# 30-берене. Кыргыз Республикасынын аймагына медициналык буюмдарды ташып келүүгө укугу бар жактар

- Документ: [Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 216 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5241/edition/1244/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000344/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө, 30-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-30

---

Кыргыз Республикасынын аймагына медициналык буюмдарды төмөнкүлөр ташып келе алышат:

1) медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөр - өзүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн;

2) медициналык буюмдарды дүңүнөн сатуу менен алектенген фармацевтикалык уюмдар;

3) илимий-изилдөө уюмдары, жогорку билим берүү уюмдары, медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөр - саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты болгондо, медициналык буюмдарды иштеп чыгуу, изилдөө, коопсуздугун, сапатын, натыйжалуулугун контролдоо үчүн;

4) менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары - Министрлер Кабинети аныктаган тартипте өздөрүнүн уставдык ишин жүзөгө ашыруу үчүн;

5) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик программалар боюнча же гуманитардык жардам багыты боюнча медициналык буюмдарды алып келүүнү жүзөгө ашыруучу уюмдар;

6) жеке адамдар - жеке пайдалануу үчүн;

7) каттоо жана/же экспертиза жүргүзүү максатында каттоо ырастамаларын кармоочулар жана/же медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөр - чет өлкөлүк уюмдардын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү (филиалдары) же ишенимдүү адамдары.

8) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү программаларды/долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкагында медициналык буюмдарды ташып келүүнү жүзөгө ашыруучу уюмдар.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-31)
