# 5-берене. Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуу

- Документ: [Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 216 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5241/edition/1244/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000344/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө, 5-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-5

---

Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:

1) Кыргыз Республикасынын калкын сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз медициналык буюмдар менен камсыз кылуу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүү;

2) саламаттык сактоо системасынын керектөөлөрүнө жооп берүүчү медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүн өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу, кабыл алуу жана аткаруу;

3) медициналык буюмдардын бааларын жөнгө салуунун натыйжалуу саясатын аныктоо;

4) контролдоо-көзөмөлдөө/жөнгө салуу органдарынын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүнүн иш субъекттеринин ишин регламенттөөчү ченемдик укуктук актыларды жана стандарттарды иштеп чыгуу, кабыл алуу жана аткаруу;

5) медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоо;

6) медициналык буюмдарды мамлекеттик каттоо;

7) медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүн мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө;

8) медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө талаптагыдай фармацевтикалык практикалардын/стандарттардын/эрежелердин сакталышын контролдоо;

9) Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген бардык медициналык буюмдар жөнүндө маалыматка калктын эркин жетүүсүн камсыз кылуу;

10) медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө электрондук башкарууну киргизүү;

11) ушул Мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген башка чараларды көрүү.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-6)
