# 6-берене. Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптери

- Документ: [Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 216 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5241/edition/1244/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000344/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө, 6-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-6

---

Жарандардын саламаттыгын сактоого багытталган медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз медициналык буюмдардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана аларды сарамжалдуу пайдалануу жолу менен жарандардын ден соолугун чыңдоо;

2) медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө туруктуу жана ак ниет иш жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук базаны түзүү;

3) фармацевтика өнөр жайын туруктуу өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана медициналык буюмдардын ата мекендик өндүрүшүн колдоо;

4) медициналык буюмдар жөнүндө анык маалыматтын жеткиликтүүлүгү;

5) дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салуу боюнча талаптагыдай жөнгө салуу практикасынын принциптерин сактоо;

6) талаптагыдай жөнгө салуу практикасынын принциптерин сактоонун негизинде мамлекеттик жөнгө салуунун ачык-айкындуулугу жана отчеттуулугу;

7) медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө жеткиликтүү баа саясатын түзүү.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-7)
