Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эмитенти болгон мамлекеттик баалуу кагаздарды жүгүртүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 18-майы № 266
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эмитенти болгон мамлекеттик баалуу кагаздарды жүгүртүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 211 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эмитенти болгон мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырууда жана жүгүртүүдө өтүмдүүлүктү түзүүгө өбөлгө жаратуучу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 182-статьясына, "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 214 "Баалуу кагаздар рыногундагы фондулук биржалардын ишине карата коюлуучу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу кагаздар рыногундагы фондулук биржалардын ишине карата коюлуучу талаптар жөнүндөгү жободо:
- 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эмитенти болгон баалуу кагаздарды соодалоого фондулук биржанын ички документтерине ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык брокердик жана/же дилердик ишти жүзөгө ашырууга укугу бар адамдардан тышкары башка адамдарга жол берилет.";
- 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 10 жана 11-пунктчалар менен толукталсын:
"10) мамлекеттик баалуу кагаздарды соодалоонун катышуучусу - фондулук биржанын ички документтерине ылайык талаптарга ылайык келген жана соодалоого жол берилген жак;
11) мамлекеттик баалуу кагаздар менен болгон соодалоого катышкан трейдер - мамлекеттик баалуу кагаздар менен соодалоонун катышуучусунун кызматкери болуп саналган, соодалоонун катышуучусунун атынан фондулук биржа аркылуу бүтүмдөрдү жасоого ыйгарым укук берилген жана фондулук биржанын талаптарына ылайык келген жеке адам.";
- 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунун реестрине фондулук биржа тарабынан киргизилүүчү маалыматтардын курамы фондулук биржанын ички документтери менен аныкталат.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 647 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесинде:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Эреже Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө", "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздарды түзүү, каттоо, жүгүртүү, ошондой эле менчик укуктардын өтүү процесстерин жөнгө салат.";
- 4-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Эреженин колдонулушу мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө, ошондой эле баалуу кагаздарга карата укуктарды жана/же милдеттерди өзгөртүү жана токтотуу тартибине жайылтылбайт:
- соттун чечими боюнча;
жоюлуп жаткан субъекттин мүлкү сатылган учурда жоюу комиссиясынын чечими боюнча;
- баалуу кагаздарды мурастоодо.".
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 211 токтомуна ылайык күчүн жоготту).
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Баалуу кагаздар рыногундагы фондулук биржалардын ишине карата коюлуучу талаптар жөнүндөгү жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 214 токтому менен…Положение · 13.05.2011 · № 214
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы №647 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.10.2011 · № 647
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 211 “Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын листингине карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө”…Постановление · 01.04.2026 · № 211
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-апрелиндеги № 224 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын листингине минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.04.2015 · № 224 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы №647 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.10.2011 · № 647
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы №214 "Баалуу кагаздар рыногундагы фондулук биржалардын ишине карата коюлуучу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 13.05.2011 · № 214
- Баалуу кагаздар рыногу жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 251
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 211 “Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын листингине карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө”…Постановление · 01.04.2026 · № 211
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15