# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 801-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-октябрындагы № 561-т тескемесине өзгөртүүлөр киргизилсин жөнүндө) тескеме

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 801-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-октябрындагы № 561-т тескемесине өзгөртүүлөр киргизилсин жөнүндө) тескеме
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 801-р
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000428>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19062/edition/1325/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000428.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 801-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-октябрындагы № 561-т тескемесине өзгөртүүлөр киргизилсин жөнүндө) тескеме (26.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000428

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2023-жылдын 26-декабры № 801-т Баткен облусун социалдык өнүктүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-октябрындагы № 561-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттагы “Финансы министрлиги” деген сөздөр “Экономика жана коммерция министрлиги” деген сөздөргө алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:

“21. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Баткен облусунун Баткен шаарындагы балдар ооруканасынын курулушу бүткөндөн кийин керектүү медициналык жабдуулар, медициналык персоналдын штаты жана андан ары күтүү менен камсыз кылсын.”;

- жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунда куралдуу кагылышуунун кесепетинен жабыркаган жана Региондук экономиканы өнүктүрүүнүн экинчи долбоорунун “Күтүлбөгөн өзгөчө кырдаалдарга шарттуу жооп” 4 компонентинин каражаттарынын эсебинен каржылоо пландалган социалдык объекттердин тизмегинде:

“Баткен району” бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 91-пункт менен толукталсын:

91

91

Баткен облусунун Баткен шаарындагы балдар ооруканасынын курулушу

объект

АРИС

”.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У . Жапаров
