# 31-берене. Ташып келүүгө тыюу салынган медициналык буюмдар

- Документ: [Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 216 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5241/edition/1244/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000344/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө, 31-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-31

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагына төмөнкүлөрдү ташып келүүгө тыюу салынат:

1) өндүрүүчү өлкөдө же донор өлкөдө катталбаган учурда гуманитардык максаттарга багытталган, катталбаган медициналык буюмдарды;

2) сапатсыз жана/же фальсификацияланган медициналык буюмдарды;

3) өндүрүүчүнүн аларды калыбына келтирүү (модификациялоо) фактысын жана медициналык колдонуу мүмкүнчүлүгүн тастыктоочу документтери жок болгон учурда, мурда колдонулган медициналык буюмдарды;

4) жарактуулук мөөнөтү болбогон медициналык буюмдарды кошпогондо, жарактуулук мөөнөтү бүткөнгө чейин Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү учурундагы бардык жарактуулук мөөнөтүнүн үчтөн биринен азы калган медициналык буюмдарды.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун жобосу ушул Мыйзамдын 16-беренесинде жана 29-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган медициналык буюмдарга жайылтылбайт.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-32)
