# 28-берене. Медициналык буюмдар тууралуу жарнаманы контролдоо

- Документ: [Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 216 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5241/edition/1244/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000344/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө, 28-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-28

---

1. Катталган медициналык буюмдар тууралуу жарнама ушул Мыйзамда каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жарнама чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Медициналык буюмдар тууралуу жарнаманы жайгаштыруу (таратуу) жарнама берүүчүдө саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген медициналык буюмдардын жарнамалык материалына экспертиза жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча оң корутунду болгондо гана жүргүзүлөт.

Медициналык буюмдардын жарнамалык материалдарына экспертиза жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Медициналык буюмдарды жарнамалоодо каттоо ырастамасынын номери жана жарнаманын корутундусунун номери көрсөтүлөт.

3. Медициналык буюмдардын жарнамасы бул маалымат жарнамалык мүнөзгө ээ экендигин, ошондой эле колдонуу боюнча нускама же медициналык буюмду пайдалануу боюнча колдонмо менен таанышуу, же адистердин кеңешин алуу зарылдыгын көрсөтүүнү камтууга тийиш.

Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын экспертизасынан өткөн жарнаманын текстиндеги маалыматты бурмалоого тыюу салынат.

4. Жарнамада медициналык буюм сейрек кездешүүчү, эң эле натыйжалуу, бир кыйла так, бир кыйла коопсуз, жагымсыз окуянын (инциденттин) жоктугу боюнча өзгөчө көрсөтүлбөөгө, медициналык буюмдун курамы, келип чыгышы, жаңылыгы тууралуу адаштырууга алып келбөөгө тийиш.

5. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) Кыргыз Республикасында катталбаган медициналык буюмдарды жарнамалоого;

2) медициналык буюмдардын үлгүлөрүн жарнама максатында таратууга;

3) медициналык буюмдарды дайындоого, пайдаланууга жана чыгарууга тиешеси жок жерлерде жана уюмдарда медициналык буюмдардын жарнамаларын таратууга жана жайгаштырууга;

4) транспорт каражаттарында жана коомдук транспорт аялдамаларында медициналык буюмдардын жарнамасын жайгаштырууга;

5) медициналык буюмдардын тышкы жарнамаларын жайгаштырууга;

6) врачтын образын, медициналык униформадагы адамдардын сүрөтүн колдонууга, жарнамалоо үчүн медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерди тартууга, медициналык буюмдарды контролсуз пайдаланууну болтурбоо үчүн айыккан бейтаптардын жана алардын туугандарынын пикирин көрсөтүүгө;

7) жарнамага балдарды тартууга, медициналык буюмдардын жарнамасында алардын сүрөтүн жана үнүн пайдаланууга;

8) жарнамада төмөнкүдөй ооруларды: жыныстык жол менен берилүүчү ооруларды, онкологиялык, психикалык, жүрүм-турумдук бузулууларды (ооруларды), кооптуу инфекциялык ооруларды, ВИЧ инфекциясын, кургак учукту, кант диабетин - дарылоонун ыкмаларын калкка көрсөтүүгө;

9) жарнамада илимпоздордун, саламаттык сактоо адистеринин, ошондой эле медициналык буюмдарды колдонууга жана/же дайындоого шык бере турган мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын сунуштамаларын көрсөтүүгө;

10) жарнамада медициналык буюмга түздөн-түз тиешеси жок маалыматты берүүгө;

11) медициналык буюмдарды сатуу уюмдарында медициналык буюмдарды сатып алууда аларды белек катары сунуштоого;

12) медициналык буюмду колдонуу боюнча нускамада камтылбаган медициналык буюмдарды колдонууга көрсөтмө берүүгө.

6. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан медициналык буюмду өндүрүүгө, берүүгө, даярдоого чектөө коюлган учурда, ошондой эле каттоо ырастамасынын колдонулушу токтотулган же жокко чыгарылган учурларда жарнама берүүчү медициналык буюмду жарнамалоо боюнча иш-аракеттерин токтотууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-29)
