# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 28-декабрындагы ПЖ № 364 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку кол башчылык курамы жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 28-декабрындагы ПЖ № 364 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку кол башчылык курамы жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 364
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000362>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230000362/edition/1263/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000362.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 28-декабрындагы ПЖ № 364 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку кол башчылык курамы жөнүндө" Жарлыгы (25.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000362

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2023-жылдын 28-декабры ПЖ № 364

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку кол башчылык курамы жөнүндө (КР Президентинин 2025-жылдын 25-августундагы ПЖ N 244 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку кол башчылык курамы төмөнкүдөй курамда аныкталсын:

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысы;

- Кыргыз Республикасынын коргоо министри;

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы - Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары;

- Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары;

– Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басарлары.

(Абзац КР Президентинин 2025-жылдын 25-августундагы ПЖ № 244 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 9-августундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командалык курамы жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров
