# 27-берене. Медициналык буюмдар тууралуу маалымат

- Документ: [Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 216 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5241/edition/1244/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000344/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө, 27-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-27

---

1. Купуя маалыматты кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген жана Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн медициналык буюмдарды жүгүртүүнүн бардык этаптары жөнүндө ар кандай маалымат ачык жеткиликтүү болууга тийиш.

2. Медициналык буюмдар жөнүндө маалыматты бурмалоосуз сактоого, өткөрүп берүүгө жана пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү ар кандай материалдык маалымат алып жүрүүчүлөрдү пайдаланууга жол берилет.

3. Медициналык буюмдар жөнүндө маалымат адистештирилген жана жалпы басылмаларда, башка басылмаларда жарыяланышы мүмкүн.

4. Жеке пайдалануу үчүн медициналык буюмду сатып алууда жарандар медициналык буюмду талаптагыдай колдонуу жөнүндө маалыматты жана медициналык буюм менен кошо берилүүчү бардык зарыл болгон техникалык жана/же пайдалануу документтерин алууга укуктуу.

5. Медициналык буюмду имплантациялоо боюнча медициналык кызмат көрсөтүүчү жак бейтапка имплантациялануучу буюм жөнүндө толук маалыматты, анын ичинде медициналык буюмдун аталышын, анын өндүрүүчүсүн, моделин жана сериясын берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-28)
