# 7-берене. Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу системасында электрондук башкаруу

- Документ: [Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 216 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5241/edition/1244/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000344/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө, 7-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-7

---

1. Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу системасында электрондук башкаруу ушул Мыйзамдын жана электрондук башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндөгү талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Медициналык буюмдарды каттоо, каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү, Медициналык буюмдардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү, медициналык буюмдардын сапатына жана/же коопсуздугуна баа берүү, медициналык буюмдарды ташып келүү (импорттоо), дүңүнөн жана чекене сатуу, фармацевтикалык инспекциялоо жана санариптик маркировкалоонун негизинде медициналык буюмдарга байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу жол-жоболорунда электрондук башкарууну киргизүү милдеттүү болуп саналат.

3. Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген медициналык буюмдар боюнча электрондук (маалыматтык) маалымат базасын түзүү жана иштетүү, ошондой эле медициналык буюмдарга байкоо жүргүзүү толук автоматташтыруу шарттарында жүзөгө ашырылат.

4. Санариптик маркировкалоонун негизинде медициналык буюмдарга байкоо жүргүзүү системасын иштеп чыгуу, киргизүү жана иштетүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-8)
