Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине өзгөртүүлөр киргизилсин жөнүндө) тескеме
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2023-жылдын 26-декабры № 801-т Баткен облусун социалдык өнүктүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-октябрындагы № 561-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттагы “Финансы министрлиги” деген сөздөр “Экономика жана коммерция министрлиги” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
“21. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Баткен облусунун Баткен шаарындагы балдар ооруканасынын курулушу бүткөндөн кийин керектүү медициналык жабдуулар, медициналык персоналдын штаты жана андан ары күтүү менен камсыз кылсын.”;
- жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунда куралдуу кагылышуунун кесепетинен жабыркаган жана Региондук экономиканы өнүктүрүүнүн экинчи долбоорунун “Күтүлбөгөн өзгөчө кырдаалдарга шарттуу жооп” 4 компонентинин каражаттарынын эсебинен каржылоо пландалган социалдык объекттердин тизмегинде:
“Баткен району” бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 91-пункт менен толукталсын:
91
91
Баткен облусунун Баткен шаарындагы балдар ооруканасынын курулушу
объект
АРИС
”.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У . Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122