# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16- майындагы № 255 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 516 "Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16- майындагы № 255 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 516 "Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 255
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.05.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000418>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22913/edition/1321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000418.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16- майындагы № 255 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 516 "Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Токтому (16.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000418

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 16-майы № 255

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 516 "Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын асыл тукум субъекти статусун ыйгаруу жана ажыратуу тартибин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 516 "Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибинде:

- 6-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын, ветеринария боюнча мамлекеттик органдардын адистери (каралуучу субъект жайгашкан аймактагы), илимий институттардын окумуштуулары, мал чарбачылыгы чөйрөсүндөгү адистер (тармактык мал чарбачылыгы ассоциацияларынын өкүлдөрү, менчиктин ар кандай формасындагы асыл тукум заводдорунун жетекчилери жана зоотехниктери) - ар бир уюмдан бирден же экиден адис кирет.";

- 7-пунктта:

экинчи абзацтагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Комиссия жыл сайын асыл тукум чарба статусуна ээ субъекттерге мониторинг жүргүзөт, анын жыйынтыгы боюнча алардын асыл тукум статусуна шайкеш келишине карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга корутунду киргизет.";

- 8-пункттагы, 12-пункттун биринчи абзацындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча асыл тукум субъекттеринин алардын статусуна ылайык келбегендиги аныкталган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна статусунан ажыратуу жөнүндө тиешелүү чечимдин долбоорун киргизет.";

- жогоруда аталган Тартиптин 1-тиркемесинде:

"Артыкчылыктуу породалар, породалык топтор" графасынын сегизинчи сабы "эдилбай" деген сөздөн кийин арашан" деген сөздөр менен толукталсын;

- жогоруда аталган Тартиптин 3-тиркемесинде:

- "эдилбай" деген сөздөн кийин ", арашан" деген сөздөр менен толукталсын;

"асыл тукум заводдорунда" графасында: "Жалпы башы" сабындагы "1000" деген цифралар "500" деген цифраларга алмаштырылсын; "а.и. тубар кой" сабындагы "700" деген цифралар "350" деген цифраларга алмаштырылсын; "Кочкорлор" саптарындагы "30" деген цифралар "15" деген цифраларга алмаштырылсын;

- жогоруда аталган Тартиптин 4-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров

Тиркеме

"4-тиркеме

Жылкылардын породалык жана азыктык сапаттарын баалоо үчүн минималдуу ТАЛАПТАР

Жаңы кыргыз, аргын жылкы породалары

Негизги критерийлер

Үйүрдөгү малдын көрсөткүчтөрү

асыл тукум заводдорунда

асыл тукум фермаларда

Жалпы башы

50

40

а.и. тубар бээлер

30

25

Айгырлар

4

2

Тирүүлөй салмагы, кг:

Айгырлар

420-450

400-420

Бээлер

400-420

380-400

Быштылар 3,5 жаш

300-340

260-280

Кунандар 2,5 жаш

260-280

220-240

Тай кунандар 1,5 жаш

240-260

200-220

Эркек тайлар 6 ай

160-180

140-160

Бышты байталдар 3,5 жаш

300-320

250-270

Байталдар 2,5 жаш

250-270

210-230

Кунан байталдар 1,5 жаш

230-250

200-210

Ургаачы тайлар 6 ай

160-180

140-160

Кулундун туулушу 100 бээге, %

75,0

70,0

Таза кандуу минги, орустун таскактуу жылкы породалары

Негизги критерийлер

Үйүрдөгү малдын көрсөткүчтөрү

асыл тукум заводдорунда

асыл тукум фермаларда

Бээлер

30

20

Айгырлар

2

2

Тирүүлөй салмагы, кг:

Айгырлар

410-430

400-420

Бээлер

400-420

370-400

Быштылар 3,5 жаш

350-380

250-280

Кунандар 2,5 жаш

330-350

220-240

Тай кунандар 1,5 жаш

310-320

200-220

Эркек тайлар 6 ай

160-180

140-160

Бышты байталдар 3,5 жаш

300-320

260-280

Байталдар 2,5 жаш

260-280

210-230

Кунан байталдар 1,5 жаш

230-250

200-210

Ургаачы тайлар 6 ай

150-160

140-160

Кулундун туулушу 100 бээге, %

65,0

60,0

".
