Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ооруканаларда, госпиталдарда, башка стационардык дарылоо мекемелеринде жана социалдык коргоо мекемелеринде керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускама (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык)
3-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 733 токтомуна ылайык)
Ооруканаларда, госпиталдарда, башка стационардык дарылоо мекемелеринде жана социалдык коргоо мекемелеринде керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускама
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускама Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана нотариалдык иш-аракеттерди жасоо тартибин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан жана ооруканаларда, госпиталдарда, санаторийлерде, стационардык дарылоо мекемелеринде, ошондой эле улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык коргоо мекемелеринде (мындан ары – саламаттык сактоо уюму жана социалдык коргоо мекемеси) керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн бирдиктүү тартибин аныктайт.
2. Дарыланып жаткан жарандардын керээздери жана ишеним каттары саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси же башкы врачы, социалдык коргоо мекемесинин жетечиси (орун басары) (мындан
ары – кызмат адамдары) күбөлөндүрөт.
3. Саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин кызмат адамдары күбөлөндүргөн керээздер жана ишеним каттар нотариалдык күбөлөндүрүлгөн документтерге теңдештирилет.
4. Саламаттык сактоо уюмдарында жана социалдык коргоо мекемелеринде дарыланып жаткан же жашаган жарандар керээздерин жана ишеним каттарын күбөлөндүрүү маселелери боюнча мамлекеттик же жеке нотариустарга, ал эми нотариустар жок калктуу конуштарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылууга укуктуу.
5. Саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин кызмат адамдары күбөлөндүрүүчү керээздердин жана ишеним каттардын жашыруундугун сактоого тийиш.
Керээздин мазмуну эч кимге, анын ичинде керээзде көрсөтүлгөн адамдарга да билдирилбеши керек. Керээздин бар экендиги же анын мазмуну жөнүндө маалымкаттар керээз жазган адам өлгөндө гана анын өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк көрсөтүлгөндөн кийин берилет. Ишеним каттын бар экендиги же анын мазмуну жөнүндө маалымкаттар адамдарга алардын тапшыруусу же аларга карата иш-аракеттер жасалган, ошондой эле өндүрүштөрүндө турган кылмыш же жарандык иштерге байланыштуу соттун, прокуратуранын, тергөө жана алгачкы текшерүү органдарынын талабы боюнча берилет, ошондой эле “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык финансылык чалгындоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет. Күбөлөндүрүлгөн керээздердин жана ишеним каттардын жашыруундугун сактоо жөнүндө эрежелер кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу жасалган керээздер жана ишеним каттар жөнүндө белгилүү болгон адамдарга да таркатылат. Күбөлөндүрүлгөн керээздердин жашыруундугун бузган саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин кызмат адамдары, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу жасалган керээздер жана ишеним каттар жөнүндө белгилүү болгон адамдар кылмыш-жаза, жарандык мыйзамдарда жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарда каралган жоопкерчиликти тартат.
6. Керээз бир тараптуу бүтүм болуп саналат. Керээзди күбөлөндүрүүдө саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1131 жана 1132-статьяларын жетекчиликке алат.
7. Керээз берүүчүдөн керээзди күбөлөндүрүүдө керээзге калтырылуучу мүлккө анын укуктарын ырастоочу далилдерди берүү талап кылынбайт. Керээз берүүчү келечекте сатып алынышы мүмкүн болгон мүлктүк укуктарды жана мүлктү керээз кылууга укуктуу.
8. Саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин кызмат адамдары жарандарга керээздерин жана ишеним каттарын күбөлөндүрүүдө алардын укуктарын жүзөгө ашырууда жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо көмөктөшүүгө милдеттүү.
Ушул максаттарда саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин кызмат адамдары:
1) дарыланып жаткан жарандардын керээзге болгон жана ишеним каттан келип чыгуучу укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт;
2) керээзди жана ишеним катты күбөлөндүрүүгө байланыштуу келип чыгуучу кесепеттери тууралуу эскертет;
3) керээзди өзгөртүү, керээзди же ишеним катты жокко чыгаруу тартибин түшүндүрөт;
4) дарыланып жаткан жарандардын арызы боюнча керээздердин же ишеним каттардын долбоорлорун түзөт.
9. Саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин кызмат адамдары жарандык мыйзамдардын талаптарына жана жалпы эрежелерине ылайык түзүлгөн аракетке жөндөмдүү жарандардын керээздерин жана ишеним каттарын күбөлөндүрөт.
10. Жашы 14төн 18ге чейинки жашы жете электер өзүнүн иштеп тапкан эмгек акысын, стипендиясын, салымын тескөөгө, же болбосо өзүнүн автордук же ойлоп табуучулук укуктарын жүзөгө ашырууга өз алдынча ишеним кат берүүгө укуктуу. Башка иш-аракеттерди жасоого ишеним каттар көрсөтүлгөн адамдар тарабынан алардын ата-энелеринин, асырап алгандардын же камкордукка алгандардын макулдугу менен берилиши мүмкүн, бул туурасында ишеним катта көрсөтүлүүгө тийиш.
Жашы 14кө толо элек жашы жете электердин атынан ишеним кат алардын мыйзамдуу өкүлдөрү: ата-энелери, асырап алгандар же жана көзөмөлдүк кылуучулар тарабынан берилиши мүмкүн.
11. Инсандыгын аныктоо паспорттун же нотариалдык иш-аракет жасоого кайрылган жарандын өздүгүнө карата кандай болбосун шекти жокко чыгаруучу инсандыгын ырастоочу башка документтердин негизинде жүргүзүлүшү керек.
Санариптик форматта берилген документтер (улуттук паспорт, жарандын идентификациялык картасы, айдоочу күбөлүк, жарандык абалдын актылары: туулгандыгы, никеге тургандыгы, никени бузуу, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү) жана “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жаран тарабынан жеткиликтүүлүк берилген башка документтер юридикалык күчкө ээ жана кагаз түрүндөгү документтер менен бирдей маанидеги документтер болуп саналат.
12. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен психикалык оруунун кесепетинен аракетке жөндөмсүз деп табылган адамдардын, ошондой эле керээз же ишеним кат түзүлүп жаткан учурда өзүнүн иш-аракеттеринин маанисин түшүнө албаган же башкара албаган абалда болгон адамдардын керээздери жана ишеним каттары күбөлөндүрүлүшү мүмкүн эмес.
13. Керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүүнү каалаган жарандын психикалык оорусунун себеби боюнча керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүүдөн баш тартуу ушул адамды аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин гана мүмкүн.
14. Эгерде кызмат адамга кайрылган жаран соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими боюнча кумар оюндарына патологиялык жактан азгырылуунун, спирт ичимдиктерин же баңги каражаттарын кыянаттык менен пайдалануунун кесепетинен аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп табылгандыгы белгилүү болсо, анын керээзи жана ишеним каты камкордукка алган адамдын макулдугу менен гана күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
15. Керээз жана ишеним каттын түзүлгөн жерин, күнүн жана убактысын көрсөтүү менен кат жүзүндө түзүлүүгө жана өз колу коюлууга тийиш.
Керээз керээз калтыруучу тарабынан жазылууга же саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин кызмат адамы тарабынан анын сөзүнөн жазылууга тийиш. Саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин кызмат адамы тарабынан керээзди күбөлөндүрүүнү каалаган адамдын сөзүнөн жазылган керээз керээзге кол коюлганга чейин саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин кызмат адамынын катышуусунда аларга толук окулуп берилиши керек, керээз калтыруучунун колу коюлганга чейин бул жөнүндө күбөлөндүрүүчү жазууда болууга тийиш.
16. Эгерде керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүүнү каалаган жаран өзүнүн дене боюнун кемчилигинен, оорусунан же сабатсыздыгынан улам керээзди же ишеним катты өзү окуй албаса, анын тексти ага кызмат адамы тарабынан окуп берилет, бул туурасында керээзде же ишеним катта окуй албай койгондугунун себеби көрсөтүлүү менен тиешелүү жазуу түшүрүлөт.
17. Эгерде керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүүнү каалаган жаран өзүнүн дене боюнун кемчилигинен, оорусунан же башка себептерден улам керээзге же ишеним катка өзү кол коё албаса, ага анын өтүнүчү боюнча жана анын катышуусунда, ошондой эле күбөнүн жана кызмат адамдын катышуусунда башка адам тарабынан кол коюлушу мүмкүн жана анда эмне үчүн документке өзүнүн колун коё албаган себептери көрсөтүлөт.
18. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1131-статьясынын 3-бөлүгүнө ылайык керээз калтыруучунун ордуна төмөнкүлөр керээзге кол коё алышпайт:
1) керээзди күбөлөндүрө турган кызмат адамы;
2) пайдасына керээз түзүлгөн же керээздик баш тартуу жасалган адам, мындай адамдын жубайы, анын балдары, ата-энеси, неберелери жана чөбөрөлөрү, ошондой эле керээз калтыруучунун мыйзам боюнча мурастоочулары;
3) аракетке жөндөмдүүлүгү толук көлөмдө болбогон жарандар;
4) сабатсыз жана керээзди окууга жөндөмү жок башка адамдар.
19. Керээздин же ишеним каттын тексти так жана даана жазылууга тийиш, документтин мазмунуна тиешелүү сандар жана мөөнөттөр – бир жолудан кем эмес сөздөр менен жазылууга тийиш. Жарандардын фамилиясы, аты жана атасынын аты толук жана алардын жашаган жерин көрсөтүү менен жазылууга тийиш. Чет өлкөлүк жарандардын атынан керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүүдө алардын жарандыгы көрсөтүлөт.
20. Керээзде же ишеним катта тазалоолор жана башка оңдоолор эскертмелер аркылуу түшүндүрүлүшү керек. Мисалы, керээздин текстинде “турак үйү” деген сөздөр “турак үйүнүн экиден бир үлүшү” деп оңдолсо, анда оңдоо төмөнкүдөй айтылууга тийиш: “сызылган “турак үйү” деген сөздөр окулбасын, “турак үйүнүн экиден бир үлүшү” деп жазылган сөздөр “туурасы” деп эсептелсин”. Ушул оңдоого керээз калтыруучу (же керээз калтыруучунун өтүнүчү боюнча керээзге кол койгон адам) саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин кызмат адамынын катышуусунда кол коюлууга тийиш.
21. Саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин кызмат адамдары төмөнкүдөй учурларда керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүүдөн баш тартат:
1) эгерде ушундай иш-аракетти жасоо мыйзамга каршы келсе;
2) эгерде керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүү өтүнүчү менен аракетке жарамсыз жаран кайрылса.
22. Саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин кызмат адамдары керээзи же ишеним каты күбөлөндүрүүдөн баш тартылган адамдын өтүнүчү боюнча баш тартуунун себептерин кат жүзүндө баяндап берүүгө жана анын даттануу тартибин түшүндүрүүгө тийиш. Кызмат адам он календардык күндөн кечиктирбестен керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүүдөн баш тартылгандыгы жөнүндө токтом чыгарат.
23. Баш тартылганы жөнүндө токтомдо төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) токтом чыгарылган күн;
2) керээзин же ишеним катын күбөлөндүрүү үчүн кайрылган жарандын фамилиясы, аты жана атасынын аты, анын жашаган жери;
3) кайрылган адам кайсы нотариалдык иш-аракетти жасоо жөнүндө өтүндү;
4) нотариалдык иш-аракетти жасоодон баш тартуунун жүйөлөрү (мыйзамдардын ченемдерине шилтеме жасоо менен);
5) баш тартууну даттануунун тартиби жана мөөнөтү.
24. Саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин кызмат адамы, начальниги тарабынан керээз же ишеним кат туура эмес күбөлөндүрүлгөнү жана аларды күбөлөндүрүүдөн баш тартуулар боюнча даттануулар саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин жайгашкан жери боюнча сотко берилет.
25. Саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу эмес:
1) керээзди же ишеним катты өз атына, өз атынан, өзүнүн жубайынын атына жана өз жубайынын атынан, анын жана өзүнүн туугандарынын (ата-энесинин, балдарынын, неберелеринин, ага-инилеринин, эже-карындаштарынын, чоң атасынын, чоң энесинин) атынан күбөлөндүрүүгө;
2) керээзди же ишеним катты саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин кызматкерлеринин атына жана алардын атынан күбөлөндүрүүгө.
Көрсөтүлгөн эрежелерди бузуу менен күбөлөндүрүлгөн керээздер же ишеним каттар жараксыз болуп саналат.
2. Керээзди күбөлөндүрүүнүн өзгөчө эрежелери
26. Бир керээзди бир нече адамдардын атынан, ошондой эле өкүл аркылуу күбөлөндүрүүгө мыйзам боюнча жол берилбейт.
27. Жаран керээзди күбөлөндүрүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылган учурда саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин кызмат адамдары керээз калтыруучунун каалоосу боюнча аны мыйзам боюнча мураскор болгон адамдардын чөйрөсү менен тааныштырууга милдеттүү, алар Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1141, 1142, 1143, 1144, 1145-статьяларында аныкталат жана керээз калтыруучуга анын төмөнкүдөй укуктарын түшүндүрөт:
1) керээз боюнча өзүнүн бардык мүлкүн же анын бир бөлүгүн (кадимки үй-оокаттарын кошуп алганда) мыйзам боюнча мураскорлордун чөйрөсүнө кирген жана кирбеген бир адамга же бир нече адамга, ошондой эле мамлекетке же айрым мамлекеттик, кооперативдик жана коомдук уюмдарга калтырууга жана керээз калтыруучу керээзинде мыйзам боюнча бир, бир нече же бардык мураскорлорду мурастоо укугунан ажыратууга;
2) керээз бир нече адамдардын пайдасына түзүлгөн учурда керээз калтыруучу анда мураскорлордун ар бирине мүлктүн канча үлүшү мураска калтырыларын көрсөтүүгө;
3) каалаган убакта өзүнүн керээзин өзгөртүүгө же жокко чыгарууга, жаңысын түзүүгө. Керээз калтыруучу керээзин ушул Нускаманын 20-пунктуна ылайык керээзи сактоого тапшырылган мамлекеттик нотариуска арыз берүү жолу менен жокко чыгара алат.
Саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин кызмат адамдары керээз калтыруучуга Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1149-статьясына ылайык мурас калтыруучунун жашы жете элек балдары же эмгекке жарамсыз балдары (анын ичинен асырап алынгандар), ошондой эле анын эмгекке жарамсыз жубайы жана ата-энеси (анын ичинде асырап алуучулар) керээздин мазмунуна карабай, мыйзам боюнча мурас алууда (милдеттүү үлүш), алардын ар бирине тийиштүү боло турган үлүштүн үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмесин мураска алышат. Милдеттүү үлүштүн өлчөмүн аныктоодо кадимки үй-оокаттарынан турган мурастык мүлктүн наркы жана мындай мураскорунун пайдасына белгиленген керээздик баш тартуунун наркы эсепке алынат.
28. Мазмунуна жараша керээз ушул Нускаманын 2, 3-тиркемелерине ылайык түзүлөт:
1) керээз 2-тиркемеге ылайык түзүлөт;
2) эгерде керээз калтыруучу керээз боюнча мүлктүн белгилүү бир түрүн калтырууну кааласа, анда керээз 3-тиркемеге ылайык түзүлөт.
29. Керээз экиден кем эмес нускада түзүлөт, анын бир нускасы үч жумуш күндүн ичинде керээз калтыруучунун акыркы жашаган жери боюнча керээздерди эсепке алуунун алфавиттик китебинде эсепке алуу жана сактоо үчүн мамлекеттик нотариуска сактоого жиберилет, экинчи нускалары керээз калтыруучуга берилет.
30. Эгерде керээз калтыруучунун Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жери болбосо, же керээз калтыруучунун туруктуу жашаган жери белгисиз болсо, саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин жайгашкан жери боюнча мамлекеттик нотариалдык кеңсеге жиберилет.
31. Керээзде ал түзүлгөн жер, күн жана убактысы көрсөтүлүүгө тийиш. Керээз калтыруучунун фамилиясы, аты, атасынын аты, дареги паспортуна же инсандыгын ырастаган башка документке ылайык толук көрсөтүлөт.
Ушундай эле талаптар күбөнүн маалыматтарын толтурууга коюлат.
32. Керээзге керээз калтыруучу кол койгондон кийин саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин кызмат адамы аны ушул Нускаманын 4-тиркемесине ылайык күбөлөндүрүү жазуусун түшүрүү жолу менен күбөлөндүрөт.
33. Ушул Нускаманын 15-пунктунда каралган, атап айтканда керээз калтыруучунун өтүнүчү боюнча башка адам керээзге кол койгон учурларда ушул Нускаманын 5-тиркемесине ылайык күбөлөндүрүү жазуусу керээз калтыруучу керээзине кандайча өзү кол коё албаган себептерин көрсөтүү менен жүргүзүлөт.
34. Керээздеги күбөлөндүрүү жазуусу керээз түзүлгөн күнү түшүрүлүүгө тийиш.
35. Күбөлөндүрүү жазуусунын тексти компьютерде же кол менен жазылышы мүмкүн. Күбөлөндүрүү жазуусун кырып тазалоого жол берилбейт. Керээздеги толуктоолор жана башка оңдоолор саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин кызмат адамы тарабынан күбөлөндүрүлгөн жазууда көрсөтүлүүгө тийиш.
36. Керээздеги күбөлөндүрүү жазуусу керээздин ушул эле бетиндеги жана анын артындагы керээз калтыруучунун колунан кийин же айрым баракта жайгаштырылат. Күбөлөндүрүү жазуусу өзүнчө баракта түзүлгөн, ошондой эле керээздин мазмуну бир канча баракта баяндалган учурда, бардык барактарга номер коюлуп, жип өткөрүлүп көктөлүшү керек жана бул туурасында тиешелүү жазуу түшүрүлүп, ал саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин кызмат адамынын колу менен ырасталат (мисалы, “Беш баракка номер коюлду жана жип өткөрүлүп көктөлдү”. Башкы врач/директор” саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин мөөрү жана кол тамгасы).
37. Керээзге түшүрүлгөн күбөлөндүрүү жазуусуна саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин кызмат адамы да кол коёт жана ушул саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Рецепттерге, оору барактарына жана башка атайын максаттарга арналган мөөр керээздерге басылбайт.
38. Ыйгарым укугу жок кызмат адамы тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээз жараксыз.
39. Башкы дарыгер же анын медициналык бөлүк боюнча орун басары бир эле учурда дарылоочу врач болуп эсептелген учурда керээз дарылоочу врач катары эмес, башкы врач же медициналык бөлүк боюнча орун басары катары күбөлөндүрүлөт.
3. Жашыруун керээзди ырастоонун өзгөчөлүктөрү
40. Жашыруун керээз керээз калтыруучунун каалоосу боюнча анын мазмуну менен тааныштырбастан ырасталат. Жашыруун керээз анын жараксыздык коркунучунан улам керээз калтыруучунун өз колу менен жазылышы жана кол тамга коюлушу керек. Жашыруун керээз эки күбөнүн катышуусунда күбөлөндүрүлөт, мында ар бир күбөнүн инсандыгы аныкталат жана маалыматтар ушул Нускаманын
1-тиркемесине ылайык нотариалдык иш-аракеттерди каттоонун реестрине киргизилет.
41. Керээз эки күбөнүн жана саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин кызмат адамынын катышуусунда конвертке салып чапталууга тийиш, ага күбөлөрдүн ар бири фамилиясын, атын, атасынын атын жана туруктуу жашаган жерин көрсөтүү менен өз кол тамгаларын коюшу керек. Андан кийин күбөлөр кол койгон конверт ошол эле күбөлөрдүн жана кызмат адамдын катышуусунда башка конвертке салып чапталат, анда кызмат адам күбөлөндүрүүчү жазууну түшүрөт.
42. Жашыруун керээз керээз калтыруучунун жашаган жери боюнча тиешелүү мамлекеттик нотариуска жиберилет.
43. Жашыруун керээзди нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринде каттоодо керээз калтыруучунун фамилиясы, аты, атасынын аты, паспорттогу маалыматтарыы көрсөтүлөт, “нотариалдык иш-аракеттин мазмуну” графасында “жашыруун керээз” деп жазылат. Реестрде ошондой эле күбөлөрдүн фамилиясы, аты, атасынын аты жана паспорттогу маалыматтары, алардын кол тамгалары көрсөтүлөт.
44. Керээз калтыруучу өзүнүн мүлкүн гана тескебестен, керээзде керээздик баш тартууну, милдеттерди жүктөөнү кошуп жаза алат.
45. Керээздик баш тартуунун предмети баш тартуу алуучуга менчикке же башка буюмдук укукка мурастын курамына кирген буюмду берүү, мурастын курамына кирбеген мүлктү сатып алуу жана ага берүү, ал үчүн белгилүү бир ишти аткаруу, ага белгилүү бир кызмат көрсөтүү жана башка ушул сыяктуулар болушу мүмкүн.
46. Керээз калтыруучу керээз боюнча мураскорго кандайдыр бир аракетти жасоо же андан баш тартуу милдетин жүктөй алат. Керээзде милдеттерди жүктөө менен керээз боюнча мураскорлордун ичинен керээзди аткаруучу көрсөтүлөт жана анын кандайдыр бир аракетти жасоо же андан баш тартуу милдети көрсөтүлөт.
47. Саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин кызмат адамдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээз нотариалдык иш-аракеттерди каттоонун реестрине жазылууга тийиш. Керээздин реестрде катталган катар номери керээздин бардык нускаларындагы күбөлөндүрүлгөн жазууга киргизилүүгө тийиш.
48. Нотариалдык иш-аракеттерди каттоонун реестри номерленүүгө, анын барактары жип өткөрүлүп көктөлүшү керек. Барактардын саны саламаттык сактоо уюмунун жана мекеменин гербдүү мөөрүн коюп, кызмат адамынын колу менен күбөлөндүрүлүшү керек.
49. Саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин кызмат адамдары керээзди күбөлөндүргөнү үчүн мамлекеттик алым албайт.
4. Ишеним катты күбөлөндүрүүнүн өзгөчө эрежелери
50. Саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин кызмат адамдары бир адамдын же бир нече адамдын атынан бир же бир нече адамдардын атына ишеним каттарын күбөлөндүрө алат.
51. Бир нече адамдын атынан берилген ишеним кат, эгерде ишеним катта каралган иш-аракеттер алардын ар бирине өзүнчө эмес, ишеним кат берген бардык адамдардын бирдей кызыкчылыктарына тиешелүү болгон учурда гана күбөлөндүрүлүшү мүмкүн (мисалы, ушул адамдар биргелешип белгилүү бир иш аткарган мекемеден эмгек акы өндүрүп алуу жөнүндө сот ишин жүргүзүүгө ишеним кат).
52. Ишеним катты күбөлөндүрүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылганда ага саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин кызмат адамдары жаранга төмөнкүлөргө карата укуктарын түшүндүрөт:
1) ишеним катта анын атына берилген адам ишеним кат менен ага берилген ыйгарым укуктарды башка адамга өткөрүп берүүгө укуктуу экендигин көрсөтүүгө;
2) берилген ишеним катты жокко чыгарууга. Мындай учурда ишеним катты берген жаран ишеним кат берилүүгө тийиш болгон мекемеге, уюмга, ишканага ишеним катты жокко чыгаруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызды жиберүүгө тийиш.
53. Ишеним кат ушул Нускаманын 6, 7, 8, 9-тиркемелерине ылайык түзүлөт:
1) бардык мүлктү башкарууга жана тескөөгө жалпы ишеним кат берилген учурда, 6-тиркемеге ылайык;
2) кыймылсыз мүлктү сатууга, 7-тиркемеге ылайык;
3) эмгек акы алууга, 8-тиркемеге ылайык;
4) мураска укук жөнүндө күбөлүк алууга, 9-тиркемеге ылайык.
Башка маселелер боюнча ишеним каттар жогоруда көрсөтүлгөн тиркемелерге ылайык түзүлөт.
54. Ишеним кат бир нускада күбөлөндүрүлөт. Ишеним каттын текстинде ал түзүлгөн жер жана күнү (кол коюлган), ишеним кат берилип жаткан адамдын жана ишеним катты берген адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, паспорттогу маалыматтарыы, жеке идентификациялык номери жана жашаган жери көрсөтүлүүгө тийиш.
Түзүлгөн күнү көрсөтүлбөгөн ишеним кат жараксыз.
55. Ишеним каттын жарактуулук мөөнөтү ишеним катты берген жаран тарабынан анын каалоосу боюнча белгиленет, бирок үч жылдан ашпоого тийиш.
Эгерде ишеним катта мөөнөтү көрсөтүлбөсө, анын жарактуулугу берилген күндөн тартып бир жыл бою күчүндө болот. Ишеним каттын жарактуулук мөөнөтүн көрсөтүүдө сандар сөз менен жазылат.
56. Ишеним катта анын атына берилген адамдын ыйгарым укуктары так аныкталууга тийиш. Мисалы, турак үйдү сатуу үчүн ишеним кат берүүдө ишеним кат берген адам ишеним кат берилген адамга ага таандык болгон турак үйдү өзү каалаган баада жана шарттарда сатууга ыйгарым укук берери көрсөтүлүшү керек. Ишеним кат берген жак анда ишеним кат берилген адамга өзүнө таандык болгон үй кимге, кандай баада жана кандай шарттарда сатылууга тийиш экендигин көрсөтүүгө укуктуу.
Ишеним катты берген адам кол койгондон кийин Саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин кызмат адамы күбөлөндүрүүгө тийиш. Күбөлөндүрүү жазуусу ушул Нускаманын 10 жана 11-тиркемелерине ылайык түшүрүлөт. Күбөлөндүрүү жазуусун кырып тазалоого жол берилбейт. Ишеним каттагы кошуп жазуулар жана башка оңдоолор саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин кызмат адамдарынын эскертмелери менен коштолууга тийиш.
57. Ишеним кат аны берген адамдын өз колуна тапшырылат же анын өтүнүчү боюнча жана анын эсебинен ал берген дарекке ишеним кат берген адамга жөнөтүлөт.
58. Саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин кызмат адамдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат 1-тиркемеге ылайык нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестрине киргизилүүгө тийиш. Реестрде ишеним кат катталган катар номер ишеним каттын бардык нускаларында күбөлөндүрүү жазуусунда коюлууга тийиш.
59. Нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестрине номер коюлууга, анын барактары жип өткөрүлүп көктөлүүгө тийиш. Барактардын саны саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин кызмат адамынын колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
60. Саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык жактан коргоо мекемесинин кызмат адамы тарабынан ишеним каттарды күбөлөндүрүү үчүн мамлекеттик алым алынбайт.
1-тиркеме
Саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин кызмат адамдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн нотариалдык иш-аракеттерди (керээздерди жана ишеним каттарды) каттоо реестри
№
Керээз же ишеним кат күбө-лөн-дүрүл-гөн күн
Жаран-дардын Ф.А.А., жаша-ган жери, күбөнүн
Ф.А.А. жана жаша-ган жери
Керээз-дин же ишеним каттын кыска-ча мазму-ну
Инсанды-гын ырас-тоочу документ
Керээзди, ишеним катты алгандыгы жөнүндө тил кат
Мамлекеттик нотариуска керээздин жөнөтүлгөндүгү жөнүндө белги (кайсы нотариус экендиги көрсөтүлөт)
2-тиркеме
Керээз (бардык мүлк үчүн)
(нотариалдык иш-аракет жасалган жери сөз менен) (нотариалдык иш-аракет жасалган күн сөз менен) (нотариалдык иш-аракет жасалган убактысы сөз менен)
Мен, (мамлекеттин аталышы) жараны (керээз калтыруучунун фамилиясы, аты, атасынын аты), (керээз калтыруучунун туулган датасы), дареги боюнча жашаган: (керээз калтыруучунун жашаган жери), паспорт (паспорттогу маалыматтары) ушул керээз аркылуу төмөнкүдөй буйрук кылам: менин өлгөн күнүмө чейин мага таандык боло турган бардык мүлктү, ал кайсы жерде болбосун жана анда эмне камтылбасын, төмөндөгү адамга (адамдарга) мураска калтырам: (мураскордун (мураскорлордун) фамилиясы, аты, атасынын аты). Мага Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1131, 1132, 1149-статьяларынын мазмуну түшүндүрүлдү. Бул керээз эки нускада түзүлөт, алардын бир нускасы мамлекеттик нотариалдык кеңсеге жиберилет (керээз калтыруучунун жашаган жери боюнча мамлекеттик нотариалдык кеңсе көрсөтүлөт), экинчи нускасы керээз калтыруучуга берилет. Мен кол коюунун алдында керээздин текстин окуп чыктым, менин ниетиме дал келет жана мен, керээз калтыруучу, акыл-эсим менен жакшы эс тутумумда бул керээзге кол коём.
Колу ____________________________
3-тиркеме
Керээз (конкреттүү мүлккө)
(нотариалдык иш-аракет жасалган жер сөз менен) (нотариалдык иш-аракет жасалган күн сөз менен) (нотариалдык иш-аракет жасалган убактысы сөз менен)
Мен, (мамлекеттин аталышы) жараны (керээз калтыруучунун фамилиясы, аты, атасынын аты), (керээз калтыруучунун туулган датасы), дареги боюнча жашаган: (керээз калтыруучунун жашаган жери), паспорт (паспорттогу маалыматтары) ушул керээз аркылуу төмөнкүдөй буйрук кылам: өзүмө таандык болгон мүлктү (мүлктүн аталышын) төмөнкү адамга (адамдарга) керээз кылам: (мураскорлордун (мураскорлордун) фамилиясы, аты, атасынын аты). Мага Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1131, 1132, 1149-статьяларынын мазмуну түшүндүрүлдү. Бул керээз эки нускада түзүлөт, алардын бир нускасы мамлекеттик нотариалдык кеңсеге жиберилет (керээз калтыруучунун жашаган жери боюнча мамлекеттик нотариалдык кеңсе көрсөтүлөт), экинчи нускасы керээз калтыруучуга берилет. Мен кол коюунун алдында керээздин текстин окуп чыктым, менин ниетиме дал келет жана мен, керээз калтыруучу, акыл-эсим менен жакшы эс тутумумда бул керээзге кол коём.
Колу ____________________________
4-тиркеме
Керээз калтыруучунун өзү кол койгон керээздеги күбөлөндүрүү жазуусу
(Нотариалдык иш-аракет жасалган күн) бул керээз мен, (керээзди күбөлөндүргөн кызмат адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты), кызмат адамы (кызмат орду жана саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин аталышы). Керээзге (керээз калтыруучунун фамилиясы, аты, атасынын аты) менин катышуумда өз колу менен кол коюлду. Керээз калтыруучунун инсандыгы аныкталды жана анын аракетке жөндөмдүүлүгү текшерилди. Реестрде №_____________ катталды. Кызмат адамы________________________________ (колу) Саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин гербдүү мөөрү.
5-тиркеме
Керээз калтыруучунун өтүнүчү боюнча башка адам тарабынан кол коюлган керээздеги күбөлөндүрүү жазуусу
(Нотариалдык иш-аракет жасалган күнү) бул керээз мен, (керээзди күбөлөндүргөн кызмат адамынын фамилиясы, аты, атасынын аты), кызмат адамы (кызмат орду жана саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин аталышы). Ооруга байланыштуу (дене боюнун кемчилиги же башка кандайдыр бир себептер боюнча) (керээз калтыруучунун фамилиясы, аты, атасынын аты), анын өтүнүчү боюнча жана менин катышуумда жана күбөнүн катышуусунда (күбөнүн фамилиясы, аты, атасынын аты) керээзге кол коюлду (керээз калтыруучунун ордуна кол койгон адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты). Керээз керээзге кол коюунун алдында кызмат адамынын катышуусунда керээз калтыруучу тарабынан толук окулду. Керээз калтыруучунун, күбөнүн инсандыгы аныкталды жана алардын аракетке жөндөмдүүлүгү текшерилди. Керээз калтыруучунун ордуна кол койгон адамдын инсандыгы аныкталды. Реестрде №_____________ катталды. Кызмат адамы________________________________ (колу) Саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин гербдүү мөөрү.
6-тиркеме
Бардык мүлктү башкарууга жана тескөөгө (жалпы) ишеним кат
(нотариалдык иш-аракет жасалган жер жазуу түрүндө) (нотариалдык иш-аракет жасалган күнү жазуу түрүндө)
Мен, (ишеним көрсөтүүчүнүн туулган датасы) туулган, (ишеним көрсөтүүчүнүн жашаган жери) дареги боюнча жашаган, паспорту (паспорттогу маалыматтары), (мамлекеттин аталышы) жараны, (ишеним көрсөтүүчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты), ушул ишеним кат менен (өкүлдүн туулган датасы) туулган, (өкүлдүн жашаган жери) дареги боюнча жашаган, паспорту (паспорттогу маалыматтары), (мамлекеттин аталышы) жаранына (өкүлдүн фамилиясы, аты, атасынын аты), Кыргыз Республикасынын кайсы аймагында турганына жана эмне менен туюнтулганына карабай, мага тийиштүү мүлктү (анын ичинде кандай болбосун кыймылсыз мүлктү – жер участогун, батирлерди, турак үйлөрдү; транспорт каражаттарын, бардык банктарда жана микрокредиттик компанияларда эсептерде турган бардык акча каражаттарын, уставдык капиталдардагы жана юридикалык жактардын мүлкүндөгү үлүштөрдү) башкарууга (пайдаланууга) жана тескөөгө ыйгарым укук берем, ал үчүн (өкүлдүн фамилиясы, аты, атасынын аты) мага таандык мүлк менен мыйзам тарабынан уруксат берилген бардык бүтүмдөрдү жасоого, атап айтканда: бардык учурларда өзүнүн каалоосу боюнча сумманы, мөөнөттөрүн жана башка шарттарын аныктап, сатууга, сатып алууга, алмаштырууга, ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, ошондой эле өзүнүн каалоосу боюнча күрөө кармоочунун талаптарын канааттандыруу тартибин аныктоо укугу менен күрөөгө коюуга, ордуна талап кылуу укугун өткөрүп берүүнү аткарууну берүү менен кандай болбосун милдеттенмени токтотууга; кандай болбосун келишимди (макулдашууну) бузууга, мүлктөгү үлүштү аныктоо, аны нартуралай бөлүү ж.б. жөнүндө макулдашуу түзүүгө; арыз берүүгө (юридикалык жактын катышуучуларынын курамынан чыгуу жөнүндө), мен үчүн кол коюуга (анын ичинде ажыратуу, күрөөгө коюу, зайым алуу келишимдерине, соттон сырткары тартипте күрөө коюучунун талаптарын канааттандыруу жөнүндө макулдашууга), жекече кепилдикти (кепилдик берүүчүлүктү), кыймылсыз мүлктү менчиктештирүү келишимин берүүгө; түзүлгөн бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө, мага тийиштүү мүлктү (анын ичинде почталык, телеграфтык, баалуу жана ар түрдүү башка корреспонденцияны жана посылкаларды, жүктү, акча каражаттарын, эмгек акыны, баалуу кагаздарды), документтерди (анын ичинде паспортту) жана алардын дубликаттарын бардык жактардан, мекемелерден, ишканалардан, уюмдардан, анын ичинде банктардан, финансылык-кредиттик мекемелерден, нотариалдык кеңселерден, почталардан, телеграфтардан, турак жай-эксплуатациялык кеңселерден, ички иштер органдарынан, Социалдык фонддун мекемелеринен, салык органдарынан бардык негиздер боюнча (анын ичинде менчик укугу жөнүндө күбөлүк, табуляграммалар, үй-бүлөлүк абалы жөнүндө маалымдамалар, салык декларациясы) берүүгө, бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерде, кооперативдик жана суу-канал, жылуулук тармагы коомдук уюмдарында, турак жай-эксплуатациялоо контораларында, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, Социалдык фонддун мекемелеринде, ички иштер органдарында, автомобиль инспекциясы органдарында, жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында, социалдык коргоо бөлүмдөрүндө жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органында, турак жай фондун менчиктештирүү боюнча уюмдарда жана мекемелерде, нотариалдык контораларда, фондулук биржада, салык органдарында, бажы жана чек ара контролу органдарында ж.б.) менин атымдан иш жүргүзүүгө; жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын чогулуштарына катышуу укугу менен юридикалык жактардын (уюштуруу, финансылык юридикалык жактардын) ишинин маселелерин чечүүдө жана кароодо юридикалык жактардын уюштуруу документтерине ылайык катышуучу/акционер катары же күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча добуш берүү укугу менен, юридикалык жактарды каттоо/кайра каттоо/жоюу маселелерин чечүү менен акционердик коомдун акционери катары өзүмдүн кызыкчылыктарымды билдирүүгө, менин атымдан юридикалык жактардын бардык уюштуруу документтерине (уставдар, уюштуруу келишимдери, чечимдер, протоколдор, макулдашуулар ж.б.) кол коюуга укук берем. Ушул ишеним кат боюнча ыйгарым укуктар башка жактарга толук же жарым-жартылай берилиши (мүмкүн же мүмкүн эмес). Ушул ишеним кат (ишеним каттын жарактуулук мөөнөтү) мөөнөтүнө берилди. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 206-статьясынын мазмуну мага түшүндүрүлдү.
Кол тамга _________________________
Ишеним катты мен окуп чыктым, менин ниеттериме шайкеш келет.
Кол тамга __________________________
7-тиркеме
Кыймылсыз мүлктү сатууга ишеним кат
(нотариалдык иш-аракет жасалган жер жазуу түрүндө) (нотариалдык иш-аракет жасалган күнү жазуу түрүндө)
Мен, (ишеним көрсөтүүчүнүн туулган датасы) туулган, (ишеним көрсөтүүчүнүн жашаган жери) дареги боюнча жашаган, паспорту (паспорттогу маалыматтары), (мамлекеттин аталышы) жараны (ишеним көрсөтүүчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты), ушул ишеним кат менен (өкүлдүн туулган датасы) туулган, (өкүлдүн жашаган жери) дареги боюнча жашаган, паспорту (паспорттогу маалыматтары), (мамлекеттин аталышы) жараны (өкүлдүн фамилиясы, аты, атасынын аты), (дареги, идентификациялык коду) дарегинде жайгашкан, мага таандык болгон кыймылсыз мүлктү, өз каалоосу боюнча баага жана шарттарда сатууга ыйгарым укук берем, ал үчүн мен Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелеринде, уюмдарында, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин филиалдарында, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, Кыргыз Республикасынын аймагындагы архивдерде, мамлекеттик жана жеке нотариалдык кеңселерде, жеке жана юридикалык жактардын алдында, уюштуруу-укуктук формасына карабастан органдарда жана уюмдарда арыздарды, суроо-талаптарды берүүгө, зарыл болгон маалымкаттарды, арыздарды, суроо-талаптарды, документтерди (алардын дубликаттарын), акча каражаттарын берүүгө жана алууга, сатып алуу-сатуу келишимдерин, бөлүп сатып алуу-сатуу келишимдерин, алдын ала келишимдерди, шертпул жөнүндө макулдашууларды, кошумча келишимдерди/макулдашууларды, мурда түзүлгөн келишимдердин/макулдашуулардын шарттарын өзгөртүү жөнүндө келишимдерди/макулдашууларды, менчик укугун ажыратууга байланышкан башка келишимдерди жана макулдашууларды түзүүгө жана кол коюуга, белгиленген тартипте укук белгилөөчү документтерди жана менчик укугун өткөрүп берүүнү каттоого, өткөрүп берүү актысына кол коюуга, эсептерди жүргүзүүгө, зарыл болгон чыгымдарды төлөөгө, мен үчүн кол коюуга жана ушул буйрукту аткарууга байланышкан башка бардык зарыл болгон иш-аракеттерди жана формалдуулуктарды аткарууга мени жана менин кызыкчылыктарымды коргоого укук берем. Ушул ишеним кат боюнча ыйгарым укуктар башка жактарга жарым-жартылай же толук берилиши (мүмкүн же мүмкүн эмес). Ишеним каттын жарактуулук мөөнөтү – (ишеним каттын жарактуулук мөөнөтү). Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 206-статьясынын мазмуну мага түшүндүрүлдү.
Кол тамга __________
8-тиркеме
Эмгек акыны алууга ишеним кат
(нотариалдык иш-аракет жасалган жер жазуу түрүндө) (нотариалдык иш-аракет жасалган күнү жазуу түрүндө)
Мен, (ишеним көрсөтүүчүнүн туулган датасы) туулган, (ишеним көрсөтүүчүнүн жашаган жери) дареги боюнча жашаган, паспорту (паспорттогу маалыматтары), (мамлекеттин аталышы) жараны (ишеним көрсөтүүчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты), ушул ишеним кат менен (өкүлдүн туулган датасы) туулган, (өкүлдүн жашаган жери) дареги боюнча жашаган, паспорту (паспорттогу маалыматтары), (мамлекеттин аталышы) жараны (өкүлдүн фамилиясы, аты, атасынын аты), иштен бошогонума байланыштуу (юридикалык жактын аталышы) толук эсептешүүнү жана менин атыма эмгек китепчемди алууга ыйгарым укук берем. Ал үчүн (өкүлдүн фамилиясы, аты, атасынын аты) арыз берүү, керектүү маалымкаттарды, документтерди жана акча каражаттарын берүү жана алуу, мен үчүн кол коюу, бул тапшырманы аткарууга байланышкан башка аракеттерди жана формалдуулуктарды жасоо укугун берем. Ушул ишеним кат боюнча ыйгарым укуктар башка жактарга берилиши (мүмкүн же мүмкүн эмес). Ишеним каттын жарактуулук мөөнөтү (ишеним каттын жарактуулук мөөнөтү). Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 206-статьясынын мазмуну мага түшүндүрүлдү.
Кол тамга _________________________
9-тиркеме
Мураска укук жөнүндө күбөлүк алууга ишеним кат
(нотариалдык иш-аракет жасалган жер жазуу түрүндө) (нотариалдык иш-аракет жасалган күнү жазуу түрүндө)
Мен, (ишеним көрсөтүүчүнүн туулган датасы) туулган, (ишеним көрсөтүүчүнүн жашаган жери) дареги боюнча жашаган, паспорту (паспорттогу маалыматтары), (мамлекеттин аталышы) жараны (ишеним көрсөтүүчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты), ушул ишеним кат менен (өкүлдүн туулган датасы) туулган, (өкүлдүн жашаган жери) дареги боюнча жашаган, паспорту (паспорттогу маалыматтары) (өкүлдүн фамилиясы, аты, атасынын аты) каза болгон (каза болгон датасы) (мурас калтыруучунун фамилиясы, аты, атасынын аты) дареги боюнча жайгашкан (мурастык мүлктүн жайгашкан жери) (мурастык мүлктүн аталышы) турган мүлккө менин мурастык укуктарымды тариздөө боюнча иш жүргүзүү; мурасты кабыл алуу жөнүндө арыз берүү менен мыйзам боюнча мураска укук жөнүндө күбөлүк алууга жана мурастык мүлктү менин атыма нотариалдык кеңседе бөлүштүрүү, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин райондук филиалында менчик укугуна өткөндүгүн каттоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдарында, уюмдарында жана мекемелеринде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарында жана архивдеринде, жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында жана архивдеринде, бардык мамлекеттик жана жеке нотариалдык кеңселерде, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, салык органдарында ж.б. бардык зарыл болгон документтерди, документтердин дубликаттарын, менин атыма маалымкаттарды тапшырганда, тариздөөдө жана алууда мени жана менин кызыкчылыктарымды коргоого ыйгарым укук берем, ал үчүн арыз, суроо-талап берүү, зарыл болгон документтерди (бардык документтердин дубликаттарын), маалымкаттарды алуу, зарыл болгон алымдарды төлөө, мен үчүн кол коюу, ошондой эле бул тапшырманы арткарууга байланышкан кандай болбосун аракеттерди жана формалдуулуктарды аткаруу укугун берем. Ушул ишеним кат боюнча ыйгарым укуктар башка жактарга бөлүгүндө жана толук өткөрүп берилиши (мүмкүн же мумкүн эмес). Ишеним каттын жарактуулук мөөнөтү (ишеним каттын жарактуулук мөөнөтү). Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 206-статьясынын мазмуну мага түшүндүрүлдү. Кол тамга _________________________
10-тиркеме
Ишеним кат берген адам тарабынан кол коюлган ишеним катты күбөлөндүрүү жазуусу
(Нотариалдык иш-аракет жасалган дата) бул ишеним кат мен (ишеним катты күбөлөндүргөн кызмат адамынын фамилиясы, аты, атасынын аты), кызмат адамы (кызмат орду жана саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин аталышы) тарабынан күбөлөндүрүлдү. Ишеним кат менин катышуумда өз колу менен кол коюлду (ишеним кат берген адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты),. Ишеним кат берген адамдардын инсандыгы аныкталды, аракетке жөндөмдүүлүгү текшерилди. Реестрде №_____________ катталды. Кызмат адамы________________________________ (колу) Саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин гербдүү мөөрү.
11-тиркеме
Ишеним кат берген адамдын тапшырмасы боюнча башка адам тарабынан кол коюлган ишеним катты күбөлөндүрүү жазуусу
(Нотариалдык иш-аракет жасалган дата) бул ишеним кат мен (ишеним катты күбөлөндүргөн кызмат адамынын фамилиясы, аты, атасынын аты), кызмат адамы (кызмат орду жана саламаттык сактоо уюмдун жана социалдык коргоо мекемесинин аталышы) тарабынан күбөлөндүрүлдү. Ооруга байланыштуу (дене боюнун кемчилиги же башка себептер боюнча) ишеним кат менин катышуумда өз колу менен кол коюлду (фамилиясы, аты, атасынын аты). Ишеним кат берген адамдардын инсандыгы аныкталды, аракетке жөндөмдүүлүгү текшерилди. Реестрде №_____________ катталды. Кызмат адамы________________________________ (колу) Саламаттык сактоо уюмунун жана социалдык коргоо мекемесинин гербдүү мөөрү.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Нотариат жөнүндөЗакон · 09.03.2023 · № 54
- Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 06.08.2018 · № 87