнүн жубайынын (жубайларынын) атына жана анын атынан, алардын жана өзүнүн туугандарынын (ата-энесинин, балдарынын, неберелеринин, ага-инилеринин, эже-карындаштарынын, чоң атасынын, чоң энесинин) атынан күбөлөндүрүүгө;
2) керээздерди ушул аскер бөлүгүнүн кызматкерлеринин атына жана алардын атына күбөлөндүрүүгө.
Аталган эрежелерди бузуу менен күбөлөндүрүлгөн керээздер жараксыз болуп саналат.
2. Керээзди күбөлөндүрүүнүн өзгөчө эрежелери
26. Бир керээзди бир нече адамдардын атынан, ошондой эле өкүл аркылуу күбөлөндүрүүгө мыйзам боюнча жол берилбейт.
27. Жаран керээзди күбөлөндүрүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылган учурда аскер бөлүгүнүн командири (башчысы) керээз калтыруучунун каалоосу боюнча аны мыйзам боюнча мураскорлордун чөйрөсү менен тааныштырууга милдеттүү, ал Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1141, 1142, 1143, 1144, 1145-статьяларында аныкталат жана керээз калтыруучуга төмөнкүдөй укуктарды түшүндүрөт:
1) керээз боюнча өзүнүн бардык мүлкүн же анын бир бөлүгүн (кадимки үй-тиричилигиндеги жана күнүмдүк буюмдарды кошуп алганда) мыйзам боюнча мураскорлордун чөйрөсүнө кирген да, кирбеген да бир же бир нече адамга калтырууга, ошондой эле мамлекетке же айрым мамлекеттик, кооперативдик жана коомдук уюмдарга калтырууга жана керээз калтыруучу керээзинде мыйзам боюнча бир, бир нече же бардык мураскорлорду мурастоо укугунан ажырата алат;
2) керээз бир нече адамдардын пайдасына түзүлгөн учурда керээз калтыруучу анда мураскорлордун ар бирине мүлктөн канчадан үлүш керээзге калтырыларын көрсөтүүгө укуктуу;
3) каалаган убакта жасалган керээзин өзгөртүүгө же жокко чыгарууга, жаңысын түзүүгө.
Керээз калтыруучу ошондой эле керээзин ушул Нускаманын 20-пунктуна ылайык керээзди сактоого тапшырылган мамлекеттик нотариуска арыз берүү жолу менен жокко чыгара алат. Аскер бөлүгүнүн командири (башчысы) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1149-статьясына ылайык мурас калтыруучунун жашы жете элек же эмгекке жарамсыз балдары, анын ичинде асырап алынгандар, ошондой эле эмгекке жарамсыз жубайы, ата-энеси, анын ичинде асырап алуучулар керээздин мазмунуна карабастан, мурас алууда үчтөн экисинен кем эмес үлүштө милдеттүү үлүштү мураска алат. Бул үлүш үлүштүн үчтөн экисинен кем болбошу керек, ал мыйзам боюнча мурастоодо ар бирине эсептелет (милдеттүү үлүш).
28. Милдеттүү үлүштүн өлчөмүн аныктоодо кадимки үй-тиричилик жана күнүмдүк буюмдардан турган мурас мүлкүнүн наркы жана керээздик баш тартуунун мындай мураскорунун пайдасына белгиленген наркы дагы эсептелет.
29. Керээз мазмунуна жараша ушул Нускаманын 2, 3-тиркемелерине ылайык түзүлөт:
1) эгерде керээз калтыруучу өзүнүн бардык мүлкүн керээзи боюнча калтырууну кааласа, анда керээз 2-тиркемеге ылайык түзүлөт;
2) эгерде керээз ээси мүлкүнүн белгилүү түрүн керээз боюнча калтырууну кааласа, анда керээз 3-тиркемеге ылайык түзүлөт.
30. Керээз эки нускадан кем эмес нускада түзүлөт, алардын бири үч жумуш күндүн ичинде, керээз калтыруучунун акыркы жашаган жери боюнча керээздерди эсепке алуунун алфавиттик китебине эсепке алуу жана сактоо үчүн мамлекеттик нотариуска сактоого жиберилет, экинчи нускасы керээз калтыруучуга берилет.
31. Керээзде анын түзүлгөн жери, датасы жана убактысы көрсөтүлүүгө тийиш. Керээз ээсинин фамилиясы, аты, атасынын аты, ошондой эле дареги, паспортуна же инсандыгын аныктаган башка документке ылайык толук көрсөтүлөт. Күбөнүн маалыматтарын толтурууга да ушундай талаптар коюлат.
32. Керээзге керээз калтыруучу жана күбө кол койгондон кийин аны аскер бөлүгүнүн командири (башчысы) ушул Нускаманын 4-тиркемесине ылайык ага күбөлөндүрүү жазууларын түшүрүү аркылуу күбөлөндүрөт.
33. Ушул Нускаманын 15-пунктунда каралган учурларда, керээз калтыруучунун өтүнүчү боюнча керээзге башка адам кол койгондо күбөлөндүрүүчү жазуу ушул Нускаманын 5-тиркемесине ылайык керээз калтыруучу керээзге өзү кол кое албагандыгынын себебин көрсөтүү менен түзүлөт.
34. Керээздеги күбөлөндүрүү жазуулары керээз түзүлгөн күнү жасалууга тийиш.
35. Керээздеги күбөлөндүрүү жазууларынын тексти компьютерде басылган же кол менен жазылышы мүмкүн. Күбөлөндүрүү жазууларын кырып тазалоого жол берилбейт. Керээздеги толуктоолор жана оңдоолор күбөлөндүрүү жазуусунда аскер бөлүгүнүн командири (башчысы) тарабынан эскертилүүгө тийиш.
36. Керээздеги күбөлөндүрүү жазуусу керээздин ушул эле бетиндеги жана анын артындагы же өзүнчө баракта керээз ээсинин колунан кийин жайгаштырылат. Күбөлөндүрүү жазуусу өзүнчө баракта түзүлгөн, ошондой эле керээздин мазмуну бир канча баракта баяндалган учурда бардык барактарга номерленүүгө жана көктөлүүгө тийиш, бул тууралуу тиешелүү жазуу түшүрүлүп, ал аскер бөлүгүнүн командиринин (башчысынын) колу менен жана расмий документтерди ырастоо үчүн колдонулуучу аскер бөлүгүнүн мөөрү менен ырасталат (мисалы: “Беш баракка номерленди жана көктөлдү”. Аскер бөлүгүнүн командиринин (башчысынын) колу жана аскер бөлүгүнүн мөөрү).
37. Керээзге түшүрүлгөн күбөлөндүрүү жазуусуна да аскер бөлүгүнүн командири (башчысы) тарабынан кол коюлат жана расмий документтерди күбөлөндүрүү үчүн колдонулуучу аскер бөлүгүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Керээздерге атайын максаттар (маалымкаттар, пакеттер үчүн ж.б.) үчүн арналган мөөр коюлбашы керек.
3. Жашыруун керээзди күбөлөндүрүүнүн
өзгөчөлүктөрү
38. Жашыруун керээз керээз калтыруучунун каалоосу боюнча анын мазмуну менен тааныштырбастан күбөлөндүрүлөт. Жашыруун керээз анын жараксыздык коркунучунан улам керез берүүчүнүн өз колу менен жазылууга жана кол коюлууга тийиш. Жашыруун керээз эки күбөнүн катышуусунда күбөлөндүрүлөт, мында ар бир күбөнүн инсандыгы аныкталат жана маалыматтар ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык нотариалдык иш-аракеттерди каттоонун реестрине киргизилет.
39. Керээз эки күбөнүн жана аскер бөлүгүнүн командиринин (жетекчисинин) катышуусунда конвертке салып чапталып, ага күбөлөрдүн ар бири өзү фамилиясын, атын, атасынын атын жана туруктуу жашаган жерин көрсөтүү менен өз колун коет. Андан кийин күбөлөр кол койгон конверт ошол эле күбөлөрдүн жана аскер бөлүгүнүн командиринин (башчысынын) катышуусунда башка конвертке салып чапталат, анда аскер бөлүгүнүн командиринин (башчысынын) күбөлөндүрүү жазуусу жүргүзүлөт.
40. Жашыруун керээз керээз калтыруучунун жашаган жери боюнча мамлекеттик нотариуска жиберилет.
41. Жашыруун керээзди нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринде каттоодо керээз калтыруучунун фамилиясы, аты, атасынын аты, паспорттук маалыматтары көрсөтүлөт; «нотариалдык иш-аракеттин мазмуну» графасында «жашыруун керээз» деп жазылат. Реестрде ошондой эле күбөлөрдүн фамилиясы, аты, атасынын аты жана паспорттук маалыматтары, алардын колу көрсөтүлөт.
42. Керээз калтыруучу өз мүлкүн тескегенден сырткары, керээзде керээздик баш тартууну, милдеттерди жүктөөнү кошуп жаза алат.
43. Керээздик баш тартуунун предмети баш тартууну алуучуга мурастын курамына кирген менчикти же буюмдун башка буюмдук укукту берүү, мурастын курамына кирбеген мүлктү сатып алуу жана ага берүү, ал үчүн белгилүү бир ишти ж.б. болушу мүмкүн.
44. Керээз калтыруучу керээз боюнча мураскорго кандайдыр бир аракетти жасоо же андан баш тартуу милдетин жүктөй алат. Милдеттерди жүктөө менен керээзде керээз боюнча мураскорлордун ичинен керээзди аткаруучу көрсөтүлөт жана анын кандайдыр бир аракетти жасоо же андан баш тартуу милдети көрсөтүлөт.
45. Аскер бөлүгүнүн командири (башчысы) күбөлөндүргөн керээз нотариалдык иш-аракеттерди каттоонун реестринде катталууга тийиш. Журналда катталган керээздин катар номери керээздин бардык нускаларынын күбөлөндүрүү жазууларына коюлууга тийиш.
46. Нотариалдык иш-аракеттерди каттоонун реестри номерленүүгө жана көктөлүүгө тийиш. Барактардын саны аскер бөлүгүнүн командиринин (башчысынын) колу, аскер бөлүгүнүн гербдүү мөөрүн тиркөө менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
47. Аскер бөлүгүнүн командири (башчысы) керээзди күбөлөндүргөнү үчүн мамлекеттик алым албайт.
4. Ишеним катты күбөлөндүрүүнүн өзгөчө
эрежелери
48. Аскер бөлүгүнүн командири (башчысы) бир же бир нече адамдын атынан бир же бир нече адамдын атына ишеним каттарын күбөлөндүрө алат.
49. Бир нече адамдын атынан ишеним кат эгерде ишеним катта көрсөтүлгөн аракеттер ишеним катта көрсөтүлгөн иш-аракеттер ишеним кат берилген бардык адамдардын ар бирине өзүнчө эмес, бирдей кызыкчылыгына тиешелүү болгон учурда гана берилет (мисалы, ишеним кат ушул адамдар биргеликте белгилүү иш аткарган мекемеден эмгек акы өндүрүп алуу жөнүндө сот ишин жүргүзүүгө ишеним кат).
50. Жаран ишеним катты күбөлөндүрүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылганда ага аскер бөлүгүнүн командири (башчысы) төмөнкүдөй укуктарын түшүндүрөт:
1) ишеним катта анын атына берилип жаткан адам ишеним кат менен берилген ыйгарым укуктарды башка адамга ишенип өткөрүп берүүгө укуктуу экендиги көрсөтүлөт;
2) берилген ишеним катты жокко чыгаруу. Мындай учурда ишеним катты берген адам ишеним каттын жокко чыгарылгандыгы жөнүндө кат жүзүндөгү арызды ишеним кат берилген мекемеге, уюмга, ишканага жөнөтүүгө тийиш.
51. Ишеним кат ушул Нускаманын 6, 7, 8, 9-тиркемелерине ылайык түзүлөт:
1) мүлктү башкарууга жана тескөөгө жалпы ишеним кат берилген учурда, 6-тиркеме;
2) кыймылсыз мүлктү сатууга, 7-тиркеме;
3) эмгек акысын алууга, 8-тиркеме;
4) мураска укук жөнүндө күбөлүктү алууга, 9-тиркеме.
Башка маселелер боюнча ишеним каттар жогоруда көрсөтүлгөн тиркемелерге ылайык түзүлөт.
52. Ишеним кат бир нускада күбөлөндүрүлөт. Ишеним каттын текстинде ал түзүлгөн жер жана дата (кол коюлган), ишеним кат берилген адамдын жана ишеним катты берген адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, паспорттук маалыматтары, жеке идентификациялык номери жана жашаган жери көрсөтүлүүгө тийиш.
Түзүлгөн күнү көрсөтүлбөгөн ишеним кат жараксыз.
53. Ишеним каттын жарактуулук мөөнөтү ишеним катты берген адам тарабынан анын ыктыяры боюнча белгиленет, бирок үч жылдан ашпоого тийиш.
Эгерде ишеним катта мөөнөтү көрсөтүлбөсө, жасалган күндөн тартып бир жыл бою күчүн сактайт. Ишеним каттын жарактуулук мөөнөтү жазуулар менен жазылат.
54. Ишеним катта анын атына берилген адамдын ыйгарым укуктары так аныкталууга тийиш. Мисалы, турак үйүн сатууга ишеним кат берүүдө ишеним кат берген адам ишеним кат бериле турган адамдын атына өзүнө таандык турак үйүн өзүнүн ыктыяры боюнча баада жана шарттарда сатууга ыйгарым укук берет деп көрсөтүлүүгө тийиш. Ишеним кат берген адам анда өзүнө таандык үйдү ишеним кат берилген адам тарабынан кимге, кандай баада жана кандай шарттарда сатылууга тийиш экендигин көрсөтүүгө укуктуу.
Ишеним катты берген адам кол койгондон кийин аны аскер бөлүгүнүн командири (башчысы) күбөлөндүрүүгө тийиш. Күбөлөндүрүү жазуусу ушул Нускаманын 10 жана 11-тиркемелерине ылайык жүргүзүлөт. Күбөлөндүрүү жазууларынын текстин кырып тазалоого жол берилбейт. Ишеним каттагы кошуп жазуулар жана башка оңдоолор аскер бөлүгүнүн командиринин (башчысынын) эскертмелери менен коштолууга тийиш.
55. Ишеним кат аны берген адамдын өз колуна тапшырылат же анын өтүнүчү боюнча жана анын эсебинен ал көрсөткөн дарек боюнча ишеним кат берилген адамга жөнөтүлөт.
56. Аскер бөлүгүнүн командири (башчысы) күбөлөндүргөн ишеним кат нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестрине 1-тиркемеге ылайык киргизилүүгө тийиш. Реестрде катталган ишеним каттын катар номери ишеним каттагы күбөлөндүрүү жазууларында коюлууга тийиш.
Нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестри номерленүүгө, анын барактары көктөлүүгө тийиш. Барактардын саны аскер бөлүгүнүн командиринин (башчысынын) колу менен ырасталууга тийиш.
57. Аскер бөлүгүнүн командири (башчысы) тарабынан ишеним кат күбөлөндүрүлгөндүгү үчүн мамлекеттик алым алынбайт.
1-тиркеме
Аскер бөлүгүнүн командирлери (жетекчилери) тарабынан күбөлөндүрүлгөн нотариалдык иш-аракеттерди (керээздерди жана ишеним каттарды) каттоо реестри
№ п/п
Керээз же ишеним кат күбөлөндү-рүлгөн дата
Жаран-дардын Ф.А.А., жашаган жери, күбөнүн
Ф.А.А. жана анын жашаган жери
Керээздин же ишеним каттын кыскача мазмуну
Инсандыгын ырастоочу документ
Керээзди, ишеним катты алганды-гы жөнүндө тил кат
Мамлекеттик нотариуска керээздин жөнөтүлгөндүгү жөнүндө белги (кайсы экендигин көрсөтүү)
1
2
3
4
5
6
7
2-тиркеме
Керээз (бардык мүлк үчүн)
(нотариалдык иш-аракеттин жасалган жери сөз менен) (нотариалдык иш-аракет жасалган дата сөз менен) (нотариалдык иш-аракетти жасоо убактысы сөз менен)
Мен, (мамлекеттин аталышы) жараны (керээз калтыруучунун фамилиясы, аты, атасынын аты), (керээз калтыруучунун туулган күнү), дареги боюнча жашаган: (керээз калтыруучунун жашаган жери), паспорт (паспорттук маалыматтары) ушул керээз менен төмөнкүдөй тескеме кылам: мен өлгөн күнгө чейин мага таандык боло турган бардык мүлктү, ал кайсы жерде болбосун жана анда эмне камтыбасын, төмөндөгү адамга (адамдарга) керээзге калтырам: (мураскордун (мураскорлордун) фамилиясы, аты, атасынын аты). Мага Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1131, 1132, 1149-статьяларынын мазмуну түшүндүрүлдү. Бул керээз эки нускада түзүлөт, анын ичинен керээздин бир нускасы мамлекеттик нотариалдык кеңсеге жиберилет (керээз калтыруучунун жашаган жери боюнча мамлекеттик нотариалдык кеңсе көрсөтүлөт), экинчи нускасы керээз калтыруучуга берилет. Мен кол коюунун алдында керээздин текстин окуп чыктым, менин ниетиме дал келет жана мен акыл-эстүүлүк жана жакшы эс тутум менен бул керээзге кол коем.
Колу ____________________________
3-тиркеме
Керээз (конкреттүү мүлккө)
(нотариалдык иш-аракеттин жасалган жери сөз менен) (нотариалдык иш-аракет жасалган дата сөз менен) (нотариалдык иш-аракетти жасоо убактысы сөз менен)
Мен, (мамлекеттин аталышы) жараны (керээз калтыруучунун фамилиясы, аты, атасынын аты), (керээз калтыруучунун туулган күнү) дареги боюнча жашаган: (керээз калтыруучунун жашаган жери), паспорт (паспорттук маалыматтары) ушул керээз менен төмөнкүдөй тескеме кылам: Мен өзүмө таандык болгон мүлктү (мүлктүн аталышын) төмөнкү адамга (адамдарга) керээз кылам: (мураскорлордун (мураскорлордун) фамилиясы, аты, атасынын аты). Мага Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1131, 1132, 1149-статьяларынын мазмуну түшүндүрүлдү. Бул керээз эки нускада түзүлөт, анын ичинен керээздин бир нускасы мамлекеттик нотариалдык кеңсеге жиберилет (керээз калтыруучунун жашаган жери боюнча мамлекеттик нотариалдык кеңсе көрсөтүлөт), экинчи нускасы керээз калтыруучуга берилет. Мен кол коюунун алдында керээздин текстин окуп чыктым, менин ниетиме дал келет жана мен акыл-эстүүлүк жана жакшы эс тутум менен бул керээзге кол коем.
Колу ____________________________
4-тиркеме
Керээз калтыруучунун өзү кол койгон керээздеги күбөлөндүрүү жазуулары
Бул керээз (нотариалдык иш-аракет жасалган дата), мен, (керээзди күбөлөндүргөн аскер бөлүгүнүн командиринин (башчысынын) фамилиясы, аты, атасынын аты), кызмат адамы (кызмат орду жана аскер бөлүгүнүн, кошуундардын, мекемелердин жана аскердик окуу жайларынын аталышы). Керээзге (керээз калтыруучунун фамилиясы, аты, атасынын аты), менин катышуумда өз колу менен кол коюлду. Керээз калтыруучунун инсандыгы аныкталды, аракетке жөндөмдүүлүгү текшерилди. №_____________ реестрде катталган Аскер бөлүгүнүн командири (башчысы) ____________________ (колу) Аскердик бөлүгүнүн, кошуундардын, мекемелердин жана аскердик окуу жайларынын гербдүү мөөрү.
5-тиркеме
Керээз калтыруучунун өтүнүчү боюнча башка адам тарабынан кол коюлган керээздеги күбөлөндүрүү жазуулары
Бул керээз (нотариалдык иш-аракет жасалган дата), мен, (керээзди күбөлөндүргөн аскердик бөлүгүнүн командиринин (башчысынын) фамилиясы, аты, атасынын аты), кызмат адамы (кызмат орду жана аскер бөлүгүнүн, кошуундардын, мекемелердин жана аскердик окуу жайларынын аталышы). Ооруга байланыштуу (дене бой кемчиликтери же кандайдыр бир башка себептер боюнча) (керээз калтыруучунун фамилиясы, аты, атасынын аты), анын өтүнүчү боюнча жана менин катышуумда жана күбөнүн катышуусунда (күбөнүн фамилиясы, аты, атасынын аты) керээзге кол коюлду (керээз калтыруучу үчүн кол коюучунун фамилиясы, аты, атасынын аты). Керээз аскер бөлүгүнүн командиринин (башчысынын) катышуусунда керээзге кол коюлганга чейин керээз калтыруучу тарабынан толук окулду. Керээз калтыруучунун, күбөнүн инсандыгы аныкталды жана алардын аракетке жөндөмдүүлүгү текшерилди. Керээз калтыруучу үчүн кол койгон адамдын инсандыгы аныкталды. Реестрде №_____________ катталган. Аскер бөлүгүнүн командири (башчысы) ____________________ (колу) Аскердик бөлүгүнүн, кошуундардын, мекемелердин жана аскердик окуу жайларынын гербдүү мөөрү.
6-тиркеме
Бардык мүлктү башкаруу жана тескөө үчүн (жалпы) ишеним кат
(нотариалдык аракет жасалган жер сөз менен) (нотариалдык иш-аракет жасалган дата сөз менен)
Мен, (мамлекеттин аталышы) жараны (ишеним көрсөтүүчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты), (ишеним көрсөтүүчүнүн туулган күнү), (ишеним көрсөтүүчүнүн жашаган жери) дареги боюнча жашаган, паспорту (паспорттук маалыматтары) ушул ишеним кат менен (мамлекеттин аталышы) жараны (өкүлдүн фамилиясы, аты, атасынын аты), (өкүлдүн туулган күнү), (өкүлдүн жашаган жери) дареги боюнча жашаган, паспорту (паспорттук маалыматтары), алар эмне менен бекемделишине жана Кыргыз Республикасынын кайсы аймагында турганына карабастан, мага таандык мүлктү (анын ичинде кандай болбосун кыймылсыз мүлктү, жер участокторун, батирлерди, турак үйлөрдү; транспорт каражаттарын, бардык банктарда жана микрокредиттик компанияларда эсептерде болгон бардык акча каражаттарын, уставдык капиталдагы жана юридикалык жактардын мүлкүндөгү үлүштөрдү) башкарууга (пайдаланууга) жана тескөөгө ыйгарым укук берем. Ал үчүн (өкүлдүн фамилиясы, аты, атасынын аты) мага таандык мүлк менен мыйзамда уруксат берилген бардык бүтүмдөрдү жасоого, атап айтканда: сатууга, сатып алууга, алмаштырууга, ижарага берүүгө, бардык учурларда өз ыктыяры боюнча сумманы, мөөнөтүн жана башка шарттарын аныктап, күрөөгө коюуга, ошондой эле өзүнүн ыктыяры боюнча күрөө кармоочунун талаптарын канааттандыруу тартибин аныктоо укугу менен күрөөгө коюуга, ордуна өтмө укукту аткарууну өткөрүп берүү менен кандай болбосун милдеттенмени токтотууга; кандай болбосун келишимди (макулдашууну) бузууга, мүлктөгү үлүштү аныктоо, аны натуралай бөлүү ж.б. жөнүндө макулдашуу түзүүгө; арыз берүүгө (юридикалык жактын катышуучуларынын курамынан чыгуу жөнүндө), мен үчүн кол тамга коюуга (анын ичинде ажыратуу, күрөөгө коюу, зайым алуу келишиминде соттон тышкары тартипте күрөө коючунун талаптарын канааттандыруу жөнүндө макулдашууга), жекече кепилдикти (кепилдик берүүчүлүктү), кыймылсыз мүлктү менчиктештирүү келишимин берүүгө; түзүлгөн бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө, мага тийиштүү мүлктү (аны ичинде почталык, телеграфтык, баалуу жана ар түрдүү башка корреспонденцияны жана посылкаларды, жүктү, акча каражаттарын, эмгек акыны, баалуу кагаздарды), документтерди (аны ичинде паспортту) жана алардын дубликаттарын берүүгө жана бардык жактардан, мекемелерден, ишканалардан, уюмдардан, анын ичинде банктардан, финансылык-кредиттик мекемелерден, нотариалдык кеңселерден, почталардан, телеграфтан, турак жай-эксплуатациялык кеңселерден, ички иштер органдарынан, социалдык фонддун мекемелеринен, салык органдарынан, бардык негиздер боюнча (анын ичинде менчик укугу жөнүндө күбөлүк, табуляграммалар, үй-бүлөлүк абалы жөнүндө маалымкаттар, салык декларациясы) алууга, бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерде, кооперативдик жана коомдук уюмдарда, суу каналында, турак жай-эксплуатациялык кеңселеринин жылуулук түйүндөрүндө, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, социалдык фонддун мекемелеринде, ички иштер органдарында, автомобиль инспекциясы органдарында, жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында, социалдык коргоо бөлүмдөрүндө жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органында, турак-жай фондун менчиктештирүү боюнча уюмдарда жана мекемелерде, нотариалдык кеңселерде, фонддук биржаларда, салык органдарында, бажы жана чек ара контроль органдарында ж.б. менин атымдан иштерди жүргүзүүгө, күн тартибинин бардык маселелери боюнча добуш берүү укугу менен, юридикалык жактарды каттоо/кайра каттоо/жоюу жөнүндө маселелерди чечүү укугу менен жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын же акционердик коомдун акционеринин чогулуштарында катышуу укугу менен юридикалык жактардын (уюштуруучулук, финансылык, юридикалык) ишинин маселелерин чечүүдө жана кароодо юридикалык жактардын уюштуруучу документтерине ылайык катышуучу/акционер катары менин кызыкчылыктарымды алып чыгууга, юридикалык жактардын бардык уюштуруучу документтерине (уставдарга, уюштуруучу келишимдерине, чечимдерге, протоколдорго, макулдашууларга ж.б.) менин атымдан кол коюуга укук берем. Ушул ишеним кат боюнча ыйгарым укуктар башка жактарга толук же жарым-жартылай берилди (мүмкүн же мүмкүн эмес). Ушул ишеним кат (ишеним каттын колдонуу мөөнөтү) мөөнөтүнө берилди. Мага Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 206-статьясынын мазмуну түшүндүрүлдү.
Колу _________________________
Ишеним катты окуп чыктым, менин ниеттериме дал келет.
Колу _________________________
7-тиркеме
Кыймылсыз мүлктү сатууга ишеним кат
(нотариалдык иш-аракет жасалган жер сөз менен) (нотариалдык иш-аракет жасалган дата сөз менен)
Мен, (мамлекеттин аталышы) жараны (ишеним көрсөтүүчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты), (ишеним көрсөтүүчүнүн туулган күнү), (ишеним көрсөтүүчүнүн жашаган жери) дареги боюнча жашаган, паспорту (паспорттогу маалыматтары), ушул ишеним кат менен (мамлекеттин аталышы) жараны (өкүлдүн фамилиясы, аты, атасынын аты), (өкүлдүн туулган күнү), (өкүлдүн жашаган жери) дареги боюнча жашаган, паспорту (паспорттогу маалыматтары), (дареги боюнча жайгашкан, идентификациялык коду) мага таандык болгон кыймылсыз мүлктү, өз ыктыяры боюнча баага жана шарттарда сатууга ыйгарым укук берем. Ал үчүн Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелеринде, уюмдарында, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалдарында, жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, Кыргыз Республикасынын аймагындагы архивдерде, мамлекеттик жана жеке менчик нотариалдык кеңселерде, жеке жана юридикалык жактардын алдында, уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан органдарда жана уюмдарда менин атымдан чыгууга жана менин кызыкчылыктарымды алып чыгууга, арыз, суроо-талап берүүгө, зарыл болгон маалымкаттарды, арыздарды, суроо-талаптарды, документтерди (алардын дубликаттарын), акча каражаттарын берүүгө жана алууга, сатып алуу-сатуу келишимдерин, узартып төлөөгө сатып алуу-сатуу келишимин, алдын ала келишимдерди, кошумча келишимдерге/макулдашууларга алдын ала төлөө жөнүндө макулдашуулар, мурда түзүлгөн келишимдерге/макулдашууларга шарттарды өзгөртүү тууралуу келишимдерди/макулдашууларды, менчик укугун ажыратуу менен байланышкан башка келишимдерди жана макулдашууларды түзүүгө жана аларга кол коюуга, укук белгилөөчү документтерди жана менчик укугун өткөрүүнү белгиленген тартипте каттоого, өткөрүп берүү актысына кол коюуга, эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө, зарыл болгон чыгымдарды төлөөгө, мен үчүн кол коюуга жана бул тапшырманы аткарууга байланыштуу бардык зарыл болгон иш-аракеттерди жана формалдуулуктарды жасоого укук берем. Ушул ишеним кат боюнча ыйгарым укуктар башка жактарга толук же жарым-жартылай өткөрүп берилди (мүмкүн же мүмкүн эмес). Ишеним каттын колдонуу – (ишеним каттын колдонуу мөөнөтү). Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 206-статьясынын мазмуну мага түшүндүрүлдү.
Колу __________
8-тиркеме
Эмгек акыны алууга ишеним кат
(нотариалдык аракет жасалган жер сөз менен) (нотариалдык аракет жасалган дата сөз менен)
Мен, (мамлекеттин аталышы) жараны (ишеним көрсөтүүчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты), (ишеним көрсөтүүчүнүн туулган күнү), (ишеним көрсөтүүчүнүн жашаган жери) дареги боюнча жашаган, паспорту (паспорттук маалыматтары) ушул ишеним кат менен (мамлекеттин аталышы) жараны (өкүлдүн фамилиясы, аты, атасынын аты), (өкүлдүн туулган күнү), паспорту (паспорттук маалыматтары) (өкүлдүн жашаган жери) дареги боюнча жашаган: иштен бошогонума байланыштуу (юридикалык жактын аталышы) толук эсептешүүнү (анын ичинде эмгек акыны жана мыйзамда каралган башка төлөмдөрдү) жана менин атымдагы эмгек китепчемди алууга ыйгарым укук берем. Ал үчүн (өкүлдүн фамилиясы, аты, атасынын аты) арыз берүү, зарыл болгон маалымкаттарды, документтерди жана акча каражаттарын берүү жана алуу, мен үчүн кол коюу, бул тапшырманы аткарууга байланыштуу башка иш-аракеттерди жана формалдуулуктарды жасоого укук берем. Ушул ишеним кат боюнча ыйгарым укуктар башка жактарга берилиши (мүмкүн же мүмкүн эмес). Ишеним каттын колдонуу мөөнөтү – (ишеним каттын колдонуу мөөнөтү). Мага Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 206-статьясынын мазмуну түшүндүрүлдү.
Колу _________________________
9-тиркеме
Мурастоого укук жөнүндө күбөлүктү алууга ишеним кат
(нотариалдык аракет жасалган жер сөз менен) (нотариалдык аракет жасалган дата сөз менен)
Мен, (мамлекеттин аталышы) жараны (ишеним көрсөтүүчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты), (ишеним көрсөтүүчүнүн туулган күнү), (ишеним көрсөтүүчүнүн жашаган жери) дареги боюнча жашаган, паспорту (паспорттук маалыматтары) ушул ишеним кат менен (мамлекеттин аталышы) жараны (өкүлдүн фамилиясы, аты, атасынын аты), (өкүлдүн туулган күнү), (өкүлдүн жашаган жери) дареги боюнча жашаган, паспортук (паспорттке маалыматтары каза болгон (өлгөн күнү) (мурас калтыруучунун фамилиясы, аты, атасынын аты) каза болгондон кийин калган (мурастык мүлктүн жайгашкан жери) дарегинде жайгашкан (мурастык мүлктүн аталышы) менен туюнтулган мүлккө карата менин мурастык укуктарымды тариздөө боюнча ишти алып барууга; мурасты кабыл алуу жөнүндө арызды берүү укугу менен мыйзам боюнча мураска укук жөнүндө күбөлүктү алууга жана мурастык мүлктү нотариустун кеңсесинде менин атыма бөлүштүрүүгө, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин райондук филиалында менчик укугунун өтүшүн каттатууга, ошондой эле менин атыма бардык зарыл болгон документтерди, документтердин дубликаттарын, маалымкаттарды берүүдө, тариздөөдө жана алууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес бардык органдарында, уюмдарында жана мекемелеринде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарында жана архивдеринде, бардык мамлекеттик жана жеке нотариалдык кеңселерде, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, салык органдарында ж.б. менин атымдан чыгууга жана менин кызыкчылыктарымды алып чыгууга ыйгарым укук берем. Ал үчүн арыз, суроо-талап берүү, зарыл болгон документтерди (бардык документтердин дубликаттарын), маалымкаттарды алуу, зарыл болгон алымдарды төлөө, мен үчүн кол коюу, ошондой эле бул тапшырманы арткарууга байланыштуу бардык башка аракеттерди жана формалдуулуктарды аткаруу укугун берем. Ушул ишеним кат боюнча ыйгарым укуктар башка жактарга толук же жарым-жартылай өткөрүп берилиши мүмкүн (мүмкүн эмес). Ишеним каттын колдонуу мөөнөтү – (ишеним каттын колдонуу мөөнөтү сөз менен). Мага Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 206-статьясынын мазмуну түшүндүрүлдү.
Колу _________________________
11-тиркеме
Ишеним кат берген адамдын тапшырмасы боюнча башка адам тарабынан кол коюлган ишеним катты күбөлөндүрүү жазуусу
(Нотариалдык иш-аракет жасалган дата) бул ишеним кат мен (ишеним катты күбөлөндүргөн аскер бөлүгүнүн командиринин (башчысынын) фамилиясы, аты, атасынын аты), кызмат адамы (кызмат орду жана аскер бөлүгүнүн, кошуундун, мекеменин жана аскердик-окуу жайынын аталышы) тарабынан күбөлөндүрүлдү. Ооруга байланыштуу (дене боюнун кемчилиги же башка себептер боюнча) Ишеним кат менин катышуумда өз колу менен кол коюлду (фамилиясы, аты, атасынын аты). Ишеним кат берген адамдардын инсандыгы аныкталды, аракетке жөндөмдүүлүгү текшерилди. Реестрде №_____________ катталды. Аскер бөлүгүнүн командири (башчысы) _____________________ (колу) Аскер бөлүгүнүн, кошуундун, мекеменин жана аскердик-окуу жайынын гербдүү мөөрү.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Нотариат жөнүндөЗакон · 09.03.2023 · № 54
- Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 06.08.2018 · № 87