# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 28-декабрындагы ПТ № 232 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматтык системаларын иштеп чыгуу, модернизациялоо жана андан ары техникалык коштоо тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 28-декабрындагы ПТ № 232 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматтык системаларын иштеп чыгуу, модернизациялоо жана андан ары техникалык коштоо тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 232
- Кабыл алынган күнү: 28.11.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.11.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000356>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19061/edition/1260/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000356.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.11.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 28-декабрындагы ПТ № 232 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматтык системаларын иштеп чыгуу, модернизациялоо жана андан ары техникалык коштоо тууралуу) тескемеси (28.11.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000356

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2023-жылдын 28-декабры ПТ № 232 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматтык системаларын иштеп чыгуу, модернизациялоо жана андан ары техникалык коштоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине жана "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети иштеп чыгуу, тескөө, техникалык колдоо, эксплуатациялоо жана өнүктүрүү функциялары менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин автоматташтырылган маалыматтык системаларынын жалгыз операторун аныктоо жөнүндө тиешелүү чечимди белгиленген тартипте эки жумалык мөөнөттө даярдасын.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н.Жапаров
