Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Швейцария Конфедерациясынын Женева шаарындагы Дүйнөлүк соода уюмунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлчүлүгү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 6-апрели № 190
Швейцария Конфедерациясынын Женева шаарындагы Дүйнөлүк соода уюмунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлчүлүгү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Дүйнөлүк соода уюмунун (мындан ары - ДСУ) макулдашууларын аткаруу боюнча ДСУнун алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишин активдештирүү жана ДСУнун алдында Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин сактоону камсыз кылуу, анын ичинде 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кошулуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын тарифтик милдеттенмелерин өзгөртүү боюнча ДСУнун мүчө өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Швейцария Конфедерациясынын Женева шаарындагы Дүйнөлүк соода уюмунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлчүлүгү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы № 374 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Дүйнөлүк Соода Уюму менен макулдашууларды жана Кыргыз Республикасынын ДСУнун алдындагы милдеттенмелерин аткаруу боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун жоопкерчиликтерин бөлүштүрүү жөнүндө жобонун 1-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобонун 6-пунктунун он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Н.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Положение о распределении ответственности министерств, государственных комитетов и административных ведомств Кыргызской Республики по выполнению Соглашений Всемирной Торговой…Положение · 23.06.2003 · № 374
- Положение о Межведомственной комиссии при Правительстве Кыргызской Республики по вопросам Всемирной Торговой Организации (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской…Положение · 23.06.2003 · № 374
- Швейцария Конфедерациясынын Женева шаарындагы Дүйнөлүк соода уюмунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлчүлүгү жөнүндө жобо…Положение · 06.04.2023 · № 190
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 705 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 190 "Швейцария…Постановление · 22.12.2023 · № 705
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Постановление Правительства КР от 23 июня 2003 года № 374 "О Межведомственной комиссии при Правительстве Кыргызской Республики по вопросам Всемирной Торговой Организации"Постановление · 23.06.2003 · № 374
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.